"Кыргыз туусу", 15.02.11
  Майыптар маселеси

Түркия тажрыйба бөлүшүүгө даяр
"Бүгүн өлкөбүздө 80 миңден ашык мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар жөлөкпул жана пенсия түрүндө жардам алышат. Алардын абалын жакшыртуу үчүн ком-плекстүү мамиле зарыл", - деп айтты калкты социалдык жактан коргоо министри Айгүл Рыскулова Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Нежат Акчал менен жолугушууда.
Министр менен элчи социалдык чөйрө жаатында кызматташуу маселесин талкуулашты. Өкмөт башчыбыз менен жакында Кыргызстанда иш сапар менен болгон учурда Түркиянын Премьер-министри Реджеп Тайип Эрдогандын жолугушуусунда жетишилген келишимден улам аталган министрлик элчиликке өз ара кызматташуу сунушу менен кайрылган. Жолугушууда А.Рыскулова 2010-жылы июнда жабыр тарткандарга жардам көрсөтүүдө Түркиянын Кызыл жарым ай коомун өзгөчө белгилеп, ыраазычылыгын айтты.
Элчи Нежат Акчал түрк тарап мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды колдоо боюнча социалдык саясатты өнүктүрүү багытындагы иштерге көмөктөшүү менен бирге тажрыйба бөлүшүүгө даяр экенин билдирди.
Бермет МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу"


- Учурда Өкмөттүн токтому менен министрликке 2011-жылдын 1-майына чейин эмгекке акы төлөөдө маданият,
искусство жана маалымат мекемелеринин жаңы типтүү шарттарын иштеп чыгуу тапшырылып, иш жүргүзү-лүүдө, - деди маданият жана маалымат министри Нурланбек Шакиев министр-ликтин
коллегиясынын кеңейтилген
жыйынында.




  Кеңешмеден кеп

Маданиятчылардын маянасы майдан баштап көбөйөт
Коллегиянын күн тартибинде министрликтин 2010-жылы аткарылган иштеринин жыйынтыгы жана 2011-жылкы иш планын бекитүү каралды. Республиканын алыскы аймактарынан келген өкүлдөр көбүнчө кызмат унааларынын жетишсиздигин, айылдык китепканалардын китеп фондунун жаңыртылбай жатышын айтышып, айылдык клубдардын ремонту, маданий мекемелердин курулушу, айлык акылардын көбөйтүлүшү жаатындагы көйгөйлөрдү ортого салышты.
Коллегияга КРнын вице-премьер-министри Ибрагим Жунусов катышып, КРнын маданият жана маалымат министрлиги жөнүндөгү Жобосундагы "КРнын маданият министрлиги маданият, искусство жана маалымат чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү мамлекеттик аткаруу бийлик органы болуп саналат" дегенге учурдагы маданияттын деңгээли жооп бере албай турганын ачык айтуу менен маданий жардылыктын торунан чыгуу тууралуу зарылдыкты белгиледи. Ошондой эле май айынан баштап айлык акылардын көтөрүлө тургандыгын, маданий тармакты көтөрүү үчүн конкреттүү чараларды көрүү керектигин билдирди.
Коллегиянын жыйынынын акырында маалыматтык саясатты жүргүзүү үчүн атайын департаменттин же башкармалыктын болушу үчүн Өкмөткө маселе коюлганы тууралуу дагы айтылды.
Бактыгүл ЧОТУРОВА,
"Кыргыз Туусу"




Кеңешип кескен бармак оорубайт
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Акматбек Келдибеков чыгармачыл союздар жана кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрү менен жолугушууда улутту улут катары тааныткан тил, маданият жана тарых экенин баса белгилеп, улут интеллигенциясы - -улут каймагы деп атаган. Бирок, учурда улуттук интеллигенциянын баркы баштагыдай эместигин ачык айткан. Натыйжада бул тармакта чечилбей келе жаткан көптөгөн маселелердин тегерегинде пикир алышуу менен, чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрүн келечектүү максаттарына ылайык өз сунуштарын берүүнү билдирген.
Ошол эле жолугушууда чыгармачыл союздардын төмөнкүдөй Кайрылуусу окулган:

Улут интеллигенциясы -улут каймагы
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы А. Келдибековго
УРМАТТУУ ТӨРАГА!
Урматтуу бүгүнкү жыйынга катышып отурган депутаттар!
Ар кандай коомдук аң-сезимди калыптандырууда интеллигенция, анын ичинде илимий-чыгармачыл интеллигенция өзгөчө ролду ойнойт. Ал эми илимий - чыгармачыл интеллигенциянын ичинен жаратман адамдардын орду өзүнчө жана өзгөчө. Алар: жазуучулар, композиторлор, сүрөтчүлөр, архитекторлор, киночулар, театр ишмерлери жана журналисттер.
Анткени бул адамдардын касиеттери алардын өздөрү менен бирге жаралып, анан кайра алардын өздөрү менен кошо жок болот. Дагы кеңирирээк айтсак: Дал ушул адамдардын пайда болушу менен улуттук аң-сезим калыптанып, дал ушул адамдардын жок болушу менен улут да кошо жок болот.
Ушул өнөрлөрдү өстүрүүдө жана баалап, барктоодо Батыш Европа элдери кийинки үч жүз жыл ичинде дүйнөгө үлгү болор көп өрнөк көрсөттү.
Бирок, бүгүнкү күн башка бир жаңы өзгөрүүлөрдүн болушун талап кылып жатат. Дүйнөлүк коомчулуктун алдыңкы өкүлдөрү андай "улуу бурулушту эми Борбордук Азиянын элдери жасашы мүмкүн" деген ойлорду айтышууда. Мына ушундай өткөөл учурда ушул чөлкөмдүн таланттуу адамдарына дүйнөлүк оор жүк артылып башталды.
Аналитиктер, биздеги "экономикалык кризистин тамыры маданияттын, идеологиянын жана ишенимдин негиздеринин кыйрашында жатат" деп эң туура белгилешүүдө. Чынында "идеологиялык багыттарды жаңылап, нукура маданий саясатты" ишке ашырмайын биз бүгүнкү экономикалык да, руханий да кризистен чыга албайбыз. Ал эми андай "маданий саясатты" ишке ашырууда сөзсүз илимий-чыгармачыл интеллигенциянын жаратман өкүлдөрү башкы ролду ойноору шексиз. Бирок таланттуу адамдар андай зор милдетти аткарууда өлкөнүн өзгөчө камкордугуна муктаж экендигин кийинки 20 жылдык убакыт көрсөттү.
Европадагыдай эле кем акыл адам - жеке үй-бүлөнүн кайгысы, таланттуу адам бүткүл улуттун сыймыгы болууга тийиш. Б. а. чыныгы гумманизм - ал кем акыл адамды эмес, таланттуу адамды мамлекеттик камкордукка алуу деген сөз. Биздин коомдо "кем акыл бала өз алдынча жашай албайт, ал эми таланттуу бала жашап кетет" деген көз караш калыптанган. Сөз таланттуу баланын жашап кетишинде эмес, сөз та-
ланттуу баланын туура тарбияланып өсүшүнө, жакшы билим алышына жана өз элине жан аябай кызмат кылышына шарт түзүп берүү тууралуу болуп жатат. Анткени мамлекетти таланттуу адам гана дүйнөлүк атак-даңкка бөлөйт жана өстүрүп, байытат!
УРМАТТУУ ТӨРАГА!
Саясий лидер улуттун таланттуу адамдарына кандай мамиле кылса, улутка да дал ошондой мамиле жасарын бизге чейин улуу адамдар аныкташкан. Минтип айтып жатканыбыздын себеби - мурунку мамлекет башчылары менен мындай жолугушуулар көп эле болду, а бирок, биринен да олуттуу жыйынтык чыккан жок. Ошентсе да биз, мекенчил позицияңызга жана чечкиндүү мүнөзүңүзгө карап, Сизге ишенебиз! Азыркы кырдаал Өлкөнү Өзөк Улуттун кызыкчылыгына карап башкара турган мезгил келгенин көрсөтүүдө. А чынында ансыз мамлекетте тартип да, өсүү да болбойт.
Ошондуктан биз - чыгармачыл адамдар, Сиздин биз менен иштеше турган өзүнчө бир кеңешчиңиз болсо, жакшы болор эле деп ойлойбуз. Ал боюнча биз Сизге өз сунушубузду да бергенбиз. Биздин максатыбыз бирөө эле: ал талантыбыз менен өз элибизге кызмат кылуу жана улуттук идеологияны жүргүзүүдө сиздерге колдоо көрсөтүү. Ошого байланыштуу бизге аз болсо да мамлекеттик камкордук керек экенин билдирип, төмөнкү маселелерди чечип берүүңүздөрдү:
1. "БюдЖЕТ ЖӨНҮНДӨ" жана "КОММЕРЦИЯЛЫК ЭМЕС УЮМДАР ЖӨНҮНДӨГҮ" мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү;
2. "ЧЫГАРМАЧЫЛ СОЮЗДАР ЖӨНҮНДӨ" мыйзамды тезирээк кабыл алып берүүнү;
3. "ЧЫГАРМАЧЫЛ СОЮЗДАРДЫН МАМЛЕКЕТТИК ГРАНТТАРЫ ЖӨНҮНДӨ" мыйзамды кабыл алууну;
4. Президенттин же Өкмөттүн алдында мамлекеттик мекеме - "ЧЫГАРМАЧЫЛ СОЮЗДАРДЫН УЛУТТУК ПАЛАТАСЫН (департамент же комитет) түзүүнү;
5. Бардык чыгармачыл союздар бирдей укукта пайдалануу үчүн Ысык-Көлдүн жээгинен "улутташтырылган" пансионаттардын бирин "ЧЫГАРМАЧЫЛ СОЮЗДАРДЫН УЛУТТУК ПАЛАТАСЫНЫН" балансына өткөрүп берүүнү;
6. Офис катары пайдаланып жаткан ИМАРАТТАРГА ижара акы төлөөдөн чыгармачыл союздарды бошотууну;
7. Чыгармачыл союздар үчүн КӨП КАБАТТУУ БИР ҮЙ салып берүүнү суранабыз.
УРМАТТУУ ТӨРАГА!
Жогорку Кеңешке шайлоо компаниясы жүрүп жаткан учурда, ошого чейин каржы тармагындагы бир чоң кызматта иштеген саясатчы биз менен жолугушуу өткөрүп, бир күндө Президенттик кызматка 2,5-3 миллион сом акча сарпталарын айткан эле. Эгер Президенттик кызматтын "бир жумалык" каражаты эле жети чыгармачыл союзга берилсе, алар бир жыл орточо он-он эки адамдан турган борбордук аппараттарын кармап, ортолук бир гезитин да чыгарып жашамак. Кантип эле ушул жети чыгармачыл союздун, мамлекет тарабынан каржыланып жаткан республикалык бир чакан театрдай же бир райондук мада-ният үйүндөй кадыр-баркы, улут үчүн сиңирген эмгеги болбосун!?
Анткени, 20 жылдан бери "коомдук уюмдар" деген шылтоо менен КМШ өлкөлөрү боюнча бир гана биздин республикада чыгармачыл адамдарга ушундай "түшүнүксүз" өгөй мамиле жасалып келүүдө. Бул таланттуу адамдардын азайып же майдаланып кеткенинен улам эмес, бул мамлекет башына өнөр адамдарын түшүнбөгөн жана атайын улуттук кызыкчылыкка каршы жылма саясат жүргүзгөн адамдардын келип калганынан улам ушундай болууда.
Бул саясат өзгөрүшү керек. Биздин эмгек да өз орду менен өзгөчө бааланып, ал элибиздин улуттук аң-сезимин калыптандырууга жана өлкөнүн атын дүйнөгө таанытууга кызмат кылуусу зарыл.
Алдын ала ыраазычылык билдирип:


А.АЛЫМБАЕВ, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Башкармасынын төрагасы,
Т.ЧОКУЕВ, Кыргыз Республикасынын композиторлор союзунун Башкармасынын төрагасы,
Т.КУРМАНОВ, Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун Башкармасынын төрагасы,
Э.БЕКТАШОВ, Кыргыз Республикасынын архитекторлор союзунун Башкармасынын төрагасы,

А.СҮЙҮНДҮКОВ, Кыргыз Республикасынын кинематографисттер союзунун Башкармасынын төрагасы,

М.ШАРШЕНБАЕВ, Кыргыз Республикасынын театр ишмерлер союзунун Башкармасынын төрагасы,
А.СУЛТАНБАЕВ, Кыргыз Республикасынын журналисттер союзунун Башкармасынын төрагасы




  Кылмышка согуш

Он күндө уюшкан кылмыштуу топтордун 34 лидери, мүчөлөрү кармалды
Президент Роза Отунбаева криминалга каршы аёосуз күрөш жарыялана тургандыгы боюнча айтып келет. Мамлекет башчысынын сөзүн бекемдегендей болуп ички иштер министри Зарылбек Рысалиев өткөн жуманын аягында ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан 10 күн аралыгында уюшкан кылмыштуу топтордун 34 лидери жана активдүү мүчөсү кармалганын жана алардын күнөөлөрү далилденип, иштери сотко жөнөтүлгөнүн жарыя кылды...
Эң башкысы мындай күрөштү мурда бизде болуп келгендей "кампанейщинага" айландырып жибербөөдө турат. Анткени, кээде милиция кызматкерлери сандык көрсөткүчтөрдүн артынан кубалоо менен уюшкан кылмыштуу топко
тиешеси жок катардагы мыйзам бузуучуларды да аларга кошуп жиберчү эле.
Ошондуктан бул жолу мамлекеттин саясий жетекчилиги колдоп турган кезде уюшкан кылмыштуу топтор (УКТ) менен күрөшүү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп турган кез. Мына ушул учурда тартип коргоочулар өздөрүнүн эмнеге жөндөмдүү экендигин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Эгерде андан пайдалана алышса, коомчулукта милиция кызматкерлери кылмыштуу топтор менен коюн-колтук алышып, саясий оппозициядагылардын жана майда көчө кылмышкерлеринин артынан сая түшкөнгө гана жарактуу деген айыптоолордон кутулмак.
Кеткен катын менен кызматтан түшкөн жетекчини жамандай берүү жакшы адат эмес. Ошентсе да өткөн бийлик учурунда жогорку бийлик эшелонундагылар криминалдык авторитеттер менен коюн-колтук алышып, алардын алдында "милдеттүү" болуп жүрүшкөндүгү жашыруун эмес. Милиция кызматкерлерин актоого болбосо да мындай кырдаалда аларды кылмыштуулук менен, анын ичинде уюшкан кылмыштуулук менен натыйжалуу күрөшпөгөнү үчүн айыптоо адилет болбой калмагын да моюнга алуу керек.
Ал эми азыркы министр милиция кызматкерлерине уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүүдө моралдык гана эмес, материалдык да колдоо көрсөтө тургандыгын билдирди. Анын айтымында, УКТнын мүчөлөрүн кармаган учурда жашы жете электердин иштери боюнча инспекциянын кызматкерлерине - 20 миң сом, тергөөнүн кызматкерлерине - 25 миң сом сыйлык берилмекчи. ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкы башкармалыгына 40 миллион сом бөлүнгөн.
Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
"Кыргыз Туусу"
P.S. Министрдин бул билдирүүсү боюнча кызыкдар окурмандарды З.Рысалиев менен болгон бүгүнкү түз байланышта суроолорун берип, анын өзүнөн жооп алууга чакырабыз...