"Кыргыз туусу", 18.03.11 Элден алып элге
Алыкул элдик фольклорду уланткан акын экендигин көп мисалдар менен көрсөтүүгө болот дедик. Мына ошолордун бири катары оозеки поэзиянын жанрларынан пайдалангандыгын айтуу керек. Бул маселеде акын чыныгы новатор катарында көрүндү.

Узак өмүр сүрүп келе жаткан кыргыздын оозеки поэзиясы өзүнүн эволюциялык жол менен формалдык жактан өсүү жолунда жанрлардын бир кыйла түрлөрүн иштеп чыкты. Кыргыздын оозеки поэзиясындагы лирикалык жанрлардын ичинен өзгөчө эмгек менен турмуш ырлары, мейли мазмун жагынан болсун, мейли формалык жактан болсун, бир топ бийик тепкичке көтөрүлгөн. Себеби, коомдук турмуштагы аталган жанрлардын алган орду ошондой эле. Акын ошол жанрлардагы эмгек, каада-салт, сүйүү, кордоо, ырым-жырым сыяктуу эзелки замандан келе жаткан ырлардын архаикалык түрлөрүн иштеп чыгып, ага жаңы мазмун бере билген. Акындын ушул жанрлардын негизинде жазылган ырларына "Бекбекей", "Темин", "Жамгыр ыры", "Кыз өпмөй", "Жар көрүү", "Айрөк", "Ай көрүү", "Күн күркүрөө", "Кулой, кулой торпогум" деген өңдүү ырларын көрсөтсөк болот. Автор бул ырлардын элдик варианттарындагы формалдык ыкмаларын өз калыбы менен алат да, ага жаңы мазмун киргизет. Ошондой эле эмгек ырлары ошол эмгектин ритмикасына ылайыктуу түзүлгөн жана анда белгилүү интонация сакталган. Автор буларды бузбай ыраат менен пайдаланат. Мисалга "Бекбекейди" алып көрөлү. Бул ырдан эзелки замандын жаңырыгы угулуп тургансыйт. "Бекбекей" ак чачтуу Ала-Тоо менен жашташ сыяктуу, нечен сууларды кечип отуруп биздин күнгө жеткен ары кары, ары жаш жанр. Бирок нечен кылымдарды тепсеп өтсө да, "Бекбекейдин" мазмун менен формалдык сапаттарынын өңү өчүп оңбой, мезгилдин сыноосуна туруштук берип биздин күнгө келгендиги да ырас. Ала-Тоонун коюн-колоту нечен кылымдар бою:
Бул малдар байдын малы экен, эй!
Кайтарган биздин зар экен, э-эй!
- деген өңдүү "Бекбекейлерге" бышы кулак болгон. Ала-Тоого эми бул өөн учурап калды. Анткени, совет өкмөтүнүн тушунда мындай ырлардын мазмуну таптакыр өзгөрдү. Азыркы "Бекбекей" Алыкул жазып калтыргандай:
Малыбыз колхоз малы экен, э-эй!
Мал баккан элдин жаны экен, э-эй!
- делип, эркин эмгекчилердин кубанычын, шаттыгын билгизет. Элдик оозеки адабиятта мурда жамгыр, өткүн ырлары:
Өткүн, өткүн, өтүп кет,
Улуу тоого көчүп кет.
Чегирткени чертип өт,
Ташбаканы таптап өт,
Калмактын үйүн талкала,
Биздин үйдү калкала.
- деген мааниде жоокерчилик замандын бир үзүндүсүн элестетүүчү. Азыркы жыргалдуу кыргыз эмгекчилеринин тилегин Алыкул:
Жаа, жаа
Жамгырым, жамгырым,
Жумшарт эгин тамырын,
Кара көсөө көз ачпай,
Өлсүн каран калгырың.
Чегирткени чертип өт,
Ташбаканы таптап өт,
Ударникти мактап өт,
Жалкоолорду каптап өт.
- деп берет. Нечен замандын элегинен өткөн бул сыяктуу ырлардын ичинен туруктуу саптарды да жолуктурабыз. "Бекбекейдеги" "бөрү келсе уштайбыз, бөйрөгүн жара муштайбыз" деген, же жамгыр ырындагы "чегирткени чертип өт, ташбаканы таптап өт" өңдүү саптар бул ырлардагы негизги компоненттерден, аларды кыймылдаткыч негизги пружина сыңары кызмат кылат. Алар строфаларда бир нече жолу кайталанат. Мындай сөз түрмөктөрүнөн тышкары ал ырларда нечен ирет кайталануучу сөздөр да бар. Элдик поэзиянын жанрларындагы мындай өзгөчөлүктөрдү акын өтө билгичтик менен колдонот. Акын элдик поэзиянын биз көрсөткөн формалдык ыкмаларын, метрикасын бузбай колдонот да, аларга жаңы мазмунду киргизет. "Оп, майда" деген ыр да ушундай. Элдик вариантта "Оп, майда" темин баскан убакта эмгекти жеңилдетүү максатында айтылган. Ырдын ыргагы эмгектин ыргагына дал келет. Буга көбүнчө "Оп майда" деген чакырык айкалышат. Алыкул элдик варианттагы мына ушул негизги нерсени гана алып, калгандарын кайрадан жазып чыккан. Бирок анын формалдык жактары элдик калыптын негизинде куюлуп алынган. Мисалы, элдик поэзиядагы үркөр жөнүндөгү балдар ырлары суроо жана жооп формасында гана курулган. Алыкул да өзүнүн "Балдар менен турналар" деген ырын нака ушул формада түзөт да, ага жаңы мазмун кийирет. Ал гана эмес, акын архаикалык ырым-жырым ырларынын формалдык ыкмаларынан да пайдаланып, ага жаңы мазмун берет:
Ай көрдүм,
Аман көрдүм,
айдын мунарынан,
Жердин кучагынан,
Беш жылдык план көрдүм.
Бул ырларды начар деп эч ким айта албас. Кайсы жерге конуп сайраса да булбулдун үнү өзүнүн мукам-мукам күүсүнөн жазбаган сындуу акыныбыз эмнеден болбосун поэзия жарата алат. "Кулой, кулой торпогум", "Айрөк", "Жар көрүү", "Жар, жар ай", "Бекенбиз", "Тарт, эркечим, тарт", "Бек, бек, беденем" мына ушулардын бардыгы тең элдик варианттардын негизинде алынган. Бирок аларды автор түп-тамырынан бери кайра иштеп чыккан: мазмуну болсо жаңы, ал эми формалдык сапаттарынан акын элдеги айтылуучу варианттарынын ичинен негизги компоненттерди гана алган. Эгер автор жогорку ырларында элдик варианттардагы формалдык ыкмаларды бир бүтүн катарында иштеп чыккан болсо, бул ырларында алардын айрым гана деталдарын пайдаланат. Мисалы, ошол деталдар менен автор биз көрсөтүп өткөн ырларынын атын койгон. Ошентип, акындын элдик поэзиянын сүрөттөө каражаттарынан пайдаланыш ыкмасы ар түрдүү.
Акын элден алып элге берген, бирок элеп берген. Ал жаңы мазмун менен эски форманын шайкеш келе тургандыгын көрсөттү. Жогорку ырлары менен билгичтик менен пайдалана билген учурларда жаңы мазмун эски формага сыйлыгыша аларлыгын далилдеди. Аларды бири-бири менен ажырагыс кылып данакерледи. Демек, эски форманын кандайы гана болбосун жаңы мазмунду берүүгө жараксыз деп жарыялагандардын ою жалган экендигин ушундан көрөбүз. Чындыгында эле ал жалган. Муну биз эмес, адабияттын тажрыйбасынын өзү айтып отурат. Мисалы, Жамбылдын ырларынын көпчүлүгү элдик эски поэзиянын үлгүлөрүндө жазылган. Эгер бул чын болсо, Жамбылдын ырлары социалисттик реализмдин методдоруна жооп бере албайт деп айта албастыгыбыз да чын. Негизги маселе - аны пайдалана билүүдө. Алыкул өзүнүн чыгармачылык лабораториясында фольклор казынасын электен өткөрүп, андан советтик чындыктын конкреттүү көрүнүштөрүнүн бетин ачып берүүгө жарактуу гана нерселерди тандап алган да, калгандарын ыргытып таштаган.
Шаршенбек Үмөталиевдин бул материалын басууга сунуштаган
Памирбек КАЗЫБАЕВ,
"Алыкул үйү-борбору"