"Кыргыз туусу", 28.01.11 Кызматтык унааны
депутат өзү айдасын
Жаңы шайланган Жогорку Кеңештин депутаттарынын жоон тобу кызматтык унаадан баш тартышып, туура кылышты деп ойлоймун. Ошондой эле, Бишкекте жашашкан депутаттардын квартира талап кылбаганы да өлкөбүздүн экономикасын тезирээк өнүктүрүүгө кыйла эле салым кошору айтпаса да түшүнүктүү.

Андан тышкары, Президенттин, Өкмөттүн, ЖКнын аппараттарын, ошндой эле, жергиликтүү бийликтердин кызматкерлерин азайтуу тууралуу кыйладан бери эле сөз болуп келе жатканы менен ал качан иш жүзүнө ашырылары али белгисиз бойдон калууда. Андыктан аны тезирээк ишке ашырышса жакшы болор эле. Депутаттардын жана чоң чиновниктердин көп сандаган жардамчыларынын жана кеңешчилеринин санын кыскартышса жаман болбос эле. Эске сала кетүүчү нерсе, экономикасы жакшы өнүккөн өлкөлөрдө, мисалы, Данияда депутаттардын жана чиновниктердин көпчүлүгү коомдук транспортто же велосипед менен эле жүрүшөт экен. А бизде эмне үчүн андай болбой жатат, же биз алардан байбызбы?
Чет өлкөлөрдө чиновниктер кызматтык унааны өздөрү эле айдашат экен, же биздин чиновниктер алардан кемби? Эч канчалык кем эмес, машине айдайм десе бардыгынын колунан келет, алар түгүл жаш балдар жана кыздар машинаны зырылдатып айдап жүрүшпөйбү. Андыктан куру намыс баш жарат болбой, машинени өздөрү эле айдаганы оң. Кыскасы, экономикабызды өнүктүрүүнүн механизмдери толтура.
Ырасын айтканда, бизде өнөр жайы эмнегедир өнүкпөй жатат. Албетте, мунун тамыры тереңде, тактап айтканда, коррупциялык көрүнүштөр олуттуу тоскоолдук келтирүүдө. Бир эле мисал келтире кетейин, эгемендикке ээ болгон өткөн кылымдын 90-жылдарында көп сандаган чет өлкөлүк фирмалар биздин өлкөнүн экономикасын өнктүрүүгө салым кошуп, андан өздөрү да пайда табуу үчүн калың капчыгын көтөрүп келишкени эсимде. Мисалы, Токмок шаарында телевизор жасап чыгарууга ниеттенишкен эле, бирок, башталганы менен бат эле ташталып калганы эч кимге деле жашыруун эмес. Ошондой эле, электрондук техникаларды өндүрүүгө да толук мүмкүнчүлүгүбүз бар эле. Жалал- Абаддагы кристалл заводу, Орловкадагы металлургия комбинаты жана башка өнүрүштөр дал ошол электрондук өндүрүштү уюштурууга арналган болучу. Бирок, ал уюштурулбай калды. Анын себептерин тизмелеп айтып оту-руунун зарылчылыгы жок. Ага
тиешеси бар кызмат адамдары өздөрү да өкүнүп отурушса керек. Айта берсе арман көп демекчи, мындай мисалдар толтура.
Даанышман элибиздин "ордунда бар оңолот" деген накыл кеби бар. Анын сыңарындай, колубуз куру эмес, мүмкүнчүлүк да табылып калаар. Кудай буйруса, жаңы бийликтер ушундай жагдайларды эске алып жатышкан сыяктуу. Андыктан оозубузду куу чөп менен аарчыбай, келечектен жакшылыкка үмүт арталы.
Т. АККАБАКОВ,
Бишкек шаарынын тургуну




Мугалимдик кесип эмнеге ардакталбайт?
Азыркы мезгилде педагогдук кесип эң пас, кадыры жок, кичинекей балдардан башка адам ардактабаган адистик болуп калды. Алган маянасы нан-чайы эмес, ишке барып келген жол киресине жетпейт.
Ошон үчүн пед. жогорку окуу жайларын бүткөндөрдүн көбү айлык маянасы аз болгондуктан мектепте иштегенден жаа бою качып жатышат. Расмий маалыматтарга таянсак, республикада 400 мугалим жетишпейт экен.
Чындыгында мектептерде мындан 5-10 жыл мурун пенсияга чыккан чал-кемпирлер иштеп жатышат. Алар дагы "Күн өтсө, жанагы бир мүшөк унга жетпеген акчаны алсам болду" принцибинде иштешет. Ошондуктан, окуучулардын билими өтө төмөн. Жакында өткөн окуучулардын билимин текшерген дүйнөлүк кароодо биздин окуучулар эң арткы орундардын бирин ээлептир. Бул жорук элибиз үчүн өтө уят. Дүйнөлүк коомчулукка "акылы кем эл" деген түшүнүктү пайда кылат. Мугалимдердин көпчүлүгү жаратылышынан ишенчээк, өзүлөрү окуткан балдардай баёо, таза адамдар болушат. Ошондуктан силердин маянаңарды бир айда, келеркиде көбөйтө коёбуз деп алдап, ишенбей баратса жарлык чыгара коюп, кайра эл тынчыгандан кийин төлөбөй жатышты. Көп мугалимдер ал кошумчаны төрт-беш жылдан кийин соттошуп жүрүп алышты, айрымдары эмдигиче ала албай жүрүшөт. Ал эми биздин "өтө адилеттүү" соттор арызды убагында карабай, менчик далдалчы адвокаттары аркылуу
соодалашып, 30-40% алгандан кийин жабырлануучунун пайдасына чечип жатышат.
Азыр элдин турмушу, жашоо деңгээли өзгөрдү. Эң негизгиси элдин турмушка көз карашы өзгөрдү. Саны аз болсо дагы элибиз улуу эл экендигин көрсөттү. Аз убакыт ичинде элин сыйлабаган, калпычы, нысабы жок эки президентибизди огородго кирген эшектей кууп чыктык. Үй-бүлөлүк түбөлүк башка-
рууну талкалоодо алтындай жаш баатырларыбыз ишке жарады. Эң негиздүүсү башкаруу системасын өзгөрттүк, өтө кайгылуусу чолпондой кырчын, он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек күнөөсүз чырактарыбыз көркоонун огунан набыт болду. Мен азамат баатырлардын эне-ата, жакындарына башымды ийип көңүл айтам. Канча келиндерибиз жесир калып, жазыксыз чүрпөлөр жетим калышты. Ушул саптарды жанагы эки качкын акмак президенттердин укум-тукумун каргап, өзүм ыйлап олтуруп жаздым. Мындан ары элибиз тынч болсун. Элибиз тынч болсун үчүн өлкөдө ка-лыстык, теңчилик болуш керек. Эгерде калыстык болбосо арам акчага келген мүлк, үйлөр күйүп кетерине ишенем.
Акырында айтаарым, жогорку азамат балдарыбызды да кара-
пайым энелер төрөп, аталары багып чоңойткон. Эң негизгиси аларды патриоттуулукка жөнөкөй мугалимдер окутуп тарбиялаган.
Төлөн КАСИЕВ,
ардагер мугалим, Ысык-Көл районунун ардактуу атуулу