"Кыргыз туусу", 18.03.11
 22-март - Мурза Гапаровдун туулган күнү

Өткөн жылдын кары кайда?
Жазуучу Мурза Гапаровдун адамдык жана сүрөткерлик ажарына айрым бир сүртүмдөр
Редакциядан:
1936-жылы 22-мартта Ноокатта жарык дүйнөгө келген жазуучу жана драматург Мурза Гапаров кыргыз адабиятын мыкты чыгармалары менен байытып кетти. Анын аңгеме, повесттери кайсыл заман болбосун кызыгуу менен окула берет. Биз жазуучунун 75 жылдыгына карата адабиятчы Абдыкерим Муратовдун бир шиңгил эсселеринен окурмандарыбызга сунуш кылабыз.

Ноокат экөөбүздө эмне айып?
Биринчи жолу М.Гапаров тууралуу алакандай макалам Ноокат райондук "Колхозчу" гезитине "Жердешибиз жөнүндө сөз" деген ат менен 1976-жылдын 13-ноябрында чыккан. Мен анда Ломоносов атындагы орто мектепте иштей баштаганга эки гана ай толгон.
Кийин дагы жаздым, экинчисин. Анда Ноокат районунун Свердлов атындагы мектебинде мугалим-
мин. Кээ-кээде макалаларды жазып, "Москва" машинкама басып, кудайга аманат деп борбордун редакцияларына салып жиберем. Ошолордун бири Мурза Гапаровдун пьесалар жыйнагы тууралуу "Канткенде адам уулу адам болот?.." ("Кыргызстан маданияты", 1984, 12-янв.) деген рецензиям эле. Айылдык авторлор менен иштешип жатабыз дегенге жакшыбы, айтор редакция макаланын астына "Абдыкерим Муратов, Ноокат району" деп койгон. Ноокаттан барган катка Ноокат дейт да. Кийин көп өтпөй Мурза ака жолугуп калып айтып атпайбы, "баары жакшы экен, мени туура түшүнүпсүң, лекин аягына Ноокат району дегени саал осол болуп калыптыр" деди. Мен анда ар бир макаламда "Абдыкерим Муратов, Ноокат району" деп турса корстон болчумун, райондун атын чыгарып атамын деп сүйүнчүмүн. "Эми, үка, ар кандай пенде бар да, өзү жаздырган экен, же үкалари жазган экен да" деп ойлошу мүмкүн да... Мен ноокаттык болбосом да бир жөн эле..."
Мен анда жазуучулардын, анын ичинде өзгөчө драматургдардын бакылдыгы тууралуу, драма майданына капыстан келип жаткан жаш пьесачы Мурза Гапаровдун "эшик каккылап" турган абалы тууралуу кайдан билейин...

Кошок кошор кошокчу
Эгер учуп кетсе
Уяларын таштап эзелки
Буерлердин булбулдары
Мен алардын ордуна
Кошок кошуп турмакмын.

Ушинтип ырдайт ХII кылымдагы жапон акыны Сайгё. Мурза ака Бакен Кыдыкеева эже өлгөндө, анын сөөгү он сегиз күн өтүп өлүкканадан табылганда ушундай бир кайгырып жүрдү, сүрөткер адам жөнүндө, анын бүгүнкү акыбалы жөнүндө, өзү жөнүндө "жазамын" деди. Ыйлап жазамын деди, анысын "Өткөн жылдын кары кайда?" деп атаймын деди...

Эки баш деген - эки баш
Соңку жылдарда драматург М.Гапаровдун жанына афишаларда
Галия Гапарова деген ысым пайда болду. Бул ким дечүлөр көп. Жубайы экенин билишет. Бирок баары эле биле бербеген бир нерсе бар.

Жеңебиз, бу өзүбүздүн эле Токмокко жакынкы ивановкалык чуваш кызы, дүйнөлүк маданиятты абдан кана окуган, түшүнгөн, эстетикалык табити татымдуу, чыгармачылыкка өнөктөш адам. Мурза ака өзүнүн чыгармачылыгы менен үйүн куруп атса, жеңем пакса урса, Мурза ака ылайкаш. Галия жеңе ылайкаш болсо, Мурза ака паксачы. Биз кичинебизде паксачы менен ылайкаш бири-бирин кандай тандарын, бири-бирин кандай ээрчитип жүрөрүн билип калдык, мыкты салынган үйлөрдү айтчы эмес беле "пакcачысы - Паланча, ылайкашы - Түкүнчө" деп. Булар ушундай. Мурза ака ой-окуя, драмалык ситуация, конфликттерди табат, айтат, жеңе орусча кылып жазат, редакциялайт, алымча-кошумчаларын киргизет, бир баш деген - бир баш, эки баш деген - эки баш. Дал ошол эки баштан жарык дүйнөгө Айкыз аттуу кыз жаралып, Бишкекте көпчүлүктүн бири катары билинип, билинбей чоңоюп атат, "түү-түү!" көз тийбесин, көктөйүнөн көгөрүп отуруп, пьеса жазып, ыр-аңгеме жазып, тим эле дүйнөлүк адабияттын дөө-шаалары менен кармашкысы келет. "Түү-түү!" көз тийбесин…

Ичти ачыштырган Арсланбап трагедиясы
Ошто студент кезибизде шаар аралап бир каңшаар жүрдү: артисттер палан жерде ойноп отуруп, анан бирөө мертиниптир, бечара... деп... Кийин ошол гапти келептеп Мурза ака көркөмдөп, майын чыгарып, өзү көрүп тургансып, маркум менен сүйлөшүп келгенсип, чырайын чыгара трагедия жазды. Ал "Разияны эскерүү" деп аталат. М.Гапаровдун эң мыкты, а балким кыргыз драматургиясындагы терең, жеткилең иштелген турмуш драмасы ушулдур. "Жакшы кыздын багы жок", бечара "Разияны эскерүү, же өзүбүздү өзүбүз ойнойбуз" пьесасы сахнага коюлбай калды.
Мына ушуга жама-ан ичим ачышып жүрөт.

Нооруз десек, Мурзакени, Мурзаке десек, Ноорузду түшүнөбүз…
Бу союз дегендин учурунда кыйла жазуучулар компартиянын катарына өтүп, саясатташып, динди жээрип, өткөндүн баарын кылычтап шылып таштаган. Ошондо жаңы жылды Исуистун туулган күнүнө туштап белгилеп калыппыз.
Анан кайра куруу дегени башталып, эскини тикелейли десек, аларын билген пенде жок. Издеп-издеп Мурзакени таптык. "Атылбай калган текедей" жүрүптүр, эски Ноорузду эсинде сактап. Кереги тийди. Биз жээрип ийген, ыргытып таштаган, унутуп калган нерселерди быркырап сынган карапаны кайра бирден тергендей терип, чогултуп, кураштырып чыкты. Миң киши, бир система бузган нерсени бир киши оңдоп берди. Ал киши чоң майдандагы, окуу жайлардагы Нооруз майрамынын сценарийин жазып берди. Мурзакеден Ноорузду билдик.
Мурзаке жерден таап келип, асмандан нур келип, тили каткан парандаларга тил кирип, чээнде жаткан казандалар аптапка чыгып, кыш топтогон тоң кетип, топуракка тап келген, улустун улуу күнү, кыргыздын жаңы жылы Ноорузда туулган.
Нооруз десек, Мурзакени, Мурзаке десек Ноорузду түшүнөбүз…