газета "Кыргыз туусу" на кыргызском языке • №10, 08.02.11. • "Кыргыз туусу гезити, кыргызча... •






Бандиттерге каршы жалпы күрөшөлү!
Урматтуу мекендештер!
Азыркы өлкө үчүн оор кырдаалда Президент Роза Отунбаева жүргүзүп жаткан уюшкан кылмышкерликке жана бандитизмге каршы күрөш саясатын колдоо өтүнүчү менен сиздерге кайрылып жатам.
Бүгүн кылмыштуулук чегине жетип, мамлекеттеги жашоо-турмуштун бардык жактарына тамырлап кетти. Уюшкан топтордун мүчөлөрү жана аларды калкалап жүргөн адамдар укук сактоо органдары менен парламентке чейинки бийлик тепкичтерине аралашып калышты. Атүгүл кылмышкерлер топтору муфтийлерди уурдап кетип, аларды сабап, ошону менен Кыргызстан Мусулмандар Диний Башкармасын өз көзөмөлүнө алууга кылган аракеттерине биз барыбыз күбө болдук. Бирок, биз буга жол берген жокпуз, мындан ары да жол бербейбиз.
Биз түшүнөбүз, эгерде биз Кыргызстандын ар бир жаранынын коопсуздугун камсыз кыла албасак, анда өлкөнүн келечектүү өнүгүүсү жөнүндө айтып да болбойт. Кыргызстандын аймагында ар бир жарандын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Өлкөнүн Президенти менен Премьер-министринин жетекчилиги алдында кылмышкерликке жана бандитизмге каршы жалпы күрөш жарыя кылынды. Биз укук сактоо жана сот органдарынын да катарларын тазалоого кириштик. Бул иштер өз натыйжасын бере баштады. Бүгүнкү күнгө ондогон уюшкан кылмышкерлер топторунун мүчөлөрү камакка алынды, кай бирлерине издөө жарыя кылынды. Алардын аракеттери коомдун өнүгүүсүнө түз кедергисин тийгизип жатканы анык. Бул иштин башталышы гана.
Өлкөнүн Президенти күч структураларын реформалоо концеп-циясы иштелип чыкты деп белгилеген эле.
(Уландысы 4-бетте)





Роза ОТУНБАЕВА:
"Биз криминалды жок кылабыз"
Балдар айылындагы бактылуу балалык
Президент Роза Отунбаеванын Ысык-Көл облусуна жасаган сапары Чолпон-Ата шаарындагы "Балдар айылы" менен тааны-шуудан башталды. 2002-жылы "SOS. Kinderdorf" уюмунун президенти Хельмут Кутиндин демилгеси менен салынган бул балдар айылында Кыргызстандын булуң-бурчтарынан келген 76 бала тарбияланат. Алардын 50 пайызы Ысык-Көл облусунан келген балдар. 2004-жылдан баштап Герман Гмайер атындагы бала бакча иштей баштады. 2007-2008-жылдары "SOS.Kin-derdorf" республикалык деңгээлде эң мыкты балдар айылы деп белгиленген.
(Уландысы 3,4-беттерде)




  Түз байланыш

Ички иштер министрине сурооңуз барбы?
Кыргыз милициясы аябагандай көп сыноолорду башынан кечирүүдө.
Эл арасында милицияга карата ар кандай ой-пикирлер, суроолор бар экендиги талашсыз.
Андыктан, гезитибиздин түз байланышына Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Зарылбек РЫСАЛИЕВди чакырганбыз.
Министрге бере албай жүргөн суроолоруңуз, айта албай жүргөн сырларыңыз, каалоо-тилектериңиз же сын-пикирлериңиз болсо, 15-февралда саат 14.00дөн - 16.00гө чейин 62-20-27 телефонуна чалып, министрдин өзү менен баарлашыңыз.
Суроолоруңузду алдын ала 62-20-27 телефону аркылуу калтырсаңыз да болот.