"Кыргыз туусу", 18.03.11 Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Ибрагим ЖУНУСОВ:
Кыргызстан үчүн тер төгүп иштешибиз керек"
Жылдыз БЕКБАЕВА,
Ош шаары, "Интерфакс" агенттиги:
- Саламатсызбы, Ибрагим Кожоназарович, биз, Оштогу бир топ аймактык журна-
листтер чогулуп, сизге телефон чалып жатабыз. Өткөн жылдагы июнь окуясында аскер адамдары менен кошо жанды оозго тиштеп иштеп жүрдүк. Бизге моралдык колдоо катары мамлекеттик сыйлыктарга кошуп койсоңуздар жакшы болмок.
- Сиз абдан туура маселени көтөрүп жатасыз. Мен 12-июндан баштап, ошол оор күндөрү ок учкан жерлерде жүрдүм. Өз өмүрүн тобокелге салып иштеген басма сөз өкүлдөрүн өзүм көргөм. Мада-ният жана маалымат министрлигине тапшырып, сунушуңарды жогору жакка бергиле дейин.
Экинчи суроом: "Ош шейиттери" коомунун өкүлдөрү бизге, журналисттерге, көйгөйлөрү менен кайрылышууда. Күйөөлөрү, жакындары каза болгон аялдарга карата мамлекеттик колдоолорду билели дедик эле.
- "Ош шейиттери" коомунун мүчөлөрү, жалпы жабыр тарткан эл менен жолугушуп келүүдөмүн. Биринчиден, каза болгондордун жаш балдары үчүн 3100 сомдон жөлөк пул чектелген. Ушул кезге чейин дайынсыз калган 23 адам бар. Алардын балдарына алты айга чейин 1000 сомдон берилип, андан кийин дароо 3100 сомдон жөлөк пул төлөнүүсү каралган. Андан сырткары өткөн жолу барганымда 75 үй-бүлөгө жаңы курулган квартираларды берип келдик. Буйруса, апрель айында көп кабат үйдөн дагы экөө бүткөрүлөт. Мен бул боюнча комиссиянын төрагасымын. Булардан тышкары үйлөнө элек уулдары каза болгон ата-энелерге бир эле жолу жардам берилип калган. Мындай 21 үй-бүлө бар. Алар да үй алууга укуктуу. Башка жардамдарды караштырып жатам.
Баатырбек
ИМАНКУЛОВ,
Бишкек шаары,
"Алтын Ордо" конушу:
- Менин келинчегим аялдарга тийиштүү оору менен ооруп врачка барса, ал онкологияга жиберген. Ал жактан Бейшеева деген врач операция кылуу керек деп, 2000 сом акча алган. Врач болуп иштеген кайнежем келип, аялымды текшертсе он жумалык боюнда болуп чыкты. Врач аялымдын боюнда бар экенин текшербей туруп операцияга жаткырмак экен. Айтор, баламдын төрөлгөнүнө беш ай болуп калды. Апасы экөөнүн ден соолугу жакшы. Мен беш балалуумун. Беш жашка чейинки наристелерди бекер дарылоо керек деген мыйзамды бардык эле врачтар аткарбайт. Деги кайсы дарысы бекер, кайсы дарысы сатык экенин бир да жаран тактап билбейт же Өкмөт аны ачык түшүндүрбөйт. Эми менин моралдык, материалдык чыгымымды ким төлөп берет?
- Баатырбек, сиз врачты сотко берсеңиз болот. Ал далилденип чыкса, сизге келтирилген чыгымдарды ал төлөп бериши керек. Мен муну министрлик аркылуу көзөмөлгө алдырайын. Балаңыз беш жашка чейин бекер дарыланышы кажет. Азыркы Саламаттыкты сактоо министри Сабырбек Жумабеков мындай көрүнүштөргө абдан катуу мамиле кылууда. Мен өткөндө министрликтин коллегиясына катыштым. Ошол жерде врачтардын кемчиликтери, паракорлук катуу сынга алынды. Хирург сокур ичегисин кесип салмакчы болгон адам, азыркы күндө операция болбой эле жашап жүрөт. Ак халатчандардын арасында Гиппократтын антын бузгандар чыгууда. Андан тышкары, кайсы дарылар бекер, кайсынысы сатык экендигин оорулууларга тааныштыргыла, баары ачык болсун деген талап катуу коюлууда. Мындан кийин оорукананын дубалына дарылардын тизмеси илинет.
- Ибрагим Кожоназарович, теле берүүлөрдү, гезиттерди бүтүндөй саясатташтырып жибербей, ушул маселелерге арналган рубрикаларды көбөйтүшсө жакшы болмок. Өкмөт ишеним телефондорун жандантышы керек. Антпесе бийлик элге жакын болбойт? Мен 45 жашка чыкканча "мына мобу Өкмөттүн бекер дарысы" - дегенди угуп же көрө элекмин. Атам да, апам да ооруканага жатып чыгышты. Энем жакында операция болду. Ага хирург 300 доллар алды. Беш балам бар. Биздей карапайым адамдардын жашоосу начар.
- Баатырбек, менин кызмат телефонумду жазып алыңыз. Сиздин маселеңизди өзүнчө чечүү керек экен… (62-61-92)
Малина КАДЫРКУЛОВА,
Токтогул району,
Ичке-Сай айыл өкмөтү:
- Мен Баатыр эне, пенсионермин. Биздин Үч-Теректин үй-бүлөлүк дарыгерлик кызматы жоюлуп калган. УЗИ, рентген ж.б. үчүн Токтогулга каттап жатабыз. Алыстыгынан кыйналдык. Биз ооруканада жатып телефон чалуудабыз. Жанымда 75 жаштагы байбиче бар. Садага болоюн, Ибрагим ушуну чечип берсеңер.
- Апа, азыр ден соолугуңуздар кандай? Врачтар жакшы карап жатабы же жокпу?
- Врачтар жакшы эле карап жатат. Биздикиндей алыскы аймактарга ак халатчандар токтобой койду.
- Туура айтасыз, врачтар республика боюнча жетишсиз. Май айынан баштап, айлык акылары үч эсе көтөрүлсө чет мамлекетке кеткен же башка жумушка өткөн врачтар кайра өз кесибине келе турган болуп жатышат. Биздин максат - ар бир ФАПты врачтар менен камсыздоо. Буйруса, айлыкты көтөрүп алгандан кийин дарыгерлердин ишинин сапатына талаптар да абдан катуу болот. Ал эми Үч-Теректеги сиздердин маселени министрге тапшырам.
- Өзүң өткөн парламентте депутат экениңде "ушул бала карылардын таламын көбүрөөк талашат" - деп, телени карап отурчу элек. Азыр болсо депутаттан кетип калдың…
- Малина апа, мен депутат кезде карыларга кандай жан тартсам, ошондой эле иштей берем.
Бурул УСУБАЛИЕВА,
Ысык-Ата району:
- Мен мугалимдик кесипти, чыгармачылыкты бирдей аркалап келем. Жыйырмага жакын обон чыгардым. Патриоттук ырларым бар. Мисалы, автордук ырларга, "Жылдын мыкты ырларына", "Мекен ырлары" сынактарына катыштым. Коомдук телеканалдын "Ала-Тоо таңшыйт" берүүсүнө жиберсем төрт айдан бери чыгармаларым берилбейт. Эл ичинен чыккан өнөрпоздорду кесипкөй ырчыларга аралаштырбай өзүнчө эки топко бөлүп алып, экранга чыгаршса жакшы болмок. Себеби, көрүүчүлөр артисттерге өзүнчө, бизге өзүбүзгө жараша баа беришмек.
- Бүгүнкү күндө телеканалдардын баары коомдук макамда иштеп жатышат. Аларга көрсөтмө бере албайбыз. Өздөрүнүн бай-коочу кеңеши бар. Бирок, мен коомдук каналдын кызматкерлерине атуул катары, элдик өнөрпоздордун жакшы чыккан чыгармаларын иргеп бергиле деген сунушумду айтып, сизге жардамдашканга аракет кылып көрөйүн.
Турсуналы КАДЫРОВ,
Кара-Балта шаары,
медициналык колледждин мугалими:
- Ибрагим Кожоназарович, мектептин мугалимдеринин маянасын көтөрүп жатасыздар. 2005-жылы врачтардын айлыгы көбөйгөндө медициналык окуу жайлардын педагогдоруна айлык кошулган эмес. Себеби, бизди Билим берүү жана илим министрлигине каратышкан. Эки жыл мурда болсо мугалимдердин айлыгы көтөрүлгөндө бизди Саламаттыкты сактоо министрлигине каратып, эки ача жолдо калдык. Менин маянам 2500 сом, ушул каражат менен кантип жашайбыз?
- Мурда кесипчилик окуу жайларынын мугалимдеринин маянасы каралбай келиптир. Эми колледждердики да каралууда. Себеби башкалардыкына теңеш керек. Бул чечиле турган маселе.
Созулкан САДЫКОВА,
Кара-Балта шаары,
пенсионер:
- Бир бөлмөлүү квартира үчүн 780 сом коммуналдык төлөм төлөп жатабыз. Ал эми 3 бөлмөлүүлөр 1800 сомдон төлөшүүдө. Пенсия абдан аз, кайсы акчага жашайбыз?
Экинчи суроом: Мугалимдердин маянасы май айында көтөрүлгөндө 30 пайыз эле кошуп коёсуңарбы же?..
- Созулкан апа, биринчиден, пенсиялар быйылкы жылы эки этап менен көтөрүлөт. Ал базалык негизде эмес, пенсияны алганына жараша болот. Бул боюнча тиешелүү министрликтер тынбай иш жүргүзүүдө. Биринчи этап май айынын акырына туш келип калышы мүмкүн. Экинчи этабы күз айларына барат. Ал эми айлык акынын январь айында 30 пайыз кошулганы көтөрүлгөн болуп эсептелбейт, болгону теңделди. Май айынан баштап, мектептин мугалимдеринин маянасы үч эсе көтөрүлөт.
Эмил АКУНОВ,
Бишкек шаары, КУУ:
- Мектеп мугалимдеринин айлык акысы май айында көтөрүлгөнү турат. ЖОЖдордун педагогдору четте калабы?
Экинчи суроом: ЖОЖдордогу окутуучулардын илимий даражаларына кошумча төлөмдөр менин билишимче токсонунчу жылдардан бери өзгөртүлө элек. Кыргызстанда кандидаттык даража үчүн болгону 300 сом кошулат. Ал эми Россияда биздин сомго которгондо ал үчүн 5000 сомдун тегерегиндеги акча кошулат. Бизде жакынкы убактарда буга өзгөрүү болобу?
- Биринчи сурооңуз боюнча. Май айынан баштап, мектеп мугалимдеринин, маданият кызматкерлеринин, медиктердин, жана спорттук машыктыруучулардын айлык акылары үч эсе көтөрүлөт. Бул ирет өлкө бюджетинин тартыштыгына байланыштуу ЖОЖдорго каралган жок. Ал эми сиздерге республикалык бюджеттен алган айлыгыңыздардан сырткары университеттин өзүнүн атайын каражаттарынан стимулдаштырылган 200 пайызга чейин кошумча айлык төлөнүп жүрөт. Мен дагы ЖОЖдо кафедра башчысы, декан, проректор жана биринчи проректор болуп иштеп келген адам катары муну жакшы билем. Экинчиден, илимдин кандидаттык даражасы үчүн 350 сом кошумча төлөнөт. Мен да педагогика илиминин кандидаты катары алып келаткам. Илимдин доктору даражасы үчүн 500 сом кошулат. Илим адамдарын колдоо маселесин Жогорку Кеңеште депутат кезимде нечен ирет көтөргөн болчумун. Азыр эле мен Илимдер академиясынын жылдык отчетун угуп келдим. Барган сайын жаштардын илимге кызыгуусу жоголуп баратат. Аркабызда келе жаткан муунду илимге кызыктыруунун чараларын көрбөсөк болбой калды. Азыркы күндө илимпоздордун 30 пайызы пенсионерлер, 40 пайызы пенсияга жакын кишилер. Минтип отурсак атамекендик илим тармагы кайда барат? Биз бул маселеге күздө кайра кайрылабыз.
Кубан ЖУМАЛИЕВ,
Жайыл району:
- Райондордо, айылдарда китепканалар азайып кетти. Китеп марафонун деле өткөрүп жатабыз. Бирок фонддо китеп абдан аз.
- Сиздин айтканыңыз абдан туура. Мен маданият министрлигинин алдында бул маселени коём. Бир топ акын-жазуучулар өз китептеринин бир бөлүгүн китепканаларга бекер берип жаткандары да бар.
Козубек ИМАНКУЛОВ,
"Талас турмушу"
гезитинин башкы
редактору:
- Эки жылдан бери облустук гезиттердин өндүрүштүк чыгымына каражат каралбайт. Биз азыр маданият министрлигине карап калдык. Эки жыл мурда атайын каражаттан 20 пайыз салык киргизилген. Бул маселени биз убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө айтканбыз. Мисалы, 1 млн. сомго чейин өзүнчө, андан азыраак каражатка өзүнчө салык киргизилсе дегенбиз. Салыктар абдан муунтууда.Ушуну чечүүгө болобу?
- Мурда Маданият жана маалымат министрлиги деп аталганы менен ал жерде медиа боюнча бөлүм болгон эмес. Мен эки айдан ашык министр болуп иштеп калбадымбы. Азыр бул боюнча атайын департамент түзүлгөн. Мына ошондо каралат. Андан тышкары сиз айткан 20 пайыздын киргизилиши туура эмес деп мен өткөн чакырылыштын депутаты болуп турганда айтпадым беле. Себеби, ал эки эселенген салык болууда. Ушул 20 пайыз республиканын казынасын абдан кампайтып деле жибербейт. Салыктын бул түрү этап-этабы менен алынып салынуусу каралууда.
Экинчи суроом: Маданият кызматкерлери айлык акыбыз көтөрүлөт деп кубанышууда. Биз, облустагы журналисттер, маданият кызматкерлеринин категориясына кирген соң айлык акыбыз көтөрүлөбү?
- Сиздердин айлык акы көбөйтүлөт. Андан тышкары алыскы аймакта иштегендердики
шаардыктарга караганда бир топ көбүрөөк болот. Кесиптик категорияга жараша 500-1000 сомго чейин көтөрүлөт.
Сайракан ЖУСУПОВА,
Ноокат району,
Исанов айыл өкмөтү:
- 12-июнь күнү Ош окуясында жолдошум Үмөталы Раев каза болгон. Балдарымдын экөөсү студент. Ош техникалык университетинде. Контракт акыдан бошотулушу керек эле.Он сегиз жаштан өтүп калган балдарга жеңилдиктер жок болгондуктан абалыбыз начар.
- Сөзсүз контракт акыдан бошотулушу керек. Эгер кайсы университеттин администрациясы баш тартып жаткан болсо кабарлаңыздар. Мен бир аз убактан кийин сиздерге дагы барам. Жакында 75 адамга квартира бөлүп келбедикпи. Балдарыңыз он сегизден өтүп калган болсо өз фондумдан аз болсо да жардам берейин. Эң оор шарттагы 21 адамга жардам карап жатам.
Сымбат МАКСУТОВА,
"Эркин Тоо" гезитинин
сот-укук бөлүмүнүн башчысы:
- Былтыркы жылы Жылдыз Жолдошева "Курманжан Датка" фондусунун жетекчиси болуп турганда журналисттерге турак-жай куруу боюнча маселени көтөргөн. Мына эми "Ата-Журт" партиясы расмий бийликке келдиңиздер. Кыргызстандын тарыхында журналисттер үчүн үй курулган эмес. Ушул маселени көтөрүүчү учур келди. Мамлекеттик маалымат каражаттарында көп жылдан бери эмгектенген журналисттердин далайынын үйлөрү жок. Алды үч-төрт баласы менен батирлеп жүрүшөт. Жеңилдетилген ипотекалык, социалдык үйлөрдү курса болот да. Бул суроо көптөгөн журналисттерди кызыктырганы үчүн берилип жатат…
- Коюлган маселе абдан туура. Маданият министрлиги менен дагы кеңешип, колдо бар мүмкүнчүлүктөрдү кийинки жылга карап көрөлү. Быйылкы жылы өлкө бюджетинин тартыштыгына байланыштуу бардык курулуштарга мораторий жарыяланбадыбы. Аманчылык болсо, эмдиги жылы бүтүндөй бир үйдү курбасак да, бүткөрүлгөн көп кабаттуу корпустан бир подъезди журналисттерге берүүнү эске алалы. Ипотекалык кредиттин мөөнөтүн узагыраак кылып карасак да болот.
Жаңыл ЧЫНГЫШОВА,
Жаштар театрынын
актрисасы, "Мажор"
коомдук уюмунун
жетекчиси:
- 25 жылдан бери турак жайы жок актёрлор көп. Театр тармагынын маселеси каралбай калды.
- Жаңыл, мен Маданият министри болуп турганда да, кийинки министр менен да турак-жай маселеси козголуп келе жатат. Биротоло унутта калтырды деп ойлобогула. Бирок, быйылкы курулушка мораторий коюлуп калды. Эмдиги жылы бул маселеге сөзсүз кайрылабыз. Мына, он жылдан бери маданият кызматкерлеринин маянасы көтөрүлбөй калыптыр. Туурабы? Май айынан баштап үч эсеге көтөрүлгөнү жатат. Көйгөйлөрдү этаптуу чечели.
Жусуп КЫТАЕВ,
Москва району:
- Ибрагим балам, бир нече аксакалдар чалып жатабыз. Эмне үчүн Күмөндөр Абыловго "Эл артисти" наамы берилбейт?
- Мен да сиздерге толук кошулам. Күмөндөр жалпы эл арасында небак "эл артисти" болуп калган. Бирок, аны мамлекет расмий бекитиши керек… Биз Маданият жана маалымат министрлиги аркылуу анын документин дагы бир жолу сунуштайлы. Жогорку мамлекеттик наамдарды президенттин аппаратынын атайын комиссиясы карайт. Биз министрликтен өткөрө алабыз, андан өйдө жагына киришүүгө укугубуз жок.
Таалай ЖЭЭНМУРАТОВ,
Алай району,
Корул айыл өкмөтү:
- 2011-жыл мамлекет башчысы тарабынан "Курманжан Датка" жылы катары белгиленди. Август айында Алайда 200 жылдыгы салтанаттуу белгиленгени жатат. Бирок, стадион начар, музейи эски, көчөлөр оңдоло элек. Чет элдиктер келип калса уят болбойбузбу? Жолугушууга келсеңиздер биз даярбыз.
- Курманжан Датканын мааракесин белгилөө боюнча жогорку деңгээлде комиссия түзүлгөн. Иш-пландар тийиштүү министрликтерге жүктөлдү. Алар ырааттуу иш алып барышууда. Курманжан Датканын 200 жылдыгы август айынан бир аз жылдырылып калышы ыктымал. Жумушчу топ тынбай иштеп жатат.
Тургунайым АЙТИЕВА,
"Ош шейиттери" коомдук бирикмесинин төрайымынын
орун басары:
- Сиз бизге келип жолукканда бир нече маселелерди айткан элек.
- Июнь окуясына чейин чоң суммада айыл чарба кредитин алгандардын пайыздык өсүмү өсүп кеткен. Ошону токтотуу боюнча Өкмөт башчысы А.Атамбаев оң чечим чыгарды. Бул каза болгондордун үй-бүлөсүнө тийиштүү. Ал тууралуу Ош губернаторуна билдирилди. 23 адамдын ДНКсынын жыйынтыгы Москвадан чыгарылып келмек. Бирок Москванын аппаратынын күчү жетпегендиктен, аныктап бере албайбыз деп жооп келген. ДНКлар Кытайга жөнөтүлгөн. Жакында эле мен Президент Роза Отунбаева менен жолугуп сүйлөшкөнүмдө ал ДНКны текшерүүчү аппаратты сатып алуубуз керек деди. Жараткан мындан ары жаман окуялардан сактасын … Бирок, ал абдан кымбат турат экен.
Жумабек
БЕРДИБЕКОВ,
Ат-Башы району:
- Мугалимдер менен кошо кароолчу, пол жуугучтардын маянасы көтөрүлөбү?
- Жумабек ага, кароолчу, пол жуугучтардыкы сентябрдан баштап көтөрүлөт. Санитаркалардыкы мурда 800 сом болсо, кошулганда 3000 сомдон кем болбойт.
Жумакадыр ДҮЙШЕЕВ,
Бишкек, окутуучу,
профессор:
- 2007-жылы кенже балдар үчүн окуу программасын жазгам. Билим берүү акаде-миясында үч жолу каралып, алар: "Биздин өз программабыз бар" - деп коюшкан. Эми анда кыргыздын салт- санаасы, этнографиясы, тили, адабияты ж.б. сыяктуу эч нерсе жок. Бишкекте болсо 78 балдар бакчасы бар. Булар совет мезгилинен берки эски программаны колдонуп жүрүшөт.
- Мектеп окуучуларына, балдар бакчасына тиешелүү окуу китептерине тыкыр мамиле жасалышы керек. Билим берүү академиясында дагы каралып чыксын. Китептин өзүн көрөлүчү…
Асанкан КУЛТАЕВ,
Балыкчы шаары,
эмгек ардагери:
- Ибрагим балам, башкаруу коалициясын жакшыбы же жаманбы сактап калгыла. Саясатчылар саясий кайыкты чайкай берип, парламентти таратып жиберсеңер Кыргызстандын эли азыркы партиялардын бирине да кайра добушун бербей коюшу ыктымал. Шайлоого акча короткондун ордуна Ошту, Жалал-Абадды кургула. Ысык-Көлдүн туристтер келчү жолдорун, инфратүзүмдөрүн оңдогула. Көлдүк аксакалдардын атынан өзүңдүн ишиңе албан ийгиликтерди каалап, батабызды беребиз.
- Коалицияны бузгусу келген ички-тышкы күчтөр бар экенин ачык айтуу керек. Бирок, буйруса коалицияны таратпаганга аракет кылабыз. Тараса мамлекетибиздин потенциалы кайра артка кетет. Премьер-министр А.Атам-баев сүйлөшкөн чет элдик жардамдар келбей калышы мүмкүн. Айлык акылардын көтөрүлүшүн ж.б. маселелерди ким жана качан чечет? Мамлекетибиз көптөгөн көйгөйлөрдүн алдында калат. Ошондуктан биз, саясатчылар, парламентте отурган депутаттар менен сүйлөшүп жатабыз. Ар кимибиз өз амбициябызды токтотуп, Кыргызстан өлкөсүнүн өнүгүшү үчүн тер төгүп иштешибиз керек. Көлдүк аталардын берген батасы баарыбызга кабыл болсун деп айтмакчымын.
Кубан АКМАТОВ,
Москва району:
- Декабрь айында сүтүбүздү 18 сомдон өткөрүп келсек, азыр 12 сомго түшүп кетти. Азык-түлүк болсо кымбат-
тоодо. Социалдык жактан аз камсыз болгондорго андан жаман болду.
- Кубан ага, Өкмөт республика боюнча 123 миңден ашык үй-бүлөгө бир мүшөктөн бекер ун таратты. Социалдык коргоо министрлиги аркылуу ишке ашырылууда. Учурда 70 миңге жакыны алып бүттү. Бул да болсо азык-түлүктүн кымбаттап жаткандыгы үчүн колдоо болууда. Күнүгө кечкурун ундардын таратылышы
боюнча мага отчет беришүүдө. Биз ун таратууну алыскы аймактардан баштадык. Андан тышкары, Өкмөт чет мамлекеттерден ташылып жаткан эң керектүү: күрүч, гречка, кумшекер, ун ж.б азык-түлүктүн сегиз түрүнө болгон пошлинаны алып салуу боюнча тез аранын ичинде кабыл алынчу документти Жогорку Кеңешке жөнөттү. Анын максаты - тамак-ашты арзандатууга жол ачуу. Бүт республиканын аймактарында дыйкан базарын кайрадан уюштуралы деп жатабыз. Кадимки базарга караганда жашылча-жемиштер арзан болууда.
У.ЖАПАРКУЛОВ,
КРнын "Эмгек
ардагерлеринин фонду"
коомдук бирикмеси
- Биздин ардагерлер коому үчүн автоунаа жана бухалтериялык эсеп иштери үчүн компьютер алганга көмөк көрсөтө аласызбы?
- Автоунааны убада кылуу кыйын. Компьютер маселесин караштырып берейин.
Болотбек КАЛЕМОВ,
Каракол шаары:
- Азыркы күндө окшош обондор, тантыган тексттер менен ырдагандары аз келгенсип, эми "жылдыздар" фонограммасыз жашай албай калышты. Ушуга кандай карайсыз?
- Фонограмма телеге тартылып жатканда үндү таза жаздыруу үчүн керек. Учурда концерттерде, атүгүл кафе, ресторандагы тойлордо да фонограмманы уялбай колдонушканы туура эмес. Мен мындай "жылдыздарга" "лампочкалар" деп баа берген болчумун.
Түз байланышты
алып барган
Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
Сүрөтүн тарткан
Дайырбек МЕЙМАНОВ,
"Кыргыз Туусу"