"Кыргыз туусу", 18.03.11
  Күн көйгөй

Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отун-баева үстүбүздөгү жылдын 5-февралында Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл жана Нарын облустарынын активинин катышуусу менен өткөрүлгөн жумушчу кеңешмеде, республикабыздын коопсуздук маселесин көтөрүп, өлкөбүздө кылмыштуулук жагындагы кырдаал өтө татаал экендигин ачык айтуу менен укук коргоо органдарынын алдына конкреттүү талаптарды коюп кетти. Ушул жагдайда кандай иш-аракеттер көрүлүп жатканы туурасында Ысык-Көл ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Ж. Илипаевге кайрылдык.

Бир болсок, кылмыштуулуктун тизгинин тарта алабыз
- Жалил Аскарович, уюшкан кылмыштуулуктун тизгинин тартуу оңойго турбаса керек?
- Эми, уюшкан кылмыштуулук кечээ, же бүгүн эле чыга калган терс кубулуш эмес. Бул көп жылдан бери тапталып, уюшулуп келе жаткан коомубуздун өнүгүүсүндөгү эң коркунучтуу илдети. Өз учурунда, мамлекеттик бийликтин деңгээлинде буга тийиштүү чара көрүлбөгөндүктөн, тескерисинче тигилер менен чогуу ымалалашып, табакташ болуп, алардын криминалдуу мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланышкандыктан, кылдаттык менен токулган торлоруна кириптер болуп калышкан. Натыйжада, криминалитет баштарын көтөрүп, мамлекеттин саясатына кийлигишип, өздөрүнүн кызыкчылыктарын бийлик өкүлдөрүнө таңуулай баштаганынан улам, мамлекет башчылары да криминалдын сазына батып, криминалдаша баштаганына көпчүлүгүбүз күбө болбодук беле.
Ошол мезгилде, бийликтин саясаты менен келише албаган канчалаган адамдар криминалдуу дүйнөнүн колу менен жок кылынды, канчалаган адамдар өзүнүн "киндик каны тамган" мекенин таштап качууга аргасыз болгон. Ушундай орун алып жаткан акыйкатсыздыктан, өткөн жылдагы апрель айындагы элдик көтөрүлүшү, эски режимди сүрүп чыгып, кайрадан үмүт шооласын жандандырды. Бирок, позицияларын чыңдап алган кылмыштуу чөйрө, татаал коомдук-саясий кырдаалдан улам кайрадан өз эркин таңуулоого аракет көрүүдө.
- Конкреттүү талаптар коюлду, аны аткарууга кандай аракеттерди көрүп жатасыңар?
- Иштин натыйжалуулугун көтөрүү боюнча биз атайын иш-чараларды иштеп чыгып, кечиктирилгис чараларды көрүүдөбүз. Эгерде, өткөн жылдын ичинде жалпысынан уюшкан кылмыштуу топтордун 14 мүчөсү кармалса, анын 12 мүчөсү апрель окуяларынан кийин тузакка илинишкен. Ушул жылдын башынан бери жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында облусубуздун аймагында уюшкан кылмыштуу топтордун дагы 12 активдүү мүчөсү кармалып, кылмыш жоопторуна тартылууда.
Бирок, көрүлүп жаткан иш аракеттерге карабастан, уюшкан кылмыштуулуктун аракеттеринен улам коомубузда бузуп-жаруу коркунучу дагы эле сакталууда. Ошондуктан, бул күрөш жеке эле ички иштер органдарынын милдети катары каралбай, бүткүл укук коргоо органдарынын, бардык бийлик түзүмдөрүнүн "жапа тырмак" аракеттенүүсү зарыл.
- Демек, көйгөйлүү жагдайлар да жок эмес тура?
- Көйгөйлүү маселелердин бири - коомубузда уюшкан кылмышкерлердин жоопкерчиликтен оңой эле кутулуп, же өтө жумшак жаза алып жатышы. Мына, өткөн жылы ар кыл кылмыш жасагандыгы үчүн милиция кызматкерлери тарабынан кылмыш жообуна тартылган уюшкан кылмыштуу топтордун 14 мүчөсүнүн ичинен 5 мүчөсү шарттуу түрдө соттолушкан, 2 мүчөсү болгону бир жылдан эркинен ажыратылышкан, 1 мүчөсү болсо соттун чечими менен толук акталып кеткен.
Өткөн жылы 24-июлда Түп районунун Байзак айылынын жанындагы талаасында адам колдуу болуп өлгөн Балыкчы шаарынын тургуну, 1985-жылы туулган Ж. Дүйшеналиевдин өлүгү табылган. Иликтөөнүн жүрүшүндө өлгөн адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экендиги аныкталып, криминалдык өз ара чыр чатактын негизинде өлтүрүлгөндүгү белгилүү болду. Андан аркы ыкчам-иликтөө иштердин натыйжасында, аталган кылмышка шектүү болуп, башка уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү М. Баяманов, И. Дүйшеев жана А. Касымбеков кармалышып, күнөөлөрү тергөө тарабынан далилденген. Эми, үстүбүздөгү жылдын 1-февралында Түп райсотунун чечими менен М. Баяманов 13 жылга кесилсе, калган мүчөлөрү болгону 3 жана 1 жылга эрктеринен ажыратылды.
- Жакында уюшкан кылмыштуулукка каршы атайын иш-чара өткөрүптүрсүздөр, анын жыйынтыктары кандай болду?
- Менин буйругум менен Ысык-Көл облусунун аймагында 3-февралдан 6-февралга чейинки аралыкта уюшкан кылмыштуулуктун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында масштабдуу атайын операция өткөрүлдү. Анын жыйынтыктары өзүнүн жемиштерин берди деп айтсак жаңылышпайбыз. Атап айтсам, издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтордун 3 мүчөсү кармалды, 1 мүчөсү мыйзамсыз баңги затын сактагандыгы үчүн колго түшүрүлдү. Андан тышкары, "Хизб-ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун 6 мүчөсү кармалып, алардан экстремисттик маанайдагы 105 ар түрдүү адабият, 51 ДВД дисктер жана видеокассеталар алынды. Баңги заты менен байланышкан 12 кылмыш ачылып, 12 кгдан ашык баңги заты алынды, мурда катталган 26 кылмыштын бети ачылды, издөөдө жүргөн 8 кылмышкер тузакка илинди.
Облусубуздун аймагында айрым кылмыштуу элементтердин уюшкан кылмыштуу топторун түзүү аракеттери да жок эмес. Алып айтканда, 2010-жылдын апрель окуяларынан кийин 1975-жылы туулган, мурда соттолгон, уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү Максат аттуу адам, өзүнүн 4 адамдан турган шакирттери менен Тоң районунда "общак" түзүү үчүн эч жерде иштебеген жаштарды, өзгөчө спортсмендерди тартууга аракет кылышып, райондогу бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнө мыйзамсыз "салык" салууну көздөшкөн. Өз убагында көрүлгөн ыкчам - иликтөө иштердин натыйжасында алардын кылмыштуу максаты ишке ашпай калды. Учурда анын 3 шакирти сот жообуна тартылышса, качып кетип, издөөдө жүргөн, топтун лидери болуп эсептелген Максат операциянын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, кылмыш жообуна тартылды.
- "Мыйзамдагы ууру" эсептелген Камчы Көлбаевге кандай чаралар көрүлүп жатат?
- Көлбаев азыр Кыргызстанда жок деген такталбаган маалымат бар. Жакында эле Чолпон-Атадагы анын үйүн, мал кашарында тинтүү жүрүп, кылмыш эсептелчү эч нерсе тапкан жокпуз. Тинтүүгө даярдалган окшойт. Бирок Көлбаевдин үстүнөн иликтөө иштери токтотулбайт.
Маектешкен Сталбек УСУБАКУНОВ, журналист




Бирикпесек,майнап чыкпайт
Кыргыз Республикасынын Президенти - Куралдуу Күчтөрдүн башкы командачысы Роза Отунбаева республиканын Коргонуу кеңешинин жыйынында укук коргоо органдарынын алдына коомдук тартипти жана өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуу чөйрөсүндө өзгөчө чараларды көрүү боюнча милдеттерди койду. Ушуга байланыштуу коомдун криминалдашуу процессине каршы туруу үчүн кабыл алуу зарыл болгон биринчи кезектеги чараларды гана эмес, бул кырдаалды шарттап жаткан факторлорду да аңдап жана талдап чыгуу талап кылынат.

Уюшкан кылмыштуу топтордун активдешин эмнелер шарттоодо?
Азыркы учурда уюшкан кылмыштуу топтордун активдешүүсүнө гана эмес, жаштардын улам көп бөлүгүн кылмыштуу иштерге улам көбүрөөк тартылуусун шарттаган объективдүү факторлор кайсылар?
Албетте, биринчи кезекте учурдагы социалдык-экономикалык проблемалар (жакырчылык, жумушсуздук, кымбатчылык) калктын маргиналдашуусуна өбөлгө түзүүдө. Алардын басымдуу көпчүлүгү региондордон борборго келишкен жаштар. Турмуштун ачуу чындыгын айтсак, андай жаштардын көпчүлүгү борбордо да, элетте да акырында келип эле кылмыштуу топтордун катарын толукташат. Керт башын гана ойлоп, зомбулуктарды колдонуп, топтошуп алып жасалган кылмыштардын санынын өсүшү мына ушуну күбөлөп турат. Андай кылмыштар өтө катаалдык жана таш боорлук менен жасалат.
Мындай терс процесстерди күчөтүүчү дагы бир фактор - жаштарды жана мектеп окуучуларын укуктук тарбиялоо боюнча мамлекеттик деңгээлде максаттуу жана натыйжалуу иштин жоктугу. Алардын аң сезиминде руханий баалуулуктарды жана багыттарды калыптандыруу боюнча сабаттуу түзүлгөн идеологиялык таасир этүү жок.
Анын ордуна азыркы маас-медиа менен Интернетте зомбулук менен таш боорлуктун сценаларынан баштап жардыруучу заттарды даярдоо боюнча практикалык көрсөтмөлөргө чейин нерселер жык толгон. Жашы жете электерге мындай нерселердин көзөмөлгө алынбаганынан улам аларга зыяндуу жана коркунучтуу таасирин тийгизүүдө.
Экинчиден, руханий вакуум шарттарында жаш адамдар диний баалуулуктарга көп тартылышууда. Тилекке каршы, мында да алар ислам менен хрис-тианчылыктагы гуманисттик, адап-ахлактык баалуулуктарга эмес, а биздин салттарга жат болгон радикалдуу диний-экстремисттик көз караштарга тушугууда.

Эмне кылуу керек?
Бул коркунучтуу тенденцияларга ишенимдүү бөгөт коюу жана уюшкан кыл-
мыштуулукка, криминалитетке, башка чагымчыл күчтөргө алар бардык жерде өздөрүнүн тартиптерин орното алыша тургундыгына, бардыгын мыйзамдар менен эмес "түшүнүктөр" боюнча жашоого мажбурлай ала тургандыгына ишеним калтырбоо үчүн баарыдан мурда коомдо укук коргоо органдарынын кадыр-баркын, алардын мамлекеттүүлүктү жана коомдук тартипти бекемдөө ишиндеги маанилүүлүгүн көтөрүү керек.
Бул маселеде биз үлгү алчу мисал бар. Калкынын саны болжол менен биздегидей (4 миллион 450 миң адам) болгон Грузияда полицейскийлеринин саны 24 миң, же биздин милиция кызматкерлеринин санынан үч эсе көп. Албетте, Грузиядагы ички иштер органдарын реформаларды айтканда ал өлкөдөгү полицейскийлердин эмгек акысын жогорулатууда жана алардын материалдык-техникалык базасын бекемдөөдө көрсөтүлгөн масштабдуу жардамды эстешет.
Албетте, кадрлар менен иштеги тарбиялык жана идеологиялык иш, кызматкерлердин ишмердүүлүгүнө катаал жана келишкис көзөмөл, жарандардын, калктын алардын баалоого катышуусу зор мааниге ээ. Бирок бүгүнкү күндө бардык техникалык жетишкендиктерди колдонуп жаткан, кеңири финансылык базасы бар жана наркобизнестин, курал менен соода жүргүзүүнүн, рэкеттин эсебинен колдоо таап жаткан уюшкан кылмыштуулукка каршы иштөө үчүн заманбап шарттарды түзмөйүнчө кырдаалды сезилерлик өзгөртүү кыйын.
"Милиция жөнүндө" мыйзамды, анын ичинде куралды колдонуу жаатында да, толук кайра карап жана кайра иштеп чыгуу зарыл. Тезинен чечилүүнү талап кылган маселелердин бири кызматкерлердин жана алардын үй-бүлөлөрүнүн социалдык корголуу деңгээлин жогорулатуу болуп саналат. Антпесе, көптөгөн кызматкерлер кызматтан кетишкенден кийин өз күчтөрү менен жөндөмдүүлүктөрүн башка тармактарда кандайдыр бир пайдалануу мүмкүнчүлүктөрсүз калышууда.
Мындай "погончон шүмшүктөрдүн" баары кызматкерлердин аракеттериндеги тартип жана мыйзамдуулук үчүн начар жана формалдуу талаптан, биздин коомдогу милиционер кесибинин төмөн статусунан жана ЖМКларда күчөтүлгөн криминалдык жашоонун романтикалаштырылуусунан улам гана эмес, ошондой эле бир жагынан милиционерлердин камсыз кылынбагандыгынан, корголбогондугунан, а кээде жөн эле корккондугунан да пайда болууда. Себеби, азыркы "күркүл" бандиттер милицияны олуттуу күч катары эсептешпейт, алар өздөрүнүн криминалдык байланыштары, арам акчалары ар кандай кырдаалдан чыгып кетүүгө мүмкүндүк берерине ишенишип алышкан. Мындан милицияны күчтүү, жакшы жабдылган, кесипкөй сабаттуу жана жарандардын ишенимине татыган күчкө айландыруу менен гана жеңүүгө болот.
Бул үчүн саясый эркти көрсөтүп жана укук коргоо органдарын реформалоону приоритеттүү милдет кылуу менен милицияда гана эмес, сот, пенитенциардык системаларда да түп-тамырынан өзгөртүүлөрдү жүзөгө ашыруу керек. Ар бир кылмыш өзүнүн тийиштүү жазасын алып, кылмыш аткаруу системасы камалгандардан болочоктогу рецидивисттерди жайнатпастан, алардын оңолуусуна жана кайра тарбияланышына өбөлгө түзүүгө тийиш.
Чүй облусун алсак, анда анын аймагында чарба жүргүзүүчү субъектилердин саны эң көп региондордун бири, мында жүктөр менен товарлардын, анын ичинде чет өлкөлөрдөн ташылып келүүчүлөрдүн да, негизги транспорттук агымдары өтөт. Ошол эле учурда облустун райондорунун милициянын участоктук инспекторлору, патрулдук-посттук кызмат, оперативдүү кызматкерлер менен камсыздалуу жыштыгы бул көрсөткүчтөргө ылайык келбейт. Ал түгүл, анализ көрсөткөндөй, акыркы жыйырма жылда дал ушул Чүй ИИБсынын өздүк курамынын саны эң көбүрөөк кыскартылган.
Облустун калкынын көп улуттуу экенинен улам улуттар аралык чыр-чатактардын чыгуусун алдын алуу да актуалдуу. Анткени ал өз ара таасир этүү чөйрөсү үчүн күрөшүп жаткан кылмыштуу топтордун деструктивдүү аракеттеринен улам да күчөп кетиши мүмкүн.
Грузияда жол полициясынын функциялары жол коопсуздугун камсыз кылууга гана эмес, көчө кылмыштуулугу менен күрөшүүгө да багытталган. Бизде муну киргизүү керек, анткени ал заманбап мамиле. Бизде ыкчам бөлүмдөрдүн ишин күчөтүү боюнча планыбызда олуттуу орундардын бири комплекстүү мамилеге берилген. Башкача айтканда облустук жана райондук өз алдынча башкаруу органдары, чарба жүргүзүүчү субъектилер жана калк менен тыгыз өз ара аракеттенүүнү орнотууга багытталган.
Коом менен биргеликте гана биз улам жайылып бара жаткан уюшкан кылмыштуулукка согуш жарыялай алабыз.
Б.ЖУСУБАЛИЕВ, Чүй облустук ички иштер
башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги