"Кыргыз туусу", 01.02.11 Бүт өмүрүн адабиятка, анан Мекенге арнаган...
Мукай Элебаевдин замандаштарынын, калемдештеринин эскерүүлөрүнө таянсак, акындын ошол:
"...Арманым баштан ашынат,
Качан көзүм ачылат.
Ордуна жетип оюмдун,
От жүрөк качан басылат?

Москва, Ташкент ураанын,
Мыкты деп элден угамын.
Ошолорду мен угуп,
Канткенде чыдап турамын?" - деп окууга, чыгармачылыкка болгон эңсөөсү, көксөөсү ошол кездеги жаш таланттардын, деги эле жаш муундардын оозунан түшпөй ырдалып жүргөн ырына айланган жана бул ыр калемгердин чыгармачылык тушоосун кескен.
Ошондон алты жылдан кийин анын биринчи ырлар жыйнагы "Майдан" деген ат менен жарык көргөн. Согушка чейин "Жаңы ырлар жыйнагы", "Узак жол" романы, "Кыйын кезең" аңгемеси, "Ырлардын толук жыйнагы" китептери жарык көргөн.
Айтмакчы, М.Элебаевдин азыркы тапта да эч эскирбей, маани-мазмуну боюнча жаңы бойдон сакталып калган "Узак жол" автобиографиялык романы анын эң ири чыгармасы болуу менен бирге, кыргыз котормо адабиятынын баш-
тоочусу болуп калган. Тактап айтканда, өз өмүр баяны аркылуу ошол кездеги кыргыз элинин жашоо-щартын, тарыхты чагылдырган М.Элебаев адабиятынын тарыхында биринчи романчы катары жазылып калды.
Роман биринчи жолу 1936-жылы жарык көрүп, жазуучунун көзү өтүп кеткенден кийин да бир нече жолу басылган.
Бирок, Мукайдын жарыкка чыкпай калган чыгармалары да бир канча экендигин 21-январда КРнын Улуттук китепканасында өткөн китеп көргөзмөсүндө жазуучулар, акындар айтышты.
1930-жылдардагы котормо адабиятына М.Элебаевдин кошкон салымы чоң экендиги анын эмгектери аркылуу бааланды. Мисалы,
А.С.Пушкиндин "Хандын өлгөн кызы жана жети баатыр" жомогун, Гоголдун "Повесттерин", Д.Фурмановдун "Козголоңун", казак драматургу Габит Мусреповдун "Кыз Жибегин", ж.б. чыгармаларды которгон.
Бүгүн биз чебер прозаик, акын, котормочу М.Элебаевдин күндөлүгүн окуп отуруп: "Бирдеме жазаарда үй-бүлөмдү бир жакка айдап жиберем да, тар бөлмөмдө жалгыз калам. Бирок, жатакананын жашоочуларынын улам бири келип эшикти тыкылдатат. Балдары ыйлайт..." "Нанга тыйын жок. Суу менен бир сындырым нан жеп алып, жазууга кириштим" сыяктуу саптарынан улам, калемгердин өтө ка-таал шартта жашап, ошого карабай чыгармачылыкка башын сайып, бүткүл өмүрүн кыргыз адабиятына, анан, албетте, Мекенди коргоого арнаганын билебиз.
М.Элебаев 1943-жылы Улуу Ата Мекендик согушка аттанып, 1944-жылы баатырларча курман болгон. Анын сөөгү Орусиянын Псков районунун Понев тоосуна коюлган.
Жыпар ИСАБАЕВА,
"Кыргыз Туусу"




Аскалуу жолдун бийигинде
Кыргыз маданиятынын казынасына Чынгыз Айтматовдун мууну эбегейсиз зор салым кошкону кадиксиз чындык. Ошол муундун көрүнүктүү өкүлү, Кыргыз эл жазуучусу, белгилүү коомдук ишмер, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Бексултан Жакиев азыр чыгармачылыгынын аскалуу жолун басып, анын бийигине чыгып турган учуру. Драматизм менен психологизмдин жаңы айдыңдарына чабыттаган, тереңине сүңгүгөн драмалары, кино жана адабий сценарийлери, повесттери улуттук рухтун жан дүйнөдө тамыр жайышына, жарыктанышына жана калыптанышына күчтүү таасир калтырганын, калтырып жатканын жазуучунун драматургияны жаңы деңгээлге көтөргөн "Атанын тагдыры" драмасынын мисалында эле көз алдыга келтирсек болот.

Атанын тагдыры" драмасынын таржыма-тарыхын Бексултандын өз оозунан кечээ жакында эле уктум. Баарынан кызыгы жана орчундуу белги - бул драманын автордун көз ачып көргөн төл чыгармасы болгондугу, аны менен ал адабият айдыңына алгачкы кадамын таштагандыгы, анан да ошол пьесанын республикалык жабык конкурста биринчи сыйлыкты жеңип алгандыгы, жаңыдан тамтуң басканда эле эл элегинен өтүп, сынына толгондугу - чыгармачылыкта сейрек учуроочу чыныгылык тууралуу кабар берет. Автордун талант көрөңгөсүнүн күчтүүлүгүн, ичте уюп жаткан дарамет кубатынын молдугун тастыктайт.
Сөз нугун эми ошого буралы. Драманын окуясы, чынында, турмуштан алынганы ырас экен, негизги каармандар - Акылбек атанын, Зууранын, Жеңишбектин прототиби бар. Акылбек - Бексултандын чоң атасы Абийир карыя, өзү ушул кишинин колунда тарбияланган. Бирок Бексултан Жакиевичтин айтымында, Абийир Акылбектин дал өзү эмес, Акылбек да Абийирдин дал өзү эмес. Зуура - согушта набыт болгон Дүйшө (пьесада Болотбек, урушка чейин мугалим болуп иштеген) байкесинин жубайы Сакиш эжеси (жеңе дебей ыйбаалык менен эже дешчү). Анын кесиби да мугалим. Жеңишбектин гана прототиби Бексултандын өзү эмес, иниси Ыйман - Ыйманалы экен.
Согуштун алдында Сакиш (Сагындык), Дүйшө экөө тең айылда мугалим болуп иштөөчү. Дүйшө согушка кетип, эң эле коогалаңдуу Ленинград майданында салгылашкан. 1943-жылы шаар босогосунда болгон катуу согушта каармандарча курман болгондугу тууралуу кара кагаз келет. Ошондон кийин да кайнилеринин Сакиш эжеси, Абийир атанын ыймандуу келини майданда мерт болгон жубайын, үмүтүн үзбөй дагы беш жыл күтөт. Төркүнүнөн келишип, алып кетебиз дешкенде да, кыйылып кеткиси келбегени согуштун так эле алдында, 20-июнда төрөлгөн жалгыз уулу Ыймашты айланчыктап боор толгогону, улууну сыйлаган ыймандуулугу да, энелик мээрмандыгы да эле.
Уулу Ыймашты (Жеңишбекти) кыйбай энелик боору эзилип, айласы куруп айланчыктап, акыры Сакиш эжеси төркүнүнө аргасыздан кетет. Каардуу согуштун алааматы бактылуу жаш үй-бүлөнүн уясын ушинтип бузат, атаны кан какшатып, ачык күнүн каран кылып, энени баладан ажыратат. Ошондой башына түн түшкөн күнү жаны күйгөн Абийир ата келгендерге: "Ма десеңер мобул үйдү түбү менен көчүрүп кеткиле. Жыгач үй, астына калтек салсаңар жылат. Бизге уулдун уулу Ыймашым, туяктын туягы калса болду" деп көшөрөт. Абийир ата Дүйшөдөн өмүрү өткөнчө үмүтүн үзбөптүр. Тоңдун пристанына келип, көл толкунуна сереп салып жол карап, уулум кайтып келатабы деп күтчүү экен...
"Атанын тагдыры" драмасына негизги өзөк болгон окуя, анын турмуштагы катышуучуларынын тагдырлары, драма жазууга түрткү болгон адамдардын тарых-таржымалары мына ушундай.
Драма кандайча жазылды? Ал тууралуу Бексултан Жакиевич буларды айтты: "Элүү алтынчы жылы бизди түштүккө пахтага алып барды. Сакиш жеңем тууралуу повесть жазам деген ой ошондо келди. Жубайым Сабира экөөбүз жаңы баш кошуп батирде турчу элек. Ошентип повестти жаза баштадым. Бир күнү карасам күйөөсү аскерден кайтпай калган келин жөнүндөгү повесть болбой эле, карыя тууралуу пьесага окшоп калды. Көзүмө көрүнүп эле турат, төрт көшөгөлүү пьесанын өзү. Анан эмне болсо ошол болсун дедим да жаза баштадым. Төрт күндө бүттүм, кайра көчүрдүм. Машинкага бастырайын деп бир күнү "Советтик Кыргызстан" гезитине келсем, Алмаева деген эже бар экен, колум бошобойт деди. Келип тур дегенинен бир күнү келип, кол жазмамды таштап кеттим. Бир топтон кийин келсем, басып коюптур. "Канчадасың балам, мен муну ыйлап отуруп бастым", - деди эже. Атактуу жазуучулардын көп чыгармаларын баскам. Муну болсо ыйлап бастым".
Бул элүү жетинчи жыл эле. Пьесаны каякка берерди билбей жүрсөм, "Ленинчил жаш" гезитине оңдой берди болуп көп актылуу пьесаларга республикалык конкурс жарыяланыптыр. Жашыруун ат менен девиз коюп, пьесаны үч нускада почта аркылуу салып жибердим. Жаңы жылдын башында күтүүсүздөн жакшы кабар келди. Мада-ният министринин орун басары Тилен Тургунбаева үйгө куттуктоо телеграмма жибериптир. Конкурстун жыйынтыгы 27-декабрде чыккан экен. "Атанын тагдыры" пьесасы биринчи сыйлыкка татыктуу болуптур...
Бексултан Жакиев жарым кылымдан ашуун чыгармачылык жолунда кыргыз элинин маданият казынасына салмактуу салым кошту, анын көркөм дүйнөсүн байытуу менен улуттук өзгөчөлүү белгилерин берүүдө, образдык боёк-сүртүмдөрдүн ажарын ачууда сүрөткердик чеберчиликтин үлгүсүн көрсөттү. Алар: "Атанын тагдыры" баштаган ондон ашык драмаларында, "Мурас", "Закым", "Өнөр баяны", "Куугун", "Алтын балык" киносценарийлеринде, "Баскан жол", "Урматтап Муке" дечү элек, "Адам аты", "Улуу түндүк" аттуу театрлаштырылган адабий сценарийлеринде таасын көрүнгөн.
"Манас" жаатында Бексултан Жакиев дээрлик жыйырма жылга жакын ак кызматын аябай күчүн үрөп келет. Анын айтаарлык натыйжасы катары ал даярдаган долбоордун негизинде манасчылык, дастанчылык, төкмөлүк өнөрлөр ЮНЕСКО тарабынан Бүткүл адамзат оозеки мурасынын шедеври деп жа-
рыяланып колдоого алынгандыгы болду.
Айкөл Манас бабабыз да Кыргыз мамлекетинин чамгарагын ошол адилеттиктин туусу астында көтөргөн. Манастын туусун жыккан бийлик талашкан Абыке-Көбөштөр болгонун билимдүүмүн деген көп эле атка минерлер билбесе керек. Алардын бириге албай, адилеттиктин алдында муюй албай жаткандарынын себеби да Манастагы адамдык менен атуулдуктун түпкү маанисин түшүнө электигинде, Финляндия өлкөсүндө элдик "Калевалла" эпосун билбегендерди бийликке жакындатпайт экен, бизде да Манас рухуна арууланбай ага кайдыгер карагандарды жооптуу кызматка жолотпоо керек деп эсептейт өмүр бою адабият, маданият майданында, АДАМ болуу айдыңында ак кызмат өтөп келаткан Бексултан Жакиев.
Бекбай АЛЫКУЛОВ,
ардагер журналист