"Кыргыз туусу", 25.02.11
  Көйгөй

Ак-Талаа: жарылган үйлөр, үмүт кредиттери...
Кыргыз Республикасынын ордо калаасынан алыс орун алган аймактарынын катарына Ак-Талаа району кирет. Бишкек шаарынан райондун борбору Баетов айылы 430 чакырым аралыкта турса, райондун айрым айылдарына баруу үчүн дагы 80-90 чакырым жол жүрүүгө туура келет. Айтор, чап болгон Ак-Талаа жергесинде, жергиликтүү кыргыздар чалкайып берекелүү тиричиликтерин кылдыратышууда. Бирок байкалбаган бир катар жетишпегендиктерден да түпкүрлүктөр кур эмес экен.

Райондогу Кызыл-Белес айыл округу бир гана айылдан турат. Ал айыл ыраматылык союз
маалында Жогорку Май деп аталчу эле. Кийин Кадыраалы атка конгон. Райондун түндүк-чыгыш тарабынан эң четки жерде орун алган аталган айылга өр талашкан жол менен барасың. Айыл округдун жооптуу катчысы Шейшенаалы Максүтов мырзанын айтымында айылда 310 тү-түн үй-бүлө бар. Тоо бооруна сылай жайгашкан айылдагы башкы көйгөйдүн көйгөйү тамдардын үстөкө-босток жарылуусу болуп чыкты.
- 2010-жылы 10-июлда айылдык деңгээлде жыйын болуп, райондук алкактагы атайын топ курам түзүлүп, алар аркылуу бир нече күн иликтөө иштер жасалды. Натыйжада 15 үй жашоого жараксыз деп табылды. 32 там эки-үч жеринен, 48 турак-жай бир-эки жеринен жарылгандыгы айкындалды. Айыл боюнча мамлекет тарабынан берилүүчү каражаттан булардан мурдакыларынан 17 үй-бүлө 50 миң сомдон алышты. Учурда жогорудагы 15 жана дагы кошумча 10 тамдын документтери топтолуп жөнөтүлдү, - дейт жооптуу катчы. Баарлашуудан улам тамдардын жарылуусунун башкы себеби, жер алдынан көтөрүлгөн суу экендигин эшиттик. Көрсө айылдын каптал алкымдары тоо булактарына бай келип, жыйынтыгында кышкысын булак суулары тоңгондуктан, жогору карай тээп чыкканы чыккан. Эң кызыгы да, эң кейиштүүсү да, жашоого жараксыз деп табылган береги 15 үйдүн айрымдары кечээ эле 1996-жылдары салынгандар экен. Демек кадыраалылыктар ар бир 15-20 жылда кайрадан там салууга кириптерленишет. Маселе өңүтү белгилүү болгондуктан, тиешелүү адистер айылдын бет маң-дайындагы кургак жерден там са-лууга 32 гектар жерди сунушташкан. Бирок желкелери тырышкан айылдыктар ал жактан үй курууга баргылары келе беришпегендиктери бир катар айылдыктар менен масилеттешүүдө ачыкка чыкты. Айыл округдун адиси Өмүрбек Байбугуев кепке келип, жагдайды мындайча сыпаттады: "Чынында аркы өйүзгө там салганга көпчүлүк ынабай жатат. Башкы себеп баякы эле туулуп-өскөн аймактан алыстабоо деген көндүм көрүнүш. Биз ушул түшүнүктөн арыла албай жатабыз".
- Мына сиз үйдү 1995-жылы салыптырсыз. 15 жылда жарыла баштаган экен. Эми мамлекеттен акча алып, там салдыңыз дейли. Бирок 2025-жылы жарыла баштаса, кайрадан үй салууга туура келет. Биз билгенден мамлекет бир үй-бүлөгө бир гана жолу жардам берет. Анда кантип үй курасыз? - деп Өмүрбек мырзага собол узатсак: "Эми, анда дагы эл көргөндү көрөбүз да", - дейт. Бирок маектешибиз кургак жерден үй курууга ниети бар экендигин жашырган жок. Демек Өмүрбектей бир нече жарандар белсенип, бир аз алысыраак жерден там сала башташса, негизги көйгөй чечилчүдөй. Ооба, алар убактылуу кыйынчылыкка кабылышаары бештен белгилүү. Суудан, балдары мектептен кыйналышаар. Бирок ар 15 жылда там салуу түйшүгүнөн кутулушат эмеспи.
Ак-Талаа районундагы мындай көйгөй Кара-Бүргөн айылында да кездешет. "Жамандаба" суусунун жээгинде орун алган аталган айыл адырлуу коктунун дал таманында жайгашкан. Жыйынтыгы ойдуңдагы айылдын мүлдө 500 түтүн эли үйлөрдүн жарылууларын баштарынан кечиришүүдө. Тургундардын айтымдарында 500 түтүндүн дээрлик 200 үй-бүлөсү 50 миң, айрымдары 200 миң сомдон мамлекеттен жардам алышкан.
"Бирок айыл округдун мурунку жетекчилери тарабынан каражатка документ топтоо вазыйпасы ачык-айкындуулукта жүргүзүлгөн жок, бирдей шартта жарылган тамдардын бирине акча берилип, экинчисине берилбеди, бир кошуна алып, жанындагысы албады", - дешет карабүргөндүктөрдүн бизге жолугуп кобурашкандары. Түпкүрдөгү тургундардын кийинки үмүттөрү айыл чарбасына болгон мамиле. Күйүүчү-майлоочу майлардын кымбатташы, насыялардын үстөгүнүн жогорулугу.
"Өкмөт быйыл жер айдоого, эгин өстүрүүгө, айтор элеттиктерге 9 пайыз менен акча бергени калганына кудайга тобо деп жатабыз. Бирок ошону баякы эле шылуундар, баякы эле колунда барлар, баякы эле алдым-жуттумдар алып кетпесе болду. Андай болсо элдин үмүтү кайрадан сууйт", - деп сөз арасында сырларын айтат ошол эле карабүргөндүктөр. Элеттиктердин айтымдарында эл өзү менен өздөрү тиричилик арабасын кылдыратышууда. Болгону айрым чиеленген маселелерди бийлик аткарып берсе болду. Маселен, Ак-Чий айылынын тургундары эрезеге жеткен балдары үчүн там салууга Кара-Коо деген жерден жер кестирип берүүнү айтышса, Жаңы-Тилек айылындагылар эмгек акыларына бийик тоолуу коэффициент берилбегендиктерине муңайым. Көрсө, жергиликтүү жарандардын айтымдарында Ак-Чий айылында там салууга жер жоктугунан жаштар аргасыз журт которуп жатышса, Ак-Чий айылына тутумдаш жайгашып, алар менен бирдей эле шартта, бирдей эле абалда турган жаңытилектиктер 50 пайыздык кошумча төлөөдөн куру жалак калышууда.
Ак-Талаа районундагы бир катар айылдарда болгондогу сапарларда үчүнчү бир байкалган абал бул жайыттардын тымызын талаштарынын калкып чыгышы болду. Кеп төркүнүнө келсек, Ак-Чий жана Кара-Суу айыл округдарында "Баба-Чал", Кара-Бүргөн менен Коңорчок айыл округдарында "Айгыр-Булак", "Кум-Бел" жайлоолору арабөк абалда калгандыгы эшитилди. Демек жергиликтүү бийликтин бирден бир жоопкерчилиги дал ушул маңыздуу маселеде экендиги айтпаса да белгилүү. "Эсиң барда этегиңди жап" демекчи, эртеңки күнү төрт түлүк мал күтүрөп көбөйөөрү анык. Ошондо жайыт талаш маселеси эр азаматтардын баштарын канжыгага байлатпаган жагдайга алып барбас үчүн азыртадан чекит коюлушу абзел.
Күмөндөр УСУПТЕГИН,
"Кыргыз Туусу"






  Адам жана мыйзам

Түн жамынган ырайымсыз канкор
Талас шаарындагы Пушкин көчөсүндөгү № 8 үй өткөн жылы 7-июнь түнү өрткө чулганды. Коңшулардын айрымдары ал үйгө жете барганда үйдүн ичиндеги үй ээси 70 жаштагы Тамара Ивановна Агееванын коридордо канга боёлгон денеси, кандын тактары, бычак, таш жатыптыр.
Тамара Агеева үйдө жалгыз жашап, адамдарга үстөк пайыз менен акча берип күн өткөрүп жүрчү. Бирок жалгыз бой, улгайган адамдарга бул иш өтө опурталдуу экенин анчалык аңдачу эмес. "Коңшулардын баары менен мамилем жакшы эч ким менен касташпасам, мага ким жамандык кылмак эле" деп ойлочу. Ошол акчанын айынан ал өмүрү ырайымсыздык, мыкаачылык менен кыйылаарын, болгондо да тааныш адамдын колунан ажал табаарын кайдан билсин. Ал кечки тамагын ичип, үй тириликтери менен алпурушуп жатканда телефону чырылдады. Түнүндө балким ал бейтааныш адамга эшикти ачуудан коркмок беле, бирок ал тааныштарынын бири болгондуктан эшикти ачты.

Канкор капыстан кол салды
Ал эшикти ачып жатып, өмүрүнүн соңку мүнөттөрү өтүп жатканын, ошол тааныш адам ажал болуп келээрин билген жок.
Ал байкабай сыртка чыгып дарбазаны ачып, кайра үйүнө кадам шилтегенде тигил неме дарбазанын эшигин ичинен кулптай салып, өзү ала келген таш менен башка 3-4 жолу урганда эс учун жоготуп жерге кулаган. Жан далбас менен түндү жара ачуу кыйкыра баштады.
Кылмышкер болсо анын түн жаңырткан ачуу кыйкырыгын бирөөлөр угуп калбасын деп, оозун алаканы менен басты. Анан улгайган адамдын үнү чыкпай калгандан кийин үйдүн ичине кирип, далбастап акча издеп, үй ичин бир топко сапырды. Ал Тамара Ивановнада акча көп деп ойлоп, оңой олжого батам деп ойлогон. Бирок эч нерсе колуна илинбеген соң, жини кайнап чыкты. Бир оокумда Тамара Ивановнага телефон чалып, сыртка чакырып чыкканын эстей коюп, номерим жазылып калды деп анын 1500 сомдук "Нокиа-1100" үлгүсүндөгү уюлдук телефонун чөнтөгүнө салды. Ал жерде жаткан адамдын жанынан өтүп баратканда Тамара Ивановна: "Мелис, за что?" деп үнүн алсыз чыгарды. Ай аттиң, мени таанып калган турбайбы, эртең шорум кайнайт турбайбы деп каракчы үйгө кирип, ашканадан бычакты алып чыкты. Канкор кудум эле кой мууздап жаткандай Тамара Агееванын башын жерден көтөрүп, өтө ырайымсыздык менен мууздап салды. Кызыл өңгөчүнөн мууздалган аял канга чылана коркурап заматта жан берди. Мал мууздаганда деле анча-мынча адамдар карай албай жүзүн буруп кетишет го. Кылмышкер ушунчалык мыкаачы окшойт, анда кымындай да аёо сезими болгон жок.
Заматта бейкүнөө адамга ажал болуп кирген канкор Тамара Ивановнанын өлгөн денесин үйдүн ичине сүйрөп кирип, ширенке жандырып, үйдү өрттөдү.
Өрттү, өлүктү көргөн коңшулар тез жардам, милиция, өрт өчүрүүчүлөргө телефон чалышты.

Оперлер изине түшкөндө
Оперлер кылмыштын бетин ачууда бир топ түйшүк тартышты. Ар кандай версиялардын үстүндө иштешти. Маркумдун телефону кандуу окуя болгон жерден жок болгондугу да өзүнчө "улика" болду.
Күбө Саматбек уулу Алтынбек соттук кароодогу тергөөдө берген көрсөтмөсүн бекемдеди. 2010-жылдын 12-июнь күнү болжолу саат 17.00 чамасында Талас шаарындагы И.Сарыгулов көчөсүндө жайгашкан "Көктөм" соода борборунун тушунда уюлдук телефондорго бирдик жүктөгөн жайда иштеген таекеси Нурбек экөө отурса, жашы 30-32 чамасындагы адам келип, телефон сатам деп соодалашып, 300 сомго алганбыз деген көрсөтмө берди. Ал 1980-жылы туулган Талас шаарынын тургуну Мелис Турдуевич Үмөталиевди таанып тастыктады. Анын көрсөтмөсүн дагы бир күбө Нурбек Шаршембаев да бекемдеп, Мелис Үмөталиевди таанып, андан уюлдук телефонду сатып алышканын мойнуна коюп берди.
Сотто буюм далилдери каралып, ошондой эле криминалисттик, соттук биологиялык, соттук медициналык экспертизалардын негизинде Мелис Үмөталиевдин кандуу мыкаачылык кылмышы далилденди. Мыкаачы канкор сотто Тамара Ивановнанын үч күн мурда акча сураса бербей койгондугун айтып, ачуусу келип, ошондуктан ачууланып кылмыш жасагандыгын мойнуна алды. Жасаган кандуу кылмышы үчүн өкүнөрүн билдирди.

Сот өкүмү
Кандуу окуя тууралуу кылмыш ишти Талас шаарынын судьясы Б.Т.Сагынбаев карады. Канкор кылмышкер 25 жылга эркинен ажыратылып, үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу өкүм угузулду.
Ошондой эле соттун өкүмү боюнча кылмышкердин келтирилген материалдык зыяны үчүн жабырлануучу катары табылган Талас шаардык мэриясынын өкүлү М.Айдаралиевдин пайдасына 224981 сом өндүрмөй болду.

Соңку сөз ордуна
Турмушта жалгыз бой жашап, үстөк үчүн акча берип, тиричилик жасап жүрүп, канкор кылмышкерлердин курмандыгы болгон учурлар Талас шаарында мурда да болгон.
Талас өрөөнүнө гана эмес, республикага белгилүү журналист, жазуучу Виктор Ксендзов да мындан бир нече жыл мурда Талас шаарындагы азыркы драмтеатрдын тушундагы эки кабаттуу үйлөрдүн биринде жалгыз жашачу. Ал да адамдарга үстөк акча берип тиричилик жасаган.
Күндөрдүн биринде каргаша болуп, ал да өз кардарларынын биринин кандуу колунан мы-
каачылык менен ажал тапкан. Демек, акчаларды үстөк менен берүү аркылуу алектенген адамдар ар дайым этият, сак болуусу абзел.
Козубек иманкулов,
"Кыргыз Туусу"