"Кыргыз туусу", 15.02.11
  Улуттук комиссиянын маалыматынан кийинки ойлор

Чыркыраган чындык айтылабы
Албетте, Ош жана Жалал-Абад жергебиздеги каргашалуу, капшабы карапайым калктын белин мертинтип, канын агызган, канчалаган адамды өлтүрүп, канчасын тирүүлөй өрттөп, жумуру баш, буту айры адам жасабаган мыкаачылык, кутурган иттей жулунган зулумдук, зордуктоо, зомбулук көрсөтүү менен коштолгон жоболоңдуу коогалаңдын чыгуу себептерин териштирүү максатында атайын улуттук деген статус берилип, ар кошкон улут өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссиядан, чындыгында, көп нерсени үмүт кылып күттүк эле... Эл түштүктөгү сепаратисттик маанайдагы идеологияга кумарланып, ошого биротоло берилип, көздөрүнө кан толуп, жүрөктөрү өрөпкүп чыккандардын айбанчылык, абийирсиздик, мыкаачылык менен жасаган иштерине шыкак, шынаа болгондордун кылык-жоруктарына ачык, агедил, калыс, принциптүү баа берилет деп ишендик эле... Жалпы жумурай журттун көкүрөгүн эзип, көөдөнүн тебелеген "эмне үчүн ушундай болуп кетти", "коюн-колтук алышып чогуу жашаган бир тууган эки элдин мынчалыкка барышына эмне себеп, эмне түрткү болду?", - деген сымал суроолорго так жооп алабыз деп ойлодук эле...

Ачык айтышыбыз керек, тилекке каршы, андай болбоду, улуттук комиссия жалпы эл күткөн суроолорго так жооп бере албады. Аны жумурай журт теледен көрдүк. Менин жеке баамымда бул комиссия, албетте, көп иш жасады, көп нерсени чогултушту, көп нерсени билет. Көп фактыны чогултуп калышкандыгы үчүн ырахмат, комиссияга. Алар балким депутаттык комиссиянын ишине кереги тийип калаар. Бирок алардын маалыматын теледен жылбай бүткүчө көрүп отуруп бир нерсеге дагы бир ирээт ишендим: Комиссиянын бул маселени териштирүү ишинде: - "атаңды ким өлтүрсө, ага энеңди алып бер, өзүңдү ким бычактап, бишкектеп жатса, ага ооба, сен туура кылып жатасың деп баш көтөрбөй талтайып жатып бер", - деген "акылман" кеп негизги принцип болгонбу деп да шек санап калдым. Андай болбогондо биттин ичегисине кан куюп, кумурсканын улутунганын билген, акылдуулугу менен аналитикалык ой жүгүртүү, талдай алуу мүмкүнчүлүгү айкалышкан, саясатчылыгы менен аярлыгы ширелишкен төрага Абдыганы Эркебаевич жетектеген комиссиянын элге берген маалыматы ушундай супсак, ушундай кунарсыз, ушундай ирээнжитме болот деп эч ойлогон эмес элем. Балким, баардык чындыкты чыркыратып жыпжылаңач (кандай болсо так ошондой) бойдон эл алдына алып чыгууну анча ылайык көрбөгөн чыгаар, айтылчу нерсе бар, айтылбоочу нерсе бар, жалпы эл билчү нерсе бар, билбөөчү нерсе бар деген кыязда. Кандай болгон күндө да жалпы элдин деми басылып, көксөсү суубады. Күткөн суроолоруна так, туура, чын жооп ала албай, эл кыжырланган бойдон калды. "Кылгылыкты кылып коюп, кыл жип менен бууп койгондор", "каймак уурдап жегендер кутулушуп, аяк жалагандар тутулушуп", - дегендей запкы көргөн тарап катары "уурусу күчтүү болсо ээси доого жыгылат" болуп кыргыздар өзбектерге кыргын уюштурган тарап катары доого жыгылып турган чагы. Буга биздин айрым бир чиновниктердин иш билбестиги, маалыматтык согушта убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынын ишти уюштура албагандыгы, "өзбек-кыргыз жоо болсун, кара башым соо болсун", - деген кыязда кыргыздарга сыртын салып турган айрым бир башка улут өкүлдөрү шыкак болдубу? Атүгүл "Ассамблея народов Кыргызстана" деген башка улут өкүлдөрүнөн түзүлүп, өз көмөчтөрүнө күл тартып, алакандарын кыргыздын отунун табына жылытып, чак борбордо тарыхый имаратты ээлеп отургандар, Кыргыздын суусун ичип, токочун жеп, семирип-сергип байып алгандар, кээ бир чоң эле кызматтагы дипломдуу сабатсыз кыргыздарыбыз, интеллигентмин, саясатчымын деп дөгүрсүгөн, дымактуу, кергиштеген кыргыз сөрөйлөрүбүз, ооз көптүрө бизде 120 улут жашайт деп сандырактап жүргөндөр санаган башка улут өкүлдөрү да шыкак болуп, шынаа урдубу дейм. Андай болбогондо ошол каргашалуу кан төгүү учурунда кайсы башка улут өкүлү, кайсы улуттук-маданий борбор, мейли орусу, мейли дунганы, мейли уйгуру, мейли кавказдыгы, мейли корейи, мейли тажиги, башкалары болсун, кайрылуу жасашты, кимиси калыс сөзүн айтты, кимиси чындыкты айтты. Эмне үчүн өзбек лидерлери саясий талап коюп жүргөндө, бир улуттук-маданий борбор, башка улут өкүлү аларды "эй, өзбек туугандар, силерге эмне жетпейт, андайыңарды койгула" дегенге жарашпады, эмне үчүн ушу бүгүнкү күнгө чейин улуттук-маданий борборлордун бири да кыргыздар кыргын уюштурушкан жок, алар өздөрүн коргошту деп эл аралык коомчулукка кайрылуу жолдошподу. Эмне үчүн, эмне үчүн деген суроолор өтө көп, бул суроо көпкө дейре берилчү суроо болуп калды. Ушундан кийин улуттук-маданий борборлор, "Ассамблея народов Кыргызстана" дегендер керекпи бизге, өздөрү деле ойлошпойбу, тарап кетишпейби.
Менимче, улуттук комиссия ушундан баштаса, ушулардын "унчукпай макул болушуна" баа берүүдөн баштаса дурус болмок.
Улуттук комиссия Түштүк коогалаңынын чыгыш себебинде Батыров, Абдурасулов, Саллахудинов, Абдуллаеванын гана атын атоо менен чектелип, аларды да расмий жерде эмес, жөн гана "чай ичишип отурган" жерлерде сүйлөп коюшкан сымал мүнөздөштү. Алардын саясий талаптары жөнүндө эч нерсе айтпай, "биз расмий эмес маалыматтарды карабадык", - деген сымал тайсалдоо, жымсалдоо, сыйпалатуу түрүндөгү алсыз жоопторду беришти. Аргасы кеткен төрага алдастап, зирек акылы көрүп-билип турган нерсени тили ачык айта албай, билип-көрүп турган фактыны жалпы журтка жарыя кыла албай, шилекейин жутуп жөн болду, коркуп, чочулап жаткандай түр көрсөттү. Комиссиянын ою боюнча Батыров, Абдурасулов, Саллахудинов, Абдуллаева сыяктуу журт бузарлар, сепаратисттер Ак үйгө - Жогорку Кеңешке же Көк үйгө - Өкмөткө, же Президент Р.Отунбаевага келип саясий талаптарын койсо, ошондо расмий болмок экен, мына логика, логика болбосоң коё кал. Өзүбектердин мындай талаптарынын айынан 90-жылкы кан төгүү болбоду беле, өзбек автономиялыгын талап кылышпады беле, өзбек тилине расмий тил статусун берүүнү талап кылышпады беле, саясий бийликке койгула бизди деп талап кылышпады беле. Андан калса Батыров сыяктуу өзбек депутаттар 2-3 жыл мурда эле жогоркудай саясий талапты - өзүбек тилине расмий тил статусун бергиле деп Жогорку Кеңеште маселе көтөрбөдү беле, булар мындай саясий талап коюп жатышканда, булардын артында жүздөгөн-миңдеген өзүбек туугандар тымпыйып, акча чогултуп, курал топтоп, КамАЗдарды брон темирлер менен ширетип ок өтпөс бронмашина даярдашып, айылдарын, жашаган жерлерин киши өтө алгыс баррикада кылып тосушкандыгын теледен көрдүк го... Эмне үчүн комиссия бул жөнүндө бир ооз сөз айтпайт да, жогоруда саналган төрт өзбек жөнүндө эле кеп кылышат. Туура, булар демилгечилер, уюштуруучулар, а булардын айтканын, дегенин ишке ашырып, элди үндөп, чогултуп, курал жыйнап, жанагы брондолгон машиналарды даярдап жүргөндөр, булардын арам, акмак оюн аткаргандар жөнүндө эмнеге сөз болбойт, эмне үчүн Кыргыз мамлекетинин туусун өрттөгөндөр, тебелегендер, аларга кол-кабыш кылган айрым бир кыргыздар жөнүндө, Сулайман тоосуна өзбек туусун сайгандар жөнүндө кеп-сөз болбойт.

Мамлекеттин бүтүндүгүнө кол салган саткын...
Комиссиянын ушул сыяктуу мажирөө маалыматынан кийин мына өзбек улуттук-маданий борборунун бир өкүлү (же жетекчисиби, так көрбөй калдым) Ош, Жалал-Абад трагедиясына жалгыз гана Батыровду күнөөлөп, аны Өкмөт алып келип жоопко тартыш керек деп жанталашып жатат. Муну менен ал өзбек дагы да болсо трагедиянын масштабдуулугун, бир гана Батыров эмес, кылмыш жазасына жүздөгөн батыровчулар тартылыш керек экендигин мойнуна албай, дагы да болсо котур ташы колтойуп койнунда экендигин көрсөтүп алды. Кеп Батыров сыяктуу эле төртөөндө эмес, булардын идеясына сугарылып, автономия көксөгөн көп өзбектин маанайында, Батыровдун жана башкалардын башындагы ушул идеяны, ушул маанайды түп тамырынан кыркышта, жоготушта, ушул маанайды сындашта. Биринчи кезекте, муну өзбек улуттук-маданий борбору, Фаттахов...Артыков сыяктуу өзбек лидеримин дегендер өздөрү эл алдында жасашы керек. Ал эми Фаттахов БУУнун жогорку комиссары менен өзбектердин жолугушуусуна барып, ал жерде автономия алуу ниеттери бар экендигин билдиришкендердин ичинде отурса, кантип ал улуттук комиссияга кирип калды, муну төрага эмне менен түшүндүрөт, анын моралдык укугу бар беле? Анан жанагы депутат айымдын күйгөндөн айткан "Бөрү баласы ит болбойт" деген сөзү туура болуп жатпайбы. Андыктан комиссия өз сунушунда убактылуу өкмөттү күнөөлөнүн ордуна (Убактылуу өкмөт лидерлеринин аракети менен тактага кадалган мыктай бийликте былк этпей отурган Бакиевди кууп чыгып, элди Бакиевдердин, еврей-севрейлердин эзүүсүнөн куткаруунун өзү эч нерсеге салыштыргыс эрдик экендигин эстен чыгарбасак, булардын эрдиги алкоого арзыйт, а бийликке келгенден кийинки айрым иштерин кеңири талдоого жана сындоого алууга тийишпиз) мамлекет мындай идеяны жар салып айтканды кой, мындай ойду ойлоп койгон бирөөнү мамлекеттик чыккынчы, мамлекеттин бүтүндүгүнө залал келтирүүчү, мамлекеттин бүтүндүгүнө кол салган саткын катары кылмыш жообуна тартыш керек деген жыйынтык бериш керек эле. Анткени мамлекеттин эң негизги милдети - мамлекеттин бүтүндүгүн, коопсуздугун камсыз кылуу экендигин улуттук деген комиссиябыз түшүнбөйбү...
Арийне, жогорто айттым го, жанагы өзбек улуттук-маданий борборунун теледен сүйлөп жаткан өкүлүнүн котур ташы койнунда колтойуп турат деп. Эгерде андай болбосо эмне үчүн Кыргыз мамлекетинин түзүүчүсү жана ээси болгон Кыргыз эли улуттук атын жоюп, Кыргызстандык деп жазылыш керек деген сандырак оюн теле аркылуу жарыялайт. Ушундай ой айткандан уялбайбы. Мындай ой айтканды мамлекеттик кылмышкер деп санашыбыз керек, Кыргыздын атын өчүргүсү келген чыккынчы дешибиз керек. Биздин заманга чейинки X кылымдан бери, биздин замандын XXI кылымынан бери атын өчүрбөй сактап келген Кыргызды эмне үчүн бүгүн бир өзбек тууган атыңды өчүр, Кыргыз болбой Кыргызстандык бол деп "кеңеш" берет. Байкуш Кыргыздын кең пейилдиги, момундугу, меймандостугу, Гимнде айтылгандай "дилин берүүгө даярдыгы" (дилин дебей эле колун деп койсо кудай алат беле авторлорду) ушундай былжыраган, сандырактаган сунуштардын айтылышына себеп болуп жаткан жокпу?
Өзбек туугандын ушул айтканын мен эки жагдай менен түшүндүрөм: биринчисин жогоруда айттым, дагы да котур ташы койнунда, бул - Кыргыздын атын өчүрүүгө карата алыс ыргытылган аркан, кайырмак, сыйыртмак, капкан, тузак, экинчиси, географиялык аталыш менен этникалык аталыштын айырмасын билбеген сабатсыздык, түркөйлүк. Кыргызстанды Америка, Бельгия, Швейцария менен салыштырып болбойт. Аларда улуттук аталыш жок, баары - америкалык, бельгиялык, швейцариялык. Алардын этникалык тарыхы, этногенетикалык курамы ошондой. Американын эли - көрүнгөн жерден көчүп барган, жергиликтүү элди кырып-жоюп, жерин тартып алып, ар кошкон улут өкүлдөрүнөн куралган эл. Алардын өздөрүнүн тили да жок. Ал эми Кыргызстан - Кыргыз элинин мекени, улуттук мамлекет, бир улут атын берген, ошол улут түзгөн мамлекет. Мындай мамлекетте жашагысы келбегендер, Кыргыз мамлекетинин жараны болууну каалабай, тантык, сабатсыз, сунуш айткандарга каалашса чек ара да, жол да ачык.

Сыртбай МУСАЕВ,
Илим жана техника боюнча КРнын мамлекеттик сыйлыгынын ээси,
Илимдер улуттук академиясынын корреспондент-мүчөсү,
филология илимдеринин доктору, профессор
(Уландысы бар)