"Кыргыз туусу", 25.02.11 Дубандардан эмне кеп?
Чүй
Алп акынды эскеришти
Кара-Балта шаар башчысы Оомат Казакбаевдин демилгеси менен кыргыздын алп акыны Турар Кожомбердиевди эскерүү кечеси өткөрүлдү. Кечеге акындын бир туугандары, калемдештери, Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөлөрү чогулушту. Ага катышкандар акындын өмүрү жана чыгармачылык жолуна токтолуу менен ага арналган ырларды окуп беришти. Үстүбүздөгү жылы акынга 70 жыл толот. Ошого байланыштуу бул кечеде акындын мааракесин өткөрүү, анын атындагы сыйлыктарды белгилөө ж.б. иш-чаралар боюнча кең-кесири сөз болду.

Кароосуз калгандар үйү ачылды
Селсаяктар тагдырдын оор сыноосуна кабылып, иштеген иштен, үй-жайдан ажырап, таштандылардан оокат издеп, ар кай жерде түнөк таап, оор турмушту баштан кечирип келишет. Мындай адамдар өнүккөн өлкөлөрдө атайын көзөмөлгө алынып, ар кандай жардамдар берилип, камкордукка алынып келет. Акыркы мезгилде мындай жакшы саамалыктар Кыргызстанда жаралып келет.
Мисалы, Жайыл райондук социалдык жактан коргоо бөлүмүнүн башчысы Асылбек Байманкоевдин демилгеси менен бул бөлүмдүн эски имаратын толук ремонттон өткөрүп, көчөдө калган селсаяктар үчүн баш калкалоо үйүнө айландырылды.

"Ыр дүйнө" китеби жарык көрдү
Кара-Балта шаар башкармалыгынын алдында уюшулган "Багыт" борбору облустун 20 жылдыгына карата 20 автордон турган "Ыр дүйнө" китебин чыгарды. Жыйнакка жалаң гана ырлар эмес, аңгеме, поэма, сатира, юмор, пародиялардан, кол өнөрчүлүк, мүнүшкөрлүк, элдик дарыгерлик боюнча макалалар, Кара-Балта шаарынын тарыхынан, ошондой эле жаштарды адеп-ахлакка, ыймандуулукка, мекенчилдикке тарбиялоо боюнча да материалдар киргизилди.

Болот ЖУМАГУЛОВ





  Баткен

Максаттын маселеси качан чечилет?
Баткен обладминистрациясынын басма сөз кызматы маалымдагандай Лейлек районунун Максат айылынын окуучулары тажик айылдарын аралап 10 км. алыстагы мектепке барып окушат. Бул тууралуу аталган башталгыч мектептин директору Махмуда Эшанкулова билдирди.
М.Эшанкулованын айтымында, Максат айылы Тажикстан менен чек араны бекемдөө максатында 1993-жылы жер тилкелери бөлүнүп берилип, эл көчүрүлүп, үйлөр курула баштаган. Ошол жылдары мамлекеттик бюджеттин эсебинен 60 үйдүн имараты тургузулуп, эл отурукташкан. Ошондон улам балдар үчүн мектеп куруу муктаждыгы пайда болгондуктан, 2008-жылы 3 гектар жер ажыратылып берилип, ГТЦ долбоорунун алкагында 6 класстык бөлмөлүү башталгыч мектептин имараты курулуп, пайдаланууга берилген. Максат айылындагы мектеп Кулунду айыл округундагы Интернационал айылында жайгашкан Кыргызстандын 40 жылдыгы атындагы орто мектебинин филиалы катары иш жүргүзүүдө. Максат айылынан Интернационал айылына чейинки аралык 10 км.ди түзөт.
Учурда мектепте 1-класс, 3-класс, 1-4-карлик тибиндеги класстары жана 5- класс ачылган. Аталган мектепте 56 окуучуга 6 мугалим билим, тарбия берүүдө.
Ал эми 6-класстан баштап окуучулар Интернационал айылындагы Кыргызстандын 40 жылдыгы атындагы орто мектебине Тажикстандын чек арасы аркылуу өтүп барып окушат. "Бул, албетте, коркунучтуу, бирок айла жок. Балдарыбыз билим алгысы келет", - дейт мектептин директору М.Эшанкулова.

Энергетика көз карандылыгы жоюлат
"Айгүл-Таш-Самат" электр линиясын куруу иштери кызуу жүрүүдө", -дейт Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы.
Долбоордун курулуш иштеринин жүрүшү боюнча "Ошэлектр" ААКсынын директорунун орун басары Марат Райымалиев менен Баткен облусунун губернатору Арзыбек Бурканов жолугушту.
Жолугушууда Баткен облусунун Лейлек районун, Сүлүктү шаарын электр энергиясы менен камсыз кылуучу "Айгүл-Таш-Самат" долбоорунун ийгиликтүү ишке ашырылышы элди кошуна өлкөлөргө көз карандысыз, сапаттуу электр менен камсыздоо боюнча шарттарды түзүүгө, чакан жана орто бизнестин өнүгүүсүнө кеңири мүмкүнчүлүк берет,-деди Баткен облусунун губернатору Арзыбек Бурканов.
Марат Райымалиевдин берген маалыматына ылайык, учурда долбоордун жалпы көлөмүнүн 35 пайыз иштери бүткөрүлүп, жумуш кызуу жүрүүдө. "Долбоор Ислам өнүктүрүү банкынан -11,44 млн. АКШ доллар, "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКсынын каражаттарынын эсебинен 0,832 млн. АКШ долларга каржыланып, жалпы баасы 12,272 млн. АКШ долларын түзөт. Долбоордун курулушу толугу менен 2011-жылдын октябрь айында бүткөрүлөт", - деп кошумчалады М.Райымалиев.
Эскерте кетсек, Баткен облусунун аймагындагы Лейлек району жана Сүлүктү шаарынын электр керектөөчүлөрүнүн тажик энергетика тутумуна көз каранды болбоого мүмкүнчүлүк берүү жана электр энергияны үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында "Айгүл-Таш-Самат" жогорку чыңалуудагы 110 кВ. электр линиясын куруу иштери өткөн жылы март айында башталган.

Техникалар жаңылоого өтө муктаж
Баткен облусунда жазгы талаа иштери башка аймактарга салыштырмалуу эрте башталат. Баткен облусунун губернатору Арзыбек Буркановдун айтымында, бул үчүн дыйкандарга Өкмөт тарабынан убада кылынган кредиттердин тез арада берилүүсүн тездетүүнү облус дыйкандары жергиликтүү бийликтен талап кылууда. 2-3 жылдан бери аба-ырайынын жаанчыл келип жатканы дыйкандардын эгин аянттарын көбүрөөк айдоого түрткү берүүдө. Бирок, ошол эле учурда жазгы талаа иштерине дизелдик майды, үрөндү жана жер семирткичтерди камсыз кылуу үчүн дыйкандарыбызга Өкмөт тарабынан убада кылынган кредиттерди тез арада беришибиз керек. Аймактардагы туруктуулуктун сакталышы дыйкандардын жазгы талаа иштериндеги керектөөсүн камсыз кылууга байланыштуу болот. Экономикалык маселелердин чечилиши эл арасындагы ар кандай нааразычылыктардын болуусуна жол бербейт.

"Кайрагач-Жаңы-Жер" электр линиясын тартуу зарыл
Лейлек районунун акиминин милдетин аткаруучу Н.Сайдуллаевдин берген маалыматына ылайык, райондун энергетикалык көз карандысыздыгын толук чечүү үчүн 40 километрди түзгөн "Кайрагач-Жаңы-Жер" 110 волттуу электр линиясын тартуу өтө зарыл.
Анын айтымында, Лейлек районуна электр энергиясын алып келүү боюнча курулушу кызуу жүрүп жаткан "Айгүл-Таш-Самат " жогорку чыңалуудагы электр линиясы Сүлүктү шаарына чейин гана электр энергияны камсыз кылат. Ошондуктан, "Айгүл-Таш-Самат" жогорку чыңалуудагы электр линиясынын курулушу менен Лейлек районунун көз карандысыз электр энергиясы менен камсыз болуусу чечилбейт.
- Лейлек районунун төмөнкү аймагында 11 миң калк жашаган Жаңы-Жер айыл округу электр энергиясы боюнча Тажикстанга көз каранды бойдон кала берет. Андыктан, 40 километрди түзгөн "Кайрагач-Жаңы-Жер" 110 волттуу электр линиясын тартуу өтө зарыл, - дейт Н.Сайдуллаев.
Гүлчехра ТАЖИБАЕВА




Ата Журт алкагында
Авиакеросин ташууда алакчылык токтотулат
АКШнын "Манас" аба майданындагы Транзиттик жүк ташуучу борборуна авиакеросинди түз ташуу тууралуу мыйзамдын долбоорун парламент депутаттары биринчи окууда кабыл алышты. Былтыр күйүүчү май куюучу "Манас" мамлекеттик ишканасы түзүлүп, Орусиянын "Газпромнефть-Аэро" ишканасы менен биргеликте АКШ базасына күйүүчү май ташуу келишимине кол коюшкан. Бул ишти аткаруу үчүн кыргыз-орус биргелешкен ишканасы да түзүлгөн. Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун айтымында, биргелешкен ишкананын 51 пайызы орустардыкы, 49 пайызы кыргыз тараптыкы болот. Былтыр 7-апрелде бийлик алмашкандан кийин АКШ базасын күйүүчү май менен камсыздоо иштеринде чоң коррупция бар экени айтылып, кылмыш иши козголгон. Көптөгөн талаш-тартыштан кийин АКШ тарап кыргыз тарапка авиакеросиндин 50 пайызын камсыздоо укугун берүүгө макул болгон. Мындай ишмердүүлүктүн натыйжасында өлкө бюджетине жылына 50-60 миллион долларга жакын акча түшөрү болжонууда.

Улуттук валютанын сапаты жогору
2010-жылы республиканын аймагында 328 жасалма акча банкноттору аныкталгандыгын КРнын улуттук банкынын төрагасынын орун басары Заир Чокоев билдирди. "Өткөн жылы Россияда 109 миң 18 жасалма банкноттор аныкталган, ал эми бизде 328и аныкталган. Бул Кыргызстандын улуттук валютасынын сапаты жогорулугун, аны жасоо кыйынга тураарын, коопсуздугу жогору экендигин аныктайт",- деди З. Чокоев. Ал 2009-жылы 555, 2007-жылы 144 жасалма улуттук банкноттор алынгандыгын белгиледи. Мындан тышкары бул багытта Башкы прокуратура тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгын айтты. Эскерте кетүүчү нерсе, былтыр 200, 500, 1000 сомдук номиналдагы купюралар жаңыланган.

Жаңы коллекциялык тыйындар чыгарылат
"2011- жылдын аягында Кыргызстандын улуттук банкы жаңы коллекциялык тыйындарды чыгарат", - деди КРнын улуттук банкынын төрагасынын орун басары Заир Чокоев. Маалыматка караганда Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына карата 2011-жылдын аягында Улуттук банк Хантеңир жана Жеңиш чокулары чагылдырылган коллекциялык тыйындарды чыгарууга даярдык көрүүдө.

Салык кызматкерин атып кетишти
23-февраль күнү саат 19 чамасында Ноокат райондук салык инспекциясынын кызматкери Сагынбай Алимбаевди белгисиз бирөөлөр атып кетишкен. Окуя Ош-Ноокат жолунун Е.Махмутов айыл өкмөтүнүн аймагында болгон. Кылмышкерлер салык инспекторун башына жана көкүрөгүнө үч ирет атышкан. Маркумдун сөөгү өзүнүн 66-67Е мамлекеттик номерлүү жеке менчик автомашинасынын ичинде табылган. Азырынча бул окуя боюнча кылмыш иши козголгон менен кылмышкерлер табыла элек.

Тасма талкууланууда
Бишкектеги бир катар жогорку окуу жайларда жана телеканалдарда таланттуу жаш режиссер Нурбек Эгендин "Манастын төрөлүшүн утурлап" аттуу тасмасы көрсөтүлүп, талкууга алынууда. Талкуу 28-февралга чейин уланат. "Манас - бул менимче, тарых менен келечекти бириктирип турган, Манастын өзүндө айтылгандай жакшы менен жаманды топтоп турган чоң күч. Манас төрөлүш үчүн дагы бир аз убакыт бар деп эсептейм. Менин оюмча, азыркыдай абал дагы өөрчүйт, Кыргызстанда эле эмес, бүткүл дүйнө жүзүндө. Анан биздин жаңы Манасыбыз туңгуюктан кыргыз элин эле алып чыгабы, же дүйнө элин алып чыгабы, бул дагы келечектин маселеси",- дейт режиссер.

Мектептерде евангелдештирүү жүргүзүлүп жатат
Кыргызстандын, өзгөчө Бишкек шаары менен Чүй облусунун мектептеринде окуучуларды евангелдештирүү аракеттери жүргүзүлүп жатканын депутат Каныбек Осмоналиев билдирди. Депутаттын маалыматына ылайык, аталган аймактардагы кыргыз мектептеринде жумасына бир ирет атайын миссионерлер "Закон Божий" деген темада сабак өтүшөт. Ал тургай алардын лицензиясы да бар. "Эгер биз мындай көрүнүштү ооздуктабасак, анда 5-10 жылдан кийин ич ара бөлүнбөстөн эле мусулман, евангелист болуп бөлүшүп, жаштарыбызды жоготуп алабыз. Бул боюнча тез арада чара көрүү керек. Билим берүү министрлиги эмне кылып жүрөт?"- деди К. Осмоналиев.




  Аалам алкагында

Кыргыз жарандары такталууда
Тышкы иштер министрлиги учурда элдик толкундоолор уланып жаткан Ливия жана Йеменде кыргыз жарандарынын санын тактоо иштерин жүргүзүүдө. Сауд Аравиясындагы Кыргыз Республикасынын элчилиги Ливиянын борбору Триполи шаарында кыргыз студенттери окуп жатканын аныктап, учурда алардын санын тактоо жана коопсуздук чараларын көрүү максатында +96612293272, +966567013464 телефон линиясын ачты. Ал эми Йеменде алдын ала маалыматтар боюнча 12-15 чакты кыргыз жарандары бар.

Аскерлер оппозиция тарапка өтүүдө
Ливиянын оппозициясы чыгыш шаарларын көзөмөлдөп калды. Өлкөнүн жарымын ээлеген Киренаика аймагында көтөрүлгөн эл Тобруктан Бенгази шаарына чейинки тилкени көзөмөлдөп тургандыгы, алар тарапка өкмөттүк аскерлер өтүп жатканы кабарланууда. Каддафинин колдоочулары Триполини кармап турат. Баш калаада ок атышуунун добушу угулууда. Каддафинин аз сандаган колдоочулары жол башчынын чакырыгы менен көчөгө чыгышты. Ливиянын өкмөтү толкундоолор башталгандан бери 300 киши каза болгондугун билдирди, бирок Адам укуктарынын эл аралык федерациясы бул сан аз дегенде 640 экендигин айтууда. АКШнын президенти Барак Обама Ливия армиясынын карапайым элге күч колдонушун айыптаган билдирүү жасады. Мунун алдында Мамкатчы Хиллари Клинтон Ливиянын өкмөтү жоопко тартыла тургандыгын эскерткен.

Маалымат булактары боюнча даярдаган
Дайырбек МЕЙМАНОВ, "Кыргыз Туусу"