"Кыргыз туусу", 25.02.11
  Адабият

Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун ономастикасы
("Тоолор кулаганда" же "Кайып колукту"
романынын айрым материалына таянып)
Ч.Айтматовдун чыгармаларын изилдөө боюнча таанымал жана таланттуу адабиятчылар: К.Асаналиевдин, Г.Гачевдин, А.Акматалиевдин, Л.Үкүбаеванын, Б.Сардарбековдун, А.Кадырмамбетованын пикирлерине караганда, залкар жазуучу учурундагы көйгөйлүү маселелерди адабият айдыңына алып чыгууга дайыма аракет жасаган түйшүкчүл, түшүнүгү терең жана кенен, кеменгер жана залкар инсан болгон.

Адамзатты түйшөлткөн дүй- нөлүк, глобалдуу проблемаларды ортого салууда Ч.Айтматов өз эмгектеринде, анын максаттуу оюн ачып берүүдө Чыгыш элдериндеги салттуу жана жөрөлгөлүү ономастикалык бирдиктерди (аталыштарды) чыгармачылыкта жалгаштыра пайдаланган. Мындай көрүнүштү сынчы-адабиятчылар көпчүлүк учурда байкаган эмес, айрым учурларда андай жагдайга көңүл деле бурушпаган. Мына ушундан улам болсо керек жазуучунун поэтикалык ономастикасы ушул кезге чейин анын бул же тигил чыгармасынын контекстинде атайын изилдөөгө алына элек. Себеби айрым ада-биятчылардын түшүнүгү популисттик денотацияга негизделген. Чакан макалабыздагы биздин максатыбыз - аталган романдын ономастикасына парасаттуу кыскача ой жүгүртүү.
Бул романдын ономастикасы көп жагдайлуу, ошол эле учурда чыгарманын мазмуну менен айкалышкан, терең сырдуу категория.
Чыгармадагы баш каармандардын бири - Жаабарс. Анын жаныбарлык жашоо тагдыры экологиялык жактан өтө татаал жана өзгөчө катаал, зоологиялык феномен.
Аталган чыгармада Жаабарска (мына ушундай энчилүү атка) мындайча мүнөздөмө берилет: "Ошон үчүн ал ак илбирс деп аталчу. Ал эми бийик тоолук жырткычтар жөнүндө илимде - кабылан тукумундагы, мышыктар түркүмүнө кирген теңир-тоолук ак илбирстер деп аталат. Аларга жолборстор да кирет. Жергиликтүү калк арасында болсо мындай жырткычтар жаабарс (илбирс -жаанын жебеси) деп аташат, анын жаратылышына бул ат көбүрөөк туура келет - секиргенде ал чын эле жаанын огу сымал тез жана шамдагай. Аны "кар кечкен илбирс" деп да коюшат, белчесинен кар кечип жүрүүчү деген мааниде... Бул дагы чындыкка дал келет... Башка жандыктар тоодогу кар күрткүлөрүнүн туткуну болбос үчүн жол издешет, ал болсо күчтүү! - бет алган жагынан кайтпайт"... (287-6.).
Бул мүнөздөмө-сүрөттөө, ономастикалык бирдик чыгарманын сюжеттик илимий жана элдик түшүнүктөр менен ой жүгүртүүлөрдү айкалыштыра жаадай болгон жаратылыш жаныбары - Жаабарс деп анын атын таамай атаганга негиз болуп турат. Мындан Ч.Айтматовдун аналитикалык, ономастикалык, ийкемдүү ой жүгүртүүсүн сезебиз.
Экинчи мисал, поэтикалык-мифологиялык топоним (же топонимикалык аталыш) - Теңир-Тоо. Бийик тоолордун эң бийиги, эң керемети, каардуусу жана кардуу бороон тыным албаган, жакындап киши бара албаган аймак - Жаабарстандын мекени.
Мындай топонимдик-оронимдик аталышка жазуучу түшүндүрмө берген эмес. Элдик түшүнүккө жана көркөм тексттин маңызына ылайык бул асман мелжиген меридианда өмүр сүргөн жаныбарлар да, адамдар да жашоо образы, мүнөзү боюнча өзгөчө көп катмардуу.
Жазуучу аны окурмандардын менчик ой жүгүртүүсүнө, акыл туюмуна калтырса керек.
Ушул аймакты (Теңир-Тоону) мекендегендер - теңир-тоолуктар, демек, адамдар - алардын энчилүү аттары -антропонимдер. Сөз болуп жаткан эмгекте кишилердин ысымдары көп кырдуу жана ар түрдүү. Алардын арасынан биз бир антропонимге - чыгармадагы ойго өзөктөш Арсен Саманчинге ой жүгүртүүнү эп көрөбүз. Ушуга жакын антропоним жазуучунун "Саманчынын жолу" чыгармасында чыгарманын аты катары учурайт. Мындай айтылыш, аталыш Чыгыш элдеринде (анын ичинде кыргыздарда) Ч.Айтматовдо галактикалык улуу жибек жолу катары каралган. Ошондон улам (жөн жерден эле эмес) ушул антропоним аркылуу кардиналдуу, глобалдуу мазмун багыты берилген болсо керек деген ойдобуз.
Азыркы кезде шаар ичинде олуттуу окуялар, геосаясий, маданий бизнес шоу сыяктуу көрүнүштөр өтө турган жерлер -мейманканалар, ресторандар. Ошолордун бири "Евразия" деген ресторан. Бул жерде, текст боюнча "убакытты шаан-шөкөттү өткөрүүгө алы жеткен эл, дал ушул жерге, эмен сейил багынын четиндеги эң көрүнүктүү, азыркылар айткандай элиталык - ак сөөктөр үчүн, албетте, эң кымбат ресторан, токсонунчу жылдардын сүймөнчүгү евро стилинде жасалгаланган, модалуу" (298-6.) имарат. Мындай энчилүү ат учурдун - Европа менен Азиянын дүйнөлүк алкакта орун алып жаткандыгынан жар салат. Ч.Айтматов бул же тигил объектке (денотатка) ат берүүдө учурдагы жагдайды да эсепке алып, баа берип жатат. Демек, жазуучу чыгармасына, анын мазмунуна энчилүү аталыштарды атоодо чыгармачылыкта, жоопкерчиликте аракеттенгендигин баамдайбыз. Мындай көрүнүш-ономастикалык мамиле жазуучуга, анын дээрлик көпчүлүк чыгармаларына мейкиндик менен мезгилдин ажырагыс биримдигинен жаралган, жайгашкан мүнөздүү көрүнүштөй сезим калтырат.
Көркөм тексттин өзөгүнө жалгашып, чырмалып турган аталыштардын (оронимдердин) жана ашуунун бири - Үзөнгүлөш. Ага жазуучунун мүнөздөмөсү: "...Демек, сиздин кафедра - тоолор экен да. Чынында эле, - жылмайды англичан айым, - силердин чартарабыңар тоолор. Тигине алыста кандай тоо кыркалары көрүнүп турат!
- Аныңыз туура, биз тоолуу өлкө эмеспизби. Бирок мен туулган тоолор эң алыскы жана эң бийик тоолор, ошондуктан алар Үзөнгүлөш деп аталат, башкача айтканда, булар чокулар - асман тиреген үзөңгүлөр.
- Кандай кооз. Мага бул сүрөттөлүш абдан жакты. Англис тилинде - stirrup тоолор десе да болот.
- Кандай керемет! Кыргызча бул стиррап тоо! Үзөңгү тоолор" (319-6.).
Үзөңгүлөш, демек, жашоодо (алыска сапар тартканда) бири экинчисин ар дайыма колдойт, сүрөйт, жөлөйт. Ошондуктан аларда тубөлүктүү деген идея берилип жатат. Бүгүнкү турмушубузда да Тянь-Шань тоо кыркаларында Үзөңгү-Кууш деген аталышты кезиктиребиз.
Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы ономастикалык аталыштарга (бирдиктерге) ой жүгүртүү үчүн, сөзсүз, анын жаратып жаткан эмгегинин экоборборун, мазмунун билүү зарыл, ошол себептен улам залкар жазуучунун чыгармасындагы ар бир энчилүү аталыш автордун терең, кенен талдоосунан өтүп, анан жаралган энчилүү аталыштар - ономастикалык архитектура жана өзөктүк тектоника болуп саналат.
Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында, адабияттык аталыштарында жөнөкөй адамдар (атайын, кунт коюп, саресеп салып) байкабаган Чыгыштын терең ономастикалык маданияты, ошол залкар маданияттын системасы орун алган.
Залкар жазуучунун Шумер мамлекети, маданияты, тили, анын түрк-монгол ааламына таасири, байланышы, катышы жөнүндө кеңири маалыматы болсо керек. Өз кезегинде бул Ч.Айтматовдун жалпы ономастикалык түшүнүгүнүн калыптанышына, бара-бара кеңейишине, түптөлүшүнө таасир эткен.
Шералы ЖАПАРОВ, ономаст,
Нурбек КАЗЫЕВ, ономаст




Эл жазуучусу Кадыркул Өмүркулов 70 жашта
Жакында "Кыргыз Республикасынын жазуучулары" деген маалымдама китебин барактап олтурсам, далай замандаштарым, калемдештерим, досторум кинотасмага окшоп көз алдыман өттү, кылык-жоруктары эске түштү. Ар кимиси адабиятка, көркөм өнөргө жана маданиятка ак дилден эмгектенишип, улуттук рухий маданиятка өз салымдарын кошкон инсандар. Алардын көбү эми улуу муун аталып калды. Өмүр дегениң - сымап сымал жылт этме көз ирмем, колдон төгүлсө уч-кыйыры жок, үзүрү жок тура. Кээ бир таланттардын атын ушул китептен гана окуп, таанып калдык. Айрымдарын деле унуткарып бараткандайбыз. Эмне үчүн өзүбүздүн замандаш жөнүндө жылуу, калыс алкоо сөздү учурунда айтпадык экен, неге эскерип жазбадык экен деген кеч болсо да бушаймандык бар менде.

Өмүр бедери
Замандаш, бурадар, өз досторубуз жөнүндөгү кепти баш аман кезинде, тирүүбүздө бири-бирибизге айта жүрөлүчү. А өмүр дегениң булуттай жылып билинбей, зымырап өткөн кинотасма экен.
Ал эми кинотасманын да, өмүрдүн да эмне экенин, түйшүгүн, барк-баасын киносценарист, жазуучу Кадыркул Өмүркулов бизден жакшы билет. Ал бүгүн 70 жашка чыгыптыр. Мен анын өмүрүн, эмгегин кыйла эле байкап калдым, Кудайга шүгүр, 45 жыл болду, биздин ымалалаш, достошконубузга. Кадыр анда 25 жаштагы күлгүн курагы эле, Москвадагы киносценаристтердин институтун бүтүп келип, Мамлекеттик кинодо адис болуп иштеп жүрүптүр. Ошондон бери биздин курбулук, жаншериктигибиз үзүлбөдү, буга сыймыктанабыз.
Акын Нуркамал Жетикашкаева менен жазуучу Касымалы Жантөшевдин үй-бүлөсүндө өсүп, тарбияланып калгандыгынан Кадыркул маданият, адабият, өнөр чөйрөсүндөгү адамдар жана асыл дүйнөсү менен эрте таанышкан.
Кадыркул бой тарткандан баштап өз өмүрүнүн сценарийинин автору, тактап айтканда, адам өмүрүн кандай тарбиялап, кантип жашап, канчалык эмгек жасоосу керектигин эрте түшүнгөн, дээринен өзүн даярдаган. Эне ордуна көргөн акын эжесинин, ата ордуна көргөн жазуучунун өмүрү, эмгектери жана насааттары үлгү болгон. Жаш курагында эле "өз тагдырымды өзүм гана кура алам" деген ынанымга жетишкен. Шаардык бала жаштайынан заводдо темир уста-чогултуучу болуп иштеди. Адабиятка, киного кызыкты. Басма сөзгө кабар жаза баштады. Жыйырма жашында Москвадагы Бүткүл Союздук кинематографисттер институтуна конкурстан жеңип, сценаристтик окууга өтүп, ийгиликтүү бүтүрүп келди. Ал учурда республикада атайын кино адис болуп келген адам жок болчу.
Институтту бүтүп жатканда Кадыркул "Бакайдын жайыты" фильмине алгач киносценарийди жазышты. Таланттуу режиссер менен таланттуу сценаристтин фильми союздук, бүткүл дүйнөлүк кино өнөрүнө, кыргыздарга атак, сыймык алып келди.
Анан Кадыркулга сыйлыктар келе баштады, кино өнөрүнүн эшиги кеңири ачылды.
Ал кыргыз жана дүйнөлүк кино ышкыбоздорго эрте таанылды.
ЁЁЁ
Кадыр да эл, жерди кыдырып, замандаштарынан көбүрөөк дүнүйөнү тааныды. Ал Советтер Союзу учурунда Басма сөздөгү жаңылык агенттигинде (АПН) он жылдан ашуун кыргыз бөлүмүнүн өз кабарчысы жана башчысы болуп иштегендиктен, Ата журттун булуң-бурчтарында түнөп-конуп жүрүп, нечендеген адамдар менен жолугушту. Мекендин кооздугу, таланттуу инсандары жөнүндө сыймыктануу менен чет элдик басмаларга кыргызды тааныткан көркөм эссе, очерк, публицистикалык ой толгоолорду жазып турду. Ага жер жүзүн кыдырганга ыңгайлуу шарт ачылды. Кадыркул ар бир чет өлкөдөн келгенде саякаты жөнүндө басма сөзгө бизге үлгү болор, таалим алар очерктерди жарыялады. Чет элдин тарыхы, жорук-жосуну, маданияты жөнүндө жеке жолукканда масилет курар элек. Скандинавия өлкөлөрү жөнүндөгү Кадыркулдун кызыктуу аңгемелери отуз жыл өтсө да алиге жадыман кете элек. Кадыркулдун Кыргызстан жана улуу инсандары жөнүндөгү бир нече чет тилинде чыккан китептери кол тамгасы менен китеп текчемде турат.
Кыргыз баласы дагы эле Ала-Тоонун кокту-колотунда, шар суунун боюнда жашагандай көрүнөт мага. Табияттын адамга жуккан зери жана кусуру болорун элибиз туярмандыгынан улам илгертен эле билишкен да. Чүй өрөөнүндөгү Жыламыш да башка коктуларга окшош, барсаң ичи кенен, ажайып кооз жер. Кадыркулдун айылы нака Жыламыш суусунун боюнда. Кадыркулдун аркасынан нечен жолу Жыламышты бойлодук, каткырып-күлүп, чер жазып жыргадык.
Элибизде бирөөлөр башкалардан мурда аты чыгып, журтка төбөсү көрүнүп калса, аны эл ичинде "Мунун жашаган жеринин, суусунун касиети болсо керек" деп жоруйт эмеспи. Чынында жаратылыш жарыктык адамдын рухуна, суруна жана ден соолугуна дейре таасири тиет окшобойбу. Кооз жерибизди асырап, таза кармап сыйынуу ар бирибиздин парзыбыз. Ошондуктан Жыламыштан илгертен атактуу адамдар бекеринен чыкпаса керек. Кадыркулдун таякелери кыргызга белгилүү Жангарач манаптын тукумунан. Эр тайын тартат дейт эмеспи, Кадыркулдун элге, табиятка, бийликке, мансапка жана жөнөкөй адамдарга жасаган сый-сыпатында-каадалуу, сыр билги, сыйкор, чынчыл, кесипкер, эмгекчил.
Кадыркул 45 жылдык чыгармачылык өмүрүндө окурмандар сүйүп окуган улуттук маанилүү маселелерди, түйшүктү козгогон, идеясы терең, ойго бай мыкты повесттерди, аңгемелерди жазды. Анын сценарийи боюнча "Ак куулар конгон айдың көл", "Каныбек", "Эски тегирмен", "Жер касиети", "Кербез", "Акжолтой", "Бурма" ж.б. көркөм жана даректүү кинофильмдер тартылды. Республикалык жана эл аралык сыйлыктарга ээ болду.
Кадыркул ата-эненин көзү өткөн соң, Касымалы Жантөшевдин "Каныбек" романын басмадан чыга-рууга, киного экрандаштырууга, жазуучунун мааракесин Ысык-Көлдө өткөрүүгө, эстелигин коюуга, Нуркамал Жетикашкаеванын китебин чыгарууга, ысымын мектепке ыйгарууга жандили менен киришип, уулдук парзын жасады. Бул кимге болсун сабак эле.
ЁЁЁ
Биз эми шаардан мурдагыдан
да жакыныраак, кошуна болуп жашап калдык. Мен анын эртелеп дарс окуганы баратканын көрүп каламын. Ал азыр Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде "радио, теле көрсөтүү жана кино" кафедрасынын башчысы, профессор. Эл жазуучусу дагы эле жигит кезиндей зирек, келбеттүү, омоктуу, токтоо басып баратат. Жетимишке келген досума "Жараткан Теңир колдой көр, узак жашап, өмүрдүн рахатын көрсүн" деп ичимден тилек кылып, кутмаарек айтып коёлук.

Кеңеш ЖУСУПОВ,
Кыргыз эл жазуучусу