"Кыргыз туусу", 15.02.11
  Бюджетиңди көрөлү, ишиңе баа берели

Президент өз аппаратынан
8 млн. сомду кыскартты
КРнын Президенти Роза Отунбаеванын накта айлык маянасы 30 миң сом. Ага нечен жылдардан бери мамлекеттик кызмат органдарында эмгектенгендиги, иштеген жылдары, класстык чини, жашыруун документтер менен иштегени сыяктуу атайын кошумчалары кошулат. Баарын кошкондо 50-60 миң сомдун тегерегинде айлык маяна ала турганы дайын болду. Мурда Курманбек Бакиевдин тушунда мамлекет башчысынын эч кандай кошумчаларсыз алган накта маянасы 2008-жылдан беркиси 50 миң сом экен. Өлкө экономикасынын бүгүнкү көтөрүм абалына байланыштуу Роза Отунбаева анын 20 миң сомун өзү кыскартып салган. Мындай маалыматты Президенттин иш башкаруучусу Турусбек Коёналиевден алдык. Президенттин аппаратында 117 киши иштейт.

Өкмөт мугалим, дарыгер жана маданият кызматкерлери сыяктуу бюджеттегилердин айлык акысын да 8500 сомдун тегерегине жеткирүүгө убада берди. Премьер-министр Алмазбек Атамбаев өлкөнүн бюджет толтуруучу түзүмдөрү менен тиешелүү министрликтерге бул үчүн 10 млрд. сомду табууну тапшырды. Убаданын аткарылышына деле 2,5 айлык мөөнөт калды. Андан тышкары жазгы-талаа жумуштарын каржылоо керек… Булар эч кечиктирилгис иш-чаралардын бери эле жагы. Мындай маселелер көтөрүлө калганда саясатчысы деле, бюджет тармагына иши бар экономисти, эксперттери же базардагы кыдырып токоч сатканы деле мамлекеттик башкаруу органдарына кеткен чыгымдарды кыскартуу керек дешет. Аларга кошулуп, парламент депутаттары "биз деле бир топ жеңилдиктерден баш тартуудабыз, эми аткаруу бийлиги да ушул жолго барышы керек" - деп жыйындарында айтып, журналисттерге маек беришүүдө. Ал эми кээ бир эл өкүлдөрү: "Президенттин маянасы 30 миң сом эмес эле, 120 миң сом экен", - деп талаштуу пикирлерди жаратып жибергендиктен, имиштен көрө өзүбүздөн уккула деген максатта Президенттин иш башкаруучусу Т.Коёналиев өткөн жуманын аягында Президенттин аппаратынын бюджети тууралуу маалымат таратты.
Акыркы күндөрү Президенттин аппаратын кармоо чыгымдарына 1 млрд. сомго жакын каражат каралаары туурасында маалыматтар тарап кетти. Ал коомчулукта ар түрдүү пикирлерди жаратууда. Муну чечмелеп айтсак мындай экен. Чынында 2011-жылга республикалык бюджеттин долбооруна Президенттин аппаратына деп 829 512,1 миң сом каражат каралган. Турусбек Коёналиевдин маалыматына таянсак мунун баары жалаң мамлекет башчысынын аппаратын каржылоого жумшалбайт. Жогоруда көрсөтүлгөн сандын ичинде каржылана турган 12 мамлекеттик орган бар. Анын төмөнкү жетөөсү: Президенттин аппаратына - 80 782,2 сом, анын чарба жүргүзүү ишмердүүлүгүнө - 6 300,0 сом, Президенттин иш башкармалыгына караштуу ведомстволук 10 мекемеге 298 876,6 сом, Бишкектеги 2, Ысык-Көлдөгү бир бала бакчага 7 562,5 сом, КРнын Президентине караган "Манас" камералык оркестрине 2849,4 сом, Президенттин иш башкармалыгына караган дарылоо мекемесине 87 874,4 сом, Коомдук маалымат борборуна 2 075,2 сом жумшалат.
Мындан тышкары 10-февралда Президент Роза Отунбаева өз аппаратына тийиштүү каражаттан дагы 8 млн.сомдук чыгымды кыскартуу жарлыгына кол коюп, кызматкерлеринин бир жылдык айлык маяна фондусун бөксөрттү. Мындан тышкары Президенттин архиви, Стратегиялык изилдөө институту, Башкаруу академиясы сыяктуу дагы бир нечеси да Президентке караштуу. А чындыгында жогоруда аталган "Президентке караштуу" деген сөздү алып салсак, бир нече мамлекеттик органдардын дээрлик баары өз алдынча каржылоо ишмердүүлүгүн жүргүзүшөт. Кыскарта чаап айтканда булардын баарына 606 305,2 миң сом сарпталат. Ага кошумча болуп, Билим берүү фондусу да буларга карайт.
Мындан тышкары "атайын каражаттар" деген статьядагы 223 206,9 миң сом Президенттин иш башкармалыгына караган мекемелердин өздөрүнүн иштеп тапкан каражаттары. Тактап айтканда бул каражатты жыл бою иштеп табышат. Азыркы учурда ал жок акча.
КРнын Президентинин резервдик фондусунда 70 млн. сом каралган. Ал фонддон республикалык бюджетте бекитилбеген социалдык, экономикалык, маданий иш-чараларга сарпталат. Ушундай эле өлчөмдөгү каражат Жогорку Кеңештин төрагасынын жана Премьер-министрдин резервдик фондуларында да каралган.
Дагы бир айта кетчү жагдай, Ысык-Көлдөгү "Ысык-Көл Аврора" санаторийи абалтан Президенттин карамагындагы мекемелердин катарында. Бирок, эл өкүлдөрү тарабынан бул санаторий талашка түшкөн. Тактап айтканда, аталган санаторийди парламентке өткөрүп берүү боюнча өткөн жылдын 29-декабрындагы Жогорку Кеңештин токтому чыккан. Бирок, Президенттик аппараттын юридикалык бөлүмү ЖКга: "Силер мыйзам чыгаруу, мыйзамдарды Өкмөт түзүмдөрүнүн аткаруусун көзөмөлдөө жана бюджетти кабыл алуу функциясына гана ээсиңер" деген маанидеги эскертүүсүн жөнөткөндөн бери бул иш азырынча тынчып калды. Ал эми мамлекеттин чарбалык маселелерин Өкмөт тейлөөгө укуктуу экени Баш мыйзамда жазылып турат. Ошентип, санаторий мурдагы өз ээсинде калтырылды.

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу"




  Дыйкандар сурашууда

Насыя 1-мартан бериле баштайт
Бюджет кабыл алынса, насыя бериле баштайт
Кыргыз Өкмөтү дыйкандардын жазгы-талаа иштерине 9 пайыз үстөгү менен 1 миллиард сомду насыя берүүгө токтом чыгаргандан бери редакцияга республикабыздын аймактарынан "Насыяны качан ала баштайбыз" деген телефон чалуулар болууда. Ал суроого Айыл чарба министрлигинин мониторинг жана бюджетти аткаруу бөлүмүнүн башчысы Абдулазиз Курманкулов жооп берди:
- Кыргыз Өкмөтү насыяларды 1-марттан баштап берүүнү чечкен. Өкмөт сунуштаган бюджетти Жогорку Кеңеш биринчи окуусунда жактырды. Мыйзам боюнча үч жолу окуудан өтүшү керек. Депутаттарыбыз колдоодо. Бюджет кабыл алынса эле, дыйкандарыбыздын жазгы-талаа иштерине насыялар 1-марттан бериле баштайт.

Марип ТАЙЧАБАРОВ, "Кыргыз Туусу"




  Бюджет

Мектеп, ден соолук, маданиятка канча акча бөлүнүүдө?
"Кыргыз Республикасынын 2011-жылга бюджети жана 2012-2013-жылдарга божомолу жөнүндө" мыйзам Жогорку Кеңеште каралып, биринчи окууда жактырылган. Анда 2011-жылдын бюджетинин кирешеси 68 млрд. сом, чыгашасы 89 млрд. сом, таңкыстык 21 млрд. сом болгон.
Бюджет үч жолку окуудан кийин гана кабыл алынгандыктан, учурда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинде ал мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралууда.
Аталган комитетте финансы министрлигинин жетекчилигинин, адистердин катышуусунда бюджетке караган бардык министрликтердин, ведомстволордун, мекемелердин бюджетте каралган, суралган каражаты кайда, кантип жумшалары "ийне-жибине" чейин такталууда.
Алсак, билим берүү министрлигине 1-майдан тартып 4,6 млрд. сом мугалимдердин маянасын көтөргөнгө жумшалат. Окуу куралдарын, китептерди чыгарууга 200 млн. сом, жаш мугалимдердин депозитине 50 млн. сом, түштүктөгү мектептердин коопсуздугун сактоо иштерине 24 млн. сом, төмөнкү класстардын окуучуларынын тамагына 475 млн. сом, башталып, бүтпөй калган мектептердин курулушуна 880 млн. сом каралган.
Ал эми саламаттыкты сактоо министри Сабырбек Жумабеков: "20 жылдан бери бир дагы оңдоп-түзөлбөгөн ооруканалардын имараттарын оңдоп-түзөөгө 148 миллион сом сурасак, бюджеттен 7 млн. сом бөлүү каралыптыр. Медиктердин айлыгын 1-майдан тартып көтөрүүгө 3,5 млрд. сом каралгандыктан, башка муктаждыктарыбызга суроодон тартынып турабыз", - деди. Ошентсе да калкка медициналык кызмат көрсөтүүнү жакшыртууга мүмкүнчүлүктүн болушунча каражаттарды кароо каралды.
Маданият жана маалымат министри Нурлан Шакиев: "Буга чейин маданият жана искусство кызматкерлеринин орточо эмгек акылары 2307 сом болсо, бюджет боюнча 1-майдан баштап 6800 сомдон болгону турат", - деди. Ал курулуш иштерине 224 млн. сом, Москвада курулчу Манастын эстелигине 68 млн., Ч.Айтматовдун эстелигин тургузууга 50 млн., Курманжан датканын 200 жылдык мааракесин өткөрүүгө 50 млн., музыкалык аспаптарды алууга 18 млн. сом кошумча каражат сурады.
Комитеттин депутаттары бөлүнгөн акчалардын кайда, кантип иштетилерин, ага байланыштуу тийиштүү документтерди, отчетторду берүүнү талап кылышты.
"Бюджеттин ачык, так болушу үчүн кабыл алынганга чейин бардыгын иликтеп чыгалы. Сунушуңарды, эмне үчүн зарылдыгын карайбыз. Аныктаган документиңерди алып келип, сураган каражатыңардын жүйөөлүүлүгүн далилдегиле", - деди комитет башчысы Акылбек Жапаров.
Бюджет жана финансы комитети бюджетке каралган каражаттардын бөлүнүшү жана анын жумшалышы боюнча бардык министрликтердин отчетторун, сунуштарын угушуп, чала болсо кайра тактоого беришүүдө. Каржылык мыйзамыбыз кабыл алынса, көп маселелерибиздин чечилиши күтүлүүдө.
Марип ТАЙЧАБАРОВ, "Кыргыз Туусу"




  Ата Журт алкагында

Күндарек
Криминалдар эми мал уурдай башташты
Ош облусунун губернатору Б. Асановдун маалыматына караганда, кылмыштуулук тоодогу малчыларга чейин жетип, криминалдар мал уурдай баштады. Малын уурдаткандар милицияга кайрылуудан коркушууда. Аксы районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы А. Керимкуловдун айтымында, райондо короосу менен койлорду уурдаган фактылар катталууда. "Аксыда малды коңшу Наманган облусунан келген уюшкан уурулар уурдап жатышат. Чек арадан өткөндөн кийин аларды кармоо кыйынга турат. "Айбек" деген кличкасы бар ууруну кармайлы деп, Өзбекстан менен сүйлөшүп жатсак, ал Россияга качып кетиптир",- дейт райондун башкы милиционери.

Өлгөн адамдардын паспорттору сатылууда
Жалал-Абад облустук паспорт жана визаны каттоо иштери боюнча аймактык органдын башчысы Махабат Пратованын маалыматына караганда, учурда алыскы райондордо өлгөн адамдардын паспортун сатуу фактылары көп болуп жатат. "Жакында чет мамлекеттен виза ачып кармалган адамдын паспорту мындан 10 жыл мурун каза болгон адам экендиги аныкталды", - дейт М. Пратова. Өлгөн адамдардын так маалыматы катталбагандыктан, шайлоо учурунда тизмеге кирип калгандыгы да орчундуу маселелерден болуп жатат. Паспортун жоготуп, милиция органдарына каттоого турбастан эле, жаңы паспорт алгандардын саны да көп. "Каза болгон адамдардын тизмеси жок. Чет өлкөгө каза болгон адамдардын паспортуна виза ачып берип жатышат. Ошол себептен, өлгөн адамдарды тизмеден чыгаруу боюнча биргелешкен иш-аракеттер керек", - дейт М.Пратова.

Бардык айыл өкмөттөрү Интернет менен камсыздалат
"Кыргызстандын бардык айыл өкмөттөрүн Интернет менен камсыз кылуу иштери жүрүп жатат",-деди Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Таалайбек Эшалиев. Мамлекет тарабынан Интернетти кеңейтүүгө эч кандай бюджеттик акча каражаты бөлүнүп берилбейт. Учурда "Кыргызтелеком" тарабынан айыл жерлерин Интернет менен камсыз кылуу иштери жүрүп жатат. Келечекте "Кыргызстандын бардык аймактарын Интернет менен камсыз кылабыз. Мурун Интернет тармагын Казакстандан гана ала алсак, эми Кытай, Өзбекстан жана Тажикстандан ала алабыз. Ошондой эле аларга болгон баалар азыркыдан төмөн болот",- деди ал.

Нурада жер титиреди
Алай районуна караштуу Нура айылында 14-февралда түнкү саат 1ден өткөндө күчү 4-5 баллга жеткен жер титирөө болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, зилзаладан жабыр тарткандар катталган жок. 2009-жылы 5-октябрда күчү 7 баллга жеткен жер титирөөдөн Нура айылы тыптыйпыл кыйрап калган. Кырсык 75 адамдын өмүрүн алып кеткен, алардын кырк төртү жаш балдар болчу.

Маалымат булактары боюнча даярдаган
Дайырбек МЕЙМАНОВ, "Кыргыз Туусу"