"Кыргыз туусу", 15.02.11
  Түз байланыш

Билим берүү жана илим министри Канат САДЫКОВ:
"Айлык да көтөрүлөт, ишке кызыктыруучу фонд да түзүлөт"
Жийде Ибраева, мугалим,
Бишкек шаары:
- Саламатсызбы, Канат Жалилович. Акыры мугалимдердин айлыгы көбөйөрүнө сүйүнүп жатабыз. Бирок, айлык акынын жаңы модели дегенге көп түшүнө албай жатабыз, ушуга түшүндүрмө берип койсоңуз. Аны кимдер иштеп чыкты, эски моделден артыкчылыгы эмнеде?
- Мугалимдердин жаңы айлык системасынын артыкчылыгы - эски бирдиктүү тарифтик системадан чыгып жатабыз. Анткени, ал система боюнча мектепте жаңы иштей баштаган жаш мугалимге эң төмөнкү төлөмдөгү маяна коюлчу. Эски системада 12ге жакын майда кошумча төлөмдөр болгон менен дептер текшергени үчүн 15-16 сом, класс жектекчилик үчүн эң көбү 290 сом алышчу. Калгандары майда-чүйдө кошумча төлөмдөр эле. Бул жалпысынан мугалимдердин ишке кызыгуусуна түрткү берчү эмес. Мектептен тышкары даярдык көрүү иштерине, окуу планын жазууга ж.б. кошумча төлөмдөр каралбай келген. Жаңы системада буга атайын сааттык төлөмдөр киргизилген жана жумасына 6 саатка чейин кошумча даярдануулары үчүн акча каралган. Мындан тышкары окуу усулдук жана тарбиялык иштерди жүргүзүү боюнча да сааттар бөлүнүп, өзүнчө коэффициент менен акча төлөнмөкчү. 1-майдан тарта мугалимдин жасап жаткан ишинин түрүнө жараша акысы белгилүү болот дагы, өзү дагы бул төлөмдөрдү алууга аракет кылып, кызыкдар болот. Негизгиси класстын ичинде жүргүзүп жаткан сабактары жумасына 20 саатка чейин деп белгилеп жатабыз. Бул оптималдуу "нагрузка". Кээ бирөөлөр мындан ашык же предметине жараша азырак иштешет. Жаңы система боюнча мугалимдердин орточо айлыгы 6800 сом болот. Андан тышкары мурда алып жүргөн компенсациялык төлөмдөр кала берет, стаж боюнча да төлөнөт, айыл жергесинде иштеген мугалимдердин айлыгына (мурда алардыкы азырак болчу) дагы 30 пайыз кошулат.
Биринчи этапта Өкмөттүн алдында жаңы системаны коргоодон мурда эксперттердин чечимдерин алдык. Буга чейин системаны иштеп чыгыш үчүн эң чоң жардам бергендердин ичинде өзүбүздүн мектептерде иштеген окуу бөлүмүнүн башчылары, практик мугалимдер бар. Ошондой эле жаңы төлөм системасы боюнча иштеп жүргөн Социум консалт, ЮСАИДдин "Сапаттуу билим" жана каржылоо системасы боюнча эксперттер өз сунуштарын алып келишти. Ошолордун ичинен практик мугалимдердин, мектептин окуу бөлүмүнүн башчыларынын сунушун угуп отурушуп, азыркы биз сунуштап жаткан жаңы системаны Өкмөтүбүз бекитти.
Бакыт Алымкулов,
мугалим,
Талас шаары:
- Мугалимдердин айлыгы көтөрүлсө, колледждин мугалимдериники да жогорулатылабы, илимий даражасы барлардыкы кантет?
- Илимий даражасы барлардыкын да, колледждин мугалимдеринин да айлыктарын карадык, көбөйөт. Токтом жакында бекийт. Токтомду колго алгандан тарта министрликтин алдында атайын топ уюштурулат. Алар жана экономика тармагы боюнча адистер ар бир районго барып акча төлөөнүн жаңы системасын түшүндүрүп беришет. Жаңы моделде стажга, тоолуу жерде жашаганына карата коэффициенттер сакталып калды. Айрыкча бийик
тоолуу аймактарда иштеген мугалимдердин айлыгы жогору болмокчу. Тажрыйбалуу мугалимдердин айлыгы 10 миңдин тегерегинде болушу мүмкүн.
Роза Бектурова,
мурдагы басма кызматкери:
- Азыркы учурда министрлик тарабынан улуттук куррикулум боюнча окуу китептерин тандоо процесси жүрүп жатат. Мунун бизге канчалык пайдасы бар? Экинчиден, окуу китептеринин авторун тандоодо министрлик кандай иштиктүү иш-аракеттерди көрүүдө?
- Чынында эле азыркы учурда 1-4-класс үчүн окуу китептерин иштеп чыгуудабыз, жаңы окуу планын бекиттик. Окуу план менен чогуу окутулуп жаткан сабактын мазмунун дагы анализдеп чыгып, жаңы система менен берели деп ойлоп жатабыз. Окуу планы жана анын мазмуну куррикулум деп аталат. Бирок, элге түшүнүктүү болуш үчүн баягыдай эле окуу планы жана анын мазмуну деп айтсак болот. Мунун ичинде Сиз айткандай азыр окуу китептерин даярдоо иштерин баштадык. Китептерди даярдоо боюнча сынак жарыяланган. Учурда министрликте атайын түзүлгөн комиссия, эксперттик топ талдоо иштерин жүргүзүүдө. Бул иш аягына чыга элек. Айрым китептерге сын-пикирлер да айтылууда. Менимче, ошол сын-пикирлерди анализдеп, кайрадан практик мугалимдердин, Билим берүү академиясынын ж.б. адистердин катышуусунда жакшылап талдап көрүп, жыл аягында 1-4-класстын окуучулары үчүн китеп чыгарабыз деген ишенимдемин.
- Сизге окуу китептерин тандоо боюнча өз сунуштарым менен кирейин дедим эле?
- Ар жуманын төртүнчү күнү кабыл алуу күнү, ушул күнү келсеңиз болот.
Айнагүл Сапарбекова,
Ысык-Көл облусу:
- Мугалимдердин айлык акысы көтөрүлгөн турат. А окутуунун сапатын көтөрүү жөнүндө ойлонуп жатасыздарбы? Биз иштеп турганда буга абдан көңүл бөлчү элек. Азыр мектепти бүтүргөн балдарыбыз орус тилин билбей бүтүп жатышат. Орус тилин билбеген боюнча Россияга иштегени кетишет. Ал жакка барып кыйналышууда. Сапаттуу билим берүү үчүн умтулган биздин муун болсо өтүп баратат...
- Сурооңузга түшүндүм. Маселени туура коюп жатасыз. Айлыкты көтөрсөк эле дароо сапат маселеси чечилип калбайт. Бирок, айлык көтөрүлгөндөн кийин сапатты көтөрүүгө талап коюуга барабыз. Бул бир. Экинчиден, айлык системасынын өзүндө да түрткү берип, кызыктыруучу жагы каралган. Айлыктын атайын түрткү (стимул) берүүчү фонду түзүлөт. Ал алгач 10 пайыздан 20 пайызга чейин болот. Эгерде мектепте айлык фондусу 100 миң сом болсо, айына 10 миң сому түрткү берүүчү каражат болуп калат. Азыр анын усулун иштеп жатабыз. Мындайча айтканда мугалимдердин ишин баалоо системасын иштеп чыгуу керек. Ал субъективдүү болбошу керек, буга жамаат катышууга тийиш. Май айына чейин жалпы мугалимдердин катышуусу менен анын критерийлерин иштеп чыгууга аракет кылабыз. Мугалимдердин ишин баалоодо бүт факторлор эске алынышы зарыл. Мында ата-энелердин пикири да эске алынат.
Эркин Ниязалиев,
Бишкек шаары:
- Азыр мектепте кадрлар маселеси өзгөчө курч. Ушул максатта министрлик жогорку окуу
жайын жаңы бүтүп келген адиске кандай шарт түзүп жатканын билгибиз келет. Сиздин оюңузча жаш кадрларды кантип тартууга болот?
- Бул маселе айлык маянанын аздыгынан келип чыккан. Буга чейин колдонуп келген система боюнча жаш мугалимдердин айлык маянасы эң төмөн, базалык ставкасы 1040 сом, анча-мынча кошумча төлөөлөр менен 1500 сомго чейин алышчу. Албетте, шаарда болобу, айылда болобу, мындай айлык менен иштөөгө жаш мугалимдер барышчу эмес. Иштешсе да, эки жылдан кийин кыйналганынан кете беришчү. Азыр Өкмөткө сунуштаган төлөм системасы биринчи иретте мугалимдерге түрткү берүүчү айлык болот. Бул боюнча жаш мугалим класс жетекчи болбосо же башка кошумча иш аткарбаса да 20 сааттык айлыгына 5,5 миң сом алышмакчы.
Мугалимдерге жаңы төлөм системасы боюнча төлөө 1-майдан башталат. Анткени, бул оңой жумуш эмес, эки айча мөөнөт керек. Мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү, ошондой эле шаар, айыл жериндеги, райондогу бухгалтерлерди, экономикалык кызматкерлерди окутуу зарыл.
- Кыргыз тилиндеги мектептерде окуу материалдары менен камсыз кылуу жагында чоң маселе бар. Бир класста 30 бала окуса, 3 балага бир китеп болуп калган учурлар кездешет.
- Биз айлык маянага көңүл буруу менен катар эле бул маселени ойлонуштуруп жатабыз. Мурда окуу китептерин чыгарууга 100 млн. сом бөлүнсө, азыр бекитилип жаткан бюджетте Өкмөттүн сунушу боюнча 200 млн.сом каралууда. Азыр 6. млн. даана окуу китеби жетишпейт. Бул маселени толук чечиш үчүн 450 млн. сом керек.
Билим берүү системасына мамлекеттик бюджеттен каражат бар. Биз бул каражаттын көбүнө китеп чыгаруу өтүнүчү менен кайрылуудабыз. Биринчи иретте мурда аз нускада чыгарылган китептерди чыгарууну көздөйбүз. Жакын арада жетишпеген китептер боюнча сынак жүргүзүлүп, тендер жарыяланат. Алдыдагы эки айдын ичинде иш бир топ арымдайт. Жылдын аягына
чейин бөлүнгөн каражаттардын баарын убагында аткарсак, бул маселе оң жагына чечиле баштайт.
Болот Оторбаев,
КУУнун доценти:
- Мектептер үчүн окуу китептеринин сынагында биздин 8-класс боюнча окуу китебибиз жеңип чыкты эле. Быйыл чыгарылат деп угуп жатабыз, чын-бышыгын тактайын дедим.
- Эгерде комиссия карап көрүп, сиздердин китепти чыгаруу жөнүндө чечим чыгарса (буга чейин каражатка байланыштуу чыгарылбай келсе), анда чыгарылат. Быйыл окуу китептерин чыгарууга каражат көбүрөөк бөлүнүүдө.
Майрамкан
Абылкасымова,
Кыргыз эл акыны:
- Кандай Канат, жакшыбы?
- Жакшы, эжеке.
- Илим, билимге революция жүргүзүп жатасыңар?
- Кудай буюрса, башка революциядан көрө, илим, билимдин революциясын жасасак деген ойдобуз (күлүп).
- Кеминдин Борду айылында мектеп бар. Ошол жерде атам директор болуп иштеген. 70 жылдыгыма карата мектепке менин атымды беришкен. Мен эл-журтумду тамашалап, болор-болбос акындын, толор-толбос мектеби деп коём. Ал мен төрөлгөн жылы салынган мектеп. Бордунун колунда бар балдары мектепти капиталдык ремонт жасап беришкен. Былтыр силер кичинекей мектеп экенсиңер, Алмалууга кошобуз дешкенинен, акимге телефон чалдым эле. Ал жер тоонун үстүндө, айылдагы балдар окубай калабы деп чыркырап жатышып, Алмалуу мектебинин филиалы деп араң алып калышты окшойт. Аны жок кылбай эле алып калыш керек. Билимдин эң пайдубалы башталгыч класстан башталат да. Мектепке китепкана ачып, компьютер алып барып бергем. Ал эскирип калса керек.
- Кичинекей балдарыбыздын билим алышы үчүн бүт мүмкүнчүлүктөрдү түзүшүбүз керек. Бул мектепти сактап калганга көңүл бурабыз. Кичинекей балдарга жардам берчү фонддор бар. Түз байланышка келерден мурун ЮНИСЕФтин балдарга жардам берчү фондунун өкүлдөрү ме-
нен сүйлөштүм. Алыскы тоолуу райондордогу кичинекей балдарга көңүл буруп жатышат. Ошонун алкагында Сиз айткан мектепке да жардам бергенге аракет жасайбыз.
Улара,
Жалал-Абад шаары:
- Мугалимдердин айлык акысы көбөйүп жатканда шаардык билим берүү кызматкерлеринин айлыгы да көбөйөбү? 2-3 миң сом эле алабыз.
- Сиздер мамлекеттик кызматка карайсыздар, азырынча маянаңыздар көтөрүлө элек. Биздин министрликтин кенже адистеринин айлыктары деле азырынча ушундай. Бирок, системага бөлүнүп жаткан акча каражаттарын үнөмдөсөңөр айлыкты көтөрүүгө мүмкүнчүлүк беребиз деп жатышат. Бул биринчи этабы. Кийинки этабында ушундай системага барабыз деген убадалар бар. Азырынча мугалимдер менен врачтардын айлыгы жогоруламакчы.
Өмүрбек Асылбеков,
Нарын шаары:
- Шаарда жетим балдар үчүн А.Үсөнов атындагы мектеп бар. Жергиликтүү коррупционерлер мектепти менчиктеп алып, көп жылдан бери талап-тоноп, балдардын эсебинен нанынан бери бөлүп жеп келишкен. 1,5 жыл мурун Жаанбаева деген директорду шайлашкан. Ал 9 млн. инвестиция тартып келип, бардык ремонтун жасап, жакшы шарт түзүп жатат. Ушул кезде мурда бул жерден пайда көрүп калгандар, буга жергиликтүү айрым жетекчилер да аралашып, кызматтан алуу чараларын көрүшүүдө. Бирөө тактай бер, бирөө "паровоюн" бер десе бербей коюптур. Ошого өчөшүп, басып алууну көздөшүүдө. Комиссия жиберип, текшертесизби деген өтүнүч менен кайрылып жаттык эле.
- Комиссия жибериш үчүн расмий түрдө кат аркылуу кайры-
лууңуздар керек. Аты-жөнү жок кайрылууга жооп бере албайбыз. Расмий кайрылуунун негизинде гана текшерүү жүргүзүүбүз керек. Бирок, түз байланышка чыгып кайрылганыңызга байланыштуу алдын ала текшертүүнү баштайбыз. Коррупцияга жол бербейбиз.
Тамара Карачалова,
Бишкек шаары:
- Мугалимдер айлыгыбыз аз-аз эле дешет. Ремонтко, тиге-буга деп эле 2 миң, 3 миң сомго чейин акча алышат. Бул туура эмес да. Ушул акчалар каякка кетет? Мектептерди текшербейсиңерби! Мисалы, 24чү, 14чү мектеп ушундай. Мындай көрүнүштү качан тыясыңар, убакыт келди го. Колунда жоктор кыйналып жатышат...
- Жакында эле январь айында Башкы прокуратуранын мектептерди текшерүүсүнүн жыйынтыгы колубузга тийди. Сиз айткандай мектептер арасында ар кандай шылтоолор менен акча чогултуулар бар экенин белгилеп чыгышты, жанагы аталып жаткан мектептер да тизмеде бар.
Шаардык билим берүү департаментине көрсөтмө берилди. Акча чогултуулар жөнүндө министрликке да көп кайрылуулар түшүп жатат. Бизге тиешелүү республикалык бюджеттен каржыланган мектептер болсо, сөзсүз түрдө чара колдонобуз.
Акча чогултуунун цивилдүү жолдору бар. Өз ыктыяры менен жардам берүү, камкорчулук деген болот. Акыркы жылдары анын формалары тетир жакка кетип калган. Ата-энелердин демилгеси менен дешип коомдук фонд түзүшкөн. Мектептин жетекчилери ал акчага биздин тиешебиз жок, ата-энелер өздөрү билишет дешет. Биз азыркы учурда мыйзамдарга камкордук кеңештин жобосун сунуштап жатабыз. Ошол жободо ата-энелердин алдында мектептин жетекчилиги дагы, камкорчулар кеңешинин жетекчилери дагы жооптуу болот. Чогулган акчанын жумшалышы боюнча ата-энелердин алдында отчёт беришет. Экинчиден, чогулган акча фонддун эсебине эмес, казначейликтин алдындагы эсепке түшөт. Анан ата-энелердин да аң сезими өзгөрүшү керек. Көбүнчө ата-энелер өздөрү жанагыдай төлөмдөргө макул болуп коюшуп, көзөмөл жагына келгенде демилге көтөрүшпөй, ушундай болуп жатат деп бизге арыздар менен кайрылуу менен чектелип жатышат. Акча төлөгөнгө жараша талаптарын да туура койгонду билиши керек.
Бир мисал келтирейин. Акыркы үч-төрт айдын ичинде Рос-
сияда, Белоруссияда болдум. Алар экономикалык жактан абдан өнүгүп жаткан мамлекеттер болуп эсептелет. Билим берүү тармагында көп реформаларды жүргүзүп жатышат. Ошонун ичинде мектептерди камсыздоодо ата-энелердин кандайдыр бир жардамы да каралат экен. Айталы, окуу китептери менен камсыз кылуу үчүн мыйзамдуу түрдө атайын төлөмдөрү бар. Эгерде окуу китептин баасы 60 сом болсо, квитанция аркылуу 30 сомун ата-энеси эсепке которуп беришет.
Болотбек Калимов,
Каракол шаары:
- Менин үч суроом бар. Балдардын шашке тамагы өз ордунда калабы? Каракол шаарында бала бакчалардын бирөө эле кыргыз тилинде, калгандары орус тилинде болуп, балдардын дили бурулуп калууда. Кыргыз тили боюнча окуткан жалгыз адисти кыскартып салышыптыр. Ушуну кайра калыбына келтирсе болобу? Каракол шаарында мектеп директорлору менен шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы бири-бири менен араздашканынан комиссия келип текшерип кетишкен. Эмдигиче билим берүү бөлүмүнүн башчысы, орун басары жок.
- Балдардын шашке тамагы ордунда калат, бюджетте каралган. Мурда 7 сом болсо, азыр 10 сом. Экинчи сурооңузга жооп берейин. Жалаң орус тилинде бала бакчалар болгону туура эмес. Май айынан айлык жогоруласа бала бакчалардын дагы кызматкерлеринин айлык акысы көбөйөт. Ошондо кыргыз тилчилерди штатка киргизүү боюнча маселени карайбыз. Каракол шаарынын билим берүү башчысынын ордуна ачык сынак жарыяланды. Бул министрдин буйругу менен бекичү кызмат эмес, мамлекеттик кызмат болгонуна байланыштуу сынактан өтүшү керек. Жакында бардык жагынан талданып жетекчи бекийт.
Райкан Акылбаева,
ЖОЖдо иштейт:
- Канат Жалилович, өкмөттүк деңгээлдеги сыйлыктарды педагогдорго ыйгаруу чектелген абалда болот, себеби эмнеде? Экинчиден, сыйлыктарды ыйгарууда калыстыктын болбой жатканын айткым келет. Көп жылдык тажрыйбалуу мугалимдер сыйланбай, башкалар сыйлыкка ээ болушат.
- Туура маселе коюп жатасыз. Чындыгын айтканда биздин тармакта көп кызматкерлер иштейт. Социалдык тармакта билим берүү системасында иштегендердин саны башка тармактарга салыштырганда 50 пайыздан көптү түзөт. Сыйлык боюнча жыл сайын бизге бөлүнгөн квота бар, 0,1%га чейин, эгерде 1 эле пайызга чейин беришсе, жыл сайын сыйлык алгандардын саны 100гө жетмек. Биз түшүндүрүп айтып жатабыз. Жаңы Өкмөт келгени Ардак грамота алгандардын саны көбөйдү. Эмгек сиңиргендиги боюнча наам берүү маселесин да көтөрүүдөбүз.Чындыгында билим берүүгө салым кошкондор көп экен. Таарынычтар арбын. Тандоо учурунда комиссия ачык иштешине талап коёбуз. Чыныгы татыктуулар алышы керек. Сыйлыкка кимдер татыктуу, кандай документтер керек экенин "Кыргыз Туусу" менен "Кутбилим" гезитине жарыялайбыз.
Марипа Алиева,
Нарын шаары:
- Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Мыйзамды аткаруу
боюнча Өкмөттүн токтому да чыккан. Ушул токтом качан аткарылат болду экен? Себеби, мектепке чейинки топтордо методисттик штаттарды ачып берүү каралган. Бул токтом 2011-жылдын 1-январынан тарта аткарылышы керек эле.
- Бизде көп мыйзамдар кабыл алынып, аткарылбаганы чоң маселе болуп келген. Сиз айтып жаткан токтомдун аткарылышы үчүн талап коюлат. Бул боюнча тапшырмаларды бергенбиз. Буюрса, бул аткарылат.
Майрам Арабаева,
Кыргыз улуттук
университети:
- Окуу жайдын китепканасында иштейм. Биз билим берүүгө да, маданиятка да кирбейбиз. 2500 сом колго тиет. Айлыгыбыз көтөрүлөбү? Бизди билим берүүгө эле киргизип койсоңуздар болмок.
- Окуу мекемелеринде калган китепканалар бар. Алар деле бизге караштуу. 1-майдан тарта ЖОЖдун китепканачыларынын дагы айлыктары көбөйөт.
Козубек Иманкулов,
Талас облусунун"Талас турмушу" гезитинин башкы
редактору:
- Элет жеринде калкты ойлондурган эки суроо бар. Айылда жашоо кыйын экенин билесиздер. Контракт маселесин ким жөнгө салат? Көп балалуу үй-бүлөлөргө жеңилдик берилеби? Экинчи суроо. Кыргызстанда жогорку окуу жайлары көп, санына эмес сапатына айрыкча маани берсе болобу? Жогорку окуу
жайын бүткөндөр айыл жеринде кетмен чаап, шоопур болуп жүрүшөт.
- Экөө бири-бирине байланыштуу кызык суроо берип жатасыз. Элет жериндегилер үчүн контрактта балдарын окутуу кыйын, контракттык төлөмдөр кыскарса, айылдык балдарга көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилсе деп жатасыз. Экинчи сурооңузда ЖОЖдун сапатын көтөрүү керектигин айттыңыз. Мындай акча төлөмдөрү аз болгон учурда саны өсүп, сапаты азаят экен. Бул байкоо эмес, анализден кийинки жыйынтык. Азыркы учурда окууга өтүш үчүн көп деле оор шарттар жок. Контракт менен окуйм дегендердин баарын ЖОЖдор кабыл алып жатышат. А жалпы республикалык тестке болжол менен 32 миң бала катышса, 16 миңи эле 110 баллдан жогору баа алышат. Калгандары төмөнкү көрсөткүчтү көрсөткөнүнө байланыштуу жогорку окуу жайга өтүүгө даярдыгы жок болсо деле, акчасын төлөп окуп калып жатышат. Эми алардын баарын кантип жумушка орноштурасыңар деп сурашат. Менимче, коомчулук, ата-энелер, жаштардын өзү да аң сезимин башка жакка бурушу керек. Дүйнөлүк практикада балдар жогорку окуу жайына өтүш үчүн атайын тепкичтерден өтүшөт. Кесип алышат, өздөрү иштеп акча табышат. Ошондон соң гана окушат. Эгерде бизде да ушундай болсо, мынча акча төлөсөм, билим сапаты эмне үчүн начар деп жогорку окуу жайына талап кыла алышмак.
Республикабызда бюджеттик окуудагы студенттердин саны көп эмес. Алар жалпы студенттердин 12 пайызын түзөт. Жылына 5 миңдин тегерегиндеги студенттерди кабыл алабыз. Бюджеттик окууга көбүнчө педагогиканы, инженердик-техникалык багытты тандагандарды алып жатабыз. Өлкөбүзгө дарыгерлер, милиция кызматкерлери, коргоо министрлигине офицерлер зарыл. Жалпылап айтканда бюджетке берилген орундарды 4-5 багыттагы кесиптерге берүүдөбүз. Бирок, бюджеттик маяна аз болгондуктан, бул аракетибиз көп натыйжа бербей жаткан. Эми бардык социалдык тармактарда айлыктардын көтөрүлүүсү көп бүтүрүүчүлөрдү өзүнө тартары бышык.
Төлөн Касиев,
Ысык-Көл облусу,
Саруу айылы:
- Бир жолу Сизге кирейин деп Билим берүү министрлигине бардым. Атаңызды жакшы таанычу элем. Атаңыздан улуумун. Көпкө күтүп отурдум. Бир кезде шаша чыгып эле, саламдашпай чыгып кеттиңиз...
- Министр жумушунда ишке тиешеси жок нерселерди ойлонуп отурат дегенден алыс болуш керек. Өкмөттүн, Жогорку Кеңештин деңгээлинде чече турган маселе, жооптуу чогулуш, жыйын болот. Ага даярданганга кандайдыр бир убакыт талап кылынат. Ошондой шашылыш кырдаалда келип калдыңыз окшойт. Эгерде Сизге көңүл бөлбөй, саламдашпай чыгып кетсем, кечирим сурайм. Экинчиден, мурдараак жазылып, жардамчыларга айтып коюп, келе бериңиз. Мен Сизди кабыл алууга даярмын.
- ЖОЖдун мугалимдери өздөрүнүн китептерин студенттерге кыйнап сатышат экен.
- Биз буга тыюу салганбыз. Бирок, окутуучулардын айрымдары чыгарган китептерин студенттерге таңуулаган учурлар болуп жатат. Министрликке да ушундай арыздар келип түшүүдө. Бизге так маалымат керек. Кайсы окуу жайы, кайсы окутуучу экенин ачык айтсаңыздар чара көрмөкпүз. Университеттердин жетекчилерине өзгөчө сессия учурунда "менден китеп сатып алсаң гана зачет аласың" дегендер токтотулсун деп көрсөтмө жибердик.
Гүлсүн,
Бишкек шаары:
- Менин кызым быйыл 23-гимназиядан 11-классты бүтүп жатты эле. Жакында бүтүрүүчүлөрдүн кечеси өткөрүлбөйт деген буйрук чыгарыпсыз. Бирок, ага карабай эле мектепте экзамен учурунда мугалимдерди суу, фуршет менен камсыз кылуу жөнүндө айтышууда. Бүтүрүүчү кечеге да көп акча сурап жатышат. Буйрук чыкты десек, мындай буйруктар жыл сайын чыгат, жыл сайын эле кече уюштурулат деп коюшту. Бул туурабы, туура эмеспи?
- Буга көңүл бурабыз. Өзгөчө бүтүрүү мезгили жакындап калганда катуу көзөмөлгө алабыз. Азыртадан эле 3-5 миң сомдон чогултуу башталганына байланыштуу бүтүрүү кечеси жөнүндө буйрук чыгардык. Антпесек, январдан тарта эле момунчадан акча чыгарасыңар деген ата-энелерге таңуулоо башталыптыр. Айрым учурда ата-энелер да буга өздөрү демилгечи болуп жатышат. Аттестат берилген күнү чоң кафеде чоң майрам кылып, бүтүрүүчүлөр көйнөктөрдүн 2-3 түрүн тиктирип, "крутой" машина менен келмей сыяктуу кымбат салтанатка айланып, башка нукка бурулуп кеткенинен тыюу салып жатабыз. Бир чети мектеп кафелердин ортомчусуна айланып калып жатат. Дал ушул маалда кафелердин баасы асманга көтөрүлөт, ижарага өтө чоң акча сурашат. Балдардын ой-санаасы да кафе, ресторанга отуруу болуп калууда. Бул жерде коопсуздук маселеси да бар. Экинчиден, колунда жок ата-энелер кыйналышат. Ошондуктан, азыртадан атайын токтом менен мындай салтанатка тыюу салдык. Ата-энелерден буга акча чогултууну токтотуу зарыл. Балдар мектептен аттестат алуу аземине катышышы, мектеп, окуткан мугалимдери менен салтанаттуу коштошуусу керек. Ал эми бүтүрүүчү окууну бүткөнүн белгилегиси келсе, ата-энеси, туугандары, достору менен башка учурда, башка күнү өздөрү каалагандай белгилей беришсе болот.
Экзамен учурунда тамак маселесине келсек, мугалимдерге эмес, балдарга тамак керек да. Баяндама, эсеп чыгаруу үчүн узак убакыт керек болуп калат. Ал эми ата-энелер өз каалоосу менен мугалимдерге тамак уюштурса, өз эрктери, бирок министрлик муну уюштурууга көрсөтмө бербейт.
Нурила Кадыр кызы,
Бишкек шаары:
- Агай, билим берүү министри кандай китептерди окуйт болду экен деп кызыгып жатабыз?
- Адистигим боюнча адабиятчымын. Анын ичинде оозеки чыгармачылык, фольклористика, элдик маданиятка тиешелүү жалпы тарых, этнография боюнча китептерди кызыгуу менен окуйм. Ушул жааттагы изилдөөлөргө кызыгам. Илимпоздор жолукканда өздөрүнүн китептерин беришет. Убакыт тар болгонуна карабай аларды карап чыкканга аракет кылам.
- Рахмат, агай.
Шарше Адамкулов,
Жалал-Абад шаары:
- Урматтуу Канат Жалилович, атаңыздын мыкты акын, драматург, Гимндин текстинин авторлорунун бири болгонун билебиз. Атаңыздан анча-мынча чымын өткөнбү? Ыр жазасызбы?
- Ыр жазбайм. Орус филологиясын бүтүргөнүмө байланыштуу атамдын драматургияга тийиштүү чыгармаларын синхрондуу котормо керек болгон учурда которуп жүрдүм. Азыр атамдын 80 жылдык мааракесине карата ырларын орус тилине которуп чыгарсамбы деген максатым бар. Ал эми чымыным барбы-жокпу, окуучулар өздөрү таразалашсын.
Даярдаган
Бермет МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу"
Сүрөтүн тарткан
Дайырбек МЕЙМАНОВ