кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
25-март, 2011-ж.:


п»ї

Банктын баркы бааланды
"Кыргыз экономикасына кошкон банктын кредиттик каражаттарынын жалпы көлөмү 205 миллион АКШ долларын түздү. Кредиттердин арбын бөлүгү чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө жумшалгандыгы кубанычтуу", -
деди Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банктын жаңы башкы кеңсесин салтанаттуу ачуу аземинде.

Мамлекет башчысы өзүнүн куттуктоо сөзүндө KICB өткөн он жылдын ичинде Кыргызстандагы эң ишенимдүү, туруктуу каржы мекемелеринин биринен болуу менен кыргыз тарабынын үмүтүн актагандыгын белгиледи.
Президент банктын жаңы имаратынын ачылышы борбор калаабызга инвестициялык долбоорлорду талкуулоо үчүн Россия Федерациясынын беш ири облустарынан делегациянын келиши менен туш келгендигине басым жасады. Мамлекет башчысы инвесторлордун ишенимин калыбына келтирүүдө банктын аныктоочу ролун белгиледи. "Акционерлердин жакын арадагы чечими менен банк уставдык капиталын көбөйтүүгө аракеттенмекчи. Бул өлкөбүздүн экономикасын өнүктүрүүгө болгон терең кызыккандыктын күбөсү. Банктын өзүнүн ишмерчилигин кеңейтүүнү каалоосу акыркы жылдардагы кыйынчылыктардан өлкөбүздүн экономикасын чыгарып кетүүдөгү маанилүү көрсөткүч болуп калмакчы", - деди Президент Р.Отунбаева.

Н.ЖЭЭНБЕКОВ













??.??