кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
4-март, 2011-ж.:



Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0315_1.htm on line 78

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0315_1.htm on line 78

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0315_1.htm on line 78
п»ї

Айгүл Рыскулова сиздерге жооп берет
Урматтуу окурмандар! Ай сайын берилүүчү жөлөк пулду кимдер алышат, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар кандай жеңилдиктерге ээ, гуманитардык жардамдар кимге берилет, МСЭКтин иши канааттандырабы, санатордук-курорттук дарылоого жолдомону алууга кимдер укуктуу? Мына ушул сыяктуу социалдык коргоого байланыштуу көптөгөн көйгөйлүү суроолорго "Кыргыз Туусунун" түз байланышында Калкты социалдык коргоо министри Айгүл Маратбековна Рыскулова бүгүн саат 14.00дөн 16.00гө чейин 62-20-66 телефонунда жооп берет. Суроолорду алдын ала 62-20-66, 62-20-18, 62-20-31 телефондору аркылуу берсеңиздер да болот.

Вице-премьер-министр Ибрагим Жунусовго телефон чалыңыз
Саламаттыкты сактоо, билим берүү, социалдык коргоо, маданият, балдар маселеси ж.б. маселелерге байланышкан көкүрөгүңүздөрдө жүргөн, түйшөлткөн бардык суроолорго жооп алгыңыз келсе, суроолоруңузду белендеп, 16-мартта "Кыргыз Туусунун" 62-20-66 телефонуна чалыңыз. КРнын вице-премьер-министри Ибрагим Кожоназарович Жунусов саат 14.00дөн 16.00гө чейин гезитибиздин түз байланышында сиздердин суроолорго жооп бермекчи. Суроолорду күн мурунтан 62-20-31, 62-20-18 телефондору аркылуу жаздырып койсоңуздар да болот. Ар бир суроо жоопсуз калбайт.


Грузия коррупцияны талкалаптыр, Кыргызстанчы?
Дүйнө мамлекеттери коррупцияны кыскартуунун аргасын издеп, баш катырып жатканда, Грузия аны кескин жоюуга бет алды. Уюшулган кылмыштуу топтун мүчөлөрүн гана эмес, алардын башчыларын тобу менен камап жатышат. Грузия мындан беш-алты жыл мурда коррупциянын деңгээли боюнча дүйнөдөгү 180 мамлекеттин ичинен 127-орунда болсо, бүгүнкү күндө 3-орунга чыкты. Тактап айтканда коррупциясы аз Швецияга жетип, алардын алдында Норвегия менен Дания гана турат.

Чөнтөк "ысытмай" жоголду
Мындай карап көрсөң Грузия Кыргызстан сыяктуу эле мурдагы советтик системанын бирдиктүү мыйзамдары менен жашап келген. Элинин саны 5 млн.дун тегерегинде. Айталы, Грузиянын бажы терминалында тонналаган ири көлөмдөгү жүк болгону 25 мүнөттүн ичинде компюьтердик техника аркылуу катталып, текшерилип бүтөт. Күн-түндөп бажы постунда саргарып кезек күтмөй, бирөөнүн чөнтөгүн "ысытмай" менен иштери жок. Эгерде жүктөн тыюу салынган шектүү товар байкалса гана кармалып калышы ыктымал. Бажы терминалы ушундай системада иштегенден бери жүк ташып өтүү он эседен ашык өскөн. Грузия терминалдагы паракорлукту жоюу менен эле акыркы беш жыл аралыгында өлкө бюджетин 18 эсеге реалдуу көтөрүүгө жетишиптир.
(Уландысы 3-бетте)








Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0315_1.htm on line 137

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0315_1.htm on line 137

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0315_1.htm on line 137


а ­е¦Є.НҐй«