"Кыргыз туусу", 18.03.11
 7-апрель элдик революциясына - 1 жыл

7-апрель тарыхыбызда 80ден ашык жаш адамдардын өмүрү атылган октон жалп өчкөн каргашалуу окуя катары жазылып кала турган күн. Ушул күнү терапевт Асыл Абдымажимова ок тийип, жараатынан кан шорголоп агып, эс-учун жоготкон жигиттердин өмүрү үчүн күрөшөм деп түк ойлогон эмес.
Ал Президентке караштуу ден соолукту чыңдоо-дарылоо
бирикмесинде терапевт болуп иштейт.

Дарыгер Асыл Абдымажимова:
"Апа!" деп үзүлүп кетип жатышты"...
- Асыл Абыдмажимовна, 7-апрелде Ак үйдүн жанынан көзгө атарлардын огунан жардар болгондорду эң биринчи Сиз иштеген медициналык мекемеге алып келишкен экен. Ошол күндү эске түшүрсөңүз?
- Мен сабакта элем. Алматы көчөсүндө ок атылып жатат, абал жаман жагына оочудай деп бизди сабактан бошотушту. Андан түз эле жумушка келдим. Менин нөөмөтүм эле. Эмнегедир жүрөгүм бир жамандыкты сезгендей дарылоочу бөлмөнү ирээттеп, таңа турган материалдарды, шприц, ийне, системаларды даярдап, толуктап койдум. Саат 13төн өткөндө тарсылдап атылган октордун үнү угулуп, бир нерселер өрттөнүп, ызы-чуу эле түшүп калды. Андан көп өтпөй биринчи жаракат алгандарды алып келе башташты. Дароо алты киши бир түштү. Үчөөнүн акыбалы өтө эле оор экен, бирөөнүн башына, бирөөнүн мойнуна, бирөөнүн көкүрөгүнө ок тийиптир.
- Жарадарларды биринчи көргөндө кандай акыбалда калдыңар, мындайды врачтар деле күткөн жоксуңар да?
- Алгач коркуп кеттик. Ушунчалык да болуп жатабы деп денебиз дүр дей түштү. Жарадарларды көтөрүп келген жаш балдардын жиндери келип, үстөлдөрдү, дубалдарды муштагылашып, эшиктерди тепкилешип, ачууларын кимден чыгарарын билишпей кыжырданып кыйкырып жатышты. Жанында турган досубу, таанышыбы же таптакыр эле бөлөк кишиби, канжалап эле жатып калса, шумдуктай абалга туш болушту да. Жанымдагы медсестра да өзүн жоготуп коё таштады. Бирок, жарадарларга жардам бериш керек деп реанимацияга жибере турганын ал жакка жиберип, жеңил жаракаттардын жараатын таңып жаттык. Токтоно албай жаткан жаш жигиттерди тынчтандырыш үчүн "балдар, силер минтип кыйкырганда жардам бербейсиңер, мына жардамдашкыла, жарадарларды реанимацияга үстүңкү кабатка көтөрүп чыккыла, бутун, колун кармап тургула" деп алаксытымыш болобуз. Ар бир бөлмөнү ачып кушеткаларды даярдап, бир кушеткага экиден жаткырып, отура алгандарын отургуч, креслолорго отургуздук. Медсес-тра колунан келишинче аты-жөнүн, диагнозун жазып жатты. Бирок, "шок" абалда баарын так жазуу кыйынга турду. Жанындагы балдар алардын атын же фамилиясын, же кайсы жерден экенин гана билишет экен. Толук маалымат бере алышкан жок.
Хирургиялык бөлүм жаңы бүткөрүлүп, операция жасаганга мүмкүнчүлүк жок болчу. Каны агып жаткандардын канын токтотуп, оорусун басаңдаткан дары сайып, оорудан кийинки "травматикалык шок" болуп калбасын деп, кан басымын бир деңгээлде кармаганга аракет жасадык. Эми эстесем, аянтка эл толуп, ызы-чуу болуп, тез жардам машинасы ушу турган жерден бизге үч-төрт саатта араң жетип жаткан тура. Саат 16да коридорго жарадарлар батпай толуп кетти. Ушул учурда абал абдан оорлошуп, согуш талаасындай кырдаал түзүлдү. Жаткыра турган жайдын
баарына жаракат алгандарды жайгаштырдык. Жер, дубал, кушеткалардын баары канга боёлду. Кан кечип жүрдүк. Биздин мекеменин тез жардам бөлүмүндө да дал ушундай абал өкүм сүрүп жатты. Дарыгерлер баш көтөрө албай калышты. Жанагы даярдап койгон дарыларыбыздын баары түгөнүп, дарыкана, складды бүт ачып, болгон таңуучу материалдарды, дарыларды алып чыктык. Мындайга эч ким даяр эмес эле да. Болгонун бөлүмдөргө бөлүштүрүп, тез арада ишти жолго салганга аракет кылдык.
Саат 16дан баштап жарадарларды жаракатына жараша ооруканаларга бөлүштүрө баштадык. Аягында жазып калалы деп, тез жардамдын дарыгерлеринен каякка алып бара жатасыңар деп сурасак, 3-балдар ооруканасына дегенде шалдырап, муун-жүүнүбүз бошой түштү. Бүт ооруканалар толуп бүтүп, балдар ооруканасына ташып жаткан турбайбы деген жаман ой эсибизди эңгиретти.
- Таң аткыча кызмат ордунда болдуңарбы? Ок тийгендердин акыркысын качан алып келишти?
- Түнкү саат 10до жарадарларды алып келбей калышты. 11де каза тапкандардын өлүгүн жүктөп алып кетишти. Биздин медмекеме аянтка жакын болгондуктан, баарын эле бизге алып келишти да. Бизге үч-төрт сааттын ичинде жеткиргиче эле канчасы кансырап, канын жоготушту. Бир жаш жигиттин колунун манжасына ок тийген экен, өзүнчө эле токтоно албай, башкача болуп жатканынан дары сайып, уктатып койдук. Таңында ойгонуп, үйүнө кетти. Ушул күнү жарым жылдык резервдик фондубузду жоготуптурбуз. Биздин бөлүм жүздөй жарадарларды каттаптырбыз. Ал эми тез жардам бөлүмүндө жарадарлар көптүгүнөн каттаганга да жетишпей калышыптыр. Мындай кырдаалда аты-жөнүн сураганга да акыбалың келбей калат экен.
Таң атар менен ата-энеси, туугандары, дос, тааныштары балдарын, жакындарын издеп келе башташты. Баарынан да эң оор,
кыйын ушул учур болду. Журналда "өлдү" деп кашкайып жазылып турса дагы такыр оозубуз батып айта албай койдук. Жакын туугандары эмес, дарыгерлердин өзү эси оогондой абалда болуп атсак, туугандары бизден да жаман болмок. Таңдын кантип атканын билген жокпуз. Издеп келгендерге көргөнүбүздү айтып, бул жакка жибердик деп айтып бердик. Анткени, таң атканча жаракат алгандардын
баарын тийиштүү ооруканаларга жөнөткөнбүз.
- Ошол күнү түнүчүндө ал жерде иштеген эркек врачтарды уруп-сабап кетишиптир деген маалымат тарады. Ушул окуя кандайча болду эле?
- Түнүчүндө беткапчан балдар келип, И.Сурлевич деген директордун орун басарын издешти. Ал киши күндүз эле качып кетиптир. Түн бою тикесинен тик туруп иштеп жатышкан эки дарыгер жигиттерибизди жулкулдатышып, сүйрөп, алып кеткенге аракет кылышты. У.Ажыбаев деген врачыбызды колунан сүйрөп баратканда санитаркалар, медсестралардан бери жабалакташып, жаш балдарды "байкелер" деп жалынып жатып алып калдык. Экинчи врачыбыз П.Баженовду экинчи кабаттан сүйрөп чыгып баратканда көрүп, алып кала албадык. Эшикке алып чыгып, сабап, башка бир жерге таштап кетишиптир. Аман калды. Кандай шартта иштебесин врач деген врач да. Врачтар өз өмүрүн тобокелге салып, башкалардын өмүрүн алып калыш үчүн иштешет. Ушул күнү эле алар канча адамдын өмүрү үчүн күрөшпөдү дейсиң. Биз ошондо эркек врачтардын баарын жашырып, катып жаттык. Ал турсун бизге, аялдарга деле тап беришти. Врачтарга кол салган ушул окуядан кийин жаныбыздан түңүлдүк. Жанагыдай кыйкырып, алкынып-жулкунган балдарды да "койгула" деп тынчытып, иштеп жаттык да.
- Кан кечип жүрүп иштедик дедиңиз. Кийин көзүңөргө элестеп, түшүңөрдөн чочуп ойгонгон кездер көп болдубу?
- Жаш балдардын "апа" деп кыйкырып өлүп жатканы ушул кезге чейин көз алдымдан кетпейт (ыйлап жиберди). "Эжеме айтып коюңузчу", - деп телефондорун толук айта алышпай көз жуумп жатышты. "Апама ушул ооруканадамын", - деп айтайын деп жатып, үзүлүп кеткендерин көрдүм. Ушуларды эстегенде алигиче жүрөгүм ооруйт.
Ызы-чуу башталганда өзүбүздө дарыланып жаткандардын көбү үйүнө кетип, жүрөк оорулуулар, улгайган адамдар калышкан. Алардын баары элге-жерге эмгеги сиңген кадырлуу адамдар. Аларды да ойлоп, тынчсыздандык.
Бул күнү абийирсиз, уятсыз жаш жигиттердин жоругуна да күбө болдук. Бир эле оорулууга ылайыкташкан тез жардам машинасына үчтөн-төрттөн жарадарлар салынып жатты. Арасында абдан катуу жарадарлар да бар. Ошондой маалда жаш жигиттер чуркап келип, коркуу, боор ооруну жыйыштырып коюшуп, оюн-зоок көрүп жаткансып, "мындай турсаңыз, тартып алалы" дешип, чөнтөк телефондоруна тартканга аракет кылышты. Аларды түртүп, "уятыңар барбы" деп урушканга чейин бардык.
Бир ай эптеп иштегенден
кийин дем алууга чыгууга аргасыз болдум. Азыркыга чейин он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек жаш балдардын "апалаганы" кулагыман кете элек...
Маектешкен
Бермет МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу"





Кыйылды кырчын өмүрлөр
2010-жылдын 7-апрелинде кыргыз эли, жери үчүн курман болгондордун жаркын
элестерине арналат.
Бакиев антын аткарбай,
Ач кылып элди таштады.
Ар кайсы жакка жан багып,
Арбыды элдин качканы.
Үй-жайсыз калып кай бирлеп,
Үңкүрлөр болду жатканы.
Бурмалап катаал жашоону,
Баа жеткис кылып матады.
Байлыгы элдин сатылды,
Бөлүндү жана катылды.
Баалашпады акмактар,
Ала-Тоо бийик баркыңды.
Арбагы МАНАС атанын,
Алып тынса жаныңды.
Кудайды көзгө илбеди,
Курсагы ачкан күлбөдү.
Күн сайын баары кымбаттап,
Көңүлү элдин кирдеди.
Өзгөгө назар салбады,
Өздөрү майды чайнады.
Баш көтөргөн чыгаанды,
Бейчеки жерден жалмады.
Саалынын бардык балдары,
Салтанат куруп чардады.
Бөлүшүп башкы кызматты,
Акчаны Максим кармады.
Мураскорго жеткирбей,
Мертинтти элдин жаңжалы.

85 эне сыяктуу,
Өмүр бою ыйласын.
Хан болуп жыйган дүйнөсү,
Кара ташка айлансын.
Кайридин, таш боор элине,
Кан төгүлткөн жерине,
Какшап жүрүп өтүшсүн,
Кайгы, муңга чөмүлө.
Кыргыздан пенде чыкпасын,
Канкорлор өлсө көмүүгө.
Кантип колу барды экен,
Кайберен сымал терүүгө.
Көзү ачык өткөн жаштарга,
Кайгырып жүрөк тилинди.
Бөлүнбөй түштүк, түндүккө,
Бир туугандык билинди.
Топурак салып жалпы журт,
Топурашып бүлүндү.
Башка жактан келгендер,
Баш чайкашып күйүндү.
Жетим калды балдары,
Жесир калды алганы.
Ботосунан айрылып,
Боздоду кемпир, чал дагы.
Кыйылган кырчын өмүрлөр,
Кылымдап эстейт элиңер.
Кызыл гүл өнүп бейитке,
Кыямат тирүү делинээр.
Ким көрүптүр мындайды,
Калкыма түштү муң кайгы.
Көрүнөө окко учушту,
Көрсө деп калкым жыргалды.
Батынып барып өлүмгө,
Баатырлык ишти аткардың.
Бейкүнөө кеткен маркумдар,
Бейиштин төрүн аттагын.
Кан менен келген бийликтин,
Кайгылуу бүттү арт жагы.
85 кыргыз эринин
Кара жер болду жатканы.
Булбулдай үндүү акындар,
Болгонду айтып какшанды.
Муңканган кошок сөздөрдөн,
Мончоктоп көздөн жаш тамды.
Жарык нур тийип жайыңа,
Жаннатта болсун жаныңар.
Акылман адам башкарып,
Акталса экен каныңар.

Кылымдан келген калкыбыз,
Кыргызстан жалпыбыз.
Кыраан МАНАС эли деп,
Кыйлага кеткен даңкыбыз.
Орнотуп тынчтык байрагын,
Оңолсо экен артыбыз.
Калиман КАДЫБАЕВА,
Кочкор району