"Кыргыз туусу", 25.02.11 Сактанганды сактайт
Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы Жамааттардын өнүгүүсүн колдоо программасынын коомдук фонду (Ага Хан Фондунун демилгеси) долбоордук изилдөө жүргүзүп, изилдөөнүн жүрүшүндө таңкалыштуу натыйжага күбө болгон. Көрсө жаратылыш апааттарынын айынан кырсыкка кабылгандардын санынын көп болгондугунун себеби, калктын бейкапарлыгынан келип чыгыптыр.
Жергебиздин географиялык жайгашышы, анын өзгөчөлүгү жана геологиялык түзүлүшү сейсмоопурталдуу болгондугу баарыбызга белгилүү. Жергебизде көчкү, сел, жана башка табигый кырсыктар бат-баттан болуп, көп жоготуу алып келүүдө.
2010-жылдын күзүндөгү DIPECHO VI долбоорунун алкагындагы "Кыргызстан жана Тажикстан республикаларындагы бийик тоолуу райондордогу табигый кырсыкка кириптер коомчулукка көмөктөшүү" аттуу изилдөөдө Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жашоочулар өзгөчө кырдаалда эмне кылуу керектиги жана мындай учурда
даярдануунун негизги амалдарын жакшы билбегени дайын болду. Муну сурамжылоо учурундагы 153 жашоочулардын 67пайыз жер кыртышына байланышкан кырсыктар тагдырга жазылгандык деп жооп берип, буга эч кандай арга жардам болбойт деген ойлорун айтышкан. Ал эми 74пайыз адам кырсыктын алдын алуу жоопкерчилиги жергиликтүү бийликтин иши деген ишенимде.
Тоодогу жергиликтүү калкты аталган табигый кырсыктарга каршы мыктылап даярдаш үчүн ушул жылдын 16-январдан 16-март аралыгында Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу 17 айылда "Табигый кырсыкты жергиликтүү деңгээлде комплекстүү башкаруу" боюнча тренингдер өтүүдө. Тренингге жергиликтүү органдардын өкүлдөрү КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмүнүн башчысы, айыл округунун өзгөчө кырдаалдар боюнча адистери, айыл уюмдарынын мүчөлөрү жана айыл жашоочулары катышты. Алар үч күн аралыгында кырсык болушу мүмкүн болгон жерлерди талдап, өзгөчө кырдаалды мисалдап көрсөтүп жана андан арылуу жолдорун жасашат. Ошондой эле үй жана башка курулуштарды салуу үчүн жерди кантип тандаш керектигин, кырсык болсо аны болтурбоонун план-схемасын түзүшөт. Тренингдин формасы "САМР Ала-Тоо" коомдук фонду тарабынан түзүлүп, иштелип чыккан.
Чоң-Алай районунун Жекенди айыл округунун өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси Эгемберди Галовдун сөзү боюнча: "Тренингдердин салмактуу натыйжасы - айылдагы табигый опурталдуу жерлердин карта-схемага түшүрүлүшү болду".
- Биз опурталдуу жерде жашап жатканыбызды күнүмдүктүн шарданында элес деле албайбыз. Анын алдын алыш үчүн эч кандай аракет да кылбайбыз. Ал эми кырсыктаганда күнөөлүүлөрдү издеп калабыз, - дейт Чоң-Алай районунун Карамык айылынын дарыгери Алмаз Самиев.
Кырсыктардын алдын алуу жана анын кесепетин азайтуу боюнча тренингдер, ошондой эле Ош облусунун Чоң-Алай районунун мектептеринин жана бакчаларынын имараттарынын инженердик изилдөө иштери DIPECHO VI долбоорунун алкагындагы - "Кыргызстан жана Тажикстан республикаларындагы алыскы бийик тоолуу райондордогу стихиялык кырсыкка жакын коомчулукка көмөктөшүү" "Эм Эс Ди Эс Пи Кей Джи" коомдук фонду (Ага Хан Фондунун демилгеси) жана Жарандык Коомду Коргоо жана Көмөктөшүү Европалык Комиссиянын департаментинин (ЕСНО), финансылык колдоосунун аркасында "ФОКУС Гуманитардык Жардам" (Тажикстанда), Кыргыз Республикасындагы Ага Хан Фонду аркылуу өтүүдө. Долбоордун негизги максаты - жергиликтүү коомчулуктун жана мекемелердин табигый кырсыктарга каршы жардамы - ыкчам аракет кылуу кадамы жана кырсыктын кесепетин азайтууга аракеттенүү.
Мавлюда ЖАПАРОВА