Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0325_14.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0325_14.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0325_14.htm on line 2


п»ї
  Жеке пикир

Курултай оңойт деген кур кыял
Кээде, өз эркиңен тышкы иштерди жасоого мажбур болот экенсиң. Анткени, ушул макаланы жазайын деген эч оюм жок болчу. Менден башкалары жазып не мураска жетти эле деген ойго бекигениме бир топ убакыт болуп калган. Чынында эле азыр эмне көп, жазгычтар көп, гезит деген андан көп болуп, кимдин оюна эмне келе калса ошону жазып, көпчүлүк ошо басылмаларда жарыяланган макалалардын кайсынысына ишенээрин билбей, маң болуп, башы айлангандар арбыгандан арбып баратпайбы.
Ошондой шарттарга ар нерсеге баш оорута бербей, өзүңдүн түшүнүгүңө таянып жан дүйнөңө жакын маселелер боюнча ой жүгүртүп, өзүң туура деген жолдо арабаңды кылдырата берүү керек экен деген ойдо, көп нерсеге баш оорутпоону чечкем. Бирок, антип да жашоо мүмкүн эместей. Оюңдагыны айтпай коюуга болбогондой маселелерге туштукканда аргасыздан колума калемди кайрадан алууга аргасыз болдум.
Буга, өзгөчө өткөн жылдагы өлкөбүздөгү ар түрлүү дүрбөлөңдүү окуялар себеп болду. Ошолордун бири, шайлоодон шаабайы сууп, бийлик бутагына аралаша албай калгандардын, эми, курултай деп ач айкырык сала баштаганы...
Ошондойлордун ана башында тургандардын бири А.Мадумаров мырзанын "Ордо" гезитине берген маегинде: "Ат-Башыда Чеч-Дөбө деген жер бар. Жылына кыргыздын мыкты чыкмалары ошол жерге чогулуп, бир маселени чечишкен. Чеч-Дөбөдө чечилген маселени кийинки жылга чейин аткарууга ар бири милдеттүү болгон", - дептир. Ак сөз. Бирок, ошондогу чечилген маселелердин бирөө-жарымын мисалга тарта кетсе айткан сөзү жарашып калмак экен. Андай мисал жок. Куп-кургак эле айтылып коюлган сөз.
Чынында менин бул суроомо Мадумаров эмес, мен-мендеген тарыхчылар деле жооп бере албаса керек. Жазмабыз жок болчу, тарыхта калбаптыр деп тим болооруна бөркүмдөй ишенем. Анын үстүнө Чеч-Дөбө деген атты алып жүргөн жерлер Кыргызстандын ар бир айылында бар. Ошол жерлерде жалаң эле мамлекеттик маселелер чечилип турган деш, жумшартып айтканда энөөлүк деп ойлойм. Макул, ошондой эле чечилсин дейли, ошондо аны түп-түз эле, сыдыргыга салгандай чечилген маселени чечилгендей аткарып, айтылган иш айтылгандай орундалып турганына ишенүү кыйын. Кантип эле, бир кудай урган кежир чыкпай калсын. "Ошол эле акылдуу болуп кетиптирби, ошонун эле айтканы туура болуп калыптырбы, ошонун сөзүн урдум", - деген зөөкүрлөр ар коомдо болгон. Жазып койгон мыйзам болбогон соң, андайды курултай эмес, андан башка башкаруу система деле жазалай алган эмес. Мына күнү кечээ эле кыргыз мамлекетин түптөөгө негиз салган деп "Көтмалдыда", азыркы Балыкчы шаарына жакын жерде өткөн курултайда оң-сол бүт биригип Ормонду хан шайлаганда анын кара чечекей кан кудасы Боронбайдын макулдугу менен Балбай жайлап салганы тарыхта ачык-айкын го. Кана ошондо: "Эй, момун мусулмандар, курултайда шайланган ханыбызга кол көтөрбөйлү", - деген бирөө болду беле?
Курултайдын чечимине терс иш жасагансыңар дешип, кимдир бирөө жоопкер болду беле? Дегеле курултайдын чечими акыркы чечим болгон деп ким кепилдик бере алат? Албетте, бул суроом да Мадумаровго эмес, тарыхчыларга.
Ушул жерде, Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо "Бүтүн Кыргызстан" партиясы да өтүп калган болсо Мадумаров бүгүнкүдөй курултайлап ызы-чуу салбайт болчу деп ойлойм. Себеп, бул Мадумаров ушул шайлоодон кийин эле бардык нерсе курултайда экенин мурдатан бери уктап отуруп, эми ойгоно калып, ушул маселени түшүндө көрүп, анан ынанып тура калгандай сезим калтырууда. Болбосо мамлекеттик катчы, спикер, депутат, деги койчу, экинин бири болуп турганда бул маселени неге көтөрүп чыкпаган дейм да. Бирдеме десе эле: "Мен ошо кездеги бийликтегилер менен кыл чайнашып келгем, эшикти тарс жаап чыгып кеткем. Эми алар качып кеткен соң бирдеме дешим болбойт, жигитчиликке жатпайт", - деп келет. Айта берсе боло берет белем, бу Бакиевдин тушунда эле канча эшиктен "тээп" чыкканын баарыбыз билебиз го. Ушундай саясий иштердин нака башында турган (мамлекеттик катчылык кызматты айтып жатам) учурунда улуттук идеологияны түзө албай убара болуп жүргөндө кеп курултайда экенин неге айта албады экен. Учурда
Дастан акебиз да ушул ойду колдойт дейт, Мадумаров. "Э, ботом Дастан Сарыгулов акебиз да дал ошо идеологиянын ана башында турбады беле. Ошол учурда ушулар курултай эле курултай деп чыгышып, анан эшик сыртында калышкан болсо бүгүнкү кыйкырыктарына ишенсек болот эле го" дегиң келет экен.
Мадумаров мырзанын ошо "Ордо" гезитине берген маегинде: "Бир жылда бир жолу Жогорку Кеңеш дагы, Өкмөт дагы, Президент дагы ошол эле курултайынын алдында өзүнүн жасаган иштерин айтат. Жасаган иштери канааттандырса ишеним көрсөтүлөт, канааттандырылбаса ишеним көрсөтүлбөйт. Эл тарабынан ишеничке ээ болбогон Өкмөт токтоосуз түрдө кетиши керек. Жогорку Кеңештин санын биз эки эсе кыскарталы деп жатабыз", - дейт. "Бул жерде биз" дегеним ким? Кайсыдыр бир топтун адамдарыбы, бийликте жок калган, же курултайды айтып жатабы. Же курултайды түзгөн соң анын үстүнөн карай турган мамлекеттик кеңештин мүчөлөрүн айтып жатабы. Түшүнө албадым. Болгону эмне болгон күндө да курултай, курултай деп отуруп эптеп бийликтин бир булуң-бучкагына илинүүнүн амалы эле окшоп турат. Болгону 5 миллионго жакын эли бар, биздей чакан мамлекетке Өкмөт, эл өкүлдөрү (депутаттар), Президентибиз аз келип жаткансып, элдик курултай деген институтту ачып, анын үстүнөн көзөмөл жүргүзүүчү мамлекеттик Кеңеш дегенди да түзөлү деш айласы түгөнгөн аткаминерлердин суу кечпес сөзү деп түшүнгөнүбүз оң. Андан көрө азыркы окту да, отту да, өрттү да кечип келишкен өкмөттүн колуна кол, бутуна бут болуп, чочоңдогон чоңдорду көбөйтө бербей кыскарууга көмөктөшүп, Президент менен Өкмөттү бириктирүү сунушун иштеп чыкса жүйөлүү болбойт беле.
Анан да, мына ХХI кылымда жашап жатабыз. Баягы, кокту-колотто боз үйдү улам көчүрүп, мал отуна карап жашаган мезгил эмес. Өнүккөн техниканын заманы, кааласаң Алайдын эң алыскы айылында олтуруп алып, Американын атасы Обама менен сүйлөшсөң болот. Сүйлөшкүң келбесе гезит-пезит дегенден анын эмне ойлоп жатканынан бери окусаң болот. Жок, окуп-чокугуң келбесе, радио, теле, интернет дегенден көрүп, угуп алсаң да болот. Ушундай байланыш өнүккөн шартта кыпындай өлкөбүздүн кай жеринде эмне болуп жатканынан алеки саатта кабардар болуп, туура жыйынтык чыгарып турсак эле курултайдын милдети аткарылган болуп жатпайбы. Болгону эл үнүнө эл бийлигиндегилер эринбестен, акыл-эстүү мамиле кылууда турбайбы. Сөзсүз эле жылына бир жолу курултай деп чыгышы - Көлдөн, батышы - Лейлектен, түндүгү - Алайдан, түштүгү - Таластан бери ат чаптырып отурбай эле, алоолоп сүйлөшүп койчу иш болуп калбадыбы.
Ошо "Ордо" гезитиндеги маегинде Мадумаров мырза Орусияны мисалга тарткан жери бар. Ошону эринбей окуп чыгалы, ошондо ал жигиттин ою, максаты, эмне үчүн курултайлап ач айкырык салып жаткандыгы байкалат. "Карап көрсөңүз Кыргызстанда азыр эч бир бийлик эч нерсеге жооп бербей калбадыбы. Президент десе эле биз көз алдыбызга Акаев же Бакиевди элестетип жатабыз. Кеп инсандын өзүндө, институтта эмес. Андай кылып салыштырсак Ельцин башкарган Россияны караңыздар, дагы Путин келгенден берки Россияны караңыздар. Айырмасы асман менен жердей. Демек кеп инсанда, адамдын өзүндө экен да", - дейт. Бул сөз акыркы бийлик ээлери
туура эмес тандалган (тандалбай эле өзүлөрүн өзүлөрү шайлап алган деп күнөөлөйт), ал эми татыктуу адамды (мисалы, Путиндей) тандасак эле баары оңолот деген эле сөз экени кимге болсо да даана, түшүнүктүү болуп турбайбы. Бул сөздүн экинчи тарабына көз чаптырсак, өзү айткандай Кыргыздарды курултай гана туңгуюктан чыгарат дегени деле жөн эле кеп окшоп калгандай. Кеп керектүү гана адамдарды бийликке алып келиш керек окшобойбу. Ошондо Россия болот экенбиз да. Бир гана А.Мадумаров ошол адам ким экенин ачык айтпаганы менен нары жакта кимди элестетип жаткандыгына кем акыл адам деле түшүнө тургандай даана айтыптыр.
Кабарчынын: "Сиз бийликте турган кезиңизде иш бөлмөңүздө өрүлгөн камчы илинип турчу экен. "Кыргызга азыр ушундай камчы керек болуп турат", - деп айтканыңызды журналист калкы айтып жүрүшөт. Эл башкаруу даражасына жетсеңиз кайрадан камчы илип коёсузбу?" - деген суроосуна: "Сөзсүз түрдө камчы коштоп жүрөт", - деген жообуна бирдеме кошумчалоонун зарылчылыгы жок калды окшойт. Кыргыздын Москва шаарында иштеп жүргөн бир доктору бар го, Апас деген, ошол ар качандан бир качан "Кыргыздар мени Президент кылып шайла-
майынча ишиңер оңолбойт", - деп көп айтып жүрөт го. Анын бул сөзүн угуп, акыл-эси ордундагы немеби деп калчу элем. Мадумаровдукундай кылтылдатпай түз айткан ошого ыракмат дегим келди.
Эми сөз тизгинин жыя дегеле ушу азыр бизге (кыргыз элине) курултай институту керекпи деген суроого жеке пикиримди да айта кетейин. Албетте, пикиримди та-ңуулоого акым жок, бирок айтууга акым бар да. Мына ошо курултай деген немеге чогулган делегаттар өз эл-жеринде сөзү өтүмдүү, аттын башындай адамдардан түзүлөт деп ишенүүгө болобу? Ошондойлор барбы? Болсо ошолордун сөзүнө, акылына уюп, айтканына көнө турган эл барбы? Элдин жашоосу, кулк-мүнөзү такыр өзгөрүп кеткенин кантип унутабыз. Ушул аксакал туура айтат деген пенде чыгаарына көзүм жетпейт. Элде негизги максаты акча табуу гана болуп калганын кантип танабыз. Ага-ини,
тууган эмес, ата-энеси менен эсептешип жашап калышпадыбы азыр көпчүлүк. Сый-урмат деген баягы маанисин жоготконун танууга болбос. Карыя, аксакал деген ыйык угулчу сөздөр дежур чалга, ак шакалга айланганы качан. Үй куту делчү энелерибизди, акыл карачач эжелерибизди ОБОНдорго айлантып салбадык беле.
Мына күнү кечээ эле өткөн ынтымак курултайында миңге жакын делегаттан бир гана Бөдөшованын, анан атбашылык Арабаевдин, Д.Үсөновдун капталга койгулаганынан башка ырыстуу сөздөр айтылдыбы?
Жок дегенде ошол учурда бүт дүйнөгө дүң түшүп турган Гуревич, Надел, Елисеев деген эки жүздүү эл аралык аферисттерди кайдан таап келдиңиз эле деп Президентке суроо салган адам болгон жок го. Курултайда төрагалык кылам деп Сары өзөн чүйлүк С.Аблесов өмүр бою топтогон кадыр-баркынан айрылып калды, бирөөгө жагынам деп, купшуңдап отуруп. Мындан кийин деле эгер курултай чакырылып калса, дале Аблесовдой адамдар келет. Заматта эле алар өзгөрүлүп кетмек беле. Ошон үчүн куру кыялга жетеленип, бизди курултай гана оңойт деген ойдон алыс болгонубуз оң.
А курултай дегенди көзүр кармагандар, эптеп-септеп кыйкырык-чуу салып болсо да учурдагы бийликти убарага салып, алагды кылып, бут тосуп элге жаман көргөзүү эле.
Бирок, арам ойлуу иштин акыры жакшылык алып келбесин карт тарых тастыктап койбоду беле. Касиеттүү кыргыз эли ким элим деп күн-түн дебей күйүп-бышып жүргөнүн, как жүрөгүн калкына арнап койгонун көрүп-билип калды. Кара өзгөйлөнүп, көпчүлүктү ынандырып алам деген куру неченденген, жалпынын колдоосунан небак ажырап, жайдак калгандардын жар сала чакырган чакырыгынан эч нерсе чыкпасына ишенүү гана керек.

Жаныбек САМУДИНОВ,
Жумгал району




кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
25-март, 2011-ж.:










??.??