"Кыргыз туусу", 11.02.11 Өлкөнүн бюджетин тамекиге акцизди жогорулатуу куткарышы мүмкүн
Мамлекеттик бюджеттин уламдан-улам өсүп бараткан жетишсиздиги өкмөттү аны толтуруунун жаңы булактарын издөөгө мажбур кылып жатат. Азырынча негизги катары башкы түйшүктү насыя берүүчүлөр, донор жана инвесторлордун мойнуна жүктөөчү вариант кабыл алынды.

- Акыркы оңдоо-түздөөдөн кийин биздин бюджеттин киреше бөлүгү 7,3 миллиард сомго жогорулап, бирок чыгаша бөлүгү да 10 миллиардга өстү. Бул жагдай жазында мугалимдердин жана дарыгерлердин айлык акыларын көтөрүү ниетинен келип чыгууда. Буга байланыштуу, 2011-жылга мамлекеттик бюджеттин жетишсиздигинин эң жогорку чени 21,3 миллиард сомдун деңгээлинде коюлду. Сырткы булактардан келген киреше анын 15,4 миллиардын жаап, калганын - өзүбүздүн булактардан, анын ичинде, салыктан түшкөн киреше толтурушу керек, - деп бюджеттин долбоорун көрсөткөн өлкөнүн каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоков билдирүүдө.
Кыргызстанда ишкерлердин салыктык жүгү анча деле оор эмес болуп келген. Бийлик "өзүлөрүнүкүнө" жеңилдиктерди берип, "чоочундарга" жогорку ставкаларды коюп салчу. Эксперттер болсо учурда буга карата өзгөчө мамиле керектигин белгилешип, батыштык ыкмаларды колдонуп, бюджеттин киреше бөлүгүн көбүнесе салыктардын эсебинен толтуруу керек дешет. Бул салыктарды ири ишканалар, оор өнөр жайдын өкүлдөрү, ошондой эле, алкогол менен тамекини өндүрүүчүлөр төлөшөт. Бирок, Кыргызстанда алкоголго болгон акциздер 10 жыл мурда өзгөртүлүп, учурда аларды кайрадан карап чыгуу зарылдыгы бар. Аны менен бирге, алкогол тармагы акциздик салыктын көлөмүн эсептөө кыйнап жиберчү ыкмаларына кабылбаса, тамекичилердин иши кыйла оор.
- Бизде тамеки чыгаруучулардан салыктарды жыйноо системасы өтө эле татаал, - деп салык салуу боюнча эксперт Жамиля Какетаева эсептейт. - Ал жакта оркойгон беш тепкич бар: сапатына жана өндүрүүчүгө жараша баасы түзүлүп, баасына жараша акциздик салыктын ставкасы өзгөрөт. Ошол эле учурда, бааны атайы комиссия коёт да, ал комиссияда болсо, бардыгын, анын ичинде коррупцияны күтүүгө мүмкүн болгон, тирүү адамдар отурат.
Көптөн бери эле Кыргызстандын салык системасы коррупцияга белинен батып кеткен деп эсептелип келет. Жасалма жана кокустук түрдө тоскоолдуктар пайда болуп, ишкерлер кээде бирөөлөрдүн эрежесине баш ийүүгө мажбур болушат. Мисалы, киреше салыгы боюнча эсептөө жана алдын ала төлөө принциби боюнча суроолор туулат. Кээде жадагалса тажрыйбалуу экономисттер канча төлөндү жана көрсөткүчтөрдү кайсы тарапка оңдоо зарыл экендигин айтып бере албай калышат. Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы ачык-айкын: иштеп жаткан принциптерди товардын сатылган көлөмүнөн эсептелген туруктуу төлөмдү киргизүү менен жөнөкөйлөштүрүп койсо болот. Анча деле пайда алып келбеген салыктык амортизация да эсептөөдө бир топ кыйынчылыктарды жаратат. Ар бир ай сайын амортизациянын он чакты сомун эсептөө үчүн адамдык күч жана ондогон саат, андан улам, акча коротууга туура келет.
- Кошумча наркка салыкты эсептөөдө көптөгөн маселелер чыгат, - дейт Какетаева. - Негизи, ставка бар, ошол боюнча санай берсе болот. Бирок, андай эмес. Биринчиден, сизде 2009-жылдын 1-январына чейин алынган товар болсо, КНС боюнча сиз 12 пайыз эмес, эски ставка менен 20 пайыз төлөйсүз. Тамеки өндүрүшүндө бир топ материалдар жылдап сакталуу мүмкүн экенин эске алганда - бул ыңгайсыздыкты жаратат. Ага кошумча, коррупцияны жок кылат деп бухгалтериянын негизги ыкмасы катары киргизилген КНСтын эсеп-фактурасы кыйраткан жыйынтык берген жок. Коррупция кайрадан өсүп, абал уламдан-улам начарлап баратат. Парламенттин мүчөлөрүнүн көбү да бара-бара салыкты жыйноонун татаал ыкмаларынан баш тартып, жөнөкөйлөшкөн формаларына өтүүнү туура көрө башташты.
-Биз бюджетке кошумча каражаттарды алып келүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонушубуз керек, - деп премьер-министр Алмазбек Атамабаев белгилөөдө. -Өкмөт элдин алдындагы бардык милдеттенмелерин аткарып берет жана бул иш колубуздан келбей калса - биз кызматтан кетүүгө даярбыз.
Өлкөнүн салык кызматтары өткөн жайда, Убактылуу өкмөт иштеп турганда эле, Мамлекет башчысы Роза Отунбаевага жана анын орун басары болгон Алмазбек Атамбаевге тамеки өндүрүү багытындагы системаны кайрадан карап чыгууну сунушташкан. Азыркыга чейин Кыргызстандан фильтри жок тамекинин 1000 даанасына 13 сом өлчөмүндөгү салык салынган. 10 сом жана андан жогору турган фильтрлүү тамекиге - 1000 даанасына 32,5 сом. 10,01 сомдон 16 сомго чейинки тамекилерге акциз дээрлик үч эсе өйдө - 1000 даанасына 91 сом. 16,01 сомдон 24 сомго чейинки тамекинин 1000 даанасына 195 сом төлөнүп, эң жогорку акциз 24 сомдон жогору турган тамекиге салынып, 1000 даанасына 297 сом төлөнөт. Салыкчылар биринчи категориядагы тамекиге акцизди 18 сомго чейин көтөрүп, калганынын бардыгын бир категорияга киргизип, 2010-жылга фильтрлүү тамекиге акциздик салыктын ставкасын 1000 даанасына 190 сом, 2011-жылы - 240 сом, 2012-жылы болсо - 280 сом кылууну сунушташууда. Эми бул пландар бул жылга өтүп, ставка азыр өзгөртүлбөсө да, өлкөнүн башкы финансылык документи кабыл алынгандан кийин, бюджетке өзгөртүүлөр катары киргизилет болушу керек. Ошондой эле, бул учурдун талабына абдан туура келген чечим болот, анткени эл аралык уюмдардын жана өкмөттөрдүн грант жана насыяларды берүү убадаларына карабастан, Кыргызстандын өкмөтү бюджеттик жетишсиздик менен 2011-жылдын аягына чейин күрөшөт. Республиканы каптаган экономикалык каатчылыктын кесепеттери, бөтөнчө күйүүчү май жана азык-түлүктүн бааларынын көтөрүлүшү боюнча дүйнөлүк динамиканы эске алганда, өлкөнүн экономикасы дагы бир нече жыл сезип турушу мүмкүн. Бирок, учурда акциздердин көтөрүлбөшүн каалаган күчтөр бар экени азыртан эле ачык-айкын. Баалардын төмөнкү категориясындагы тамекини өндүргөн жергиликтүү ишкерлер өзүнүн чыгашасын жогорулатууга, андан бетер, компания салыктарды көбүрөөк төлөш үчүн тамекинин өндүрүшүн көбөйтүүгө да даяр эмес. Акыркы бир нече жылдын ичинде жылына 3 миллиард даана тамеки өндүрүлөт. Ишкананын инвестору тарабынан өндүрүштү дээрлик үч эсеге - 8 миллиард сомго чейин жогорулатуу убадасы айтылып, бул жагдай бюджеттин салыктардын жыйналышын камтыган бөлүгүн түп-тамырынан өзгөртмөк. Бирок убада куру сөз бойдон калды.
- Өлкөнүн азык-түлүгүн жана экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн өкмөт бир багытта жылып, бирдиктүү мамлекеттик программа боюнча иштеши керек, - деп парламенттин агрардык комитетинин жыйналышында айыл чарба министри Төрөгул Беков жарыялады. - Калганы менен бирге, биз айыл чарба өндүрүү багытындагы бюрократияны жана салыктарды жөнгө салышыбыз зарыл.
Бирок, азырынча салыкчылар бир бүтүмгө келе алышпай, салыктарды башкаруу татаал системасынан жүдөп жатышат. Саламаттыкты сактоо министрлигинде да коңгуроо кагышууда. Бийик акциздер жергиликтүү тамекинин баасын көтөрөт жана бул жагдай жаш балдарды эрте тамеки чегүүдөн арылтышы мүмкүн. Буга кошумча, кийинчерээк, салыктык төлөмдөр азыркыда бюджеттик жетишсиздик толтуруу боюнча маанилүү роль ойнобой калганда, аларды бюджеттик кызматчылардын айлыгын көтөрүүгө, ошондой эле, тамеки чегүүгө каршы күрөшүүнүн өзүнө жумшаса болот. Тамеки өндүрүүчүлөр тамекиге каршы күрөшүүнү каржылаган тажрыйбасы бардык жерлерде колдонулуп келет.
Шаршенбай КАДЫРОВ