Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери ggle_h

ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

Шериктештик иштер ишеним арттырат
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ахматбек Келдибеков башында турган парламенттик делегация Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Борис Грызловдун чакыруусу менен Россияга эки күндүк расмий иш сапары менен барып келди. Белгилей кетчү нерсе, А.Келдибеков Төрага катары биринчи иш сапарын РФ Мамдумасына жасады.

Мамдуманын Төрагасы Борис Грызлов менен жолугушууда Ахматбек Келдибеков Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы парламенттер аралык байланышты кеңейтүүгө, эки тараптуу шериктештик мамилелерин тереңдетүүгө багытталган чараларды жүзөгө ашырууга даяр экендигин билдирди.
Мамдуманын Төрагасы Борис Грызлов Ахматбек Келдибековду Жогорку Кеңештин Төрагалыгына шайланышы менен куттуктады. "Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп, мамлекеттик башкаруу таризи өзгөрүлгөндөн кийинки алгачкы расмий иш сапарыңыз Россияга болгондугуна кубанычтуубуз", - деп, ал Кыргызстан КМШ чөлкөмүндөгү парламенттик башкаруу таризин тандап алган алгачкы мамлекет болуп санала тургандыгын белгиледи. Өткөн 2010-жыл Кыргызстан үчүн өтө оор кезең болгондугун, ошого карабастан, өлкөдөгү туруктуулукту сактоо менен, калк турмушун жакшыртууга жетише ала тургандыгына ишенээрин кошумчалады.
Мамдума Төрагасы эки өлкө ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүү зарылчылыгына токтолду. Кыргызстандын парламенттик башкаруу таризин тандап алышы эки өлкөнүн мыйзам чыгаруу бийликтеринин өз ара аракетине жаңы дем берип, жаңы мыйзам демилгелеринин жаралышына шарт түзө тургандыгына үмүт артат.
Жолугушууда билим берүү тармагында кызматташуу, тагыраак айтканда, Кыргызстан жарандары үчүн билим берүү квотасын көбөйтүү маселелери да талкууланды. Мамдуманын Төрагасы Борис Грызлов бул маселе карала тургандыгын билдирди.
Маектешүүнүн жүрүшүндө, терроризм менен наркотрафикке каршы күрөштү күчөтүү, миграция көйгөйлөрү, билим берүү тармагынын ишин жакшыртуу, Кыргызстанда орус тилинин окутулушу, Кыргызстандын экономикасына инвестиция тартуу маселелери да айтылды. Борис Грызлов Россия тарап Кыргызстандын экономикасына инвестиция киргизүүгө кызыкдар экендигин, бирок ал үчүн, баарыдан мурда, өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу керек экендигин айтты. Ага жооп катары, Ахматбек Келдибеков мамлекет жетекчилигинин алдында өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу, калктын социалдык көйгөйлөрүн чечүү эң башкы милдет катары тургандыгын баса белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ахматбек Келдибеков Россия Федерациясына болгон расмий иш сапарынын алкагында РФ Президентинин Администрация жетекчиси Сергей Нарышкин менен да жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү маселелери талкууланды. Тараптар турмуштун бардык тармактарында өнөктөштүктү жигердештирүү жөнүндө пикир алышты.
Андан сырткары Төрага Ахматбек Келдибеков өзүнүн расмий иш сапарынын чегинде Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Федералдык кеңешинин Төрагасынын орун басары Ильяс Умаханов менен да жолугушуп, тараптар эки өлкө ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыктын келечеги, социалдык-экономикалык байланыштын олуттуу маселелери тууралуу пикир алышышты. "Кыргызстандын жаңы парламенти менен анын жетекчилиги парламенттер аралык алаканын артышы үчүн бардык аракеттерин жасайт", - деп белгиледи Ахматбек Келдибеков. Ал Ильяс Умахановго Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаал тууралуу учкай маалымат берүү менен, парламенттин бардык аракети өлкөдөгү абалды турукташтырууга багытталып жаткандыгын айтты. Ошону менен бирге, Төрага Жогорку Кеңештин күндөлүк иши жана мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү менен да учкай тааныштырды.
Тараптар билим берүү жана илим жаатындагы кызматташууларды, анын ичинде Ош шаарында Кыргыз-Россия (Славян) университетинин филиалын ачуу, Бишкек шаарында Инновациялык билим берүү борборун ачуу, Кыргызстанда орус тилиндеги мектеп окуу китептерин чыгаруу демилгелерин талкуулап, ал иштерди жүзөгө ашыруу максатында укук-ченемдик мыйзам негиздерин иштеп чыгуу маселелерине токтолушту.
Ошондой эле, мамлекеттик карыздардын бир бөлүгүн жоюу жөнүндөгү өкмөттөр аралык келишимдин аткарылышына байланыштуу маселелер, Кыргызстандан барган эмгек мигранттарынын иштөө шартын жакшыртуу, аларды социалдык жактан камсыздандыруу чараларын көрүү зарылчылыгын белгиледи. Андан сырткары, мамлекеттик карыздардын бир бөлүгүн жоюу боюнча өкмөттөр аралык келишим, "Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушу, эки өлкө жарандарынын укуктук макамы тууралуу да сөз жүрдү. Жолугушуу соңунда тараптар бул иш-чара Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы шериктештик мамилелеринин артышына түрткү бере тургандыгына ишенээрин билдиришти.
Ал эми Жогорку Кеңештин Төрагасы Ахматбек Келдибеков РФ Федералдык миграция кызматынын жетекчиси Константин Ромодановский менен жолукканда, Россия Федерациясынын аймагында эмгектенген Кыргызстандын эмгек мигранттарынын укуктарынын корголушу тууралуу маселени козгоду. Ал РФ аймагында иштөөгө киргизилген эрежелер менен жарандардын маалымдуулугу жана эмгек ишмердүүлүгүн мыйзамдаштыруу жүрүмүн жөнөкөйлөштүрүүчү парламенттер аралык, өкмөттөр аралык келишимдерди түзүү зарылдыгын белгиледи. Расмий маалыматтарга таянуу менен, Төрага Россияда 580 миң кыргызстандык иштеп жаткандыгына, алардын 17 миңи гана иштөөгө уруксаат алышкандыгына токтолду. "Калган Кыргызстан жарандары Россия аймагында мыйзамсыз жүрүшү алардын социалдык жактан коргоосун камсыздоо маселелериндеги абалды оорлоштурат. Андыктан биздин алдыбызда Россия аймагындагы эмгек мигранттарыбыздын жүрүшүн мыйзамдаштыруу боюнча чоң-чоң иштер турат", - дейт ал.
Константин Ромодановский Россия тараптын бул этапта кесипкөй адистерге муктаж болуп жаткандыгын айтты. Анын маалыматы боюнча, КР тиешелүү министрликтери менен чебер адистерди даярдоо максаты
коюлган келишимдерге кол коюу мерчемделүүдө.
Ошондой эле, Жогорку Кеңештин Төрагасы Ахматбек Келдибеков Москвадагы "Ю.А. Гагарин атындагы космонавттарды даярдоо илимий-изилдөө сынак борбору" Федералдык мамлекеттик мекемесинде болду. Борбордун президенти Сергей Криколев жана белгилүү космонавт, мекендешибиз Салижан Шарипов "Жылдыздар шаарчасы" менен тааныштырып, өздөрүнүн алдында турган максаттар менен милдеттер тууралуу ой бөлүшүштү.

КР ЖК Басма сөз кызматы



ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
4-март, 2011-ж.:

ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования