кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
4-март, 2011-ж.:


п»ї

Аруулукту гүлгө ороп келет дедим!
Жаратылыш жаңыртып үйлөп отту,
Көктөм тосту табият, көктөм тосту!
Дарыядай агылып мезгил - өмүр,
Дагы бир жаш жашыма өткөн жокпу?!

Нооруз чыгып көк чыкты жарылып жер,
желин айрып сүт толуп. Камынып эл
жазды тосуп жаркылдап, даркан талаа
күтөт баба дыйканды... агызып тер.
Нооруз майрам элдики тилеги өскөн,
Ооз тийип сый тамак- сүмөлөктөн.
Атпай кыргыз элине ырыс чачып,
Ала-Тоонун калпагын жамгыр өпкөн.

Улус күнү тилешип жакшылыктар,
Улуу-кичүү сыйлашып мартчылык бар.
Адамдардын жүрөгү айкөл тартып,
Арасында агылып каткырыктар.
Аңгычакты негедир сени эстедим,
Алыстыкты кыялым жеңет менин.
Нооруз күндүн нурунан
түшкөн жолдо,
Аруулукту гүлгө ороп келет дедим!

Бактыгүл ЧОТУРОВА,
Кыргыз Республикасынын маданиятына
эмгек сиңирген ишмер















??.??