"Кыргыз туусу", 28.01.11 Зааминден
окуган Шүкүров
Мен дос үчүн таза жүрөгү менен күйгөн бир адамды көрдүм. Ал - Шерназар Шүкүров. Таланттуу акын, бир сырдуу жазуучу Абдыманап Жапаркуловдун көзү өткөндөн кийин 68 басма табак көлөмүндөгү эки томдукка барабар ырлар, поэмалар жана прозалык чыгармалар жыйнагын уктабай даярдап, чуркап жүрүп басмадан чыгарды. Ал эмгектер эртедир-кечтир өз баасын алып, адабиятыбыздан өз ордун табар күн алдыда. Анткени ошого татыктуу экенин билем. Эмесе азыркы базар экономикасынын башкарып турган учурунда акчаны жамынган алды-арты кооз, ичи саман китептер иттин кара капталынан чыгып жаткан кез. Алар мезгилинде аламан байгеден калган аттардай күлүктөрдүн чаңында калып унутулаарын турмуш өзү ырастайт. Ал эми Абдыманап Жапаркуловдун калем сыясынын көрөңгөсү башка кеп. Менин айтайын дегеним ошол жакшы нерсени жерге калтырбай жалпыга кош колдоп алып чыккан Шерназар акенин айкөл жүрөгү. Китеп деген түбөлүктүү нерсе эмеспи. Жакшы чыгарманын жарыгын деле кимдир бирөө от тамызбаса, өзү менен кошо өчүп жок болуп кетмеги турган иш. Шерназар акенин адамдык бийиктиги ушул болду-өзүнүн жазгандарын алып чыгууга умтулбай, бул өмүрдөн мезгилсиз эрте кеткен досунун арбагын ыраазы кылып, атын бир жарк эттирип чыгарып койду. Болбосо калем жагына келгенде өзүнүн деле китебин чыгара турган ыгы бар.

1989-жылдары биздин "Кыргыз Туусу" гезитинде иштеп жүргөндө "Кыргыз көппү, жылдыз көппү?" аттуу өзбекстандык кыргыздар тууралуу жазган публицистикалык макаласын ушу күнгө чейин унутпай аңыз кылып айтып жүргөн окурмандар бар. Ал ошо журналисттик чебердиктин бир үлгүсү го. Болбосо гезит ишинде жакшы деген макала дагы бир нече жылдар айтылып калышы аз учурайт. Гезиттин өмүрү бир күндүк, эртеси эскирип калат эмеспи. Гезит деген учурдун жүрөгү, үнү, кулагы, көзү. А жогоркудай көп мезгилге эсте каларлык тагдыр айрым авторлорго гана буйрушу мүмкүн.
Шерназар акенин аябай мекенчил мүнөзү бар. Ал өзү ошол өзбекстандык кыргыздардан. Ошол жакта туулуп өскөн. Бирок журналист катары дагы, жазуучу катары дагы сөз менен иштей келгенде мен деген таланттуулардан кыйла чебердиги байкалат. Кыргыз дегенде, улут дегенде күйгөндөрдөн. Кантсе дагы туулган жер, өскөн айыл адамдын жүрөгүндө жашайт эмеспи. Башка республиканын чегинде жашап, анан Кыргызстанга келип окуп, иштеп, үй-бүлө, чыгармачыл тагдыр күтүп дегендей, арадан бир нече жылдар алыста жүрүп калса дагы, анда-санда барып сагынычын жазып келмей кандай жакшы. Жогорудагы "Кыргыз көппү, жылдыз көппү?" деген макаласы балким ошондон улам күчтүү чыккандыр. Абдыманап досунун китебин окуганымда бир ыры бар экен. Ал "Бар болсун Зааминдеги кыргыз мектеп!" деп аталат.
"Өз жерим, өскөн жерим,
Зааминим", - деп,
Жашайсың сен калаада
айлыңы эстеп.
Барсаң да бир жылда
бир тууруңа эсен,
Көңүлдө үмүт жашайт:
"Кетебиз!" - деп.
Будуң-чаң, чакчелекей
кошуп турган,
Тарыхтан эл тагдырын
турам тиктеп.
Кылымдын кыясында
калган элди,
Элине күнү бүгүн кошуп турган.
Бар болсун, Зааминдеги
кыргыз мектеп!
Мен бүгүн сени менен
кошо олтурам.
Ошол кыргыз мектептен башталып чыккан жолдун учугу биздин күндөргө чейин келип жеткенин элестетип караганда, ошондогу Кыргызстаныма барып окусам деген көркөм дүйнөнүн көрөңгөсү көкүрөгүнө толгон бала кечээ эле "Кыргыз Туусуна" эки ирет келип иштеди, "Мурас" журналында бир нече жылдар баш редактор болгон. Бүгүн алтымыш жашка кол берип калганы көз ирмем гана убакыттай көрүнгөнүн караңыз.
Кыргызстанга келип билим эле албастан, кымбат досторду тапты. Жогоруда айткандай ал досчул. Бизге аты жагым агабыз, белгилүү публицист, жазуучу Эсенбай Калдаров менен Абдыманап Жапаркулов үчөө сырдаш, муңдаш достор экенин өз оозунан далай ирет укканым бар. А.Жапаркулов дагы бир "Эсекеме" деген ырында алыста жүрүп мындай дептир:
Кыйын кезде жөлөп досуңу,
Айтылды эле канча сөз улуу.
Көздөн учуп силер
көк жээктей,
Кыйын, кыйын болду
бизге кошулуу.
Бирибиз жок, бирибизсиз
күн өтпөй,
...укпай калдым досум
сенин доошуңу,
Сен Шекемди сагындырып
жүдөтпөй,
Таштап баса бербейт
белең Ошуңу.
Бул дагы 89-жылдарда жазылган экен. Мына ушул саптардан эле булардын ортосундагы Кудай табыштырган кыйбастык достук сезимдин теңдешсиздиги билинип турат. Бул турмушта досун сатып кеткендер жок бекен, бар. Булар андай эмес! Жан дүйнөсү бийик адамдар гана туруктуу болот. Дос кадырын бийик туткандар эл кадырын да ошондой тутат.
Шерназар аке боорукер дагы адам. Биз чыгармачылыкта бир нече жылдардан бери бир туугандай сыйлашып келебиз. Мени карындашым деп турат. Эсимде, 98-жылдары мен бир ирет жеке турмушумда капа болгон күндөр өттү. Бир жолу ыйлаганымды ал көрүп калды. Дароо ачуусу келди:
- Сени ким ыйлатты карындашым, азыр барамын айткын, эмне жалгызсыңбы? - деп мени сооротуп жатты.Мен кадимкидей кайратыма келе түштүм.
- Бүгүнкү күн менин бешенем экен да аке, андан көрө мага руксат бериңиз, ишке бүгүн бара албайм, - деп жөн-жайымды ачык айттым. Ал ошондо башкы редактордун орун басары болчу. Башкы редактор Абдиламит Мурзаевич ал күндөрү Кытайда командировкада жүргөн. Шерназар аке ошондо кадимки бир тууган агамдай тилдеп дагы, жакшы сөзүн айтып дагы үйгө жөнөткөн эле. Андай көз ирмемдер каректе калып, унутулбайт экен.


Анын тамашасы дагы кызык. Чымчып сүйлөп туруп, табышмактантып келип кемчилигиңди келекелегенге уста. Чылымын үйлөп алып, жүлжүйтө тиктеген көздөрүн күлүңдөтүп какшыкты узатканда качып кеткиң келет. Антейин десең ары жагы таза, тамашалап жатканын билип турасың да. Кабинетине качан кирсең көк чай ичип олтурган болот. Кээ бирде чөп демдеп иччү. Анан бир ирет ушу "Кыргыз Туусунда" иштеп жүргөнүндө 23-февралда салт боюнча жигиттерди жамаатыбызда куттуктап майрам өткөрөрдүн алдында дубал гезит чыгарып илип койдук. Анда майрамдык азилдер сүрөтү менен илинген эле. Сөзүн мен жазгам. Шерназар акенин сүрөтүнүн алдына "Эртең менен көк чай ичет, түшкүсүн чөп чай ичет, анда-санда "ак чай" ичет, иши кылып көп чай ичет!" деп жазып койдум эле. Коридорго чыга калсам Шерназар аке чылымын тиштеп алып окуп жаткан экен, коркуп кеттим. Өзү болсо "Менин образымды ачкан турбайсыңбы, карындашым!" деп күлдү.
Биздин муундун чыгаан акындарынын бири Карбалас Бакировдун "Шерназар Шүкүровго" деген сонун ыры бар. Ал мындай:
Төш кагып жок ал мактанган,
Түштүм деп түпсүз асмандан.
Айлансак аздык кылат ээ,
Унчукпай жааган ак кардан.

Бир-бирин алар жек көргөн,
Эмес эч, эмес жеп көргөн.
Күнөөсүз өсүү жагынан,
Үлгү алсак болот чөптөрдөн.

Жок алар мейкин талашкан,
Үйрөнсөк болот дарактан.
Короодон түптүз асманга,
Кыйкырбай өсүп бараткан.
Мына ушундай! Шерназар аке башкаларга окшобогон бейнеси менен өзгөчө. Ал алтымыш жашка кол берип жатат десе угуп алып таң калдым. Чын элеби?! Мезгил деген мык кагып токтотууга да болбой турган касиети менен баарын өз ордуна коёт тура. Мейли ар бир курактын өз орду бар. Баардыгын көргөн жакшы, узак өмүр берсин сизге, Шерназар аке!
Бактыгүл ЧОТУРОВА,
"Кыргыз Туусу"