"Кыргыз туусу", 15.03.11
  Журт башчы эмне деди?

Статс-катчы -
министрликтин - өзөгү
Мындан жети жыл мурда Кыргызстанда алгачкы ирет статс-катчы институту киргизилген. Учурда министрликтер, мамлекеттик агенттиктер менен комитеттерде, бардыгы болуп отуздан ашык органда статс-катчы кызматтары бар. КРнын Президенти Роза Отунбаеванын демилгеси менен былтыркы жылы статс-катчылардын клубу түзүлгөн болчу. 14-март күнү Бишкектин "Ак кеме" мейманканасында анын үчүнчү жыйыны өтүп, ал: "Статс-катчылардын парламенттик башкаруу системасындагы орду жана ролу" деген темага арналды. Жыйында аталган мамлекеттик кызмат сынак жолу менен тандалып алынганына карабай министрдин пикири чечүүчү учурда эске алынып жаткан учурлар арбын. Жыйынга чогулгандар бул принципти туура эмес деген ойлорун айтышты. Эгерде министр өзү чечим кабыл алса, анда сынак өткөрүүнүн кажети барбы? Парламенттеги "ЖКнын регламенти жана мамлекеттик кызматкерлердин этикасы" комитетинин төрагасы Курмантай Абдиев КРнын Экономиканы тескөө министрлигинен ушундай мазмундагы арыз келип түшкөнүн билдирди.
Статс-катчылар министрдин орун басары, бир эле учурда министрликтин аппарат жетекчисиндей ролду аткарып келе жатат. Мамлекеттеги ар кандай кырдаалда статс-катчылар өзү иштеген органдын өзөгүн кармап туруучу жетекчи кадрга айланат. Президент Р.Отунбаева Белгиянын Өкмөтү тогуз айдан бери иштебей турганын, Италия мамлекети да өз өкмөтүн тез алмаштырып турганын, дегеле статс-катчыларга болгон ишеним абдан чоң экендигин айтты. Жакында статс-катчылар тууралуу мыйзам кабыл алынары күтүлүүдө. Бул мамлекеттик кызмат чиновниктик аппараттын архитектурасы жана өзөгү менен салыштырылды. Клубдун мүчөлөрү бир жылдык алдын ала түзүлгөн план боюнча иштей турган болду. Алар өз жыйынына чет элдик статс-катчыларды чакырып, тажрыйба алмашуу, кызматташуу жаатында кеңири иш жүргүзүшөт.
Назира АЛИЕВА




  Куттуктоо

Өмүр жолуңуз суктанууга татыктуу
КРнын Президенти Роза Отунбаева КРнын эл жазуучусу
Кадыркул Өмүркуловду 70 жылдык мааракеси менен куттуктады

Урматтуу Кадыркул Өмүркулович!
Сизди 70 жылдык мааракеңиз менен чын дилимден куттуктаймын.
Ушул мезгилде Сиздин басып өткөн өмүр жолуңуз суктанууга, эң жогорку баа берүүгө татыктуу. Сиз көп кырдуу талант - журналист, жазуучу, киносценарист жана мамлекеттик ишмер катары кыргыз искусствосунун, маданиятынын тарыхында из калтырдыңыз.
Жумушчу - слесарь жана токарь болуп иштеп, турмуштун ачуу-таттуусун жаш кезиңизден билип, элибизден биринчилерден болуп ВГИКте окуп, 25 жашыңызда Сиз сценарийин жазган "Бакайдын жайыты" кинофильми Кыргызстан Ленин комсомолунун сыйлыгын алып, эмгек жолуңузду баштаганда эле чабытыңыз бийик болду.
"Ак куулар конгон айдың көл", "Каныбек", "Зеки тегирмен", "Жер касиети", "Кербез", "Акжолтой", "Бурма" жана башка Сиздин калем менен сценарийи жазылган фильмдер эл аралык фестивалдарда сыйлыктарды жеңип алган. "Жер касиети", "Жылдыздуу түн", "Миң булак" aттуу чыгармаларды жазып, жазуучу катары дагы элге таанылдыңыз.
"Кыргызфильм" киностудиясында, Жаңылык басылмалар агенттигинде (АПН), Улуттук телерадиоберүү компаниясында жетекчилик кылып, өзүңүздү мамлекеттик ишмер катары дагы көрсөттүңүз. Зор талантыңыз, күжүрмөн эмгегиңиз жогору бааланып, "Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу", "Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер" наамдарынын, Эл аралык "Руханият" сыйлыгынын ээси болуп, "Эл достугу" ордени, "Даңк" медалы менен сыйландыңыз.
Сизге чыгармачылык ийгиликтерди, жаркын маанай, бакты-таалай, чың, ден-соолук, бакубат турмуш каалайбыз.
Роза ОТУНБАЕВА,
Кыргыз Республикасынын Президенти




Эсептөө палатасы 2010-жыл ичинде бюджеттик каражаттын туура эмес чыгымдалган жоготууларын иликтеп, айрым мыйзамдан тышкары иш-аракеттердин көзүн ачышкан. Ошонун натыйжасында казынага 957 млн. сом кайтарылган, же болбосо бул 2009-жылга салыштырмалуу төрт эсеге көп.
Эсептөө палатасы - эң мыкты жамаат
Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын кеңейтилген жыйынында Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын төрагасынын милдетин аткаруучу Сабырбек Молдокуловдун ушул билдирүүлөрүн угуп, Роза Отунбаева С.Молдокуловдун ишине ыраазычылык билдирди.
- Бул өтө жакшы көрсөткүч, - деди Роза Отунбаева сөзүндө. - Эгерде эсептөө палатасы калыстык, ак ниет менен иштебегенде, кандайдыр көз боёмочулуктарга барганында мындай ийгиликтер болмок эмес. Ал эми бул көрсөткүч - ишин мыкты билген, чыныгы адис жамааттын гана колунан келет.
Ошондой эле Роза Отунбаева жыйында С.Молдокуловдун эл билген, эл тааныган жакшы атанын - Айдар Молдокуловдун уулу экендигин да баса белгиледи.
- Муну менен биз чынчыл, элдик атанын жолун уулу улантып жатат деп түшүнсө болот, - деген өлкө башчысы буга чейин төраганын милдетин аткаруучу болуп кызмат кылып келген С.Молдокуловду төрага кылып бекиткендиги тууралуу жарыя кылды.
Эсептөө палатасынын жамааты бул кабарды кызуу колдоп, алакан чабуу менен кабыл алышты.
Мындан сырткары Р.Отунбаева жамааттагы дагы бир бош орунга гендердик саясатты эске алуу менен кабыл алуу керектиги тууралуу оюн билдирди. Тактап айтканда мамлекеттик кызматтардын кеминде 30%ын аял адистер түзүшү керек.
Роза Отунбаева эсептөө палатасынын эмгек жамаатына ийгиликтерди каалап, аларды мекен үчүн ак ниет, чынчыл кызмат кылууга чакырды.
Жыпар ИСАБАЕВА,
"Кыргыз Туусу"






  Алака

Мезгил сыноосунан өткөн мамиле
Бүгүн жергебизге Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Сайед Юсуф Реза Гилани мырза расмий иш сапары менен келет. Пакистандын Премьер-министри Кыргызстандын өкмөт башчысы Алмаз Атамбаев менен жеке жолугушуп, андан соң эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды тереңдетүү маселесин караган кеңири курамдагы кыргызстандык-пакистандык сүйлөшүүлөр жүрөт.

Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылы 10-майда орнотулган. Кыргыз Республикасынын Президенти 1994- жана 2005-жылы Пакистанга иш сапары менен барып, анын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын өзгөчө келечектүү багыттары аныкталды.
Өз кезегинде Пакистандын Премьер-министри Б.Бхутто (1995-жылдын августу), Пакистандын Президенти Ф.Легари(1996-жылдын октябры) жана Президент П.Мушарраф (2005-жылдын марты) Кыргызстанга келип, бул иш сапарлары эки өлкөнүн ортосундагы саясий кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү ролду ойноду.
2008-жылдын октябрында Стамбул шаарында Кыргызстандын жана Пакистандын Премьер-министрлеринин деңгээлинде жолугушуу болуп, анын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын азыркы абалы аныкталып, аны активдештирүүнүн маселелери талкууланды.
2010-жылдын декабрында Стамбулда Экономикалык Кызматташтык Уюмунун саммитинин алкагында КРнын Президенти
Р.Отунбаева менен Пакистандын Президенти А.Зардаринин эки тараптуу жолугушуусу болуп, анын жүрүшүндө маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланды.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Тараптар "САSА 1000" долбоорун ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, долбоорду ишке ашыруу үчүн ишти активдештирүү зарыл деген пикирге келишти.
Эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык мамилелерди өнүктүрүү боюнча маселелерге токтолуп, КРнын Президенти Р.Отунбаева эки тараптуу байланыштарды мындан да жогорку деңгээлге чыгаруу үчүн күч-аракеттерди активдештирүү зарылдыгын белгиледи.
Мамлекет башчылары ошондой эле ар түрдүү форматтарда экономикалык мамилелерди чыңдоо менен колдо бар потенциалды өнүктүрүүгө боло тургандыгын, региондогу кошуна өлкөлөрдүн, атап айтканда, Ооганстандын катышуусу менен үч тараптуу мамилелердин мүмкүн экендигин белгилешти.
Мамат САБЫРОВ,
"Кыргыз Туусу"