"Кыргыз туусу", 25.02.11
  Кошуна

Президентти
мөөнөтүнөн мурда шайлоо -
казакстандыктардын тандоосу
Казакстанда апрелде президентти кезексиз шайлоо болуп өтөт. Мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев
тийиштүү жарлыкка кол койду. Бул чечим - референдумга альтернатива. Мурдараак аны учурдагы мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарын 2020-жылга чейин узартуу үчүн өткөрүү сунуш кылынган.
Казакстандыктардын демилгечилер тобу тарабынан сунушталган жана жалпынын кеңири колдоосуна ээ болгон референдум ойдогудай өтмөк. Аны өткөрүү үчүн өлкөдө бардык зарыл укуктук негиздер бар болчу. Тилекке каршы, Нурсултан Назарбаев өзүнүн иш-аракеттеринде чукул чечимдерди жетекчиликке ала турган саясатчы эмес экендиги анык.
Албетте, президент референдумдун демилгесин көңүл буруусуз калтырмак эмес. Казакстандын эли толугу менен бир беткей анын пайдасына чечмек. Ар бир саясатчы үчүн көпчүлүктүн пикирине көңүл бурбоо - бул эч жакка баспоо дегендик. Бирок, казакстандык лидер эл аралык коомдук пикирди да четке кага алмак эмес.
Ошентип, өлкөдө жөнөкөй эмес саясий кырдаал жаралды. Аны Казакстандын президенти өзүнө тиешелүү саясий тажрыйбасы менен чечип, казакстандык оппозициядан тышкары бардыгын ынандыра ала турган калыс чечим кабыл алынды.
Белгилеп кетерибиз, Нурсултан Назарбаевдин оппоненттери үчүн окуялардын өнүгүшүнүн мүмкүнчүлүктүү сценарийлеринин ичинен кайсынысы болсо да саясий упай алып келмек. Эгерде референдум өткөрүлсө - атаандаш партиялар мамлекет башчысын демократиялык эмес шайлоосу, өздөрүнүн тепселген укуктары жөнүндө айтууга мүмкүнчүлүк алышмак. Бирок эң башкысы, шайлоону өткөрбөө чечими кезектеги жеңилүү мүмкүнчүлүгүнөн куткарды. Себеби, чындыгында республикада Нурсултан Назарбаевге татыктуу атаандашуучу бир дагы саясий ишмер жок эмеспи.
Азыр маселе шайлоонун пайдасына чечилген учурда да, оппозиция кайрадан сын үчүн шылтоо тапты. Тактап айтканда "сөз шайлоого даярдык көрүүгө болгону үч ай гана убакыт берилгендиктен, мамлекет башчысын кезексиз шайлоо альтернативанын негизде өтө тургандыктан, Казакстандын коомчулугун кезектеги алдоо жөнүндө жүрүүдө".
Ошентип, шылтоого шынаа табылыптыр. Электорат менен ишти шайлоо жарышынын мезгилинде гана эмес, ошондой эле "сезон аралыгында" деле жүргүзүүнүн зарылдыгын ар бир сергек ой жүгүрткөн саясатчы түшүнөт. Казакстанда бул мезгилде болгону бийликтин "Нур Отан" элдик демократиялык партиясы гана активдүүлүктү көрсөттү. Өткөн жылдагы бийликтин жергиликтүү мыйзам чыгаруу органдарына өткөрүлгөн шайлоо оппозициянын пассивдүү позициясынын ачык үлгүсүнөн болуп калды. Анда партиялар тарабынан 54 талапкер сунуш кылынган, алардын экөө гана "Нур Отанга" тиешелүү эмес болчу, дагы 93 талапкер өзүн-өзү көрсөткөндөрдүн статусун алышты. Макул болуңуз, атаандаш партиялар бийлик үчүн күрөшкүлөрү келбей жатса, бийликтин талапкерлерге кысым көрсөтүүсү тууралуу айтуу да ыңгайсыз эмеспи.
Парламент жөнүндө да ушуну эле айтууга болот. Алдыда Мажилиске шайлоо - даярдангыла! Активдүү партиялык ишмерчилик деген кайда?
Президент тарабынан кабыл алынган калыс чечим өлкөнүн парламентине жана маслихатына, ошондой эле 2012-жылга дайындалган президенттин кызматына шайлоо өнөктүктөрүнүн мөөнөттөрүн кайра белгилейт. Бул чечим ошондой эле кызыкдар коомдук жана саясий түзүмдөргө шайлоо алдындагы күрөшкө жана электорат менен иштөөгө кылдат даярданууга шарт түзөт. Ар бир шайлоочу чечим кабыл алууга терең ой жүгүртүү менен гана бара алат.
Өз кезегинде оппозиция "курч" түшүндүрмөдөн четте кала албастыгы айкын. Араб өлкөлөрүндөгү акыркы окуялар казакстандык лидерди ойлонууга мажбур кылды деп да айтып жүрүшөт. Мына ошондуктан да, кезексиз шайлоо өнөктүгүн өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынган дешүүдө. Тилекке каршы, эксперттер муну жөнсүз салыштыруу деп эсептешет. Казакстандын президентинин референдумдан баш тартуусу Египеттеги окуяларга эч кандай байланышы жок.
Биринчиден, аны өткөрүү идеясы Казакстанда Жакынкы Чыгыштагы революциялар башталганча пайда болгон. Демек, мөөнөтүнөн мурда шайлоо - талкуулардын мыйзам ченемдүү жыйынтыгы. Экинчиден, Казакстандын президенти абдан таанымал жана бул өлкөдө саясий жана экономикалык кырдаал туруктуу. Евросоюздун Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Пьер Морелдин пикири - кандайдыр бир параллелдерди мисалга келтирүү туура эмес болуп калат. Казакстанда абал такыр башкача. Мамлекет башчысы элдин ишенимине ээ. Ага референдумду жактаган 5 миллион адамдын колдору күбү (бул шайлоочулардын басымдуу көпчүлүгү).
Социологиялык изилдөөлөр көрсөткөндөй, 2010-жылдын жыйынтыгында президентке калктын ишениминин рейтинги 96,7 пайызды түзгөн. Мында казакстандыктардын 93,5 пайызы мамлекет башчысынын бардык учурдагы ишмердигине оң бааларын берген.
Президенттин өзү түзүлгөн кырдаалды Конституциянын ыйыктыгына демократиянын тарыхый сабагы иретинде кароо керектигин айтты.
- Өлкөнүн жогорку кызыкчылыгын жетекчиликке алып, мен референдумду өткөрбөө тууралуу чечим кабыл алдым. Менин ыйгарым укугумдун дээрлик эки жылга кыскара турганына карабастан, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону өткөрүү сунушун киргизем, - деди Нурсултан Назарбаев.
Казакстандын президенти азыркы дүйнөдөгү күрдөөлдүү жагдайды эске алып, элди биригүүгө жана бүтүндүккө чакырган бирден-бир туура жолду тандады. Өлкөнү каржы жаатындагы каатчылык кубулуштары коштогон татаал мезгилдин сыноосуна моюн бурбастан, ал өзүнүн саясий майдандагы чечиминин өтөөсүнө ачык түрдө чыгууга даяр экенин тастыктоодо.
Токтогул КУРМАНОВ





Мара жакын, алапкерлер иргелүүдө
3-апрелде Казакстанда кезексиз Президенттик шайлоо өтөт.
Бул тууралуу Президент Нурсултан Назарбаев 3-февралда жарлыкка кол койгон. Эске сала кетсек, 31-январда мамлекет башчысы Казакстан Республикасынын Конституциялык кеңеши 2011-жылдын 14-январында Парламент кабылдаган,
Туңгуч Президент - Эл башчынын Президенттик ыйгарым укугун референдум аркылуу узартуу мүмкүнчүлүгүн
караштырган Казакстан Республикасынын Конституциясына өзгөртүү менен толуктоо киргизүү тууралуу Мыйзамды
Конституцияга ылайык эмес деп тапкандыгына байланыштуу, Казакстан калкына үндөө менен кайрылган. Президент үндөөдө Президенттик ыйгарым укугун 2020-жылдын
6-декабрына чейин узартуу жөнүндөгү референдумду өткөрбөө тууралуу чечим кабылдаганын, мөөнөтүнөн мурда Президент шайлоосун өткөрүү тууралуу Парламентке сунуш киргизе турганын айткан.


Казакстан Президентин шайлоо тууралуу жарлык чыккан соң, бул өнөктүккө даярдык кызуу башталып кетти. Республикадагы партиялар, коомдук уюмдар өздөрүнүн чогулуштарын чакырып, шайлоого кандай тартип менен барарын талкуулашты. 11-февралда "Нур Отан" калктык-демократиялык партиясынын" кезектеги ХІІІIII съезди өтүп, делегаттар бир ооздон азыркы Президент Н. Назарбаевдин талапкердигин сунушташты. "Саясий күрөш катуу атаандаштыкты жаратат. Атаандаштык партияны чыңдайт, өзүнө-өзү корстон болууга же бошоңдукка жол бербейт. Бирок, биздин Көз карандысыздыгыбызды бекемдөөдө жана элдин байманалуулугуна жетишүүдө Казакстандагы бардык партиялар чогуу болууга тийиш. Бул жалпы дүйнөлүк салт. Атаандаштыкка үйрөнүү зарыл, ошондо гана демократия өнүгөт. Менин Президенттигиме гана эмес, ошону менен бирге биздин элибизге деген ишеним тарыхый актыга айлануу үчүн мен шайлоо өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алдым. Бул шайлоонун эркин жана адил болушу үчүн биз колдон келгендин бардыгын жасайбыз", - деди Н. Назарбаев съездде.
Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 20-февралда шайлоого катышууга сунуш билдирген талапкерлердин документтерин алууну аяктады. БШКнын маалыматтарына таянсак, мамлекет башчысынын кызматын ээлөөгө үмүттөнүп, барлыгы болуп 22 адам арыз берген. Алардын арасынан төрт талапкерди партиялар, коомдук бирикмелер сунуштады.
Атап айтканда, азыркы Президент Нурсултан Назарбаевди "Нур Отан" Элдик-Демократиялык партиясы, Жамбыл Ахметбековду Казакстан коммунисттик элдик партиясы, Курмангазы Рахметовду "Желтоксон" республикалык элдик-патриоттук кыймылы" республикалык коомдук бирикмеси, Гани Касымовду "Казакстан патриоттору" партиясы сунуштады.
Калган 18 талапкер - Салим Өтен, Уалихан Кайсаров, Мусагали Дуамбеков, Амантай ажы Асылбек, Канат Есжанов, Канат Турагелдиев, Зауре Масина, Советказы Нурсила, Толыбай Баймурзин, Гүлдана Токбаева, Майя Карамаева, Адалбек Кунанбаев, Мэлс Елеусизов, Мейрамкүл Кожагулова, Жаксыбай Базылбаев, Мурат Телибеков, Биржан Дилмагамбет жана Серик Сапаргали өзүн-өзү сунуштагандар.
Борбордук шайлоо комиссиясы арыз бергендердин ичинен лингвистикалык комиссиянын сыноосунан өткөн, зарыл документтердин бардыгын топтоп тапшырган Нурсултан Назарбаевди 18-февралда Казакстан Республикасынын Президенттигине талапкер иретинде расмий түрдө каттады. Нурсултан Назарбаевди колдоп, республиканын 14 облусунан, Астана жана Алматы шаарларынан 717 миң 340 шайлоочунун колу топтолгон.
БШКнын соңку маалыматына ылайык, Салим Өтен, Мусагали Дуамбеков, Гүлдана Токбаева, Мэлс Елеусизов, Гани Касымов, Жамбыл Ахметбеков, Канат Турагелдиев, Курмангазы Рахметов, Жаксыбай Базилбаев, Серик Сапаргали Президенттикке талапкерлердин мамлекеттик тилди эркин өздөштүргөндүгүн аныктоо жөнүндөгү лингвистикалык комиссиянын сыноосунан ойдогудай өтүшүп, учурда өздөрүн жактагандардын колдорун жыйноо менен алектенүүдө.
Талапкерлер Уалихан Кайсаров, Канат Есжанов, Толыбай Баймурзин, Майя Карамаева жана Адалбек Кунанбаев мамлекеттик тил боюнча сынактан өтө алышпады. Ушуга байланыштуу БШК бул жарандарды Президенттикке талапкер иретинде катталууга уруксат берген жок. Зауре Масина 15-февралда жана Советказы Нурсила 17- февралда өз талапкерликтерин алып таштады. Амантай ажы Асылбек, Мейрамкүл Кожагулова жана Мурат Телибеков лингвистикалык комиссиянын отурумуна экзамен тапшырууга келбегендиктерине, Биржан Дилмагамбет сынак тапшыруудан баш тарткандыгына байланыштуу талапкердиктен четтетилди.
Лингвистикалык комиссиянын сыноосунан өткөн талапкерлер 2-мартка чейин Президенттикке талапкер иретинде катталуу үчүн зарыл документтерин БШКга тапшыруусу тийиш. Борбордук шайлоо комиссиясы кабылдаган токтомго ылайык, Казакстан Республикасынын Президенттигине талапкерди колдогон 91 миң 10 адамдын колу ырасталып, тастыкталышы керек. Кол топтоону талапкерлердин ишеним билдирген адамдары жүргүзөт. Кол жыйноочу топтордун жана андагы адамдардын саны чектелбейт. БШК ар бир талапкерди жетишерлик өлчөмдө кол коюлуучу атайын барактар менен камсыздаган.
Толтурулган кол коюу барактары аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылат, алар беш күндүн ичинде колдордун ырастыгын паспорт кызматкерлеринин катышуусу менен текшерип, тиешелүү протоколду түзөт жана аны БШКга жиберет. Жарандардын 91 миң 10 колу ырасталса, калганы текшерилбейт.
Президенттикке талапкерлерди каттоо 2-мартта аяктайт. Шайлоо алдындагы үгүттөө өнөктүгү 3-мартта башталып, 1-апрелде аяктайт.
Казакстан Республикасынын Президентин конституциялык мыйзамга ылайык жалпыга бирдей, тең жана түз шайлоо укугу негизинде республиканын эресеге толгон жарандары жашырын добуш берүү аркылуу беш жыл мөөнөткө шайлайт. Республика Президенти болуп, туулганынан республика жараны болуп табыла турган, кырк жашка толгон, мамлекеттик тилди эркин өздөштүргөн жана Казакстанда соңку он беш жылда жашаган республика жараны шайлана алат.
Казакстан Президентин шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөөгө чет өлкөлүк 850дөн ашуун байкоочу көз салмакчы. Чет элдик байкоочуларды каттоо 7-февралда башталган, ал 28-мартта аяктамакчы.
Назарбек БАЙЖИГИТОВ,
"Кыргыз Туусу"