![]() |
![]() |
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Түз байланыш Маданият жана маалымат министри Нурланбек ШАКИЕВ: "Маданиятты өстүрүү аркылуу мамлекетибизди сактап кала алабыз" Айша Алиева, Бишкек шаары: - Мамлекеттин тынчтыгы менен өсүп-өнүгүшүнө элдеги жан-дүйнө, руханий байлык, ички маданият зор таасир этет эмеспи. Бирок, биз жалаң эле экономикага басым жасай берип аң-сезим жардыланып кетти. Адабият мамлекетке өгөй баладай болуп калды, жакшы чыгармалар жазылбай, жазылса да чыкпай жатат. Жазуучуларда стимул жок, ушул жагына көңүл бурулуп, колго аласызбы? - Рахмат, сурооңузга түшүндүм. Экономиканы, өнөр жайды жандандырып өстүрсөк болот. Бирок, маданият эч кандай сырткы байланыштарга интеграцияланбаган өзүнчө чоң тармак, бул мамлекеттин түркүгү десек болот. Эгерде экономика төмөнгө түшсө аны кайсы бир аралыкта бутуна койсо болот. Ал эми маданият кыйрай турган болсо, ага өтө узак жылдар керек, анткени улуттун, мамлекеттин ички маданиятын калыбына келтирүү өтө кыйын. Ошон үчүн негизги көңүлдү маданиятка бурушубуз керек. Маданиятты өстүрүү аркылуу мамлекетибизди сактап калса болот. Мына азыр мамлекеттин казынасынан маданиятка бөлүнгөн каражат өтө жетишсиз. Себеби, 2007-жылы маданият боюнча кабыл алынган мыйзамга ылайык, мамлекеттик казынанын үч пайызынан кем эмес каражат бөлүү каралган. Тилекке каршы ошол мыйзам иштебей келет. Өткөн жылы мамлекеттик казынадан 0,9 пайыз каражат бөлүнгөн болсо, быйылкы жылы деле ошол деңгээлде калып жатат. Демек, бул маданиятты өнүктүрүп-өстүрүүгө эмес, маданиятты бүгүнкү оор абалда эптеп кармап турууга гана жарайт. Жазуучулар тууралуу айтканыңыз туура. Бул маселеде ириде Улуттук жазуучулар союзуна коомдук уюмдар катары карабастан, салттык, тарыхый таасири бар жаратман уюм катары мамлекеттен атайын акча каражатын бөлүп берип, мурдагы "Ала-Тоо" адабий көркөм журналын кайра чыгаруу керек. Ошол аркылуу жазуучулардын чыгармалары элге жетүүгө мүмкүндүк ачылат. Биз бул маселени козгоп жатабыз, аны Жогорку Кеңештин төрагасы, урматтуу Акматбек Келдибеков дагы колдоп жатат. 5 миллион сом буга бөлүнүп калышы мүмкүн. Андай болгондо акын-жазуучулардын жаңы китептерин чыгарууга да жол табылат. Исабек Токтогулов, Токтогул райондук "Шамшыкал" гезитинин редактору, акын: - Жакында Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков менен чыгармачыл союздардын жолугушуусунда меценаттык тууралуу учкай болсо дагы айтылды, эгерде чыгармачыл адамдарга меценаттык кылган азаматтарга салык жеңилдиги берилиши тууралуу мыйзам каралса деген ой пикир билдирилди. Андай болгондо маданият жана искусствонун, адабияттын таланттуу өкүлдөрүнүн чыгармалары талаптагыдай элге жетип турат эле. Сиз министр катары ушул маселени көтөрүп бере аласызбы? - Араб өлкөлөрүндө өнүгүп-өсүп жатышат. Эмне үчүн? Себеби, шейхтер меценаттыкка, кайрым- дуулук иштерине миллиондогон долларларын салышат. Аларда биздин мыйзамдан да күчтүү турган Ша-рият бар. Садага берүү дегенди ыйык парз тутушат. Мисалы, жакыр өлкөлөргө келип заңгыраган мечиттерди куруп берип жатышпайбы. Алар салыктан бошотулат экен. Тескерисинде, бизде чоң кайрымдуулук ишин жасаган адамды финполи- циясы да, прокуратура дагы үстүнөн баса калат. "Бул чоң суммадагы акчаны кайдан алып жатат",деп жүрөгүн түшүрүп, текшерип киришет. Ошон үчүн көбү чочулоо менен унчукпай жүрө беришет. Негизи меценатчылык тууралуу мыйзамга киргизгенден кийин гана өз натыйжасын берет деп ойлойм. Меценаттык өнүксө өнөргө, илим, билимге чоң пайдасы тиймек. Жогорку Кеңештин депутаттарынын арасында чыгармачыл чөйрөдөн барышкан Эгемберди Эрматов, Жылдыз Жолдошова, Каныбек Иманалиев ушул маселени көтөрүп жатышат, жакын арада жыйынтыгы чыгат деп ойлойм. Махабат Болотова, Бишкек шаары: - Маданият кызматкерлеринин айлык акысы марттан баштап көбөйөбү же май айынан баштап көбөйөбү? - Биринчиден, сизди жаз майрамы менен куттуктайм. Маданият кызматкерлеринин айлыгы 1-майдан тартып эки-үч эсе көтөрүлөт. Буга чейин орточо айлык 2307 сом болсо, майдан кийин 6800 сомго көтөрүлүп жатат. Андан сырткары айта кетүүчү нерсе, буга чейин маданияттын бардык тармагында иштегендердин эмгек акысына көп жылдык стажына атайын төлөмдөр кошулбай келген экен, ошого өзүнчө кошулуп жатат. Мындай чоң пайыз менен көтөрүлүшү биринчи жолу болуп жатат. Буга чейин 30 же 50 пайыз болсо, эми 200 пайызга чейин айлыктар көтөрүлүп жатат. Жийде Усупжанова, Ысык-Көл облусу: - Совет мезгилинде өспүрүмдөрдүн убактысын бош калтырбай түркүн ийримдер иштечү эле. Азыр ошондой ийримдерде иштеген кесипкөйлөр барбы, менин да балдарым бар, бош калбаса деп ойлойм, бул тарбиялык мааниси чоң эмеспи, бош жүргөн балдар ар кандай чөйрөгө кабылышы мүмкүн деген ойдон сурап жатам. Сиздер ушул жагына кандай карайсыздар? - Бул боюнча Ысык-Көлдө кандай экенин мен азырынча билбейм, бирок Бишкек шаарындагы бир топ мектептерде ошондой ийримдер иштейт. Мисалы, сүрөт, токуучулук, тикмечилик, комуз ж.б. сабактан кийинки кошумча ийримдер иштеп жатат. Бул абдан жакшы нерсе. Балдар окуудан кийин кызыктуу ийримдерге катышуу менен өзүнө шыктануу алышат. Менин оюмча бул иш-чараны биздин министрлик колго алып, республика боюнча жайылтуу керек. Аны ишке ашыруу үчүн, албетте, биздин төлөмдөрүбүз чектелүү. Бирок, өнөргө кызыккан окуучу балдарга ата-энелери тараптан символдуу түрдө болсо дагы төлөмдөр болуу керек. Таптакыр бекер нерсе көп натыйжа бербей калды. Жеңишбек Самаков, Бишкек шаары: - Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык Мирбек Атабековго окшогон жаш таланттарга берилиши туурабы, менимче дүйнөлүк жазуучунун атындагы сыйлык улуу таланттарга берилиши керек го? - Улуу таланттар деп сиз кимди айтып жатасыз, билбейм, бирок, улуу таланттардын көбү жаш кезинде эле шедеврлерди жаратып коюшат. Тарыхты карасаңыз 40 жаштан кийин көбү андайды жарата алышпайт. Алыкул Осмонов деле 35 жашына чейин эле поэзиянын алпы болуп калбадыбы. Кусейин Эсенкожоев деген фантаст жазуучу 24 жашында фантазиялык укмуш чыгармаларды жаратып коюп кете берген. Ошон үчүн менин айтаарым, аталган сыйлык сөзсүз таланттууларга берилиши керек. Бирок, жашына карабаш керек. Жаштарга өсүүсүнө стимул болуу керек. Ал турсун жаштарга берилгени туура деп ойлойм. Рахматилла Козукеев, Жалал-Абад шаары: - Нурланбек Тургунбекович, саламатсызбы, ден соолуктар жакшыбы? - Саламатчылык, жакшы. - Айылдык клубдар, китепканалар айлык маянасын айыл өкмөттөрүнүн колунан алат, ошондуктан айыл өкмөтүнө көз каранды, алар кимди кааласа ошону кызматка алат, кесибине карабай калган учурлар да болот. Андыктан биздин маданият мекемеси да аларга түздөн түз ишти талап кыла албайт. Ошону толук маданият министринин карамагына өткөрүүгө убакыт келди го дейм, ошондой тартипте болгондо иштин жүрүшүнө толук шарт түзүлөт го деп ойлойм... - Рахмат сунушуңузга. Кудай буюрса ал маселе чечилет. Майдан баштап айылдык жергиликтүүлүгү үчүн өзүнчө, эмгек стажысы өзүнчө төлөнгөндө клуб жетекчиси 7000 сомго жакын айлык алышы мүмкүн. Бул деген айыл жеринде жакшы эле акча. Ошол ишке ашып калса, Кудай буюрса анан кесиптик чеберчилигине, билимине карап тандап алууга чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт. Азыркы айлыгы 1800 сом болгон клуб башчылык орунга эч ким келбей жатат. Ошондо ишти талап кылуу дагы жолго коюлат. Анарбай Райымканов, маданий кызматкер, Жалал-Абад шаары: - Биздин облуста 19 музыкалык мектеп бар. Ага окуучулар аккордеон үйрөнүүгө 45 сом, фортепиано үчүн 85 сом төлөшөт. Айыл жеринде акча деген кыйын, ата-энелерден өтүнүчтөр түшүп жатат, музыканы да бекер эле окутууга мүмүкүнчүлүк барбы? - Биринчиден, "бекердин тузу татыбайт" дегендей сөссүз төлөм болуш керек. Мисалы, 45 сом деген бир ай үчүн өтө эле аз сумма. Таланттуу бала болсо, кааласа ата-эне аны табат. Ал эми бекер болсо анын баркы болбой калып жатпайбы. Бирок, баласы таланттуу болгону менен үй-бүлө шартында жардамга муктаж болуп, төлөөгө такыр мүмкүнчүлүгү жок жетим-жесир же көп бүлөлүү үй-бүлөлөргө жардам кылыш керек. Бул маселени жолго коюу үчүн биздин министрликте пландар, программалар бар, айылдык-музыкалык мектептердин шарттарын оңдоо боюнча иш-чараларды кеңири жайылталы деп жатабыз. Музыкалык аспаптардын тартыштыгын билебиз, ошолорду жаңыртып, жакшыртуу үчүн Жогорку Кеңеш менен Өкмөткө сүйлөшүп, Кудай буюрса, быйылкы жылдын бюджетине жылдагыдан көбүрөөк акча карап жатабыз. Таалай Парпиев, Ала-Бука району: - Биз маданият жана маалымат министрлигинин кеңейтилген отурумунан пенсионерлерди жетекчи кызматтардан четтетүү боюнча айтылганын уктук эле. Биздин райондо жетимиш жаштан ашкан Шакен Жоробекова дагы эле маданият үйүн башкарып келе жатат. Мына маданиятта беш министр алмашты, ошондон бери жазган арызыбыз каралбай жатат. "Кыргыз Туусунун" башкы редакторунун түштүк аймагы боюнча орун басары Төлөнбай Абдразаков да эки жолу келип, клубдун абалы менен таанышып кеткен. Дагы эле маселе чечилбей калууда... - Мен сурооңузга түшүндүм. Ала-Бука районунун бардык тармактары боюнча жакшы билем, айрыкча Шакен Жоробекова эже тууралуу маалыматым жетиштүү. А киши өз учурунда кыргыз маданиятына салымын кошконун да билем. Эженин талантын, жашын сыйлайм. - Аны биз да сыйлайбыз. - Бирок, сиз айткандай биздин министрликтин кеңейтилген отурумунда 65 жаштан өткөн, жетекчилик орунда иштеп жаткан маданият кызматкерлери болсо өз ыктыяры менен орунун бошотуп берүүсүн айткам. Мен Шакен эжеден дагы суранат элем, өз ыктыяры менен ардактуу эс алууга кетет болуу керек. Андай болбосо, эмгек кодекси жол берет, пенсияга кеткендигине байланыштуу министрликтин буйругу менен деле бошотуп коюуга болот. Мындай маселе жакынкы күндөрдө чечилет деп кесе айта алам. Нарын Тургунбек кызы, Бишкек шаары: - Сизге сунуш айтууга болобу? - Албетте болот, айтыңыз. - Министрликтин алдында мурункудай репертуардык рекдакциялык коллегияны түзүү керек. Сиз мааракелерди өткөрүү үчүн бюджеттен 7 миллион сом сурап жаткан турбайсызбы. Ошол мааракеден мурда жогоркудай коллегияны түзсө жакшы болор эле. Илгери маданият министрлигине ошентип акча бөлүнчү. Анан драматургдардын, композиторлордун комиссиядан өткөн мыкты чыгармаларын иргеп мамлекет сатып алып, ошону театрларга, филармонияга сунуш кылып туруу керек. Экинчиден, театр сынчыларынын конкурсун уюштурсаңыздар жакшы болот эле, ар ким өз билгенин эле сахнага коюп алып чыгып жатат. - Сиз айткан репертуардык редакциялык коллегия бизде иштеп жатат. Бирок мүмкүнчүлүгү өтө чектелүү болгондуктан укугун кеңейтебиз. Борборлоштурулган иш-чараларды өткөрүү боюнча 7 мил-лион сом тууралуу сиздин кабарыңыз бар экен, буга чейин министрлик тарабынан бир беткей өткөрүлүп келген болсо, эми рыноктун шартында муну идеялардын, көз караштардын атаандаштыгынын негизинде конкурс менен өткөрөлү деген жакшы тилегибиз бар. Мисалы, Нооруз же Эгемендүүлүк майрамын кантип өткөрүү керек деген сынак жарыяласак, ошого балким Улуттук консерваториянын, же искусство институтунун студенттери утуп алышы мүмкүн. Демейдегиден башка, жаңыча көз карашта өткөрүүгө болот, балким аны 70 жаштагы аксакал утуп алышы мүмкүн. Театр сынчылары тууралуу айта турган болсок, спектаклдерди коёрдон мурун биринчи министрликтин алдындагы атайын көркөм кеңешке коюп, макулдугун алгандан кийин элге тартуулайт. Бул эреже бар, бирок толук иштебей жатат. Кудай буюрса аны өзүнүн багытында иштетебиз. - Көркөм кеңешке ар бир театрдын бирден өкүлдөрүн кошсо демократиялуу болор эле, мурун андай кошулчу эмес. Мурун 9 театр болчу, азыр канча болду экен, билбейм. Театрдыкы өзүнчө, министрликтин өзүнчө көркөм кеңештери иштечү. Дагы бир айта кете турган нерсе мурда театр ишмерлер союзу маданият министрлиги менен бирдикте драматургдардын семинарларын өткөрчү, мамлекеттик заказдар берилчү. Азыр ошол керек. Мисалы, ошондо патриоттук жана улуттар аралык ынтымакка чакыра турган чыгармалар жаралмак. - Театрларда спектаклдер азыр кээде жакын санаалаш театрдын директору же режиссеру менен сүйлөшкөн драматург өз ара сүйлөшүү менен драмасын алып келип койдуруп жаткандыгы чындык. Бирок ал коомго таасир эте турган, руханий эстетикалык тарбиясы бар чыгармабы, же жокпу, ошонун баарын карап туруп руксат берүү керек, бул белгилүү. Сиз айткан атайын семинарларды өткөрүү керек, мисалы, эки жумалык убакыт менен. Ошондо балким идеялардын кагылыштары болмок, ал керек нерсе. Бурулкан Мамаева, Касымалы Баялинов атындагы китепкананын кызматкери: - Мен көп жылдардан бери ушул китепканада иштейм, ардагермин, эми ардагерлерди кыскартат деп жатышат, ошону билейин дедим эле? - Жашыңыз канчада Бурулкан эже? - 65 жаштамын. - Мен өткөн сапар сиздердин жамаатыңыздар менен жолугушканда сиз жок болсоңуз керек. - Анда мен ооруп жаттым эле. - Сиз жетекчилик кызматта болсоңуз 65 жаштан кийин жумуштан четтетилишиңиз мүмкүн болчу. Бирок катардагы кызматкер болсоңуз эч кандай сизге анын тиешеси жок. Бирок, китепканаларда жаштардын ишке келбей жатышы эмгек акынын өтө төмөндүгүнөн болуп келген. Экинчиден, жогорку окуу жайларында китепканачылык боюнча бөлүмдөргө суроо-талап да болбой калган. Эми эмгек акылар жакшырса искусство институту менен сүйлөштүк, билим берүү министрлиги менен биргелешип, атайын китепканачылык боюнча бөлүм ачып, жылыга 15 же 20 студент кабыл алып окутсак, кийин сиздердей улуу муундагылар аларга эстафета кылып ишин тапшырып кетет деп ишенебиз. Ага чейин эч кандай чочулабай иштей бериңиз. - Рахмат, айланайын өмүрлүү бол. Абдраим Көкөев, Ош облусу, Араван району Маңгыт айыл округу, Төлөйкөн айыл башы: - Араван районунун уюшулганына 75 жыл болду ошондон бери маданият тармагында бир да адам мамлекеттик наам албаптыр. Бизде Абдыманап Төрөбеков деген жакшы обончу бар. Мындан 5 жыл мурун анын документерин даярдап "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" - деген наамга сунуш кылып, Ош облусунун губернаторунун биричи орун басары Кушбак Тезекбаевдин колдоосу менен борборго жөнөттүк эле, бирок ошондон бери жооп болгон жок. Ушул маселеге сиз жардам бере аласызбы? Ал обончунун ыры 30 жылдан бери ырдалып келе жатканын эл билет. Мен муну айыл башы катары гана эмес, биздин элдин атынан айтып жатам. - Абдыманап Төрөбеков жакшы обончу, мен аны жакшы билем, 80-жылдарда жакшы ырлардын обондорун жазып элге тарап кеткен. Мисалы, Жолон Мамытовдун сөзүнө жазылган "Микробу жок тоолордун арасынан", "5-Б класста" ж.б. ырларын биз ырдап жүрүп эр жеттик. Бул маселени мен колдойм, бирок, арадан беш жыл өтүптүр, документтерди жаңылап, жибериңиздер, кабарлашыңыздар. Эсен Абдиева, Тууганбай Абдиевдин өмүрлүк жубайы: - Токтогул районунун Саргат айылында залкар акын Тууганбай Абдиевдин аты айылдык клубга эки жыл мурун коюлган. Ал клубдун ремонту жок иштебей турат. Анын ремонтуна маданият министрлиги тарабынан 1,5 млн. сом которулду дешкен, бирок дагы деле клуб талаптагы абалындай эмес. Ушуга көз салып коёсузбу? - Башканы билбейм, бирок Тууганбай Абдиев атындагы маданият үйүнө сөзсүз түрдө өзгөчө көңүл бурулуш керек, ал маданий очок атына жараша заты келишикендей иштеш керек. Бул боюнча мен жеке көзөмөлүмө алам. Азыр бардык маселе каражатка келип такалып жатпайпы, Кудай буюрса, каражат табылып жатат, ремонттор болот. Мырзагүл Ашырбе-кова, ардагер мугалим, Бишкек шаары: - Саламатсызбы уулум, мен эми улуу болгондон кийин ушинтип атай берейин. - Саламатсызбы, рахмат эже, айта бериңиз. - Мен көп окуйм. Эне катары айтаарым өзүң тууралуу окуп жүрөм, жакшынын душманы көп болот, жамандап жазгандарга көңүл бурбай эле кой, аларга бере турган жообуң ишиңдеги ийгилигиң болуу керек. Кызматыңды эл билет, элге кызмат кылып, ишиң алга жүрө берсин. - Рахмат эже, сурооңузду берсеңиз. - Менин бир көйгөйүм, мен адабиятты сүйгөн киши катары китепти көп окуйм. Кален Сыдыкова, Фатима Абдалова, Гүлжамила Шакирова деген кыздардын китептери не деген таланттуу кыздар экенин билдирип турат, ушулар неге мамлекеттик сыйлыктарга илинбейт? Жаштары деле бир топко барып калыптыр, аларга караганда 4 ырды ырдагандар төргө өтүп татыктуубу, татыктуу эмеспи, жогорку наамдарды алып жатышат. Ушул кыздардын эмгектерин да эске алып койсоңуздар, чындыкка түз караган болот элеңер. - Рахмат эже, биринчиден, жакшы каалоо-тилектериңиз үчүн ыраазылык билдирем. Экинчиден, сиз айткан эжекелердин баарын мен да жакшы тааныйм, жазгандарын жакшы билем. Булар эмне үчүн сыйлык-наамдарды албай жүрүшөт, анткени баары ички дүйнөсү бай болгону менен турмушта "кедей-дыйкан" таланттар. Колунда бар болсо, же тааныштарды салса эбак сиз айткандай сыйлыктарды алышмак. Бирок, эми мурункудай эмес, мамлекет тарабынан дагы чыныгы таланттарды калыс баалап, сыйлыктар өз ээсин табат деген ишеничти билдирем. Мамлекеттик сыйлык ыйгарууга реформа керек дегенди мен да колдойм. Темир Дүйшекеев, кинорежиссер : - Кыргыздын атын дүйнөгө дүңгүрөткөн Чыңгыз Айтматов болду эле. Андан кийин эле Төлөмүш Океев менен Болот Шамшиев. Төкөм өтүп кетти, Бокем болсо быйын 70 жашка чыкты. Ошол окуя мамлекеттик деңгээлде белгиленер бекен? - Абдан туура айттыңыз. Алар 80-жылдарда КМШ өлкөлөрүндө дүң болуп, кинодо кыргыз керметин жараткан Болот Шамшиевдин талантына тан бериш керек, дүйнөлүк деңгээлде чыккан талант, кыргыз киноискусствосуна чоң салым кошкон. Анын 12-январда 70 жашка чыкканын мен жакында эле уктум. Бул маселе колго алыныш керек, мамлекеттик деңгээлде маараке өтүү керек, сөзсүз маселе козголот. - Дагы бир суроом бар, мына бул кыргыз академиялык драма театры авангарддык касиетин жоготтубу, төрт жылдан бери ремонт деп ачылбайт? Учурунда бул театрга билет таппай калган күндөр болгон. Көрүүчүлөрүн азыр качырып алды го дейм, качан жаңы спектаклдерди көрө алабыз? - Чынында капиталдык ремонту өтө созулуп кетиптир, быйыл 27-мартта театр күнүндө ремонтун бүтүрүп, ачалы деп аракет кылып жатабыз. Бирок, театрдын ичиндеги кичи залда спектаклдер коюлуп жатат. Сейилкан Аталиева, Жалал-Абад облустук китепканасынын директору: - Бизде облустук маданият техникуму бар, кадрлар жетиштүү. Ал эми райондук, айылдык китепканаларыбыздын 30 пайызы пенсияга чыгып иштеп жатышкандар, кадр маселеси кандай чечилет? - Бул маселе боюнча министрликте иш-чаралар жүрүп жатат. Мен жогоруда да айттым, 65 жаштан өтсө, жетекчи орундарда болсо ишти өткөрүп берүү керек. Бул иш башталды десек да болот. Эң биринчи эмгек акы көтөрүлгөн соң кызматкерлерди тандоо менен да ала турган мүмкүнчүлүктөр болот. Алымкул Таштанов, техникалык тарыхый музейдин директору: - Маданият министрлигинин жертөлөсүндө 40 миңден ашык экспонаты бар техникалык тарыхый музей кулпталып жатат. Анын мурунку турган жайы маданият министрлигинин Чүй көчөсү тарабынан кирген "Маданият" басмасынын катарындагы бөлмөлөр болчу. Аны мурунку бийлик алып коюшкан. Бүгүнкү күндө ХVII кылымдан берки жыйналган сейрек кездешүүчү тарыхый техникалык экспонаттар нымдуу караңгылыкта кыйроо коркунучунда турат. Биз президентке чейин кат жаздык. Мүмкүн болсо ушул музейге өзүнүн жайын кайтарып бердире аласызбы? Өзүңүз келип да көрсөңүз жакшы болот эле. - Бул музейдин мурунку ордун мен көргөн элем. Абдан кызык, өтө бай музей. Мен жакын арада жертөлөгө кирип да көрөйүн, ошого жараша маселени чечип, орун таап бергенге аракет кылабыз. Эсенжан Исаев, Тогуз-Торо райондук искусство мектебинин директору: - Бизде музыкалык аспаптар жетишсиз. Сиздерден 1 аккордеон, 5 комуз бере аласыздарбы деп өтүнөбүз. - Сөзсүз түрдө бөлүп беребиз, кат менен кайрылыңыз. Биз алыскы тоолуу райондордун балдарына ириде көңүл бөлөбүз. Анткени залкарлардын баары элеттен чыккан эмеспи. - Маданият жана маалымат министрлиги болуп түзүлдү, бирок маалымат жагы бизге көмүскөдө калгандай сезилет, бир департамент болобу, ушул жагын билели дедик эле. - Биз бул боюнча Өкмөткө министрликтин жаңы түзүмүнүн алдында сиз айткандай маалымат департаментин түзүүнү сунуштадык, эми ал Премьер-министрдин буйругу менен бекилиш керек. Жакынкы күндөрдө кол коюлат деп турабыз. Ошол маалымат департамент түзүлсө, ошол аркылуу өлкөбүздүн маалыматтык саясатын жөнгө салуу жана шарт түзүү боюнча иш алып барып, жаңы маалыматтык коопсуздук, басма сөз, жалпы эле маалымат каражаттары тууралуу мыйзамдын долбоорлорун иштеп, даярдап, Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттери менен иш алып бара турган бирден бир функционалдык орган болуп түзүлөт. - Маданият тармактарда кыскартуу болобу? - Кыскарып жүрүп ушул абалга түшүп олтурабыз. Эми да кыскартсак маданиятты жок кылып алабыз, тескерисинче көтөрүшүбүз керек. - Айылдык таланттарды колдоо максатында, борбор шаарда концерттери өтүшү үчүн филармониядан аренда акысыз коюуга мүмкүнчүлүк берүүгө жардам кыла аласыздарбы? - Колдоо болот. Былтыркы жылы декабрда айылдык таланттарды колдоо максатында фестиваль өткөргөнбүз. Экинчи фестивалды да уюштурабыз. Алыскы айылдардан келген таланттарды филармония болбосо дагы башка маданий мекемелерде коюуга жардам бере алабыз. Айчүрөк Эралиева, Таш-Көмүр шаары: - Сиз маданият министри болом деп мурун ойлодуңуз беле, экинчиден министр болгондон кийин кандай жаңылыктар менен иш алып барам деп ойлойсуз? - Биринчиден, менде мурда маданият министри болом деген ой болгон эмес, Кудайдын буйругу экен, парламенттик коалициядан сунуш болду. Мен макул болдум, себеби, мурунтан эле мага маданий тармак жакын болчу. "Эркин Тоо" гезитин, ЭлТРди башкарып келдим. Экинчиден, жакшы программаларыбыз бар, аз-аздан баштап иштеп жатабыз, маданият тармагын өстүрүүгө биздин күч-аракетибиз жетет деп ишендире алам. Ашым Бейшеева, Тогуз-Торо району: - Биздин райондун маданият үйүнүн директору кесиби боюнча биолог. Кыял жоругу да биз менен туура келбейт, адамгерчилик мамилеси жок, орой. Тынчтык бербей, асылат. Пенсияга эчак чыккан, маданий иш-чаралар өтпөйт, башка уюмдун иши менен алек, ушуга чара көрүүгө болобу? - Бул боюнча карап көрөлү, териштиребиз. Ысык-Көлдөн Орозбек Калемов деген псевдоним менен чыгып жатканын айтты. Суроолору маалымат департаментинин түзүлүшү, мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруудагы реформа тууралуу болду. Ал суроолорду жогоруда да беришкендиктен жообун гезитке кайталоо болбос үчүн берген жокпуз. Ал эми мамлекеттик тилге маани берилиши тууралуу суроого төмөнкүдөй жооп болду: - 1-февралдан баштап мен министрликте бардык иш кагаздарын мажбурлап кыргыз тилинде жазууну талап кылып жатам. Маданият министрлиги бул жагынан үлгү болуш керек. - Фонограмманы колдонбой эле ырдоону колго алса кандай болот, фонограмма жылдыздары көбөйүп кетти... - Ал боюнча дагы министрликте иш жүрүп жатат. Белгилүү акын Гүлсайра Момунова: - Нурлан, саламатсыңбы айланайын, кыйын учурда ушул кызматка келдиң, ийгилик тилейм, акын катары ыр менен ай- тайын: Эр азамат элиң үчүн кызмат өтөөр убагың, Жигиттик күч, жигериңден айрыбасын Кудайым, Урпагысың улуу элдин, Манас ата-урааның, Бекем карма улуу рух, акыйкаттык куралын, Жандыра көр бүлбүлдөгөн маданият чырагын! - Рахмат, Гүлсайра эже! Сизди, жалпы асылзаада аялзатын келе жаткан 8-март майрамы менен куттуктайм! Бактыгүл ЧОТУРОВА, "Кыргыз Туусу"
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||