газета "Кыргыз туусу" на кыргызском языке • №12, 15.02.11. • "Кыргыз туусу гезити, кыргызча... •






Кылмыштуулук уюшуп жатканда
ага каршы күрөшүүчүлөр неге
биргелешпейт?
Өткөн революциялык жылда республикада кылмыштуулук менен күрөшүү кандай болду? Уюшкан кылмыштуулук прокуратура органдарына карата үстөмдүгүн мурдагыдай эле көрсөтүп жатабы, же бул өңүттө кандайдыр-бир жылыштар болдубу? Өлкөбүз кылмыштуулук менен күрөшүүдө кандайдыр-бир кескин жылыштарга жетише алабы же мамлекет башчысы жарыялаган күрөш кезектеги өнөктүк боюнча калабы? Республиканын Башкы прокуратурасынын коллегиясынын кеңейтилген жыйынында Башкы прокурор Кубатбек Байболов менен мамлекет башчысы Роза Отунбаеванын бул ведомствонун өткөн жылдагы ишинин жыйынтыктарына берген баалары айырмаланып турду.

Уюшкан кылмыштуулукту жоюуга мүмкүн эмес. Бирок бул аны менен күрөшпөй коюу керек дегенди билдирбейт
Роза Отунбаеванын сүйлөгөн сөзүнүн лейтмотиви ушундайча болду. Президент быйыл уюшкан кылмыштуулукка каршы аёосуз күрөш жүргүзүлүп жаткандыгын жана бул иште прокуратуранын ролу өзгөчө экендигин белгиледи. "Уюшкан кылмыштуулук өнүгүп жаткан өлкөлөрдө гана эмес, алдыңкы өнүккөн өлкөлөрдө да мамлекетке чоң коркунуч туудурган көрүнүш. Анын бүгүнкү күндө республикабызда кулач жая башташы бизди кооптондурбай койбойт. Муну ар бирибиз жакшы түшүнүп турабыз. Бул жаатта прокуратура кызматкерлери аткара турган иштер арбын, жоопкерчилиги чоң", - деди

Р.Отунбаева.
Эл коомдо чоң резонанс жараткан кылмыш иштери боюнча жыйынтыктарды күтүп жаткандыгын белгилөө менен мамлекет башчысы, анын ичинде 7-апрель окуялары боюнча ачылган кылмыш иштери боюнча күнөөлүүлөр алигиче табылып, жазалана электигине кабатырлануусун билдирди. "Негизги күнөөкөрлөр табылган жок: качып кетип, чет өлкөдө бугуп жатышат. Буга эл катуу нааразы. Эки айдан кийин курман болгондордун жылдыгы белгиленип, эл ошол 87 адам эмне үчүн курман болгонун, кимдер жазаланганын сурай турган күн алыс эмес. Ошондуктан, бул иштер тыкыр, абийиир сотунун алдында ак ниеттүүлүк менен, эч кимдин көмөчүнө күл тартпай каралышы керек", - деп талап кылды Р.Отунбаева.
Трагедиялуу июнь окуяларынын тергелүүсү боюнча да Р.Отунбаева сындаган баа берди, ал бул окуя боюнча 5 миңге жакын кылмыш иши аягына чыга электигин эске салды. "Кылмыш иштерин тергөө мыйзам бузуулар менен жүргүзүлүп жаткандыгын эл айтып жатат. Июнь окуялары боюнча буга чейин 5 доклад жарыяланды. Эл аралык доклад болсо жакын арада колубузга тиет. Андан башка эл аралык укук коргоо уюмдары да өз докладдарын жарыялап жатышат. 435 адам көз жумду, миңдеген адамдар жаракат алышты. Ошондуктан, мен прокурорлорду эскертип коеюн: эч бир факт көз жаздымда калбашы керек, ар бириңер ишиңерди абийирдүүлүк менен аткарып, тарых сотунун алдындагы жоопкерчилигиңерди сезишиңер керек", - деп баса белгиледи Р.Отун-баева.
"Мен жакында Баткен облусунан келдим. Мисал катары Сүлүктү шаарын келтирейин. Прокурор анда 5 жыл иштеген, аны азыр да ордунда калтырып жатышат. Сүлүктүдө татаал кырдаал түзүлүүдө. Карама-каршылык жүрүүдө. Ал жердеги прокурор мындай кырдаал бар, а биздин ишибиз жок деп билдирген. Шахтанын пакетинин 49%ы мамлекеттики, а прокуратура четте турабы? Мындай мамиле менен алыска бара албайбыз",- деди мамлекет башчысы.

Ротациялоо да кыйын маселеби?
Прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүнө кайрылып, мамлекет башчысы алардын кызматкерлерин ротациялоону талап кылды. "Жылдар бою ордунан козголбой иштеп жаткандарды ротациялоо ушунча эле кыйынбы? Биз бул ишти чечкиндүү жүргүзүшүбүз керек. Прокуратура органдары мыйзамдуулуктун сакталышын камсыздап, ким болбосун мыйзам алдында бирдей укукка ээ экендигин иш менен көрсөтүшү керек", - деди Р.Отунбаева жана Башкы прокурор Кубатбек Байболовго ушул жыл ичинде өткөрүлө турган ротациялоо графигин тез арада даярдап, көрсөтүүнү тапшырды.
Президент кылмышкерлерди кармоо операциясына иши тергелип жаткан кызматкерлердин катышуусуна байланышкан чуулгандуу окуяга кайрылып, Башкы прокурор Кубатбек Байболовдон буга тиешеси бар кызмат адамдарынын жоопкерчиликке тартылышын жана бул туурасында ачык-айкын маалымат берилишин талап кылды.

(Уландысы 2-бетте)




  Түз байланыш

Айыл чарба министрине сурооңуз барбы?
"Жаз камылгасын кышта көр" дегендей, Өкмөт дыйкандарга 9 пайыз үстөгү менен 1 млрд. сом суммада насыяларды бере тургандыгы коомчулукка белгилүү. Ал кандай шартта, качан берилерин, жалпы эле айыл чарбасына мамлекет тарабынан кандай колдоолор болорун, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо аракеттерин, сизди түйшөлткөн башка маселелерди билгиңиз келсе, анда Айыл чарба министри Беков Төрөкул Ниязович түз байланышта 18-февралда саат 14.00дөн 16.00гө чейин 66-01-22 телефонунда окурмандардын суроолоруна жооп берет.
Түз байланыш учурунда байланышка чыга албай калам десеңиз, алдын ала 66-01-22, 62-20-18 телефондоруна чалып, сурооңуздарды жаздырып койсоңуз, министрге берилип,
жообу гезитке жарыяланат.