газета "Кыргыз туусу" на кыргызском языке • №15, 25.02.11. • "Кыргыз туусу гезити, кыргызча... •






Уюшкан кылмыштуу топтун 80 мүчөсү кармалды
Бул тууралуу КРнын Президенти Роза
Отунбаева Кыргыз мамлекеттик юридикалык академияда өткөн конференцияда билдирди. Конференция "Укуктук аң-сезимди көтөрүү жана жаштарга укуктук тарбия берүүнүн контексинде кылмыштуулук менен күрөшүү" аттуу темага арналды.
Жакында өткөн Коргоо кеңе-
шинин жыйынында талкууланган башкы маселе да уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү тууралуу болгон. Бул иш-чаралар катардагы утурумдук өнөктүктүн бирине айланып калбашы керек. "Учурда уюшулган кылмыштуу топтун 80 мүчөсү кармалды. Азыр кылмыштуу топтордун "авторитеттери" иликтенип, изделип жатат. Тилекке каршы, булар биздин бүгүнкү коомубузда атактуу актёрлор менен белгилүү саясатчылар сыяктуу эле кабыл алынып калды. Эми аларды издеп таап, камакка алуу иштери тынымсыз жүрүп, күнү-түнү менен токтогон жок, " - деп билдирди Президент Роза Отунбаева.
- Биз революциялык кырдаалдарды баштан өткөрдүк, - деп сөзүн улады Президент. - Мындай жагдайларда кылмыштуулуктун күч алышына ого бетер ыңгайлуу шарттар түзүлөрү турган иш. Кылмыштуулук биздин турмушубуздун бардык катмарына тамырлап кирип кеткенин мындан билсе болот. Айталы, Жумгал, Ысык-Көл аймактарында кылмыштуу топтун өкүлдөрү жетекчилик органдарга чейин жетүүгө аракеттери күч болууда. Алар райкеңештерге, айыл өкмөттөрүнө кирүүгө умтулушкан. Кылмыштуулук жалпы коомду, айрыкча бизнести муунтуп келүүдө. Атүгүл, мектептерге чейин өз таасирлерин тайманбай көрсөткөндөрү бүгүн эле пайда боло калган жок. Рейдерлик, рэкетчилик күч алды.
(Уландысы 4-бетте)