"Кыргыз туусу", 08.02.11
  Ата Журт алкагында

Мугалимдерге - "Табылга"
Ноокат райондук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акиш Асанбаевдин айтымында, жакында "Табылга" аттуу китеп жарыкка чыгат. "Табылга" деп аталган себеби, өмүр бою мектепте иштеп, бирок колунда каражаты жогунан бир китебин чыгара албаган таланттуу мугалимдерибиз бар да. Биз редакциялык комиссия түздүк, ошого кол жазмасын тапшырса китеп кылып чыгарып, эстелик иретинде берели деп жатабыз", - дейт А. Асанбаев.


Ш.Назаркуловдун өлгөнүнө тогуз жыл болду
7-февралда Бишкектеги айыл чарба министрлигинин имараты жайгашкан (Киев көчөсү-96) аянттын алдында КРнын Акыйкатчысы катышкан укук коргоочулардын Кыргызстандын Укук коргоо кыймылынын төрагасынын орун басары, белгилүү экономист Шералы Назаркуловду эскерүүгө арналган жолугушуусу болду. Ал 2002-жылы 7-февралда акаевдик режимге жана Үзөңгү-Кууштун Кытайга жең ичинен берилишине каршы ачкачылык жарыялап жатып, акциянын 22-күнү каза тапкан. 2010-жылдын июль айында Ш.Назаркулов 60 жашка чыкмак. Мааракеге байланыштуу анын ысымын калтыруу үчүн бир катар иш-чараларды өткөрүү белгиленгенин КРнын Акыйкатчысынын маалымат кызматы билдирди.

"Мегакомдун" жетекчилигине кылмыш иши козголду
Кыргызстандагы ири уюлдук байланыш оператор-лорунун бири "Мегакомго" ээлик кылган "Альфателеком" компаниясынын жетекчиси Андрей Силич жана анын орун басары Александр Бороздинге каржы полициясы тарабынан кылмыш иши козголду. Аларга "мыйзамсыз ишкерлик жүргүзгөн" жана "салык төлөөдөн баш тарткан" деген айып тагы-лууда. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Даир Кенекеевдин билдиргенине караганда, учурда ишкананын ишин үзгүлтүккө учуратпоо үчүн жетекчинин милдетин аткаруучу болуп Азамат Мурзалиев дайындалды. Апрель окуясынан кийинки улутташтыруу жараяны учурунда "Альфателеком" ишканасынын 49% акциясы мамлекеттин колуна өткөн. Ал эми негизги көзөмөл акциясына Орусиянын Penwell Business Limited компаниясы ээлик кылат.

Жер мыйзамсыз сатылган
Мамлекеттик финансы полиция башкармалыгы тарабынан Чүй облусунун Люксембург айыл өкмөтүндө мыйзамсыз жер сатуу учуру аныкталды. Аталган айыл өкмөттүн жетекчилери кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана документти жасалма түрдө даярдоо жолу менен 1000 кв. метр жер аянтын мыйзамсыз түрдө Люксембург айылынын жашоочусу А. А. га 5500 сомго сатып жиберишкен. Ал эми көз карандысыз комиссия түзүлүп, текшерилгенде сатылган жер аянтынын баасы 165 600 сом экендиги аныкталды. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Комбанктарга талап күчөтүлөт
"Азия Универсал Банктагы" көз боёмочулуктан соң КРнын Улуттук банкы коммерциялык банктарга талапты күчөтөөрүн Улуттук банктын төрагасынын милдетин аткаруучу Бактыгүл
Жеенбаева билдирди. Анын айтымында эл аралык изилдөө аудитинин жыйынтыгында АУБ жасалма документтер менен иштеп, көз боемочулук менен алектенип келгендиги маалым болгон.Ал эми КРнын УБ төрагасынын орун басары Абдыбалы Тегин Сүеркул: "2010-жылдын 6-7-апрелинде банктан 240 миллион доллар чыгарылып кетти деген маалымат чындыкка жатпайт, банк жалган маалыматтарды тараткан. Ал күндөрү 6,5 миллион доллар гана чыгарылып кеткен. Эл аралык SWIFT тутумунун билдирмелери менен банктын берген маалыматтарын салыштырганда айырмачылыктар аныкталды. Алар эл аралык операциялар, депозиттер, баалуу кагаздар тууралуу жалган маалыматтарды таратып, банктагы чыныгы каражаттардын суммасын жашырышкан", - деп айтты. Ал АУБдагы 2 миллиард сомго бааланган баалуу кагаздар жасалма экендигин кошумчалады.

Алайда жер титиреди
7-февралда таңкы саат 5:59 чамасында Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 3 баллга жеткен жер титирөө катталгандыгын КРнын ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди. Андан тышкары, жер титирөө Кыргызстан, Тажикстан жана Кытай чек араларында да болуп өттү. Кырсыктан жабыр тарткандар жок.

Кендер кайтарылып алынат
"Өзбекстан бир нече жылдан бери Баткен облусундагы газ жана мунай кендерин, ошондой эле биздин аймактагы газ сактоочу жайды пайдаланып келет. Ырас, бул аймакта көп деле газ, мунай кендери жок. Маселе кошуна мамлекет менен чек ара маселесине кошуп чечилмекчи" - деди Жаратылыш ресурстары министри Замирбек Эсенаманов. Белгилей кетүүчү жагдай, Өзбекстан аталган кендерди бекер пайдаланып, бир сом же сум салык төлөбөй келет. Өткөн жылы Президент Р.Отунбаеванын бул кендерди кайтарып алуу боюнча буйругу чыккан.

Мамлекеттик аппаратка жумшалчу чыгымдар кыскарат
КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын финансы жана кредит саясат бөлүмүнүн башчысы Самат Кылжыевдин маалыматына караганда 2010-жылга мамлекеттик аппаратты күтүүгө чыгымдар 7,4 пайызды түзгөн болсо 2011-жылга бул көрсөткүч 4,1% кыскартылмакчы. Белгиленгенге караганда 2011-жылга бюджеттин долбоорунда социалдык чөйрө кызматкерлеринин эмгек акыларын жогорулатууга (10,0 млрд. сом) жана "Фермерлерге ылайыктуу кредиттер" долбоорунун чектеринде айылдык товар даярдоочуларды каржылоого (1,0 млрд. сом) каражат каралган.




  Аалам алкагында

Каирде штаб түзүлдү
Египеттеги кыргызстандыктарга жардам берүү үчүн Каирде штаб түзүлдү. Штабда Египеттеги кыргызстандык жарандардын жана өз мекенине кайтууну каалаган адамдардын тизмесин тактоо, аныктоо иштери жүрүүдө. 7-февралга карата Каир, Хургад, Таба, Александрия шаарларынан 175 жаран Кыргызстанга кайтуу ниетин билдиришкен. Алардын 37си 1-6 жаштагылар. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчилигинен үч өкүл кыргызстандык жарандардын абалы менен жеринен таанышуу үчүн Египетке учуп кетти. Эгер Египетте абал мындан ары да курчуй берсе ал жактагы кыргызстандык жарандар мекенине жөнөтүлөт. Сауд Аравия королдугундагы жана Түркиядагы элчиликтерге Египеттеги Кыргызстан жарандарын эвакуациялоого алдын ала даярдык көрүү үчүн тапшырма берилди. ТИМдин маалыматы боюнча, Египеттеги окуяда жабыркаган кыргызстандыктар жок. Учурда Каирдеги штабда түз байланыш телефондору иштөөдө.
(+20-227978400, +20-227978410,
+20-227978410, факс: +20-227978477,
+20-227978444).

Кыргызстандык хоккейчилер коло сыйлыкка татыды
Кыргызстандын топ менен ойнолуучу хоккей боюнча курама командасы Азия оюндарынын коло сыйлыгына татыктуу болгондугун Казакстанда жекшембиде аяктаган чемпионаттын расмий сайты маалымдады. Азия оюндарынын акыркы күнүндө турнирдин финалдык бөлүгү болуп өтүп, анда Казакстандын курама командасы Монголияны 16:2 эсеби менен жеңип алды. Кыргызстандын командасы алгачкы айлампада эки командадан утулуп, үчүнчү орунда калды.

Түндүк кореялыктар түштүккө качып жатышат
Түндүк Кореянын 31 жараны Түштүк Кореяга качып келишкенин Түштүк Кореядагы Yonhap маалымат агенттиги кабарлады. 11 эркек жана 20 аял киши ишембиде Йонпхендо аралына балык уулаган кемелер менен качып барышкан. Корей жарым аралында 1950-53-жылдардагы согуштан кийин Түндүк Кореядан 20 миңден ашуун адам Түштүк Кореяга качып кеткен. Алардын басымдуу бөлүгү Кытай аркылуу өткөн.

Тайланд менен Камбоджа тирешүүдө
Тайланд менен Камбоджанын чек арасында атышуу уланууда. Бирок аскерлер азырынча соңку окуяларда жабыр тарткандар жөнүндө маалымат жок экенин билдиришти. Жума күнү башталган жаңжалда 5 адам өлгөндөн кийин, Тайланд ок атууну токтоткон. Ортодогу тирешүү XI кылымга таандык ибадатканага байланыштуу болууда. Буддисттердин бул ибадатканасын Бириккен улуттар уюму "адамзаттын дүйнөлүк мурастарынын" тизмесине алган жана 1962-жылы эл аралык сот аны Камбоджаныкы деп тапкан. Бирок тайланддыктар аны өздөрүнүкү деп эсептешүүдө.

Иран америкалыктарды соттоодо
Тегеранда тыңчылык үчүн айыпталган үч америкалык жарандын соту ишембиде болду. Сот отурумунда айыпталгандар өздөрүнө тагылган күнөөнү мойнуна алышпады. Революциялык сот бул иш боюнча дагы кеминде бир ирет чогулат. Бул тууралуу камалгандардын адвокаты Масуд Шафии билдирди. Үч америкалык турист 2009-жылы ирак-иран чек арасында кармалган. Өздөрү жолдон адашып калышкан туристтер экенин айтышканына карабай, Иранда аларды америкалык тыңчылар деп
айыпташууда. Үч туристтин бирөө былтыр сентябрда күрөө акы менен бошотулган.




Жыйынтык
Өткөн жыл эмнени көрсөттү?
Оңдолбогон жол, сөгүш алган жетекчилер
Жакында облмамакимчиликтин өткөн жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө арналган коллегиянын жыйынында Нарын облусунун губернатору Т.Мамбетовдун үч орун басары тең тармактар боюнча аймактагы ийгиликтерге көп токтолбостон, көйгөйлөрдү кеп кылышты.
Өлкөбүз үчүн кыйын маалда Нарын
шаарынын борбордук көчөсүн оңдоого Өкмөтүбүз бөлгөн 40 млн. сом өздөштүрүлбөй калган, жол өз убагында оңдолбогон. Бардык райондордо тургундардын жайлоону пайдалануусу үчүн салык жыйымынын планы аткарылган жок. "Кара-Кече" жана "Туруктан" көмүр өндүргөн "Сардар", "Шарбон", "Демилге", "Ак жол" жана башка фирмалар калктын аялуу катмарына жардам көрсөтүү боюнча келишимдеги милдеттенмелерин аткарышкан эмес. Коллегиянын жыйынында эгерде алар жалаң гана өздөрү үчүн иштей беришсе, мындай фирмалардын лицензиясын чакырып алуу жөнүндөгү маселе кабыргасынан коюлду. Нарын шаарынын вице-мэрине жолдордун оңдоосуна начар жетекчилик жүргүзгөнү үчүн сөгүш жарыяланды. Мектептерди, ооруканаларды өз убагында көмүр менен камсыз кылышпаган төрт айыл аймагынын башчысы да үйлөрүнө сөгүш менен кайтышты.
Жыйында 2011-жылга облустун пландык милдеттенмеси бекитилип, облусту социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча стратегиялык багыттар аныкталды.

Кашайган кайдыгерликтен алыс болгула
Жыл жыйынтыгына арналган ушул жыйында губернатор Турдубек Мамбетов аймактын активдеринин жана коомчулуктун өкүлдөрүнүн алдында сүйлөгөн сөзүндө ар бир тургун, врач, мугалим, мамлекеттик кызматкер иш ордунда жоопкерчиликтүү болуп, өз милдетин так аткаруу зарылдыгын баса белгиледи.
"Өткөн оор жылдан кийин өлкөбүздө бийлик органдары түзүлүп, нукка түшүп баратат, Өкмөт эл алдындагы өзүнүн милдеттерин аткарууга бардык күчүн багыттоодо, Президент Конститутициянын кепили катары элге, ЖКнын депутаттарына Кайрылуу менен чыкты, анын мазмуну өлкөнүн келечеги жөнүндө ойлогон ар бир адамды кайдыгер калтыра албайт",- деп айтты губернатор. Андыктан, облустун активи өз жерине барышканда Өкмөттүн, Президенттин күч-аракети бардык тармактарда чырмалышып калган коррупциялык схеманы жоюуга, кыргызстандыктардын жашоо-турмушун жакшыртууга багытталып жатканын алыскы айылдардын тургундарына чейин айтып түшүндүрүүлөрү керек. "Себеби, мындан аркы жашообуз ар бир бирибизге, облустун катардагы тургундарына көз каранды", - деп билдирди губернатор. Облус жетекчисинин бул оюна чыгып сүйлөгөндөр тилектештигин айтышты.
Бермет МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу"