"Кыргыз туусу", 22.02.11
  Көрөңгө-көйгөй

Ар бир үй-бүлөнүн
мураскору сенин колуңда - мугалим
Мектеп -социалдык институт
Мектеп - социалдык институт, ал социалдык заказды аткарууга тийиш. Ошону менен бирге мектеп - мамлекеттик мекеме, ал өз ишин мамлекеттин заказын аткаруу менен чагылдырат. Ал эми мектептин продуктусу - бала (инсан).
Коомдо саясий кырдаалдын
улам өзгөрүп турушу мектеп жашоосун катуу деформациялады. Мектеп көркөм адабий маңызда "бала термелүүчү алтын бешик" сыяктанат. Суроо туулат:
- Бүгүнкү күндө мектепте баланын баёо сезимин сергитип, жүрөгүн балага арнаган, аруу тилектүү мугалим кулачын жайып, тосуп турабы?
- Мугалимдин 45 мүнөтүнүн канчасы баланын жан дүйнөсүнөн түнөк тапкыдай, керемет мазмундуу болду экен?
- Мугалимдин жанын үрөп сабакка изденгенге колунда кошумча кызыктуу адабияты барбы?
- Жогорудагы "заказчылар" мугалимдин эмгегине пропорционалдуу эмгек акы камсыз кыла алыштыбы?
Албетте, экономикалык тартыштык мугалимдин жашоосун жара тилип, өз кесибинин далай устаттарын рыноктун кемесине салып, алып кетти. Ал эми мектепте бир аз гана өз кесибин сүйгөндөр жана да ден соолугу же үй-бүлөлүк шарты рынокко ылайык келбегендер, жаш балалуулар, кары- картаңдар же студенттер толуктап кала берди.
Ошол педагогикалык курам менен замандын жүгүн аркалап, мектептин бүткүл чарбачылыгына каржы сураган мектеп администра-
циясы көкүрөгүн тосуп, "корруп-ционер" болуп чыга келди. Мамлекет бир нече жылдан бери мектептин "кармалып" турушуна каражат карай албай келе жатканын көпчүлүк биле беришпейт, чындыгында ата-энелер мамлекетке кошумча болуп мектепти кармап келишет. Ошондуктан мектепке тиешелүү финансылык бардык статьяларга караганда мамлекет тарабынан каржыланышына мезгил келсе гана деген үмүт турат. Ошондо гана ата-эненин мектепке берген жардамы баласын окуткан мугалимге түздөн-түз кошумча айлык болмок.
Айлыгы да, моралдык статусу да аз…
Мындан мурун мектептин азыркы акыбалындай каңырык түтөткөн мезгил боло электир. Ал гана турсун мугалимдер "жеп-ичкич" атка конуп, ыксыз абал түзүлдү. Бул мезгилге чейин авторитардык системада мындай каржылоо жөнүндө мектеп жетекчилиги айтып жеткире албай келишти.
Ал гана турсун мугалимдин
айлыгы өзүнө жамаатташ медиктерден, айрым пенсионерлерден аз болсо да, эч ким, жада калса мугалимдер өзүбүз да үн чыгарбай келдик. Бул биздин кемчилик беле, билбейм. Чындыгында кошомат эмес, мамлекет башына демокра-тияны түшүнгөн адамдар келгенден улам арыз муң айтыла баштады. Мугалимдердин жашоосуна "боору ооругандар" бир аз пайда болду, бул, албетте, актуалдуу маселе. Мугалимдердин айлык акысын көтөрүү маселеси күн тартибинде тургандыгын азыркы Президентибиз Роза Отунбаева мугалимдердин майрамындагы жолугушуусунда мойнуна алып, "Мен уялып турам, урматтуу эже-агайлар!" - деп чоң адамгерчилик сөзү менен жолугушууну баштаган.
Эми Президентибизден биз уялып турабыз, мамлекетибизде өкмөтүбүз топтолгончо мугалимдер жолго чыгып калдык. "Айтыла турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле", - дегендей болоор иш болду. Менин айтайын деген оюм төмөндөгүдөй, мугалимдердин айлыгы бир кыйла жолдор менен көтөрүлүп, материалдык, моралдык колдоолор керек. Албетте, мамлекет өз казынасын кайра адилеттүү карап чыгаары сөзсүз.
Биринчиден, Кыргызстан өтө бай өлкө эмес. Ошондуктан бюджетти бөлүштүрүүдө "бийлиги бардын, айлыгы да бар" сыяктуу эмес, түйшүктүүлүгүнө, системадагы кризистик абал бар болсо, ошого карап жумшаш керек. А мугалимдердин бийлиги да, айлыгы да, моралдык статусу да аз, система кризисте. Себеби коом өнүкмөйүнчө билимге керектөө зарылдыгы болмоюнча ушул көрүнүш сакталат. Ошондуктан, бюджетти коргоодо эң негизги статьялар: мамлекетти коргоо, коопсуздук, билим берүү, саламаттык сактоо ж.б. тармактарга тиешелүү айлык акы чектелгенден кийин, калгандарга пландуу пропорционалдуу бөлүнүшү зарыл.
Жасалма таңкыстыкты жоюу керек
Ал эми Билим берүү министрлиги тарабынан тезирээк предметтерди "куррикулум" боюнча ирилештирүү күн тартибинде турат.
Ошондой эле бири-бирин
кайталоочу, көзөмөлдөөчү түзүмдөрдү кайра караштырып, мектептин өзүнө тиешелүү түрдө жоопкерчиликти күчөтүп, көзөмөлдү көбүнчө ата-энеге бериш керек. Мугалимди усулдук жардам жана жакшы окуу курал, лабораториялык жабдуулар, тех.каражаттар менен камсыз кылуу
боюнча түзүмдөрдү өнүктүрүү зарыл.
Экинчиден, мектепте бир аз сүйүнүчтүү нерсе бар. Бүгүнкү бүтүрүүчү эртеңки атаандаштыктын катуу чөйрөсүнө туш болоорун көрө билген ата-энелер "чөйрөсү" түзүлдү. Ал чөйрө, бала үчүн эң ишенимдүү алгачкы капитал - сапаттуу билим алдыруу экендигин айттырбай түшүнүп турат. Албетте, бул
реалдуу чындык, ал рыноктун адамдардын аң сезимине берген жемиши.
Рыноктун тили менен алганда керектөөчү (сбыт) бар, а эмнеге окутууну ата-эне каалагандай баласына берүүнү уюштурууга болбосун? Мектеп ондогон жылдар жогоруда белгилегендей көбүнчө баланын кызыкчылыгы, ата-эненин мүдөөсүн канааттандыруудан башка да мамлекетке же идеологияга кызмат кылып келгенин жашырууга болбойт. Мезгилдин маятниги кайда кыймылдаса, мектеп да акырындап рынокко үндөш жол тандашы табигый процесс. Бул процессти тансак "жумурткага кыр чыгарып отуруп, мектептеги акысыз окутуу кайда?", - деген өткөн заманды эңсегендерге кошулуп, айрым "саясатчылардын" куралы болуп жүрө турабыз. Кайсы бир үй-бүлө үчүн ал убакыт закымдан өтүп "орто, жалпы билим" менен балдары мектепти бүтүп чыга беришет. Себеби, бир үй-бүлө бала окутууга 10-20 жылын сарптайт, баласы чоңойгон ата-энеге мектептин турмушу алыс болуп кала берет. Үй-бүлө мезгилден утулат, дүйнөдөгү билим берүүнүн сапаты боюнча эң акыркы орун кыргыз тагдыры болуп кете берери шексиз.
Ошондуктан билим берүү чөйрөсүндө "билим берүү боюнча кошумча кызмат көрсөтүү" деген терминди каржылоонун принциби катары бекитип, кандай каражат болбосун бала башына көрсөтүлгөн кызматка жараша берилиши керек.
Керектөөчүгө багыт алуу - рыноктун алмаштырылгыс мыйзамы. Андан сырткары ар бир мектепте, милдеттүү түрдө жогорку органдар тарабынан билим алуучуга ийкемдүү кызмат көрсөтө ала турган, ар түрдүү кошумча окутуунун механизмдеринин иштелип чыгуусу зарыл болуп турат.
Мисалы, шаардагы 93 мектептин 30 пайызында жогорудагыдай кызмат көрсөтүүнүн айрым гана түрлөрү бар. Калган мектептерде географиялык же материалдык, же кадрдык шарттардан улам "кошумча билим берүү" кызматы уюшулбай келет. Жогорудагы 30 пайыз мектепке ата-энелер балдарына кезек күткөнү жашыруун эмес. Бул жасалма "таңкыстыкты" жоюп, ар бир каалаган окуучу үчүн массалык түрдө мыйзам чегинде кызмат көрсөткөнгө өтсөк, өзүн-өзү каржылоо принциби бир аз ишке ашмак.
Себеби, мугалимдер бюджеттик кызматкерлерден калктын эң көп катмарын ээлегени чын, бул категорияга айлыкты көтөрүү чоң проблема. Ошондуктан ар түрдүү жолдор менен кызмат көрсөтүүнүн системасы да иштелип чыгарылышы зарыл.
Ар бир мектепте мамлекеттик жана ата-эненин тандоосуна карата коммерциялык класстар сөзсүз болушуна жетишүү милдети турат деп ойлойм.
Үчүнчүдөн, Билим берүү министри К.Садыков жаңыдан жумушуна келгенде эле, мектепте ысык тамакты уюштуруу жөнүндө туура ойлонгонун белгилегим келет. Мектептерде ысык тамактардын уюштурулушу эң жакшы, буга эмне жетсин, керек болсо күнүнө витаминдерди, мөмө-жемиштерди кошуп берип турса сонун болбойт беле, а бирок тонолгон казынадан дагы эмнени үмүт кылса болот. Айтор мектепте ысык тамакты уюштурууда да оптималдуу чечимдер ойлонулушу зарыл болуп тургансыйт.
Баласын сүйсөң, ата-эне жүрөгүн берет
Төртүнчүдөн, " мугалимдин моралдык аброюн да көтөрүү керек", - деп белгилеген Жогорку Кеңештин депутаты К.Иманалиевдин адилет демилгеси бизди кубандырат.
Чындыгында телеберүү, ра-
дио, маалымат булактарында атайын конкреттүү "окутуучу предметтик программалар" уюштурулушу - мезгил талабы. Окутуучу телеберүүлөр системалуу түрдө
министрликтер жана башкармалыктар менен бирдиктүү иш пландар түзүлүп, үзгүлтүксүз уюштурулушу эң туура. Интернет бардык мектептерде кызмат көрсөтө алгыдай каржылоону да табууну уюштуруу керек болуп турат. Бала тарбиялоого коомчулук көңүл койбосо жыйынтык аз. Бардык "чоң адамдар кичинекейлердин татыктуу тарбиясы үчүн жооптуу", - дегендей мыйзамдуу моралдык көрүнүштөр турмушта орун алыш керек. Эки революцияда тең "чоң адамдардын" "морадер" болгону бул жеткен тарбиясыздык экени далилденип, "уялбагандан өзүң уял" болду. Бул көрүнүшкө мезгил да өз баасын берет.
Ошондой эле мугалимдерди моралдык сыйлоо, дем берүү баскычтарын да иштеп чыгуубуз зарыл. Мектепте 30-40 жыл иштеп "отличник" төш белгисине жетсе жетип, жетпесе дүйнөдөн узагандар өтө көп. Ал эми Россияда андай устаттар иштеген ишинин жыйынтыгы болсо сөзсүз квартирага кезекке
коюлуп, же башка грантты алышат.
Мектептин турмушун жогорку окуу жайлар менен тыгыз байланыштыруу боюнча да ой келет. Бизде мектеп жумушунун усулдук, дидактикалык бөлүгүн жогорку педагогикалык окуу жайлар менен биргеликте алып барсак болбойт беле. Себеби мектеп пед.ЖОЖдордун "жандуу лабораториясы" болуп жанаша жашап турат. Мектептин мугалими усул боюнча өз ишинин илимий жагын арттырууга кызыкмак. Мектептин мугалиминин андан кадыр-барктуу болгон жогорку окуу жайларга кызыгып кетүүсү токтомок. Зарыл болсо усулкана кафедрасынан түздөн-түз тема алып, илим менен аракеттенгенге мейкиндик түзүү зарылбы дейм? Айрым мектептерде бул иш бир аз көтөрүлгөнү менен өз деңгээлинде чыгармачылык байланыш көрүнбөйт.
Бул жөнүндө биринчи ирээтте, жогорку окуу жайдын жетекчилиги же министрликтен кандайдыр бир иреттөө болгону оң. Ушул сыяктуу мектеп мугалимдери үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү ойлонуу мезгилдин чакырыгы болуп турат. Мындай колдоолор, жогорудагы айтылгандай бала үчүн мугалимдин жүрөгүн толук ачып, баладагы кыйбастыкты жаратууда өбөк болмок.
Мен өз тажрыйбамда кесиптештериме такай айтып келем: мугалимде эң чоң каражат бар десе да болот, себеби ар бир үй-бүлөнүн мураскору - сенин колуңда. Баласын сүйсөң, кам көрсөң, акыры ата-эне сага "жүрөгүн" берет. Ошондуктан кесиптештер, коом кандай калчабасын, жооптуу, ары сыйкырдуу кесибибиздин баасын, баркын өзүбүз чыгаралы, талыкпастан эмгектене берсек ал сөзсүз кайтат, коом оңолот.
Биздин коомду өнүктүрүүгө койгон "кышыбызды" мезгил өзү таразалайт.
Атыр КОНУШБАЕВА,
КРнын эл агартуусунун
отличниги,
Бишкек шары