"Кыргыз туусу", 15.02.11
  Таштык маданияты

Бабалар келбети
Акыркы убакта элибиздин өткөнүнө саресеп салып, издерин иликтеген илимий жана чыгармачыл чөйрөдөгү демилгечил инсандарыбыздын аракеттеринен улам кыргыз дүйнө таанымыбызда жаңыча көз караштын калыптанып келе жатканын көрөбүз.

Буга далил - Г.Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде "Бабалар келбети: Таштык маданияты" аттуу фотокөргөзмөнүн ачылышы. Көргөзмөнү хакассиялык чыгармачыл ишмер Сергей Нарылков жана жердешибиз, Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Алимжан Амантаев уюштурушкан.
Түрк тилдүү мамлекеттердин уникалдуу археологиялык көргөзмөсүн уюштуруу идеясы 2005-жылы кыргыз жана казак демилгечилер тобу Саян-Алтай жерин кыдырып келгенден кийин, дүйнөнүн түрк тилдүү элдерин "Биздин Мекен - тоолор жана талаалар, бешигибиз - Алтай" деген ураан астында бириктирүү максатында пайда болгон.
Көргөзмөнүн демилгечиси хакассиялык Сергей Нарылковдун бул сыяктуу фото-көргөзмөлөрү буга чейин Россиянын бир катар шаарларында жана Финляндияда, Казакстанда, Татарстанда көрөрмандарга тартууланган. Ал эми Кыргызстанда уюштурулушуна Алимжан Амантаевдин салымы чоң. Бет чүмбөттөр бүгүнкү күнү Россиянын ар кайсы музейлеринде (Мамлекеттик Эрмитаж (Санкт-Петербург ш.), Мамлекеттик тарых музейи жана Чыгыш элдеринин искусство музейи (Москва ш.), И.М.Мартьянов атындагы Минусински аймактык край таануу музейи, Л.Р.Кызласов атындагы Хакассия республикалык край таануу музейи жана Абакандагы Р.Ф.Катанов атындагы мамлекеттик университети) сакталууда.
Көрөрмандар көргөзмөгө коюлган 52 фотосүрөттөн мындан 2 миң жыл мурунку Сибирди, Саян-Алтайды, Енисейди жердеген ата-бабаларыбыздын бет чүмбөттөрүн көрө алышат. Таштык маданиятынын өзгөчөлүгүнүн бири - жерге кошо көмүлгөн бет чүмбөттөр түсү жана колорити боюнча ар түрдүү болуп, бири-бирине такыр окшобойт. Байыркы ата-бабаларыбыздын адам өлгөндө бет калыбын терракоттон (чоподон жасалуучу буюмдар үчүн бышырылган сары-кызыл чопо) алып жасашкан. Денесин өрттөгөндө анын жаны Көкө Теңирге учуп кетти дешкен, ал эми бет чүмбөттөрүнүн айырмаланганы тиги дүйнөдө алардын жаны адашпасын деген өзгөчө диний көз карашта болгон.
Даңазалуу скиф-сибирь, хунн-сармат искусствосун жаратышкан таштык сүрөтчүлөрү жасаган бет чүмбөттөрдүн ушунчалык чеберчилик менен аткарылгандыгына Батыш да таазим этип, суктанып келет.
Алтынай АТТОКУРОВА,
КР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, искусство таануучу




Репертуар Кыргызга хор керекпи?
Кыргыз улуттук маданият тармагында башкаларга караганда хор жамааты кийин пайда болду. Заманга жараша бул жанрдын керектигин мезгилинде турмуш өзү ырастаган эле. Массалык чоң майрамдарда гимн, кантата, оратория сыяктуу салмактуу чыгармаларды аткарууда Өзбекстандан, Казакстандан чакырылган хор жамааттары бир эле келиши менен бир жылдык чоң жамааттын айлык акысын алып кетишкен. Ошондо өзүбүздө да хор керек экендигин билишип, 1974-жылы Кыргыз Мамлекеттик телерадиокомитетинин алдында хор тобу түзүлгөн. Учурда ал кыргыз искусствосунун алп таланты, атактуу дирижер Асанкан Жумакматовдун атын алып жүрөт. Хорду түзгөн биринчи хормейстер Кеңеш Алиев, жардамчы хормейстери - Өзбек Абдылдаев болгон. Андан соң Валерий Гумбин 16 жыл жетектеди.

Азыр аны КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, профессор, кыргыз кыздарынан чыккан туңгуч дирижер Гүлбара Маматова жетектейт. Бул чыгармачыл жамаат хордук чыгармаларды аткарууда 40 жылга жакын тарыхы менен улуттук маданияттын өсүп-өнүгүшүнө чоң салым кошуп келет. 2007-жылы Казак Республикасынын Ак-Төбө шаарында Эл аралык хор искусствосунун конкурсунда лауреат болгон. Ал эми республикабызда мамлекеттик деңгээлдеги салтанаттуу иш-чаралардын жүрүшүндө бул хордун аткарган кызматы зор.
Өкүнүчтүү нерсе мурунку жылдары бул хорду телерадиокомитетинен Маданият министрлигине өткөрүп коюшкан. Бирок мурдагыдай эле телерадионун алдында иштеп турганы зарыл. Анткени кыргыз композиторлорунун хордук чыгармаларын ушул хор менен иштелип чыгып, ырдалып, радионун алтын фондусуна жазылып, түбөлүктүү көркөм дөөлөттөрдүн катарында сакталып турат эмеспи.
Жакында бул камералык хордун концерти П.Шубин атындагы балдар музыкалык мектебинде бийик деңгээлде өттү. Чынында кыргыз композиторлорунун чыгармаларынан турган хордук чыгармалардын концертин маданият тармагындагы жаңы саамалык деп атоого болот. Мына ушул концерттин жүрүшү тууралуу И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин музыка кафедрасынын башчысы, доцент Казакбек уулу Уранбек менен маектештик.
- Уранбек мырза, бул концерттин өзгөчөлүгү эмнеде?
- "Улуу тоонун кадырын ага чыккандар гана билет" дегендей, хор үчүн жазылган чыгармалардын өзгөчөлүгүн, аны кандай элге жеткирүү керектигин, аткарууда өзгөчөлүктөрү тууралуу хор жанрына жазган композиторлор жакшы билишет.
Эч бир аспапка салыштыргыс үн аркылуу бир нече чыгарманы аткаруу чынында эле татаал. Үн аркылуу көркөм кооздуктарды бийик деңгээлде аткарып, элге жеткирип отурган хордун ырчыларынын кесипкөйлүгүн да белгилеп кетүү керек.
Экинчиден, коомчулукта азыр айтылып жатпайбы, угармандардын, айрыкча жаштардын табитин бузган жеңил-желпи, мааниси тайкы ырлар тууралуу. Ал эми бул камералык хордо дили, ою терең, интеллектуалдык деңгээли жогору жаштарыбызды сөзү терең, музыкасы олуттуу чыгармалар аркылуу гана тарбиялоо таасири күчтүү. Ушундан пайдаланып Кыргыз Республикасынын композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиевдин бул концертти уюштуруудагы эмгегин белгилей кетүүгө болот. Концертти алып барган КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, музыка таануучу Жамила Маматованын композиторлордун чыгармаларына берген түшүндүрмөсү аркылуу ар бир чыгарманын аткарылыш өзгөчөлүктөрү угуучуларга жеткиликтүү болуп турганы дагы өзгөчө таасирдүүлүгүн арттырды деп ойлойм.
- Тактап айтканда кайсы ырларды мисалга келтире аласыз?
- Концерттин биринчи бөлүгү хормейстер Гүлбара Маматованын жетегинде болду. Калый Молдобасановдун "Бешик ыры" (сөзү Алыкул Осмоновдуку) эл уйкуда жаткан учурду, терезеден ай нуру төгүлүп, наристенин таттуу уйкусу бузулбасын деген таризде күүгө келди. Солист Махбуба Мухуттинова эненин тынчсызданганын, түн уйкусун баласына арнаган мээримин, назик, наздуу лирикалык сопрано үнү менен мыкты аткарды. Кыргыздын туңгуч опералык композитору Мукаш Абдраевдин "Мен Каракөзү" (сөзү Көпбай Күмүшалиевдики) мурункулардан калган асыл салтты улаган өзгөчөлүк жолду улады. Андан соң Асанаалы Мурзабаевдин "Булут" аттуу ырында (сөзү М.Жалгасыновдуку) композитордун жеке ой-туюму аркылуу табийгаттын сырдуу көрүнүшү хор аркылуу таасын аткарылды. Бири- бири менен кыналышып жылган булуттарды Асан Мурзабаев хордун киришүүсүндө үндү кымтып,тыгыз байланышкан секундалар аркылуу ачып берип отурат. Ал эми сүрөткердин байкаган туюмдарын (композитор жана акындын оюн) таланттуу ырчы Адия Исмаилова татынакай ырдап берди.
Композитор Кубаныч Осмоновдун "Жүрүш ыры" (сөзү Эсенгул Ибраевдики) жаштарды тарбиялоонун үлгүсү десе болот. Эл, жерди, Ата Журтту коргоо, жалын жүрөктүүлүк К.Осмонов жазган хордук чыгармада патриоттук сезимди ойготуп отурбайбы. Марш ыргагында шаңдуу аткарылган чыгарма ошол жерде угуп отурган жаштар тарабынан абдан жакшы кабыл алынды (Фортепианодо Мунара Нуркулова коштоду).
Композитор Акимжан Жээнбай 2010 -жылы апрель, июнь трагедиясынын таасиринде биринчилерден болуп хор үчүн "Аза" кошогун жазган. Элдин кайгысы, энелердин ыйы хордун аткаруусунда дал окуя болуп жаткандай жеткиликтүү аткарылды. Кырчындай балдардын окко учуп жатканын көргөн автор, ызы-чууну, муундары сыздаган энелердин үндөрүн келтирип, полифониялык имитациялар, масштабдуу-тематикалык өөрчүтүү аркылуу мыкты ачып беришти. Хордун чеберчилиги, кесипкөйлүгү, ырдоодо бири-бирин толуктаган көркөмдүгү, ар бир үндүн куюлушкан кооздугу уккандарды ыраазы кылды. "Аза" хору кыргыз элинин арман, кошок жанрындагы, полифониялык көп үндүүлүктү камтыган татаал чыгармалардан. Солисттер Садыр Жумашев жана Адия Исмаилова чебер аткарышты.
Концерттик программадагы Совхозбек Айткеевдин "Жамгыр алдында" аттуу хору романтикалык багытта жазылган (сөзү Эсенгул Чопиевдики). Анда сур булуттардын дабышсыз жылганын, бири- бирине кыналышканын секундалык интонациялар менен келтирип, оозду жаап ырдоо ыкмасы менен баштайт.
Жамгыр жаап жаткан учур... Биз байкабаган табийгаттын сырларын музыканын тили аркылуу не бир көркөмдүктө сүрөттөйт. Акын менен композитордун оюн - табийгаттын көрүнүшүн, адам баласынын ички туюу сезимдерин, жамгырдан кийин нурга чайылган өсүмдүктөрдү, табияттын өзгөчө сулуулугун хор аркылуу хормейстер нюанстар, динамикалык көркөм каражаттар, үн куюлуштуктары аркылуу чебер иштеп чыккан.
Улуттук профессионалдык музыканын негиздөөчүсү Абдылас Малдыбаевдин Аалы Токомбаевдин сөзүнө жазылган "Кимге айтам" аттуу чыгармасында образдык мүнөздөө, символикалуу параллелизм, дегеле ар бир сөз айкалыштары так, таасирдүү аткарылып жатты.
Дагы бир оригиналдуу чыгарма - "Жол боюнда". Музыкасы Сатылган Осмоновдуку, сөзү Смар Шимеевдики.
Эмгекти даңазалоо. Сүйүүнү каймана айтуу. Бул да чеберчилик.
- Кыргыз классикасынан да программада барбы?
- Албетте, бар. В. Власов, А. Малдыбаев, В. Ференин "Айчүрөк" (либреттосун жазгандар Кубанычбек Маликов, Жоомарт Бөкөнбаев, Жусуп Турусбеков) операсынан 1-актыдан хор ырдалды.
Мукаш Абдраевдин "Олжобай менен Кишимжан" операсынан жаштардын ыры жана бийи менен (либреттосу Ашым Жакыпбеков жана Эрнис Турсуновдуку) концерттин 1-бөлүмү жыйынтыкталды. Хордун көркөм жетекчиси жана башкы хормейстери, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Гүлбара Маматованын дирижерлук турпаты, ар бир чыгарманы көрсөтүү учурунда так, музыкалуу кыймыл-аракети, мазмунга жараша дирижерлук талабы, аваздык-хордук тең салмактуулукту сактоодо нюанстар, интонациялык тазалык жагынан жогорку деңгээлде аткарылды.
Концертке келген атактуу композиторлор, музыка таануучулар, хор искусствосунун адистери, музыкалык жогорку окуу жайларынын жетекчилери хормейстер Г.Маматованын дирижерлук чеберчилигине жогорку баа берип, дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштоп турушту.
- Концерттик программа жалаң эле "галстукчан" ырлардан турбастан, арасында күлкү коштолгону да бардыр?
- Туура, ал дагы эске алынган. Владимир Романдын "Гном" аттуу тамашалуу чыгармасы татаал модуляциялык ыкмаларга жык толгон. Полифониялык, гомофондук-гармониялык көркөмдүктөр хор тарабынан аткарууда кыйынчылыкка турса да чыгарманын идеялык мазмуну ачылды, көрүп олтурган элдин да маанайы көтөрүлдү.
- Тушоосу кесиле элек чыгармалардан да бардыр?
- Жаңы чыгармалардан деп айтып жатасызбы? Ооба, алардын катарында эң биринчи жолу аткарылып жаткан хор Эсенгул Жумабаевдин (сөзү драматург Султан Раевдики) "Алас, Алас" чыгармасы болду.
Бактыгүл ЧОТУРОВА,
"Кыргыз Туусу"