Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0325_10.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0325_10.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0325_10.htm on line 2


п»ї
  Башканы коюп Манасты айт...

"Манастаануу" мамлекеттик стандартка киреби же бул ишке ашпай турган көйгөйбү?
Мына ушундай кат менен редакциябызга Ж.Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин Манастаануу кафедрасынын башчысынын милдетин аткаруучу, филология илимдеринин кандидаты, доцент Ж.Орозобекова кайрылган.
Андан сырткары редакциябызга ушул темада окумуштуулар, кара-
пайым окурмандар, студенттер, мугалимдер, адабиятчылар тарабынан да каттар, коңгуроо кагуулар болууда.
ЁЁЁ
"2010-жылдын 1-сентябрынан тартып, ректор А.Акуновдун буйругунун негизинде улуттук университеттин Манастаануу кафедрасы ишке киришип, кафедра университеттин компонентине кирген факультеттердин бардыгы менен иштешип, Манастаануу курсун окутуу башталган. Тилекке каршы, учурда университеттин юридикалык институтунда, кытай борборунда таптакыр келишим түзүлбөй, Манастаануу аларда "тандоо курсу" катары гана өтүлөт. Эгерде жетекчилик каалабаса, өтүлбөйт дагы," - дейт бизге жазган катында Ж.Орозобекова.
Андан аркы сөзүндө Ж.Орозобекова Манастаануу сабагын окутууда окуу жайдын башка түзүмдөрүндө дагы көйгөйлүү маселелер жок эмес экенин айтат. Анткени, жетекчилердин көпчүлүгү 2006-жылы чыккан Билим, илим жана жаштар саясаты министри Досбол Нур уулунун буйругунун азыр күчү жок экенин белгилешүүдө.
Ж.Орозобекованын айтымында, бул сабак А.Какеевдин тушунда КУУнун түзүмдөрүндө сааттар бөлүнүп, аталган сабак өтүлүп келген болсо, кийинки жылдары сааттар уламдан-улам азайып жүрүп олтуруп, айрым факультеттер жылдык окуу пландарына киргизбей дагы коюшкан.
ЁЁЁ
Окуу жайдын окуу жана академиялык иштер боюнча проректору Р.К.Сарымзакова мындай кырдаалдын себептерин: бул буйрук чыккан менен мамлекеттик стандартка милдеттүү түрдө өтүлүүчү предметтердин катарына кирбегендиги менен түшүндүрөт. Ал эми ЖОЖдор Мамлекеттик стандарттын гана негизинде иш жүргүзөт. Андыктан, Р.Сарымзакова айым ректор айткан күндө дагы Манастаануу сабагын окуу планына киргизе албастыгын, анткени мыйзам талабы ушундай экендигин билдирген.
ЁЁЁ
Бирок, "Манасты" өз тилинде окуп-таанышуу үчүн чет элдиктер Кыргызстанга тил үйрөнүүгө келип, "Манасты" өз тилинде окуганы үчүн бактылуу экендигин билдирген учурлар жок эмес. Бул тууралуу америкалык Ричард Хевитт мырза бизге берген маегинде:
- Америкада ата-энем, иним, үй-жайым бар. Ал жакта мен үчүн баары жетиштүү. Бардар жашоодо турчубуз. Бирок, мен өмүрүмдүн акыркы жылдарын Кыргызстанда өткөрүүнү чечип, бардык эле карапайым кыргыздар сыяктуу Кыргызстанда кара-
пайым жашоо кечирип жатам. Бирок мага бул жагат. Анткени, карапайым кыргыздын канында улуу касиет жатат. Анын жашоосу өзүнчө эле бир улуу философия. Айрыкча, "Манас" эмне деген керемет?! Мен кырктын кырынан ашканда "Манасты" өз тилинде окуганым үчүн ушунчалык бактылуумун, - дейт. Ал эми кыргыздардын "Манасты" окууга, окутууга караманча тоң моюндук кылганын - өзүн сыйлабагандык катары түшүнсө болот, - дейт.
"Манастаануу" сабагын эмне үчүн окутуу керек?
Бул тууралуу Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти, профессор Советбек Байгазиев мындай дейт:
- Улутубуздун сыймыгы болгон "Манас" эпосун окутуу маселесине кеңири масштабдан карашыбыз керек. Мына бу глобалдашуунун кыйын-кезең шартында биз, кыргыздар, алыскы-жакынкы державалардын кучагына оп тартылып кетпей, өз жүзүбүздү сактап, канткенде журт катары, улут катары сакталып калабыз?
...Сурайлычы, Билим берүү системасынын ушундай стратегиялык максаты барбы? Бизде мындай бийик мүдөө коюлбай келет. Биздин билим берүү системабыз, концепцияларыбыз мекенчил, патриоттуу эмес, жалпы эле дүйнөнүн жарандарын окутуп тарбиялоого эсептелинген десек жаңылышпайбыз. Кыргызстан космотполотизм оорусу менен ооруйт.
Бүгүнкү массалык маданияттын агрессивдүү чабуулдарынын шарттарында кыргыздардын да улуттук өзүн-өзү сактоо инстинкти ойгонушу керек. Түркия, Япония, а түгүл Өзбекстан сыяктуу Кыргызстан дагы өзүнүн көп кылымдык тарыхында калыптанган түптүү улуттук дөөлөттөргө таянуу философиясын бекем тутунушу аба менен суудай зарыл.
Биздин "Манасыбызда" баарынан мурда эмне кымбат, эмне улук, эмне ыйык? Биринчи кезекте Ата Журт ыйык, анын боштондугу, эркиндиги, көз карандысыздыгы ыйык. Ала-Тоонун бүтүндүгү, ак калпак журттун биримдиги ыйык. Акыйкатка, актыкка негизделген достук ыйык. Ата Журттун мүдөөлөрү, калайык калктын кызыкчылыгы ыйык. Эне ыйык, Ата ыйык. Улууну урматтаган, аялзатын ардактаган элдик эреже, меймандостук улук. Ак мөңгүдөй таза абийир, адеп-ыйман ыйык. "Манастын" мындай асыл кенчтерин санай берсек көп.
"Манастын" ушундай нарк-дөөлөттөрүн өсүп келе жаткан тукумдардын энчисине айландыруу бир гана негизги механизм аркылуу жүзөгө ашат. Ал механизмдин аты - окуу-тарбия процесси. "Манас" бала-бакчадагы, мектептеги, орто жана жогорку окуу жайларындагы окуу-тарбия процессинде туруктуу жана тынымсыз "жүрөк кагып" турганда гана жаштардын социалдашуусунун бекем тиреги болуп бермек.
"Манас" сабагы тууралуу ой толгоолорун жазышкан студенттердин дээрлик 95%ы аталган предмет боюнча ушундай ойдо экени дагы жагымдуу.
"Манастагы" элдик идеялык-рухий дөөлөттөр - кыргыз элинин жүрөгү. Кыргызстандын билим берүү системасында ушул "элдик жүрөк" дүкүлдөп согуп турууга тийиш.
Ал эми бул багытта студенттердин көз карашы кандай?
КУУнун Чыгыш таануу факультетинин студенти Токтобек Үсөнов "Манасты" мектеп курагында өз алдынча окуп чыкканын, бирок университетте эпостун кыска эле убакытта, болгондо да орус тилинде окутулганы аларды алымсынтпаганын айтат:
- Мүмкүн болсо, "Манасты" кеңейтилген программа менен, толук кандуу окутса жакшы болмок. Бул менин эле эмес, башка курсташтарымдын да каалоосу. Анткени биз чет элдерге, чет жерлерге чыгууга, ал жактагы студенттер менен билим алмашууга, ой алмашууга аракеттенебиз. Алар сөзсүз биздин "Манаска" кызыгышат.
Мектептерде эмне үчүн "Манас" сабагы окутулбай калды?
Биз бул макалын даярдап жат-
каныбызда, редакциябызга Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылынан Рахмадилде Рыспаевден да кат келип, анда кат ээси: "1993- жылы мектептерде "Манас" сабагы өтүлө баштап, 1994-жылы Б.Исаковдун автордугу астында окуу китеби да жарыкка чыккан. "Манас" - балдарга патриоттук таалим-тарбия берген, чыныгы элдик сабак. Андай болсо анын жабылып калышынын себеби эмнеде?" - деген суроого министрликтен жооп алып берүүбүздү өтүнгөн.
Бул суроолорго жооп алуу максатында биз КРнын Билим берүү жана илим министри К.Садыковго кайрылып, кат түрүндө төмөндөгүдөй жооп алдык:
- "Манас" сабагы жергиликтүү бийликтин демилгеси менен Талас аймагынын мектептеринде Эгемендүүлүктүн баштапкы жылдарында сынамык катары киргизилген.
Министрликтин деңгээлинде окуу планына киргизилген эмес. "Манас" эпосуна 5-11-класстардын "Кыргыз адабияты" сабагынын курамында кеңири саат берилген.
Ошондуктан "эмне үчүн "Манас" сабагы жабылып калды" деп министрликке доомат коюу негизсиз деп эсептейбиз..."
Жыпар ИСАБАЕВА,
"Кыргыз Туусу"




кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
25-март, 2011-ж.:










??.??