"Кыргыз туусу", 25.01.11
  Курманжан датканын
200 жылдыгына карата

Көчкөн Сактанов Өмүр жана өлүм
(Алымбек датка тууралуу романдан үзүндү)

Курманжан датканын 200 жылдык мааракеси өкмөтүбүз тарабынан белгиленип жатышы, бул бүткүл кыргыз эли үчүн зор сыймык. Алымбек Датканын 210 жылдыгы Курманжандын мааракеси менен кошо өткөрүлсө Алай эли эле эмес, бүткүл кыргыз эли өкмөтүбүзгө ого бетер сыймыктанмак!
Биз жаңы өкүмөтүбүзгө ишенебиз, анткени элдин батасы менен биз тирүүлөр эле эмес, өлгөндөрдүн арбагы кошо сүйүнөт!
Кудай бизди 2010-жылкы зор трагедия учурунда колдоп берди, дагы да колдой бермек!

Автордон: Курманжанды Курманжан кылган бу Алай элинин залкар уулу Алымбек датка экенин эмитен билип эле эмес, унутпашыбыз керек, менимче.
Албетте, күйөөсү Алымбек Кокондо өлтүрүлгөндөн кийин Курманжан датка Алай элине нары өбөк, нары жөлөк эле эмес, күйөөсүнүн ишин андан ары улап кетиши бу тарыхый улуу чындык!
Алымбектин негизги келечек максаты кандай эле? Түндүк-түштүк кыргыздарын бириктирип, андан ары Коконду алып, бүткүл мусулмандардын мамлекетин түзүп, орустарга каршы чыгуу эле, бирок ал бул максатына жетпей калды.
Баарынан да Курманжандын тирүү кезинде Алымбектин Кокондо өлтүрүлүшү, эки уулунун көз көрүнөө көз алдындагы өлүмү, андан ары казактардын маңка манаптарын түндүктөн кыңк эттирбей чөгөлөтүп келаткан орус генералдарынын алдында чөгөлөп калбай, уулдарынын тагдырынан эл тагдырын жогору коюп, сөз эрөөлүнөн орустардан жеңилбей күрөшө билиши учурунда, ошол эле орус генералдары тарабынан "Аял жолборс" аталышы бекеринен эмес!

Экинчи глава
Ордо - мамлекеттик түзүлүшкө окшош
Алымбек бала кезинде өзү
билбеген көп нерселерге ашкере кызыгып, балалык ой-санаасы ашып-ташып турган куйма кулак болсо, өспүрүм кезинде бойго жеткен кыздай үн-сөзсүз созулуп, өзүнөн-өзү жалгыздап, ал төрөлгөн бу дүйнөдө ал билбеген көп сырдуу, көп чырлуу кубулуштар, түшүнүксүз көп нерселер бар экенине өзүнчө муюп, эмне үчүн андай, эмне үчүн мындай деген табышмактуу ойлорго такалып, өзүнчө бир кырлуу, бир сырлуу болуп калган эле.
Он сегиз жашка келип, ойлосо ойго канбай, иштеше ишке канбай турган курагы эле. Аны жакындан билген ата-энеси уулунун мындай акыл-эсине, жүрүш-турушуна ичтен сыймыктанышып, кийимдин кымбатын ылгап кийгизип, жоргонун мыктысын мингизип, айыл арасына коё берди. Бул учурда ал кийген кийимине, же минген жоргосуна көпкүлөң тартып, жорго туягын дүпүрөтүп эл көзүнө чалчактап, эрке талтаң болуп кеткен жок. Кимге да болбосо, камчысын бооруна алып, сыпаа учурашып, Кудайга кулдук уруп үлпүлдөк молдолордой дили жумшак болуп кетти. Мен байдын баласымын, айтылуу Асан бийдин уулумун деген көпкүлөң дымак мүнөзүнөн же жүрүш-турушунан деги байкалбады.
Анын мындай элге, жерге жакын жөнөкөй кыял-жоругу өзүнүн курбалдаштарына эле эмес, бүтүндөй айыл арасына жагып, кайда барып, кайда болбосун "Алыке, Алыке!" аталып, элге алынып кетти. Анын бала чагында, айыл ичинде айрыкча чүкө оюну көп ойнолчу.
Бир кызыгы ал кыргыздын "ордо" оюнуна ашкере көзү түшүп, аябай назары түшүп, ага зор маани берип, ашкере кызыгып калды. "Ордо" оюну жөн оюн эмес, өзүнчө эле бир мамлекеттик түзүлүшкө аябай окшош, баарынан да өзүнүн аткычтары бар, жоокерлеринин арасында сынык чүкөдөн коюлган ханы бар, коргоп жана коргоно билген желдеттери бар, дагы бир топ кылычтуулары бар, кыргыздан башка эч бир элде жок мамлекеттик деңгээлдеги кызыктуу оюн эле. Эгер "ордо" оюнунун мыйзамын бузсаң, анда бүттү, күйдүң! Оюндан чыгарыласың! Мындай оюнду ким ойлоп тапты экен? Мамлекет али жер жүзүндө пайда боло электе, мамлекет ушул "ордо" оюнунун түзүлүшүндөй болуш керек экен го? Ушу "ордо" оюнун кыргыздан үйрөнүп алган батыштыктар бүгүн акылдуу болуп атышпайбы! Манасы бар, "ордосу" бар кыргыз эч кыйынсынбай, илгеркидей эле тоодо жашап, аяздуу ашууларда жүргөн момун кыргыз болгон экен да! Чын эле мындай оюнду биринчи ким ойлоп тапты экен? - деп кайра-кайра өзүнө Алымбек суроо салды. Муну Угуз хандын урпактары ойлоп тапса керек. Магзым ава айткандай илгери кыргыз кыйын болгон деген ойго такалып, ааламда азыр канча мамлекет болсо, ошолордун бирөөндө да "ордодой" оюн болбогонуна чын дилиңден ишенесиң! Тоолордун арасында,
суулардын башатындагы таза абада жашаган, мээси таза эл гана мындай оюнду ойлоп таба алат.
Билегиңен кармабай,
Билбестик өткөн өзүмөн...
Ушундай ойлорго төнүгөн
Алымбек Качууранын кырка жонунда жалгыз баратып, өзүнчө эле шерденип алды, тарыхка кенен ой жиберсең дүйнөдө не деген
кыйын элдер болгон, ошонун бири кыргыз экен да. Карачы, эмне деген гана жашоого керектүү нерселерди ойлоп тапкан. Бир кезде согушчул эл, баатыр эл болгон экенбиз. Бөрү - кыргыздарды кезинде кечээ эле дос-жоро жүргөн коңшу элдер көрө албай, аны басынтып салган го!
Ошентип ал Качуура жайлоосунан бери уланган Жошолунун жантак тоолорундагы бийик кыраандардын ат жетпес жалгыз аяк жолунда жалгыз-жапа баратып ушундай ойлорго төнүп кетчү. Чоң атасы Ажыбай датка ушундай учурда эсине түшүп, анын өз эли үчүн, алардын эркиндиги үчүн күрөшкө чыгып, өлүмгө кеткени, аны ого бетер шыктантып, келечектеги чоң күрөштөргө аны үндөп жаткансып кетчү.
Анын мына ушундай, кээде кызыктай жүрүш-турушуна кээ бир айылдыктар туура түшүнсө, кээлери туура түшүнбөй "Асан бийдин баласы элге кошулбай, жалгыз-жапа тоо аралап, тоо кийик болуп кеткен имиш десе, үчүнчү дагы бирөөлөрү бала кезинде жаркылдаган куйма кулак, жакшы бала эле, бирок чоңойгон сайын адамга кошулбай, киши кийик болуп кеткен имиш" дешчү болду.
Эл эмне десе ошо десин, эл айта берет деп алат өзүнчө. Анткени өзү жөнүндө ар кимдин ар кандай сөздөрүн кээде угуп да калат, бирок алардын кебине анча маани бербейт. Жошолунун бийик чокулуу жалгыз аяк тар жолу менен өзүнчө жалгыз-жапа жүрүп ойлонгону өзүнө абдан жагат. Ал эми "ордо" деген оюнунун түпкү түзүлүшүн ойлоп таба албайсың. Ал эми элдик арзуу ырларычы? Элдик өнөрпоздор, көрсө, элеттеги карапайым эл ичинен чыгат экен да! Айтмакчы, бир ирет төрт аягы жер ээлеген тор жоргосу менен Кеп-Таш капчыгайы аркылуу жайлоого баратып, өгүз минген бойдоктун арзуу ырын угуп калды. Сөзү дагы, обону дагы дароо жанга жакын, жаттап алма ырлардан эле. Ыр чын эле элдик ыр экен, ошон үчүн го, дароо жатталып эсте калды. Ырдап атып талаа жаңырта обон созгондо, таандар мекендеген Кеп-Таш капчыгайы эле эмес, өгүз, эшек минген адамдар да жым тартып бараткандардын арасынан бирөө чыдабай кеттиби:
- Бав, үнүңдөн-а! - деп ийди. Ошондо, анын обону ого бетер
ылаачын куштай кайрадан көккө кайкыды.
Карагаттай- а-а көзүңөн а-а,
Канттан-а-а ширин
сөзүңдөн аа.
Кабыргаңдан а-а кармабай аа,
Камдык а-а өткөн аа
өзүмдөн а-а!
Пияладай а көзүңдөн а-а,
Мияна ширин а-а сөзүңдөн а-а,
Билегиңден а-а кармабай а-а,
Билбестик өткөн а-а
өзүмдөн а-а!
- деп ал обон созгон сайын эшекчен эшегине, төө минген төөсүнө ыктай берип, ырга кулак канып, кулак эле эмес, өңгү-дөңгү агып аткан тоо
суусу да, өзүнүн шар аккан шаңдуу шапатасы менен көңүл улап, жай-лоонун кечки арзуу сыры ого бетер ачыла түшкөнсүйт.
Мындай арзуу ырлары эл ичинен чыкпай, айыл арасында калып кеткендери канча. Элден алып, кайра элдин өзүнө кайрып бере албаганыбыз бир эле биз үчүн эмес, бүтүндөй баарыбыз үчүн өтө кечиримсиз иш деп алат өзүнчө.
Улактын кумары
Ушинтип ар кандай ойго
төнүп, кыялдарга толкуп, жалгыз-жарым баратып минтип ойлогону өтө туура экенин, миң- миллион кыргыз жаштары баары эле ушинтип өзүндөй ойлоно албасын да билет. Бул Кудай тарабынан анын эс-акылына жиберилген зор касиет экенин да божомол кылат. Теги байдын баласы болгону менен дээри кедейлер тарапта экенин, кедейлердин тагдыры өз тагдыры
сыяктуу экенин жөн гана эмне үчүн андай, эмне үчүн мындай деп ойлоно берерин өзү да билбейт.
Мисалы, "ордо" сыяктуу же азыркы арзуу ыры сыяктуу айыл жаштары ырдап жүргөн ырларды көпчүлүк эл жакшы билбейт. Же болбосо, мисалы "Көк бөрү" деген кумар оюнун айталы. Бул кыргыздын өтө кеңири тараган улуттук кумар оюну. Анын нары кызыктуу, нары кумарлануу оюн экенин мындан бир жыл илгери өз башынан кечирген. Бүгүн "чоң улак болот" деген күнү "чоң улакка" барып, анын нары кызык, нары трагедиялуу оюнун өз көзү менен көрүп, өз башы менен кечирген. Туягында куюну бардай болгон күлүгү бар эле, ошону минип эл катарында барган эле. Топко аралашпай сырттан карап турду. Бир убакта Саз кечүүсүнө келгенде күлүк минген, далысынан буу чыккан балбан улакчылар улакты жерден эңип алыш үчүн, ат туяктары бытыраган топко ар тараптан жулунуп, бири-бирин ортого жолотпой матап, бири атын гөткө чапса, экинчиси улакчыны башка чаап: "Ал эле, ал! Карма эле, карма!" - деп баш көргөндү көз көрбөй, баш-көзгө камчы уруп, жерде жаткан улакты эңип ала албай жатышты. Ат эмес, ат үстүндөгү адамды карабай жулунуп атышты, бир кезде бир азаматы жерде тебеленип аткан улакты зор чабендестик менен жерден эңип алып, ээр кашына салмак болуп илип кетти. Илээри менен анын коёндой болгон күлүгү топ ичин жарып өтүп, мараны көздөй жер менен жер болуп, кулактарынан жел ышкырып, таноолорунан буу бүркүлүп, дүңгүрөп баратты, бирок аны марага жеткире койбой экинчи улакчы ага жете барып, жанаша берди. Улакты улакчы эптеп ээрге басмак болгондо тигил улакты алдынан шыпырып кетти. Улактын кызыкчылыгы ушунча, бири-биринин өлүүбү же тирүүсүнө карабай сүрмө топ ары-бери сүрүлүп, ат жаныбарлар башын калжактата камчыдан ала качып, туягында тебеленип аткан жердеги адамдан бутун домдоп ала качып, адамдарга караганда ат жаныбар аёо сезиминен ажырабай адамгерчилик кылып атты.
Дал ушул учурда Алымбек токтоно албай кетти. Күлүгүн дүпүлдөтө теминип, алдыга карай тизгинин коё берди эле, улак өңөргөнгө жанаша түшүп, зымырап баратканын гана бир билет. Кулагына: "Ой, Досу, бер Алымбекке, ашыр Алымбекке" деген чуу угулуп калды. Досу ага улакты ашыра салды эле, ал ойлогондой улак жеңил эмес, оор экенин улак алдына келгенде билди. Көрсө, колдо топтой ары-бери ыргыган торпок улак экен. Торпок улакты эптеп ээр кашына сала электе, кайдан-жайдан келди, аны экинчи улакчы жандап калды. Ал торпок улакты кичине эле өзүнө тарта электе эле улак өзү ээр-пээри менен аттын жамбашына түшүп, өзү аттын жылаңач жонуна минип, аты жер дүңгүрөтө кулактарынан жел ышкырып, кайдадыр баратты. Көрсө басмайылы бош тартылган экен. Өзү мына-мына атынан учуп түшчүүдөй болуп, бирок ат жалына жабышып, улак эсинен кетип, өзү ызы-чуу, каткырыктын алдында ала-
пайын таппай баратты. Анан бир кезде көзүн жумуп ийди эле ат жонунан ыргып барып саздак жерге, жумшак жерге кырынан учуп түштү. Түшөөрү менен он эки мүчөсү соо экен, тоголонуп кетсе да жер колдоп, дароо ордунан тура калды.
(Уландысы бар)