"Кыргыз туусу", 04.03.11 Прокуратуранын түшүнүксүз кадамдары
"Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун (соода бренди MegaCom) жаңы жетекчилиги кызылдай акча айланган бул компаниядагы Айдар- Максим - Елисеев эпопеясынын кыңыр барактарын бирден аңтарып, миллиондогон байлыктарды өз чөнтөктөрүнө кантип солоп келгенин четинен жарыялап жатат. Эч нерседен капары жок, ишенчээк кыргыздар ырыскысын чет жердик шылуундар кантип жутуп кетип жатканын эми азыр угуп-көрүп алып, жаалданып турган чагы.

Убактылуу өкмөт былтыр апрелде "Альфа Телеком" ЖАКты улутташтыруу декретин кабыл алган. Кийин баш прокуратура компаниянын 49 пайызын гана улутташтыруу керек, калганы чет жердик компанияларга таандык, аларга тийишкенге болбойт деген позицияны ээлеген. Атап айтканда, көзөмөл пакет орусиялык Eventis Telecom компаниясынынын колунда, аларга бирдеме десек чоң саясат болуп кетет дегендей аргументин алып чыккан. Мындай позицияны кезинде Убактылуу Өкмөттө вице болуп, прокуратура системасын тескеген Азимбек Бекназаров ээлеп келгенин жазбаган маалымат каражаты калган жок. Ушундай эле позицияны азыркы баш прокурор К. Байболов дагы ээлегенсийт.
"Альфа Телеком" ЖАКтын жаңы жетекчилиги жана адистери Eventis Telecom ар кандай кол астында түзүлгөн компанияларды оффшордо каттатып, акчалардын изин жашырып жатканы билине баштады. Кеп Орусия жетекчилигинде эмес, кеп мыйзамдарды сактабаган компания жөнүндө болуп жатпайбы. Кайсы гана мамлекет, анын ичинде держава өлкөнүн болсун компаниялары Кыргызстанда иштеп жатса, жергиликтүү мыйзамды сактоого милдеттүү. Ошондуктан, кокуй, орус жетекчилиги жинденет деген сыяктуу сөздөр жөн эле көз жазгыруу, коркутуу болуп саналат. MegaComдун жаңы жетекчилиги мыйзамды бекем тутунуп, Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгын биринчи орунга коюп жатканын дагы бир сыйра бышыктап кетели.
Бул сөздөр эмнеден улам чыгып отурат? Албетте, улутташтыруу, текшерүү - бул жараяндын баары мыйзам чегинде болушу керек, аны эч ким талашпайт. Бирок, биздин кардарлар да, дегеле кыргызстандык жарандар да ондогон, жүздөгөн миллион долларлар өз казынасына эмес, башка жакка кетип жатканына жол бербейт. Мына ушул шартта өлкөбүздүн прокуратура органдары былтыр "Альфа Телеком" ЖАКтын 49%ин гана улутташтыруу керек деген чечими менен Максимдин командасы миллиондогон доллар акчаны Мегакомдон чыгарып кетүүсүнө шарт түзгөн - бул бир. Эми болсо эки дос өлкөнүн алака-катышына доо кетиргидей чууга чейин жеткирип отурушат - бул эки.
Жаңы өкмөт саясий эркин көргөзүп, кыргыздын ак ниет, мекенчил уулдарын "Альфа Телекомго" алып барып, андагы кыңыр иштерди улам ашкерелеп баштаганда өз өлкөбүздүн өз прокуратурабыз таза иштебегени ачылып калган Eventis Telecom компаниясына жана аны менен өнөктөш БиМоКомго жан тартып жатканы килейген суроо туудурууда. Эмесе, Мегакомдун жаңы кызматкерлерин кайта-кайта суракка чакырып жүдөтүп жатканы бекеринен болбосо керек.
Сурактарда эмне сөз болуп жатканы, анда прокуратуранын, андан ары Ак үйдө отурган мансабы чоң адамдардын аты аталып жатканы тууралуу маалыматтар топтолууда. Андан тышкары түз да, алдыртан да коркутуулар болуп жатканы билинди. Эгер прокуратурадан ушинтип бут тосуулар, коркутуулар улана берсе, анда "Альфа Телекомдун" жаңы жетекчилиги, кызматкерлери "ала кушту" атынан атоого мажбур болушат.
Кээде биздин прокуратура кызматкерлери өз мекени - Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоп жатабы же бул жактын каймагын калпып, сыртка чыгарып кетип тургандардын таламын талашып жатабы деген суроо пайда боло баштады. Тарых көрсөткөндөй жана кыргыз макалы бышыктагандай, "Кыңыр иш - кырк жылда" билинет экен. Ошондуктан, мыйзамды коргоо жаатында тургандар болсун, башка чоңдор болсун, эртели-кеч кыянатчылыгы ашкереленип калаарын эске алса деген тилек. "Альфа Телекомдун" байлыгын мамлекеттик казынага буруп башташты, ал он миңдеген адамдарга пенсия, айлык болмокчу - ошого жолду буубагыла, андан көрө биздин ырыскыны сыртка, бөлөк-бөтөндүн жыргалчылыгына буруп кетип жаткан схемаларды таап, эл аралык шылуундарды мыйзам алдында чөгөлөткүлө деп айтмакчыбыз.
Нурдин Акебаев





МЕГАКОМ: Эки ортодо ким пайда тапкысы келип жатат?
Мен "Азаттыктын" сайтынан Кыргыз өкмөтүнүн 1-вице-премьери Өмүрбек Бабановдун интервьюсун окуп чыгып, мындай ойго келдим. Адегенде анын маегинен үзүндү берейин: "Мындан тышкары "Мегаком" компаниясынын 49 пайызы өкмөткө карайт. Бир тобу Бабанов рейдерлик кылып жатат деп айтышты. Аны биз элге кайырдык, атайын мамлекеттик башкаруучуну алып бардык. Мен тилейт элем, ар бир өкмөт адамы ушундай рейдерлик кылсын, өз үй-бүлөсү эмес, мамлекетке кайырсын.

Бюджеттик комитет карап, "Мегакомго" дивиденд катары 700 млн. сом бюджетке киреше берсин деп чечим кабыл алууда, анын эмнеси жаман? Компаниядан бир топ журналисттер, бир топ текшерүү органдарда иштеген адамдар оокат кылган. Ошону биз бууп койгондон кийин бир тобу ошол журналисттерге тыйын төлөп туруп, шыбап жатышат.
Биринчиден, "Мегакомду" Бабанов алган жок, аны жетектеген Мырзалиев. Мырзалиев мен келгенге чейин эле Улутташтырылган мүлктү жетектеген. Ал "Делойт" аттуу дүйнөлүк аудитордук үч компаниянын биринде иштеген, өтө билимдүү жигит. Бабановго эч тиешеси жок".
Ушул эле маектин дагы бир жеринде "Телеком" деген килеңдеген компания жылына бар болгону 40 миллион сом тегерегинде гана пайда берсе, "Мегаком" 1 миллираддан ашык киреше алып келери айтылган экен. Эми өкмөттүн ири жетекчинин сөзүнө кантип ишенбей коё алабыз? Дагы бир топ компаниялар менен ишканалардын канын чиновниктер соруп жатканын, аларды да ачыкка чыгарып, миллиондор бюджетке кайрылганын, ошолор аркылуу мугалимдин, врачтын маянасы көтөрүлөрүн кеп салган Бабанов. Эми азыркы шартта жалган айтып, эмнеге жанын кыйнамак эле?
Буга чейин "Мегакомдон" миллиондогон долларлар дайрадай агып, сыртка - каяктагы оффшор аралдарга, эл аралык шылуундардын эсебине кетип жатканына жакшы эле күбө болдук окшойт. Сим-карталарга эле ортодон отура калып, эч бир жанын кыйнабай, миллиондорду чөнтөктөрүнө солоп келгендерин билип, төбө чачыбыз тик турбадыбы! Баягы орус классиги жазмакчы, Кыргызстан деген бечара дыйкан ондогон эл аралык аферисттерди багып келген экен, аттиң-ов!
Менин жанымды кейиткени: ошо биздин ырыскыбызды соруп жаткандарга мыйзамдуу да, мыйзамсыз да жол чаап берип жаткан өзүбүздүн эле чоңдор болуп жатканы. Арасында "мен - патриотмун!" деп төшүн койгулаган саясий ишмерлер бар тура. Мына, былтыр Убактылуу Өкмөттө прокуратура органдарын тескеген Бекназаровдун аты аталууда. Ал эмне үчүн "Мегакомдун" 49 пайызын гана улутташтырып, калганын чет жердик компаниянын энчисинде калтырды? Эмне үчүн азыркы прокуратура "Мегакомго" дайындалган мамлекеттик башкаруучуларды ары-бери сүйрөп жатышат? Андай болсо алар да элге чыксын, жүйөөсүн айтсын! Эмнеге кыңыр иштин учугу андан ары Ак үйгө чейин кетип жатат? "Кыңыр иш - кырк жылда" дейт, баары бир акыры эки ортодон калың-калың акча жасап алгысы келгендердин абийири ачылбай койбойт.
Алар адатта чет элдик инвесторлорду коркутуп алабыз, менчиктин кол тийбестиги деген аргументтерди беттерине жаба калууда. Орустун таланттуу жазуучусу Шукшин жазгандай, биз да келесоо эмеспиз, анча-мынчаны ажыратып калган элбиз. Эл аралык компания, мейли ал Американыкы болсун, мейли Орусияныкы болсун, ак иштесин, биздин мыйзамдарды сыйласын. Ал эми "Мегакомдун" жаңы жетекчилиги махинацияларды ушинтип ачыкка чыгарышсын, ал өзүнчө бир том болчудай, керек болсо китеп кылып чыгарышсын. Эл өз жана өңгө "каармандарын" билсин.
Адилет Байшери уулу