"Кыргыз туусу", 25.03.11
  Мындай да пикир бар

Мен, Эрбаев Канатбек Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматовдун телекөрсөтүү аркылуу менин дарегиме айтылган терс сөздөрүнө жооп иретинде төмөндөгүлөрдү билдирем.

Пирматовдун депутат
болуп отурууга моралдык укугу жок!

И.Пирматов:
Ө.Текебаевдин мага карата айткандары бир гана күлкүнү келтирет

Исхак Пирматов 2005-жылдын октябрь айында "Кыргызнефтегаз" ААКнын материалдык камсыздоо бөлүмүнө жетекчинин орун басары болуп ишке келген. Пирматовду бул ишке жөнөткөн анын досу Максим Бакиев болгон. 2006-жылдын август айында Максимдин жардамы менен өзү иштеген материалдык камсыздоо бөлүмүнө жетекчи болуп дайындалган. Арадан көп өтпөй, эч бир негизсиз, ишканага эч бир салымы, эмгеги жок Исхак Пирматов "Кыргызнефтегаз" ААКсына башкармалыктын төрагасы болуп дайындалган.
Ушул жерден мыйзамдуу суроо туулат. Кимдин жардамы менен ким ишке келген? Исхак Пирматовдун "Кыргызнефтегаз" ААКсына кандай тиешеси бар эле? Себеби "Кыргызнефтегаз" ААКсына мен, Эрбаев Канатбек 2005-жылы №1 кампасына жумушка киргенмин. Тилекке каршы, Жогорку Кеңешке шайлоодо, Бакиевдин "Ак Жол" партиясына каршы иштедиң, бизге мындай каршы иштеген кызматкердин кереги жок, каалаган жагыңызга арыздана бериңиз деп мени жумуштан И.Пирматов бошотуп салган. Себеби, ал ошол убакта Бакиевдин ишенген желдети, "Ак Жол" партиясынын Ноокен району боюнча көзөмөлдөөчүсү болгон. Кийин, 2009-жылы Президенттик шайлоодо Бакиевдин Ноокен району жана Майлуу-Суу шаары боюнча ишенимдүү жана толук ыйгарымдуу өкүлү болуп дайындалган.
И.Пирматов менен Максимдин бир эле максаты болгон. Алар коррупциялык схема түзүп, "Кыргызнефтегаз" ААКны жеке менчик ишканага айландыруу максатын көздөшкөн. Буга Исхак Пирматовдун башкармалыктын төрагасы болуп иштеп турган мезгилинде жасаган иштери далил. "Кыргызнефтегаз" ААКсында иштеген 2000 кишинин бактысына 2010-жылдын 7-апрелинде болуп өткөн элдик революция болуп, алардын бул арам ойлору ишке ашпай калды. Себеби, дагы 4-5 ай кечиккенде "Кыргызнефтегаз" ААКсы Максим менен Исхактын жеке ишканасына айланмак.
Төңкөрүш болгон мезгилде "Кыргызнефтегаз" ААКда эч кандай басып алуучулук болгон эмес, теле көрсөтүүдөн чыгып менин дарегиме айтылган сөздөрү карандай калп. Исхак Пирматов өзүнүн кылмыштуу иштерин жашыруу максатында ар түрдүү айла-амалдарды ойлоп таап, жандалбастык кылууда.
"Кыргызнефтегаз" ААКсына жетекчи болуп кесиби боюнча нефтичилер иштеш керек болсо, Максим Бакиев досунун жардамы менен Исхак Пирматов Ош пединститутунун филология факультетин аяктаганына, кесиби боюнча орус тилчи экендигине карабастан мамлекетибиз үчүн өтө маанилүү жана жооптуу тармакка жетекчи болуп дайындалган. "Кыргызнефтегаз" ААКнын жумушчуларынын каалабастыгына карабастан досу Максимдин тикеден тике кийлигишүүсү менен башкармалыктын төрагалыгына шайланган.
Бирок Исхак Пирматовдун былык иштерин "Кыргызнефтегаз" ААКнын 2000ге жакын жумушчулары далилдеп берүүгө даяр.
Биз, директорлор кеңешинин мүчөсү болгондон кийин, "Кыргызнефтегаз" ААКсы менен "Юнитрейд компани" ЖЧКсынын ортосундагы түзүлгөн №294 келишимди жокко чыгарганбыз. Себеби, бул келишим мамлекет жана "Кыргызнефтегаз" ААК үчүн аябай зыяндуу болгон. Эгерде бул келишим ишке кирип, шарттары аткарылса, жалпысынан мамлекетке жана ишканага 20 млн. доллар чамасында зыян келтирмек. Бул айтканыбызды КРнын Жогорку соту карап чыгып, өз чечими менен тастыктады.
Биз, алгачкы жумушту баштагандан бери бир топ мамлекеттик маанилүү ийгиликтерге жетиштик. Мисалга алсак, биринчиден Исхак Пирматовдун башкарган убагында, 2009-жылы сатылган продукциянын көлөмү 645 млн. сомду түзсө, 2010-жылы жаңы жетекчинин убагында 1 миллиард 237 млн. сомду түздү. Менде директорлор кеңешинин мүчөсү катары суроо туулат, ортодогу айырма 592 млн. сом акча кайда же кимдин чөнтөгүнө кеткен?
Исхак Пирматовдун айтуусу боюнча бургулоо установкасынын баасынын канча болушун инвестор өзү чечет экен. Албетте, биз ага макул эмеспиз, себеби ар бир буюмдун өзүнүн баасы болот. Баса белгилеп кетүүчү нерсе бул компания инвестор эмей эле, ортомчу болгон. Анан да жогоруда айтылган 592 млн. сомго ошондой эле үч бургулоо станогун керектүү тетиктери менен ортомчулары жок эле алып келсе болмок.
Экинчиден, алынган баланстык киреше 2009-жылы болгону 18,6 млн. сом болсо, ошол эле көрсөткүч 2010-жылы 255,4 млн. сомду түздү же болбосо 14 эсеге жогорулады. Мамлекетке 2009-жылы 74,4 млн. сом төлөнсө, бул көрсөткүч 2010-жылы 195,6 млн. сомду түздү же болбосо өсүү ыргагы 263 пайызды түздү. Соц.фондго 2009-жылы 57,4 млн. сом төлөнсө, 2010-жылы 81,4 млн. сомду түздү.
Биз, директорлор кеңеши мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн мыйзамдын негизинде туура иш алып бара жатабыз. Бирок арабызда директорлор кеңешинин мүчөсү, Исхак Пирматовдун жакын адамы Бакыт Молдокасымов мамлекетке, ишканага каршы иш аракеттерин жасап жатат.
"Юнитрейд компани" ЖЧКсынын жетекчилиги жана Пирматов Исхактын демилгеси менен алар тарабынан алып келинген бургулоо установкасынын ордун чечүү максатында тынчтык келишимин түзүү үчүн ортого ортомчу болуу үчүн ТТБнын жетекчиси М.Султанов
айттырган. Эки тарап чогулуп, сүйлөшүүлөр болуп, эч кандай
жыйынтыкка келбедик. Себеби, алар 6 млн. доллар накталай акча жана 5 кудуктан чыккан нефтинин 40 пайызын эки жыл бересиңер деген шартты коюшту. Бирок, бир
баасы 4 млн. доллардын тегерегинде болгон бургулоо станогун мындай баада жана шартта албайбыз деп жооп бердик. Алар биз айткан шартка көнүшпөдү. Бизде мыйзам ченемдүү суроо туулат, эмнеге И.Пирматов ушул келишимге өтө кызыкдар? Себеби, ал киши ушул компания менен тыгыз байланышы бар, деген суроолор чыкты.
Исхак Пирматов азыркы мезгилге чейин жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу туура эмес жалган маалыматтарды жалпы кыргыз элине берип жатканы мага өкүнүчтүү.
И.Пирматов элди алдап, кайра-кайра "Кыргызнефтегаз" ААКсына өзүнүн жакын адамы Ринат Макеновду алып келүү аракеттерин көрүп жатат. Себеби "Кыргызнефтегаз" ААКсынан жеп жүргөн акчалары эстен кетпей жана бургулоо установкасына түзүлгөн келишимди ишке ашырып, ал жерден да мил-лиондогон доллар акчаларды алуу максатын коюп жатат.
Баса айтып коюучу бир нерсе бар, 2010-жылдын 8-апрелинде "Кыргызнефтегаз" ААКнын жалпы жамааты Исхак Пирматовдун кылмыштуу иштерин ашкере кылышып, ишканадан кууп чыгышкан. Ошол эле күнү көп жылдардан бери "Кыргызнефтегаз" ААКда иштеп, бир топ жооптуу жетекчилик кызматтарда иштеген Каныбек Масировду башкармалыктын төрагалыгына бир добуштан шайлап алышты. Азыркы күндө Каныбек Масиров жумушчулардын ишеничин актап, үзүрлүү эмгектенип жатат.
Акырында айтаарым, Исхак Пирматов элдин атынан Жогорку Кеңешке депутат болуп отурууга моралдык укугу жок деп эсептеймин.

Каныбек ЭРБАЕВ,
"Кыргызнефтегаз"
ААКнын директорлор
кеңешинин мүчөсү