"Кыргыз туусу", 25.01.11 Президент Роза Отунбаеванын айлык маянасы канча, кантип эс алды?
Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева кечээ "Кабарлар" үналгысына маек куруп Президенттин, Жогорку Кеңештин төрагасынын жана Премьер-министрдин айлык маяналары 30 миң сомдон экендигин билдирди. "Муну жашыруун кылбаш керек, Кыргызстандын эли билүүгө тийиш. Биздин, үчөөбүздүн тең айлыгыбыз бирдей - 30 миң сом", - деди Президент.
Маектешүү учурунда мамлекет башчысынын жаңы жылдык эмгек өргүүсү калктын кээ бир бөлүгү тарабынан сын-пикирди пайда кылгандыгы белгиленди.
"Мен бир жылдан бери Убактылуу Өкмөттүн башка мүчөлөрү менен бирдикте иштеп келе жатам. Бул мезгилдин ичинде эс алган жокмун. Мен да адаммын - чарчап-чаалыгам, жакшылап уйкумду кандыргым келет", - деди Президент өз сөзүндө. Ал эми эмгек өргүүсүндө жүргөн кезинде Премьер-министр жана бардык министрлердин иштеп жатышкандыгын белгиледи.
"Мен Конституция боюнча да жана адам катары да эс алууга укугум бар деп эсептейм. Ушул жерден айта кетээрим, президенттер эмгек өргүүсүнө чыкканда эс алуу үчүн литердик учак менен, сакчылары менен бирге учушат. Мен кара-
пайым жаран катары кадимки эле эл түшкөн учак менен бир гана сакчыны алып, өз эсебимен учтум. Мамлекеттик акчадан бир да
тыйын короткон жокмун", - деди Р.Отунбаева.
Президент Роза Отунбаева ошондой эле өзүнүн видеокүндөлүгүндө "Манас" аэробекетин күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоонун айланасында жаралган абалга түшүндүрмө берди.
Р.Отунбаева аталган компаниянын медиачөйрөдө президентти жаманатты кылууга багытталган аракети компаниянын жанталашып өзүн актоого, күмөндүү ишмердүүлүгүн улантуу үчүн жагымдуу шарт түзүүгө болгон аракети деп эсептейт. Ал, бул компания, буга чейин "Манас" авиабазасын Бакиевдин режими түзүп берген ири жеңилдиктерден пайдаланып, күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздап келгендигин белгиледи. Россия ушул коррупциялык схемага бөгөт коюу максатында Кыргызстанга жөнөтүлүп жаткан күйүүчү-майлоочу материалдарга бажылык төлөм киргизген. Натыйжада ал карапайым элге кошумча кыйынчылыктарды туудурган. Эми Россия менен тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн
кийин гана ал бажылык төлөм алынып салынды.
Мамлекет башчысы прокуратура коррупциялык схемаларды иликтеп жаткандыгын белгиледи. Компаниянын өкүлдөрү мурунку системаны калыбына келтирүүнүн жана сактап калуунун ар кыл жолдорун издешкендигин, анын ичинде мамлекет башчысынын жакын туугандарына да таасир этүүгө аракет кылып, бирок майнап чыгара алышпагандыгын билдирди.
Д.ӨМҮРЖАНОВ




  Мурда чөнтөккө түшкөн акчалар эми бюджетке түшөт

Мына ушулар тууралуу өлкөбүздүн Премьер-министри Алмазбек
Атамбаев АКИpress агенттигине куруп берген маегинде белгиледи.

Биз 2011-жылды бюджеттин профицити менен аяктай тургандыгыбызга терең ишенем. Учурда уникалдуу кырдаал өкүм сүрүүдө. Эми өлкөнүн бардык активи, бардык резервдер бирөөнүн чөнтөгүнө түшпөстөн, өлкөнүн бюджетине түшөт. Өткөн жылдын бюджети Данияр Үсөновдун өкмөтү тарабынан 13,5 млрд. сом таңкыстык менен пландаштырылган эле. Жайында болсо бул таң-кыстык 28 млрд. сомго жеткен. Эми жыл жыйынтыгы боюнча таңкыстык алдын ала алган маалыматтар боюнча 2 млрд. сомдун тегерегинде болмокчу", - деди Премьер-министр.
Өкмөт башчысынын айтмында Өкмөт 2011-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө кошумча резервден 10 млрд. сом тапкан. "Бул айда бир топ иштер аткарылды. Биринчиден, бир айдын ичинде биз 2011-жылга кошумча резервдерди таба алдык. Мунун эсебинен бюджеттин киреше бөлүгү 10 млрд. сомго көбөйөт. Мунун натыйжасында биз 1-майдан баштап мугалимдердин, дарыгерлердин, маданият жана спорт кызматкерлеринин айлык маяналарын көбөйтө алабыз. Мурда стажысы жок айылдык мектептин мугалими 2800 сом алып келсе, реформадан кийин 7800 сомдон ала баштайт", - деди А.Атамбаев. Анын айтымында социалдык пособиелер жана пенсия тармагындагы реформалоо кийинки этаптан болуп калмакчы.
Ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Каржы полициясы Мамлекеттик салык кызматынын департаментине айланат. Бул тууралуу Өкмөт башчысы өзүнүн маегинде баса белгиледи.
"Бир гана түзүм - Салык инспекциясы бизнесмендерди текшериши керек. Эгерде тигил же бул себеп менен бизнесмен же ишкер салык инспекторуна баш ийгилери келбесе, анда салыкчылар Салык инспекциясына караштуу Салык полиция департаментине жөнөтүшөт", - деди ал өзүнүн маегинде.
Өкмөт башчысынын айтымында улутташтырылган объектилерди сатуу маселеси терең ойлонулуп чечилет. Улутташтырылган объектилердин саны - 47. "Кайсыларын сатуу жана кайсыларын сатпоо керектиги калыс жана кылдат чечилмекчи", - деди А.Атамбаев.
Маектешүү учурунда А.Атамбаев Кыргызстанга ЕврАзЭШ антикризистик фондусунан 200 млн. доллар каражат бөлүп берүү жөнүндө маселени кароо боюнча мөөнөт кийинкиге жылдырылгандыгын билдирди.
"Бул маселе боюнча мен Казакстандын Премьер-министри менен сүйлөштүм. Тилекке каршы, бул маселени кароо боюнча мөөнөт кийинкиге жылдырылды. Москвага барган кезимде Россиядан бул демилгени колдоого даяр экендигине макулдук алынды", - деди Премьер-министр. Анын айтымында акчалар өлкөнүн бюджеттик проблемаларын чечүүгө жумшалмакчы.
М.АЛАГУШЕВ




Мыйзам долбоорлору иштелип чыгат
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Феруза Жамашева БУУнун Бангизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БКБ) Борбордук
Азиядагы аймактык өкүлчүлүгүнүн ага юридикалык кеңешчиси Ольга Зудованы жана БУУ БКБнын укуктук маселелер боюнча эксперти Энрико Бонинсегди кабыл алды.

Жолугушууда сот системасына байланышкан мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана аларды турмушка ашыруу, бангизаттарга жана адамдарды сатууга байланышкан соттук териштирүүлөрдүн өзгөчөлүктөрүнө байланышкан маселелер талкууга алынды.
Феруза Жамашева ири өлчөмдөгү бангизаттарга байланышкан кылмыш жазык иштеринин саны жыл сайын өсүп жаткандыгын, өлкөдөгү болуп өткөн акыркы окуяларга байланыштуу судьялардын коопсуздугун камсыз кылуу маселеси да өзгөчө көңүл бөлүүнү талап кыла тургандыгын белгилеп кетти.
Өз кезегинде Ольга Зу-дова жылуу кабыл алгандыгы үчүн терең ыраазычылыгын билдирип, бул багытта ар тараптуу жардамдарды көрсөтүүгө, ошондой эле тийиштүү мыйзам долбоорлор даярдоого көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди.
Бактыбек РЫСАЛИЕВ,
Кыргыз Республикасынын
Жогорку сотунун басма
сөз катчысы




Айыл чарба адистерин даярдоо колдоого муктаж
Кечээ кечке маал Жогорку Кеңештин депутаттары: Айыл чарба комитетинин башчысы Эркин Сакебаев, мүчөлөрү Сабир Атажанов, Эсенгул Исаков, Мамытбай Салымбеков Кыргыз Улуттук Агрардык университетинин окутуучулары менен жолугушушту.
Окуу жайдын корпустарынын акыбалы менен таанышып келишкен эл өкүлдөрүнө ректор, КРнын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Рысбек Нургазиев окуу жайдын жалпы абалы жөнүндө билдирүү жасады.
Анда Кыргыз Улуттук Агрардык университети аталган Президенттин буйругу чыкканына 1 жыл 2 ай болсо да уставы, жобосу бекий электиги, ага ылайык окуу жайдын бюджетине 20 пайыз кошумча каржы бөлүнбөй жаткандыгы, эмгек акынын төмөндүгү, көп жылдар бою оңдоп-түзөө иштери жүрбөгөндүктөн аудиториялар
окууга жараксыз, жылуулук начар берилип, суук болсо да сабактар өтүлүп жаткандыгы, айыл чарба адистеринин өндүрүш менен байланышкан тажрыйба жүргүзүүсүнүн начарлаганы сыяктуу көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү. Бул окуу жайдан айрымдары билим алышкан эл өкүлдөрү топтолгон, айтылган проблемалар тууралуу Жогорку Кеңештин кароосуна коюп, аз-аздан болсо да чечилишине жардам беришерине убада беришти. Жолугушуу, көтөрүлгөн маселелер тууралуу кийинки сандан толук окуйсуздар.
Марип ТАЙЧАБАРОВ,
"Кыргыз Туусу"
Сүрөттөрү автордуку