"Кыргыз туусу", 25.03.11
  Урмат

Бизде ушундай
бир кыз бар...
Бизде ээси бар ушундай бир кесиптин:
"Эсеп-кысап министри гезиттин!"
Динарадан иштин көзү жагынан,
Кыйналгандар сабак алып кетишсин!

Бул ыр саптары - жөн гана айтылган мактоо эмес...
Бирок, адамдын кандай адам экендигин анын жалгыз эле ишинен билүүгө мүмкүн эмес.
"Адам бардык жагынан сулуу болууга тийиш" дегендей, адамдын жандүйнөсү, ар бир адамга, ар бир нерсеге мамилеси, баскан-турганы да сулуу болууга тийиш. Бирок, төгөрөгү төп келген адамдар турмушта дайыма эле кездеше бербейт.
Айрыкча адамдын жандүйнөсүнүн сулуулугу, дилинин тазалыгы аны ого бетер чырайына чыгарып турат да, андай адамдын бешенесинен ар убак жагымдуулук жанып турат. Муну адамдар жүрөгү менен туюп, сезип, андай адамга ыктайт, аны менен сүйлөшүдөн каниет алып тазаланат, кубанат...
Биздин Динарабыз да ошондой ак жарык чачкан кыздардын катарына кошулат.
Эсимде, мындан бир топ жылдар мурун ушул гезиттин босогосун адеп аттаган күндөрү бойтойгон жапжаш кыз капыл-тапыл алдымдан чыга калган да, "жарк" этип күлүп жиберген. Анын эч кирсиз күлкүсүнөн, жарык маанайынан эми эле алда неге үшүп турган жүрөгүм жылый түшкөн. Мына ошондогу жылуулук алигиче эскирбей, мени менен жашап келет.
Анткени Динара айымдын мүнөзү өзгөрүп-кубулбай, ар дайым бир калыпта, айрымдарга окшоп "заманаң түлкү болсо - түлкү бол, бөрү болсо - бөрү бол" деп кууланганды, шумданганды билбейт. Башкаларды да ошондой кабылдайт.
Гүлнар апа кызынын бала чагы тууралуу айтып жатып: "Кичинесинде эле Динара аябай жароокер, анан да аябай күлкүчү кыз эле, сиңдилерим анын күлкүсүнө кызыгып, кытыгылап күлдүрүшчү", - дейт.
Ал түгүл бир жолу эжелери анын кыткылыктаган, башкаларга окшобогон баёо, таза күлкүсүнө канбай, күлө берип эси ооп калганга чейин кытыгылай беришиптир.
Анын ошондогу балалык баёолугу, ишенчээктиги, жандүйнөсүнүн кирсиз тазалыгы, жаштыгы али күнчө сакталып калганына суктанам.
Ушул тапта өмүрлүк жолдошу, биздин жамааттын белгилүү журналисттеринин бири Турусбек экөө кыз узатып, эки жолу таене-таята болгон убагы. Келин алып, Кудай буюрса жакында эми чоң эне, чоң ата болобуз деп турушат. Жакшылык - жакшылыкка жуп болуп, жакында дагы кыз узатып, келин алабыз деген илгери үмүттөрү бар.
Ылайым тилегиңер кабыл болуп, жаман көздөн, жаман сөздөн алыс болуп, кыз-уулдардын урматын көргүлө, кесиптештер!
Силер ата-энелериңерди кандай сыйласаңар, балдарыңардан да так ошондой сый-урмат көргүлө. Анан да биздин жамааттын жарашыгы болуп, "Кыргыз Туусунун" окурмандары үчүн чарчабай, чаалыкпай, үзүрлүү эмгектене бериңиздер!
Бар болгула, бир-бирине жарашкан,
Бири-бирин аздектешкен, аяшкан,
Бир-бирине, бар болгула түгөйлөр,
Сүйүү толгон көздөр менен карашкан...
"Кыргыз Туусунун"
жамаатынын атынан Ж.Исабаева




  Кыргыз-казак бир тууган

Боордош эл боор толгойт
Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Бейбит Исабаев Нооруз майрамынын алдында Кыргызстан калк ассамблеясына келип, казак диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Казак элчилиги Кыргызстан казактарынын ассоциациясынын толук кандуу иш алып баруусун камсыздоого олуттуу көмөк көрсөтүп келүүдө. Мурда компьютер менен жабдып, интернет түйүнүнө кошууго кол кабыш көрсөтсө, бул жолу кеңири экрандагы плазмалык телевизорду белекке берди.
Аземде сөз сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын этникалык өнүгүү, диний саясат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысынын орун басары Аблабек Асанканов өлкөбүздүн социалдык-экономикасынын өнүгүүсүнө Кыргызстандын жарандары болгон казак элинин өкүлдөрү дө өздөрүнүн бараандуу салымын кошуп келе жатканын белгилеп, казак ассоциациясынын бөлмөсүнүн заманбап техникалар менен камсыздалышы диаспорага түпкү атамекени менен байланышты бекемдөөгө өбөлгө түзүп берерин белгиледи.
Жолугушууга катышуучуларды Нооруз майрамы менен куттуктаган соң, элчи казак-кыргыз карым-катнаштарына токтолуп, баштапкы уставдык капиталы 100 миллион долларлык Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү максатындагы Казак-кыргыз инвестициялык фондун түзүүгө даярдык жүрүп жатканын тастыктады. Б. Исабаев былтыркы коогалаңдуу учурларда жана Кыргызстандын түштүгүн калыбына келтирүүдө Казакстан тарап айтарлыктай колдоо кылганын айтып, быйыл Президент Нурсултан Назарбаев өзүнүн Казакстан калкына арнаган жылдык Кайрылуусунда быйыл Кыргызстанга жардам берүүнү уланта турганын баса белгилегенин маалымдады.
Назарбек БАЙЖИГИТОВ,
"Кыргыз Туусу"




  Өнөрпоздор өнтөлөйт

Аренда акысы эмнеге мынча кымбат?
"Кыргыз өнөрпоздорунун, эркин эстрада ырчыларынын, куудулдардын, музыканттардын канын соруп жаткан Улуттук филармониянын, Спорт ордосунун, Опера-балет театрынын үстүнөн кылмыш ишин козгооңуздарды талап кылабыз! Ошондой эле жалпы Кыргызстан боюнча маданий имараттардын ижара акысы жөнүндө тез арада мыйзам иштеп чыгууңуздарды, тактап айтканда өнөрпоздордон - аренда акыдан топтогон кирешелер түздөн-түз мамлекеттик бюджетке түшүүсүн көзөмөлгө алууңуздарды сурайбыз!"

Мына ушундай талап менен КРнын эл артисттери К.Азыкбаев, А.Жайнаков, К.Эралиева, КРнын эмгек сиңирген артисти А.Бөдөшов жана "Куудул-Аралаш" коомдук фондунун атынан Ж.Камчиев, эркин артисттер Б.Кудайбергенов, С.Момбеков, ж.б. болуп, жалпы жонунан он жети артист КРнын Президенти Р.Отунбаевага, КРнын Жогорку Кеңешинин төрагасы А.Келдибековго, КРнын Премьер-министри А.Атамбаевге жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө Кайрылуу жасашкан.
Анда филармония акционердик коом же жеке менчик мекеме болбосо дагы, эки сааттык ижара акыны өздөрү каалагандай, 30 миң сомдон 50 миң сомго чейин көтөрүп жиберишкенине, андан сырткары концерттен кийин филармониянын ар бир кызматкерине 200 сомдон акы төлөөнү талап кылып жатышкандыгына нааразчылыктарын айтышкан.
Ошондой эле кат ээлери мыйзамга жатпаган мындай көрүнүшкө жол ачкандар кылмыштуу, уюшкан топ катары саналарын, алардын үстүнөн кылмыш ишин козгоо керектигин айтышкан.
Кат ээлеринин айтымында, филармониянын директорунун биринчи орун басары аренда акы тууралуу: "Бул бааны бизге 2006-жылы Маммүлк комитети, Антимонополия агенттиги, шаардык финансы бөлүмү биргелешип коюп берген", - деген түшүндүрмө берген.
Артисттер муну аталган мекеме жетекчилеринин чыгармачыл топторду алдоосу катары түшүндүрүшүүдө.
- КРнын кылмыш кодексинин 304-ст. 2-бөлүмүнүн 2-3-п. ылайык, бу жерде "уюмдашкан топтун кызыкчылыктары" боюнча кылмыштын анык белгилери байкалып турат, андыктан биз алардын жоопко тартылышын талап кылып жатабыз, - дейт куудул Ж.Камчиев.
Ошондой эле Кайрылуу ээлери Бишкек шаарынын Ленин районунун Ички иштер бөлүмүнүн жана ушул эле райондун прокуратура кызматкерлеринин юридикалык жактан сабатсыздыгынан Улуттук филармониянын жетекчилигинин үстүнөн кылмыш иши козголбой жаткандыгына нааразычылыктарын жазышкан.
Булардан сырткары даттануучу тарап Кайрылууда филармониянын концертти туура 18.00дө баштап, 20.00дө жыйынтыктоо керектиги тууралуу талабына макул эмес экендигин билдиришкен: "Саат 18.00гө соодада - базарда же башка ишкана, мекемелерде иштеген көрүүчүлөр жетишип келе албай, концертке келгендердин саны аз болуп, билеттер өтпөй калууда. Ал эми филармония болсо 20.00дө аппаратураны, электр жарыгын өчүрүп ташташат. Бул - филармония кызматкерлеринин маданиятка болгон кайдыгер мамилеси! Ал эми Союздун маалында ар кандай маданий иш-чара, спектакль 19.00дө башталчу..." - делет каттын мазмунунда.
Кайрылуу ээлери филармониянын ичинде жайгашкан "Пекин" ресторанынын аренда акысын мурда Акаевдин уулу, кийин Бакиевдин балдары алып келгенин, эми ал каражаттын кайда кетип жаткандыгына, мамлекеттин чөнтөгүнө түшүп-түшпөй жатканын да билүүгө кызыкдар экендигин билдиришкен.
Он жети артисттин колу коюлган Кайрылуунун ээлери КТРКнын жарнамалык-маданий роликтеринин баасы күндөн-күнгө кымбаттап жаткандыгына да нааразычылыктарын айтышкан.
Ж.ИСАБАЕВА,
"Кыргыз Туусу"