"Кыргыз туусу", 11.02.11 Макелек Өмүрбай уулу КАРМЫШТЕГИН,
Кытай Шинжаңдан чыгуучу
"Тил жана котормо" журналынын башкы редактору, профессор, филология илимдеринин доктору
"Кыргылчалдын балдары", тилиңди тарт!..
же кыргызды бөлүп жаргандарга жооп
(Башталышы өткөн санда)
Сыдыкбеков, Жусуев, Эралиев үчүн...
Түгөлбай Сыдыкбеков аксакалдын кыргыз адабиятындагы ордун, жетишкендигин кыргыз баласы катары чоң баалуулук катары санаймын. "Ат тезегин кургатпай" Кыргызстанга биринчи эле барганда, ал кишинин колун кармаганга насип болгон. Ал киши саламымды алик алгандан кийин эле айткан эки ооз сөзү эмдиге чейин эсимден кетпейт: "Казыбектин чыгармалары силерде көп дейт, басмадан чыгарбайсыңарбы? Кыргыз тили нукура силерде сакталып калды деп угам, ошондон тайыбагыла, ал мен "Көк асаба" аттуу романымды чыгардым, мында жалаң кыргыз тили менен жаздым, окугун" деген сөздөрдү айтып (бул сөз 1989-жылы айтылгандыгы менен маанилүү болуп турат. Ал кезде "Казыбектин чыгармалары", кыргыз тили боюнча Кыргызстанда сөз айтуу опурталдуу эле), сыясы кургай элек ал романына кол тамгасын түшүрүп берген эле. Бул кишинин кыргыз тилине ошончо күйүп, кыргыз тилинин баяндоо күчүн ашырууну максат кылып, атайлап чыгарма жазган оң оюна таазим этип, кыргыз тилинин анык демөөрчүсүнө кол бергениме сыймыктанып келем. Ал кишинин "Өмүр аке жана анын уулу" чыгармасы биздин окуулукта эртеде эле окутулуп калган. Түгөлбай аксакалдын "Көк асаба" романынан "Теке мерген" бөлүмүн биздеги кыргыздардын окуулугуна кыргыз тилинин байыркы сөздүк корун, сүйлөө таризин көрсөтүү максатында киргиздик. Андан бөлөк, ал кишинин кыргыз тили боюнча атайлап жазган макалаларын "Тил жана котормо" журналында толук жарыяладык. Ал тургай, кээ бир терминдерди ал кишинин айткан сунушу боюнча атай турган болдук. Мисалга, мурда "масса" деген сөздү "калк - калайык" деп эле айтыш керек дегени боюнча атап алдык. Ал кишиде кыргыз сөздөрүн тактоого болгон мындай сунуштары көп болгон. "Ат тезегин кургатпай" барганга жараша, биз Түгөлбай Сыдыкбеков аксакалдын дил дүйнөсүнүн пайдасын абдан көрдүк.
"Ат тезегин кургатпай" Сооронбай Жусуев үчүн барып жүрдүм. Көзгө жылдыздуу, олуянын кебетесин карманган бул киши менен, бир кырдын күңгөй бет жагындагы мөңгүнү мен ичип, тескей жак бетиндеги мөңгүнү Сокем ичип табиятыбыз туташканынан эмес, кыргыз поэзиясынын пирлеринин бирөө катары көргөндүктөн, ар жолу аганын оозунан алтын шилекей чачыратып алууга барам. Чыгармаларын улам жаңыдан чыкканын өзү эле кол коюп белек кылат. Ушунусу менен, китепканамда кадырлуу орунда туруп эле калбай, ал кишинин чыгармалары кытайлык кыргыздардын окуулуктарына кирип, кадиресе балдарыбыз Сооронбай аганын "Кызылсууга, Жүсүп Мамайга арнаган" ырларын жатка айтып жүрүүгө жетишти. Ал мен ал кишинин өз оозу менен айтып берген: "Жазуучу экөө эле болот - торгой, үкү" деген акылыясын биздеги кыргыздарга накыл кылып айтып, калемгерлерди да экиге бөлүп таанып жүрөбүз.
Сүйүнбай Эралиевгө "ат тезегин кургатпай" барып, бүткүл чыгармаларын жүктөп келдим. "Тил жана котормо" журналынын бетин канча жылдап "Сага айткан сыры" кызытып берди. "Акмөөр" кытайлык кыргыздардын жазуусунда чыгуудан мурда эле, окурмандардын оозундагы жомок болуп айтылып жүрчү. Сүйүнбай Эралиевдин лирикасына дилин чайыбаган акын жок. Ал киши: "Философияны кол жетпеген сулуу кыздай көрүп калдым" дегени менен, чыгармаларына кыргыздын эс тутумун жүктөп салганын биздеги кыргыздар баамдашып калды. Чын эле, Сүйүнбай аганын касиеттүү үйүндө отурганда, жеңемдин кыргыздын бул улуу акынын сыйлап отурганын көрүп, ичим жылып, ал кишинин: "Балким, төрөлбөстөн мурда эле, махабатың жалаң мага арналып?
Ал оболу алсыз, назик нур беле,
Кала берген ара жолдо
кармалып… ал
Аңгыча сенин сүйүүң кечиккен,
Тапты акыры … мына бирге
келебиз,
Жаркын үмүт, ыйык сүйүү
ээрчиткен,
Алпаратат биздин турмуш -
кемебиз…"
деген саптары өз үнү менен окуп жаткандай кулагыма жаңырып турду.
Касымбековдун китептерин артынып, Кеңештин "Кыргыздарын" ташып…
Төлөгөн Касымбековдун чыгармаларын артынып келип, жакынкы заман кыргыз тарыхын көркөм сөз аркылуу түшүнүп, Курманжан датка, Токтогул сыяктуу адамдарды тарыхый таржымалынан көрөк, көркөм сөздөн көбүрөөк билүүгө жетиштик. Төлөгөн Касымбековдун чыгармаларынан кыргыз каада-салты, тегеле, кыргыздардын сүйлөө таризин көрүп турабыз. Бул кишинин "Сынган кылыч" романы Шинжаңда уйгур тилинде чыкканда автордун жергесин туура эмес жазып койгонун Кытайдагы кыргыздар көтөрүп чыгып, түзөттүргөнгө, кадиресе кечирим суратууга алып бардык. Улуу жазуучудан кечирим сураган катты өз колум менен алып барып тапшырдым. Т. Касымбековдун чыгармалары ("Сынган кылыч") кытайлык кыргыздардын адабият окуулугунда, анын сүрөтү толук орто мектеп 9-жылдыктар адабиятынын тышына (мукабасына) басылган. Төлөгөн Касымбековду кытайлык кыргыздарга окутуу түйшүгү менен "ат тезегин кургатпай" барууга туура келген.
Кеңеш Жусупов үчүн "ат тезегин кургатпай" барам. Кыргыздын кылымдардан бери бууп-түйгөн "Кыргыздар" аттуу кенчин "ала капка" салып койгон жеринен алып келдим. Ал кишиден кыргызга кантип эмгек кылуунун өрнөгүн көрдүм. Эмгекке жапалдаш бою жарашкан бул кишинин кыргыз мурастарын чогултуудагы жүрүмүн мен тартсам экен деп аңдыдым. Бизге ат арытып келип, "Кыргыздардын" 4 томун тошкоруп кеткени; "Ала-Тоо" журналын кытайлык кыргыздарга боор тарттырып, сорпо бетине чыккандарын үзбөй тааныштырып турганы; тегеле кыргыздын үзүлгөнүн улап, чачылганын терип жүргөнүнөн үлгү алуу үчүн Кеңеш Жусупов агага "ат тезегин кургатпай" эмес, ат тезеги жерге түшкөнчө жетип барууну убарачылык көрбөй калгамын. Чын эле, бир ооз мисал айта кетейин, бир жылы кышындасы Бишкекте, Кеңеш агага жолугуп калдым, шашылыш ыңгайда көрүнгөнүн, жайын сурасам, "бир чет элдик таанышым чалып жатат, ал чет элдеги бир китепканадан кыргыздын эртедеги кошокторунан таап алдым дейт, ошону алганы баратам" дегени таң калтырып, "Кыргыздарды" кантип жыйнаган машакатын туйгамын. Кеңеш аганын "Кыргыздары" (мурдагысы 5 том, кийинкиси 11 том), "Кыргыздын тулпарлары", "Байыркынын издери", "Кыргыздардын байыркы маданияты", "Жаншерик" сыяктуу китептери кыргыз таануу боюнча илимий макала жазуунун негиздери болуп калды. Ушул баалуулуктар үчүн, "Кыргылчалдын балдарына" жаман көрүнүп "ат тезегин кургатпай" барып жүрбөйүмбү!
Кыргызстанга мени тартып турган дагы бир баалуулук - Бексултан Жакиев менен баарлашуу. Манастын каны түз ушул кишиге куюлуп калгандай сезем. Ачык сөзү, адамдык касиетке тартып турган сапаты менен, кыргыз мүнөзү кандай болот дегенди ушул кишиден көрдүм. "Жан сактоого жеткидей байлыгым, катыныма жеткидей бийлигим болсо, болду" деген накыл сөзүн өзүнүн жашоосунан байката алат. Адамчылык жүрүмдү, кыргызга жанын аябаган күйүмдүүлүктү Бексултан агадан ыроолотуп алса болот. Ал кишинин Алтай Аманжолуну издеп Америкага барып атайын жазган китебин окуп, чындыкты жазмада кандай баяндоонун үлгүсүн таптык. "Атанын тагдыры" Кыргызстанга даңазалуу болуп эле калбай, кытайлык кыргыздардын окуулугунда кыргыз драмачылыгынын өрнөгү катары окутулуп жатат.

Жалил, Казат, Байдылдага барам
Чоң акын Жалил Садыковдун кыргыз элине жасаган чыгармачылык жумуштары менен таанышууга Кыргызстанга канча жолу барсаң да өкүнбөйсүң. "Манастын уулу Семетей" баш болгон чыгармаларын бүт жеткизип алдык. Ал киши "Кыргыз маданияты" жумалыгын жетектеп турганда, Кыргыздын "асыл кенчтерин" ачып көргөзө баштаган эле. Ал тургай, Кытайдагы кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармаларын такай тааныштырып турган. 1987-жылы тунгуч жолу аталган гезитте Жүсүп Мамайды тааныштырганы, Кытайдан чыгуучу "Тил жана котормо", "Шинжаң кыргыз адабияты" журналдарын атайлап тааныштырып, кытайлык кыргыздарга боорукерликтин иш-аракетин байкаткан болчу. Ж.Садыковдун сөзүнө кулак төшөгөн кездеримде, ал киши кыргыздардын тарыхында жаралган улуу иштерин азыркынын чыгармачылык ыңгайы менен "кайра төрөлтүп" берүүгө толгонуп турганын туйгамын.
Байдылда Сарногоев үчүн "ат тезегин кургатпай" баруу зарыл болгон. Ал кишинин басмадан чыккан чыгармалары бүт биздин колдо бар, кадиресе адабият окуулуктарында окутулуп жатат. Улуу акындын колун биринчи жолу кармаганда (1989-жылы 2-октябрь): "Эстесем жаным, арак ай, Элжирейт бугум тарабай. Эки күн сени ичпесем, этимден азып кетемин, Эмчектен чыккан баладай" деген сиздин ырыңыз менен эле бакубат жүрөбүз, - деп өзүнүн ыры менен салам айтсам, "ары жагын дагы окубайсыңарбы, "ичпе" деген жерлери да бар", - деп алик алган эле. Кытайлык кыргыздар өз соорундарын кызытууда Байдылда Сарногоевдин ырларын көркөм жатка айтышып отурушат. Бул берекетти Кыргызстанга "ат тезегин кургатпай" баргандын олжосу дээр элем.
Казат Акматовдун кулак молдосу болуу үчүн "ат тезегин кургатпай" барып жүрдүм. Бул адамдагы кишинин табиятын сактоо боюнча айтылган ойлору адамдын өзүн таануусуна өбөлгө болуп берет экен. Ал кишинин чыгармалары боюнча айтпаганда да, Кыргызстандын эгемендүүлүгү боюнча жасаган иштерине көп жолу кулак төшөп, Кыргызстанда "демократиянын жумурткасын" чайкап чыгаргандардын мерчеми көз алдыга келет. Казат Акматовдун кийинки "Архат" романы бизде көп жакшы сөз болуп туру.
Омор Султанов улуу акындын лирикасын алуу үчүн "ат тезегин кургатпай" бардым. Бул кишинин чыгармаларындагы лириканын алоосуна кактануу менен, ал кишидеги кыргыздардын боорукерлигинин жылуу эпкинине боор тосуп алган көп күндөр тояна катары эсте жүрөт.
Асан Жакшылыков ат арытып барууга татыктуу. Ал кишинин акындыктан "оолугуп барып" жазган "Кыргыздын эс тутуму", "Кыргыз жолу" биздеги кыргыздар "кызылдай союп" сызмалап окуй турган баалуу китеби болуп калды. Аны окуган да арманда, окубаган да арманда болуп турган кезде, "ат тезегин кургатпай" барып жүктөнүп келгемин. Кадиресе жаңы жазган ырын өзү көркөм окуп жаткан турумун - ички сезиминин өңүнө тепкен кездеги, кол сермеп, каалгып бараткан көз ирмемдик элесин, фотого түшүрүп алган сонун көрүнүштөн акындын лириканын "тутанган өртүн" көккө оболотуп жаткан кебетесин көрүп жүрөм. Эгерим, барбаганда, А.Жакшылыковдон алган мындай олжолорду ким бермек?!
Кубатбек Жусубалиевдин чыгармаларындагы кыргыздын сөз алым адаты, ал кишидеги адамды таануудагы ойлорун чыгармаларынан таап алып жүрөбүз. Кыргыз адабиятчыларынын макалаларынан "Азыркы кыргыз адабияты элдик адабияттан чыга албай жатат" деген сындарына кулак көнүкү болуп турган кезде, тээ 1980-жылдарда, ал кишинин бир макаласында: "Кыргыз адабияты элдик адабиятына кире албай жатат" деген көз карашын ортого салган экен, мага ал майдай жаккан эле. Ошондон тартып К.Жусубалиевдин чыгармаларына чычкылуу болуп калгамын. Ал кишиге кол берүү мүмкүнчүлүгүн таба албай жүргөнүм менен, чыгармаларынан баягыл эле Куңзы (Комфцсий), Сократтардын ушул доордогу доошу угулуп берет. Ошого Кыргызстанга "ат тезегин кургатпай" барып, Кубатбек Жусубалиевди дагы эле издеп, кадиресе чыккан китептерин жүктөнүп келип жүрөм.

Айтматовчу Абдылдажан жана башкалар
Абдылдажан Акматалиев менен киндигибиз туташып калган. Ага "ат тезегин кургатпай" барбасам болбойт. Ал киндигибизди мындай нерсе байлаптыр: Акматалиев Айтматовду изилдейт, Айтматовдун кыбыр эткенин Акматалиевден билип кынык тапканбыз. Ал мен да Айтматов десе ичкен ашымды таштап жүгүрөм; Ал "Манасты", элдик чыгармаларды изилдейт, китеп кылып басмадан чыгарат; мага ошолор керек, "Манастын" нечен томдорун, элдик адабияттын желелеш китебинен 40 ты, "Кыргыз адабият тарыхы" 7 том, Чыңгыз Айтматовду изилдеген эмгектерди Абдылдажандан жүктөп келгемин. Менде байлык барбы десе, ушуларды айтар элем. А. Акматалиев ушул эмгектерди кантип иштеп бүтүргөнүн билип, аны туурагым келип, "Кыргылчалдын балдарына" кеп болуп, Кыргызстанга көп барып жатпайымбы.
Камбаралы Бобулов, Эрнис Турсунов, Салижан Жигитов, Абдыганы Эркебаев, Жолон Мамытов, Каныбек Иманалиев, Турар Кожомбердиев, Шайлообек Дүйшеев, Акбар Рыскулов, Кожогелди Култегин, Майрамкан Абылкасымова, Кален Сыдыкова, Бактыгүл Чотурова, Калбүбү Сариева сыяктуу акын - жазуучулардын чыгармаларын кыргыздын кенчин алган сыңары ар жолу барып ташынып турдум. Бул адамдардын чыгармаларын бир эле жолу барып чогултуп келүүгө эч кимдин дарамети жетпейт. Ал үчүн дагы "Кыргылчалдын балдарына" жаман көрүнүп, "ат тезегин кургатпай" барууга туура келген. Булардан алган ийгиликтерди айтуу бул макалага батпай калды.
Кыргызстанга "ат тезегин кургатпай" барып, чоң илимпоздордон таалим алууга, бир канча эл аралык илимий чогулуштарга катышууга жетиштим. Болуп дагы тил, адабият, тарых, этнография боюнча эмгектенип жаткан илимпоздордон көп пайда көрдүм. Касым Тыныстановдун кыргыз грамматика илимин калыпташтыруусу, Эшеналы Ара-баевдин кыргыз жазуусун "чагатай жазуусунан" бөлүп чыгышы (1911- жылы) кыргыз маданиятынын жаңы түрүнө салган эмгектери болуп, аларды азыркы үчүн колдонууга "ат тезегин кургатпай" Кыргызстанга барууга туура келген.

(Уландысы бар)