"Кыргыз туусу", 15.03.11
 7-апрель элдик революциясына - 1 жыл

Көзүмө катар-катар келаткан арстандар көрүндү
Илгери, совет заманында "Октябрь революциясынын катышуучусу" атыккан кишилерге бир эсе суктануу, бир эсе таңдануу менен карачу элек, бейпил келечекке, биздин келечекке башын сайып жол салган баатырлар деп койчу элек. Анан эле андай революциянын үчөөнө күбө болорубузду, өзүбүз кошо катышып, улам мурунку революциясы демди сууткан сайын, кийинки революцияга чамынып калаарыбызды кайдан билдик. Көрсө, революциялар маңдайга жазылган заманда жашап атыппыз.

Адегенде, өзүмдү эки революциянын - коммунисттик партия бийликтен тайып, Аскар Акаев президенттикке шайланчудагы революциянын (октябрь, 1990-жыл), биринчи президентти кулатчудагы революциянын (24-март, 2005-жыл) күбөсү эсептеп жүргөн жаным экөөнөн тең элдин алданганын көргөнүмдө, көзүм ачыктан бетер үчүнчүсүнөн шек санабай калдым. Анткени элимдин мүнөзүн жакшы билем, элеттик элимдин от кечүүгө белсенсе, октон кайра тартпас мүнөзү бар. Ал эми революциялар баатыр, эркиндикти сүйгөн элдин гана колунан келет.
2010-жыл, февраль. Ар кошкон улуттун өкүлдөрү Лондондо бир өзбектин үйүндө отурабыз. "Кыргызстанда быйыл революция болот!" - дейм. "Болбойт!" - деди өзбек бетин бырыйтып. "Кыргыздын мүнөзүн билбейт экенсиң. Жоокердиги бар илгертен, ошол мүнөзү ойгонсо, бийликти кыйратып, тыптыйпылын чыгарат!" - дейм. "Кыйрата албайт. Кыргыздын оппозициясы чабал!" - деп өзбек ансайын билермансынып, бети-башын бырыйтат. Анысы мага оппозицияны кыстарып, "кыргыз - чабал!" дегендей угулду. "Ии!" - дейм ичимден.
Марттын башында: "Кыргызстанда революция болот! Көз салгыла!" - дедим да, анда мен Би-Би-Си радиосунда иштечү элем, уруксат сурап Лондондон Бишкекке баса бердим.
Оппозиция чабал болсо болгондур, элита чабал болсо болгондур, бирок кыргыз - жалтанбас эл. "Кыргыздан дүйнөдөгү эң күжүрмөн, эң эр жүрөк жоокерди тарбияласа болот!" - деп илгери бир советтик кыргыз генералдын айтканы эсимде. Кыргыз балдардын мүнөзүнө ар түрдүү жагдайда байкоо салган ал генералдын бир билгени бар эле. Ошондон кийин кыргыздын улуттук мүнөзүнө алиги генерал айткан өңүттөн байкоо салып, адабияттан окуп, өз алдымча үйрөнүп келем. Бир курдай Британ империясынын королдук армиясынын башкы штабынын тээ 1922-жылы "жашыруун" деген гриф менен чыгарган колдонмосу колума тийип калды. Түрк тилдүү элдердин кулк-мүнөзү тууралуу жука китепче экен. "Баланча эл коркок", "түкүнчө эл жоокер", "тигинисинин ашка курсагы тойсо болду, арабөк" деген сыпаттамалар берилиптир. "Кыргыз", тагыраак айтканда "Кара-Кыргыз" деген бетин ачсам, "Борбор Азиянын эң баатыр эли - ушул" деген баа берилиптир. Дүйнөнү солкулдаткан империялык армиянын билермандары миллионго жетпеген бир ууч калктын кулк-мүнөзүн ушундайча баалаган экен. Генерал айткан сөзгө дагы ынана түшкөм.
7-апрель күнү кыргыздын караламан жаштары "Форумдан" бери агылып, көчө толо жаалданып келатканында, бирдин ичинен чыгаарын туйдум. Көздөрү от болуп күйүп, октолуп алышкан экен. Октон жалтанбай, ок болуп тиебиз деп келатышкан экен. Арасында тааныган балдар жүрөт. Балким кимдир-бирөөлөрдүн көзүнө айылдын карала-торала балдары, чычаладай карарган "мыркалар" болуп көрүнгөндүр, ач-жылаңач "люмпен" болуп көрүнгөндүр, менин көзүмө алар катар-катар келаткан арстан болуп көрүндү. Ошондо алардын алдыңкы сабында интеллигент сөрөйлөрдүн көрүнбөгөнүнө ардандым. Кызмат талашаарда гана чыга калышат эмеспи алар, кылтыйып отурушса керек деген ой келди. Улутумдун жалтанбас мүнөзүнө тан берип урматтаганымдан улам ойлонуп турбастан, дароо алардын алдыңкы катарына кошулдум. Алдымда Алиясбек Алымкулов келатат (университетте бир аз сабак бергем ага), улам арт жакка кылчайып, карап коёт. "Коркпогула!" деп кайрат берип коём. Буйдалбай ошол күч менен жүрүп отуруп, Ак үйгө келип бир тийдик.
Дагы бир байкаганым, элибиздин жол башчыга чукактыгы. "Лидерди таптоо кризисин баштан кечирип жатабыз" деп аксакалдар айтып жатпайбы. 7-апрель күнү ушул көрүнүш даана билинди. Оппозициянын кишилери түгөл камакта эмес беле, элди баштап, башкарган киши жок. "Лидер! Лидер керек!" - деп, ары урунат, бери урунат.
Ошондон кийин "элибиз татыктуу лидерин тапты бекен? Келечек жолун тапты бекен? Же жалаң баатырлыкка ишенип жүрө беребизби?" деп ойлоп калам.
Арслан Капай уулу КОЙЧИЕВ,
журналист,
тарыхчы, жазуучу




Бийлик өз элине ок аткан күн катары жазылды
Каргашалуу 7-апрель окуясында "Акыйкат" партиясынын мүчөлөрү эл менен бирге башкы аянтта болушту. Мен ошол күнү республикалык ооруканада дарыланып жаткам.
Бир учурда тарсылдаган үндөр
Москва-Логвиненко көчөлөрүнө чейин
угулуп турду.
Митингичилерди бийлик курдүрмөт, ичи бош октор, жардыргыч заттар менен коркутуп качырып жатса керек деп гана ойлоп койгом. Түшкү убак болуп калган. Партиябыздын бир жигити мен жаткан ооруканага бети-башы канжалап кирип келди. "Эл атылып, каза болгондор көбөйүп бара жатат", - деди. Денем дүркүрөп, жер көчтү. Капельницаны алып ыргыттырып, аянтты көздөй жөнөдүм. Жараткан жамандык бетин көрсөтпөсүн, Ак үйдүн айланасы небак канга боёлуп калыптыр. Эл удургуп, атылгандарды көтөрүп салып, жарадарларды жөлөп-таяп, кыямат күндөй убак экен. Саясатта бирге жүргөн лидерлердин бири көрүнбөдү. Элге кайрылып бирдеме айтайын дегенге микрофон жок.
Кеч кирип бара жатканда талап-тоноо дагы башталып калды. Өзүнүн маңдай тери менен ишкерликти өнүктүрүп алган 5-6 таанышым: "Партиянын балдарынан жибер. Талоон күчөгөнү турат", - деп кооптонуп телефон чалышты. "Бета сторес", "Мегаком" сыяктуу объектилерди кайтарууга барышты.
7-апрель Кыргызстандын тарыхында бийлик өз элине ок аткан эң аёосуз кандуу революция катары жазылып калат. Бул күн революция күнү катары аныкталышы керек. Себеби, 2005-жылдын 24-мартында Акаевдин бийлиги кан төгүүсүз кулатылган. Революциялык факторлордун бири - бийлик менен элдин кагылышы кан төгүүлөр менен коштолгондугунда. 87 жараныбыз окко учуп, эбегейсиз жоготуу болду. Мына ушундан кийин Убактылуу Өкмөт бийликке келип, мурдагы көп мыйзамдар иштебей калды. Мамлекеттик башкаруу декреттер аркылуу жүргүзүлө баштады. Бул да революциялык факторлордун бирине кирет.
Аликбек ЖЕКШЕНКУЛОВ,
"Акыйкат" партиясынын лидери,
Альтернативдүү
өкмөттүн
жетекчиси





  Шейиттер үнү

Биз Мекен деп,
Мекен үчүн өлгөнбүз!
Биз ал күнү аянтка бет алганбыз,
Эл арманын айталы деп барганбыз.
Жүрөк толкуп, жүзүбүздөн нур тамып,
Мекен үчүн өрттө күйүп-жанганбыз.

Жүрөктөргө эч жамандык албадык,
Эл мүдөөсүн айталы деп камдадык.
Жоогазындай жап-жаш турсак жаркырап,
Ок атылаар маалды кайдан аңдадык?

"Тарс!" эткенде чилдей учуп тарадык!
Ак көйнөгү кызыл-ала кан болуп,
Досум анда чалкасынан кетти да,
Кете берди айланага таң коюп...

Аа!!! Жүрөк кетти бырчаланып айрылып,
Чарт-чурт этип, кан тамырлар жарылып!
Ыза болуп, ызырынып баркырап,
Ак үйгө анан чуркап калдык жабылып!

Асман дагы чыдабады көрүнөт,
Көнөктөп жаан көз жаш болуп төгүлөт!
Жатсак дагы так чыкыйга ок тийип,
Биз Мекенди өтө сүйдүк көрүнөт...
Табият да чыдабады көрүнөт,
Жаркырабай тунарык, муң көрүнөт.
Жатсак дагы жүрөктөргө ок тийип,
Ата журтту өтө сүйдүк көрүнөт!..

Ооба, бизди шейит кетти дегиле!
Дем болгонбуз биз Мекендин демине!
"бекер өлдү, бекер кетти" дегендер,
Билбейт алар - элди сүйүү эмине!
Өкүнбө эл, жаш кетти деп тим эле,
Элин атса карап турат ким эле?!
(Кырк чоролуу Манас бабам баш болуп,
Көк асаба, жамы журту сүр болуп),
Кандай күндө, кандай шартта болбосун,
Биз жүрөбүз араңарда бир эле!

Кыргыз элим, бек болгула биригип,
Башка элдер карап турат тигилип,
Ата бабам бузбай сактап келишкен,
Куттуу уябыз - боз үй турсун тигилип!

Биз Мекен деп, мекен үчүн өлгөнбүз,
Эртеңдерден эл бактысын көргөнбүз,
Жүрөгүндө жашайбыз биз кыргыздын,
Денебизди гана жерге бергенбиз!

Эл душманы - арамдардан качкыла,
Анык, даана жолуңарды тапкыла!
Элим, жерим, Мекеним деп жашаган,
Эр жигитти эл башына тарткыла!

Тумандаган жаман ойдон качкыла,
Алкты тыйып, напсиңерди тарткыла!
Жүрөгү ак, эл ишенчин актаган,
Улан-кызды эл башына тарткыла!

Эли-журтум, атам-энем эскерип,
Гүл коюшса кыз-жигиттер эскерип,
Бейишбактан амандашып бата алып,
Биз да келип көлөкөлөп кетелик...
Биз - силербиз, силер үчүн өлгөнбүз!
Клара БЕКТУРОВА