![]() |
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
"Мыкты айыл аймагы" сынагына Аялзатын ардактаган аймак Республикабыздагы төрт жүз элүү тогуз айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын арасында ардактуу аялзатынын өкүлдөрү аз санда - жалпы санынын беш пайызына да жетпейт. "Кыргыз Туусу" үч жылдан бери уюштуруп келе жаткан жогорудагы сынагыбызга аялдар жетектеген айыл өкмөттөрүнөн үчөө гана катышканы бул кызматтын түйшүктүү, оор, кайтарымсыз жана аялзаты үчүн сейрек экендигинен кабар берет. Илгери союз мезгилинде айылдык кеңештин жетекчилик кызматында негизинен аялдар түйшүктөнүшсө, эми бул айырмачылык мезгил талабына жараша түп-тамырынан бери жоюлгандай. Кийинки он жылда республикабыздын башкаруу тутумунда демократиянын, жарандык коомдун тагдырына түздөн-түз таасир этүүчү өзгөрүүлөр болуп өттү. Мамлекеттик бийлик кайсы бир деңгээлде борбордон ыраактап, бардык саясий, экономикалык жана социалдык бийликтер аймактык бийликтерге өттү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруучу милдеттери кеңейди, жергиликтүү чарбалык, социалдык-экономикалык өнүгүү, коомдук иштер ошол чөлкөмдө жашаган калктын түздөн-түз катышуусу менен жүзөгө ашырылат. Демек, элет жеринде айыл өкмөттөрүнүн, анын башчыларынын аброю жогорулап, татыктууларын, жөндөмдүүлөрүн гана бул кызматка сунуштай турган болдук. Ал эми айыл өкмөт башчыларына аялзатынын өкүлдөрүнүн аз болушу өзүбүздүн менталитетибизге да түздөн-түз байланыштуу болсо керек. Аламүдүн районундагы Ленинское айыл аймагын аялзатынын өкүлү жетектейт. Жалпы аялдардын Эл аралык майрамынын алдында гендердик саясатыбыздын кемтигин толтурууну көздөгөнүбүздү да жашырбайбыз. Бул макала майрамдык санга туш келгендиктен, маалыматтарды да башкача сыпатта берүүнү туура көрдүк. Баурдастарды суктанткан Бишкек шаарынын белгилүү Аламүдүн базарынан түндүктү карай Алма-Ата көчөсү менен түз жүрсөңүз Ленинское айылына туш болосуз. Ушул айылдын этек жагында эки коңшулаш өлкөлөрдүн чек ара, бажы посттору жайгашкан. Негизинен коңшу өлкөлөрдү туташтырган жолдордун арасынан Ленинское аркылуу өтүүчү жол автоунаалардын каттамынын көптүгү менен айырмаланат. Демек, жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү ыңгайлуулукка карап ушул каттам аркылуу көздөгөн жерлерине жетип алууну каалашат. Ленинское чек арадан кийинки биринчи айыл болгондуктан, Кыргызстанга биринчи жолу келген жүргүнчү биз тууралуу маалыматты ушул айыл аркылуу кабылдап, алгачкы ой-пикири түзүлөт. Башка айылдарга салыштырмалуу Ленинскоеде менчиктин кайсы түрүнө кирбесин бардык имараттар, турак-жайлар ирээттүү, башкы план менен көркөмдүү салынган. Мында тазалыкка да өзгөчө маани беришкендиктен, бейчеки төгүлгөн таштандылар жокко эсе. Жүргүнчүлөрдүн көп каттагандыгын эске алышып жол жээгинде борбор калаадан кем калбаган ресторан, кафелерди, дүкөндөрдү, унаа оңдоочу, май куюучу бекеттерди курган ишкерлер да көбөйдү. Аталган айыл аймагынын Константиновка, Мыкан айылдары да архитектуралык курулушу жагынан Ленинское айылынан кем калбайт. Учурда айыл өкмөтүнүн каттамында он эки миң үч жүзгө жакын адам турат. Аймактын тургундары дыйканчылык, мал чарбачылыгы, жеке ишкердик жана билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо тармактарында алектенишет. Жакындыгына карап Бишкекке, коңшу Казакстандын Георгиевка айылына барып-келип иштегендер да кездешет. Илгертен жердин майын чыгарып, мал чарбачылыгын мыкты өздөштүргөндөр көп болгондуктан, аймакта оокатын жөндөп өткөрө албагандар чанда кездешет. Тартип бар жерде - жылыш бар Аймакта эчен жылдан бери калыптанган иш тартиби жана элдик курултай, жыйындарда, айылдык кеңештин сессияларында кабыл алынган пландар менен иш жүргүзүлөт. Ленинское айыл аймагынын 2010-жылда жүргүзгөн социалдык-экономикалык өнүгүү планын аткаруу боюнча жылдык отчетунда бул иш-чаралар толук камтылганына күбө болдук. Биз арасынан талдап, өтө орчундуу деп эсептелген маалыматтарга токтоло кетүүнү туура көрдүк. Себеби эсеп-кысапсыз, маалыматтарсыз айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгүнө баа берүү мүмкүн эмес. Айыл өкмөтүнүн отчеттук маалыматтарына таянсак, өткөн жылы салыктын бардык түрлөрүнөн жергиликтүү бюджетке он миллион сомдон ашык каражат жыйналган. Бул топтолгон каражаттын басымдуу бөлүгү айылдарды тазалоого (үч жүз элүү миң), Мыкан айылындагы бардык көчөлөргө шагыл төшөп тегиздөөгө, Ленинское айылындагы үч көчөнү оңдоого (эки жүз элүү миң сом), үч айылдагы орто мектептердин капиталдык оңдоолоруна, № 5 балдар бакчасын кармоого, коммуналдык кызматтар үчүн, жалпы эл катышкан иш-чараларды өткөрүүгө ж.б. багыттарга жумшалган. Гезит бети чакталуу болгондуктан, айыл өкмөтү өткөргөн иш-чаралардын баарын атап кетүүгө мүмкүнчүлүк болбоду. Аймакта өнөр жайы да маанилүү Макаланын башында эскерткендей, аймактын жеке ишкерлери тарабынан курулган кичи ишканалары тарабынан 2010-жылы алты миллион сомдук өнөр жай продукциялары чыгарылып, мындан тышкары калкка үч жарым миллион сомдон ашык кызмат көрсөтүлгөн. Аймактагы кийим тигүү цехтеринин, металл буюмдарын жасоочу заводдун, азык-түлүк чыгаруучу цехтеринин товарларын Бишкектин жашоочулары сапаты жагынан жогору деп баалашат. Ал эми дыйканчылыкка байланышкан маалыматтарга назар салсак аймактагы эки жарым миң гектар эгин талааларынан 7965 тонна дан жыйналып, түшүмдүүлүк гектарына 32,7 центнерден айланган. Былтыр Ленинское айыл аймагынын дыйкандары миң гектардан ашык аянтка күздүк айдап-себүүгө жетишишкен. Келечек муундарга камкордук Ленинское айыл аймагында белгилүү даталуу күндөрдү аткарууга өзгөчө маани беришет. Бул майрамдар аймактагы бардык уюм-мекемелердин, коомдук бирикмелердин жалпы катышуусунда дыкат даярдалган атайын программа менен өткөрүлөт. Ал программада Мекенди сүйүү, ынтымакты бекемдөө, мекенчилдикке үндөө тематикалары сөзсүз камтылат. Бул массалык иш-чараларга мектеп окуучуларын, жаштарды кеңири тартууга өзгөчө маани берилип, анын тарбиялык таасири күчтүү экенин жакшы түшүнүшөт. Аймакта таланттуу балдарга билимин тереңдетүүгө, татыктуу эс алуусуна шарт түзүүгө каражат жетиштүү бөлүнөт. Ленинское орто мектебинин окуучусу Асылбек Бирназаров үчүн "Московия" эл аралык эс алуу мектебине жолдомого, "Биздин жеңиш" изилдөө тобун Калуга, Тула облустарына жиберүүгө, "Гвоздика" балдар борборуна эс алуусу үчүн айыл өкмөтү акчалай жардам берген. Өткөн 2010-жылы эле массалык иш-чараларды өткөрүүгө, даректүү жардамдар үчүн жергиликтүү бийлик эки миллион сомго жакын каражат бөлгөн. "Ветка" - ири инвестор Жеке эле Чүй боорунда эмес, республикада да "Веткадай" ири, экономикасы чың кооператив жок болсо керек. Айыл өкмөтүнүн жашоочуларынын көпчүлүк бөлүгү тагдырын, күнүмдүк жашоо-тиричилигин ушул чарба менен тыгыз байланыштырышкан. Бүгүнкү күндө чарбада 2692 ири мүйүздүү мал кармалып, талаачылык жумуштарын аткарууга элүү трактор, 35 автомашина, жетиштүү айыл чарба техникалары шаймандары менен бар. Чарбада 430 адам эмгектенип, орточо айлык акылары беш миң сомду түзөт. Жыл жыйынтыгында "Ветка" 14 млн. сом киреше менен аяктап, рентабелдүүлүк 20 пайызды түздү. Аймактагы пенсионерлерди, муктаж адамдарды колдоодо, жалпы иш-чараларды өткөрүүдө чарбанын үлүшү зор. "Кыргыз Туусу" гезити жакынкы сандарында "Ветка" кооперативи тууралуу кеңири маалыматтарды берүү ниети бар, окурмандар кызыккан көп суроолорго жооп алууга мүмкүн болот деген ишеничтебиз. Быйыл аткарчу милдеттерден Айыл өкмөтүндө аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2013-жылга чейин такталган иш-пландары бар. Быйыл олуттуу аткаруучу иш-чаралардын катарына социалдык үйдүн курулушун аяктоо, заманбап футбол стадионун куруу, үч айылда экиден көчөлөрдү капиталдык оңдоо, ар бир айылга бирден балдар аянтчаларын куруу, Ленин атындагы орто мектебинин жыйындар залын оңдоо ж.б. кошууга болот. Ал эми жеке, эл аралык инвесторлордун каражаты менен "San Tropes" эс алуу аймагын кеңейтүү, "Достук" балдар бакчасын оңдоо, эки мектепке эмеректерди алуу ж.б. долбоорлорду бүткөрүү маселелери чечилет. Калкты таза суу менен камсыз кылуу, тазалыкты сактоо, социалдык, билим берүү мекемелеринин толук кандуу иштешин камсыз кылуу маселелерин чечүүгө да каражаттар бөлүнгөн. Полковник Анатолийдин мураскору ким? Аймактын орус казактарынын башын бириктирген Молдовановка станицасы республикада белгилүү абройлуу адамдарды бириктирет, 2010-жылы жер басып алуучуларга бөгөт коюп жерлерин, үйлөрүн таламайдан сактап калууда орус казактарынын эмгеги зор. Элдик кошуундарды уюштуруп, айыл четинде күнү-түнү кароолдо турушкан. Станицанын аскер полковниги Анатолий Олейниченко ушул аймактын башчылыгынан Аламүдүн районунун акимдигине көтөрүлүп, ордуна анын орун басарлык кызматта иштеп жүргөн Кайыргүл Бекова дайындалган. Ал кесиби боюнча мугалим, Кайырма орто мектебинде директор болуп иштеп турганда уюштуруучулук жөндөмүн, эркек сымал мүнөзүн эске алышып, орун басарлыкка сунушташкан. Ал бир бүлөнүн жары, энеси, анан он эки миң элдин да энеси катары мойнуна жүктөлгөн оор милдетти татыктуу аткарып келет. Тартипти темирдей кармаганы, айтканынан кайтпаган принципиалдуулугу, кээде аялзатындай жароокерлиги менен айыл тургундарына жагат. Мындай караган адамга көпчүлүгүбүз урматтаган министр эжебиз Айгүл Рыскуловага көп окшоштуктары бар. Айыл өкмөтүндөгү 23 кызматкердин 19у аялзатынын өкүлдөрү. Биздин баамыбызча бардыгы өз ишин так аткарган, эл менен иштеше билген адамдар. Айыл өкмөтүнө жумуш күндөрү ар түрдүү маселелер менен кайрылган адамдар көп келет. Ар биринин кубаныч-кайгысына ортоктош болуп, кабагым-кашым дешпей жылуу узатышкан айымдарга алкыштан башка нени айтышмак. Эл аралык аялдар майрамында да чын жүрөктөн айтылган куттуктоолор да арбын болот деп ишенебиз. Анда эмесе майрамыңыздар менен, аталган айыл өкмөтүнүн жашоочулары ардактаган айымдары! Турусбек СОЛТОБАЕВ, "Кыргыз Туусу"
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||