"Кыргыз туусу", 25.01.11 Жугуштуу
сарык оорусу
Вирус кир кол аркылуу ичеги-карынга өтөт
Сарык оорусу коомчулукка кеңири таралган жугуштуу оорулардын катарына кирет. Медицинада "вирустуу гепатиттер" деген термин менен белгилүү.
Себеби, бул оорунун козгогуч микробу вирустар болуп эсептелинет жана боордун сезгенишине алып келет. Жугуштуу ичеги-карын ооруларына сарыктын А жана Е түрү кирет.
Сарык оорусу деп аталып калышынын себеби ооруган адамдын денеси саргарып кетишинде. Тез тарап кетүүсү боюнча грипп оорусунан кийин гана турат. Анткени, вирус жуулбаган кир кол аркылуу ичеги-карынга өтүп, кир кол ооруну таратууда эң негизги себептердин бири болот. Вирус айлана-чөйрөгө адамдын заңы менен бөлүнүп чыгат жана заңга конгон чымындар айлана-чөйрөгө таратууда активдүү жардамчылар болуп эсептелишет. Ошондой эле жуулбаган жер-жемиштерди кир кол менен пайдаланууда ооз аркылуу ичеги-карынга өтөт. Бул оору менен балдар да, чоң адамдар да оорушат. Бирок, катталган оорулардын ичинен 80 пайызга жакынын 14 жашка чейинки балдар түзөт. Айрыкча бала бакча жашындагы балдарда жана башталгыч класстардын окуучуларынын арасында көбүрөөк кез-дешет да, күз-кыш айларында оорулуулардын саны башка мезгилдерге салыштырмалуу көп катталат жана 3-4 жылда бир оорунун кескин өсүшү байкалат.

Вирустун белгилери кантип байкалат?
Адамдын денесине вирус өт-көндөн кийин биринчи белгилери пайда болгонго чейинки убакыт жашыруун мезгил деп аталат, ал 15 күндөн 35 күнгө чейин созулат.
Көпчүлүк убакта оорунун белгилери сасык тумоо (грипп) оорусуна окшошуп, дененин температурасы 38С чейин көтөрүлөт. Денеси чыйрыгып, башы ооруйт, жүрөгү айланып куса баштайт, ичтин оң тарабы ооруйт. Бул белгилер 5-7 күнгө чейин созулат да, андан кийин көздүн агынын жана көз былжырчаларынын саргара баштаганы сезилет. Андан кийин дене саргарып, заңдын (агарат), зааранын (кочкул) өңү өзгөрөт. Айрым учурда жогорудагы белгилер жеңилирээк болот, саргаруу байкалбайт. Оорунун жеңил өтүшү оорулуу үчүн жакшы болгон менен айлана-чөйрөдөгүлөр үчүн оорунун "булагы" болуп эсептелинет. Себеби, алар катуу ооруган адамдарга караганда активдүүрөк болушуп, айлана-чөйрөдөгүлөр менен карым-катнаштары көбөйүп, ооруну жугузууга көбүрөөк шарт түзүлөт. Анткени, вирус оорулуунун денесинен жашыруун мезгилдин акыркы күнүнөн саргарып кеткен мезгилине чейин өтө көп бөлүнүп чыгат. Ошондуктан, оорулуу адам козгогучту канча убакыт бөлүп чыгарса, ошончо убакыт бою оору тарата турган булак болуп эсептелинет.

Сарыктын алдын алууга болобу?
Сарык оорусунунун алдын алууга болот. Ал ооруну дарылаганга караганда кыйла жеңил. Ал үчүн ар дайым өз-дүк гигиенаны сакташ ке-
рек, колду таза жууп, тамак-аш даярдай турган орундарды, идиш аяктарды таза сак-тоо керек. Жер-жемиш, жа-шылча-мөмөлөрдү пайдаланарда сөзсүз жууш абзел. Кай-натылбаган жана арыктан аккан сууну ичпөө өтө зарыл.
Жугуштуу сарык оорусуна чалдыгып калсаңыз, дароо врачка кайрылыңыз. Врач ооруну иликтеп көрүп, анын түрүнө жараша дарыланууну аныктайт. Андыктан, өз алдынча дарылануу жакшы натыйжа бербей, тескерисинче ооруну та-таалдаштырып жибериши мүмкүн. Экинчиден, сарык жугуштуу оору болгондуктан үй-бүлөңүзгө, тууган туушкандарыңызга, чогуу иштеген адамдарга жуктуруп коюшуңуз ыктымал.
Айнура МАМБЕТАЛИЕВА,
Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун врач-эпидемиологу

С гепатити кандай жол менен жугат?
С жугуштуу гепатити кан аркылуу жугат. Ал көпчүлүк учурда байкала бербей, акырындап өнөкөткө айланып кетет. Тилекке каршы, стоматологиялык кабинеттерден, маникюр салондорунан, тату-студияларынан (денеге сүрөт тарткан), ал турсун хирургиялык жана гинекологиялык кийлигишүүлөрдөн соң да жугуп калган учурлар көп кездешүүдө. Текшерүүнүн бардык көзөмөлүнөн өтпөгөн кан куйдуруу абдан коркунучтуу. Мына ушулардан сак болуш керек. Бул оору
боорду талкалайт, кайткыс шишик пайда кылышы мүмкүн.

Сабиздин боорго шыпаалыгы
Сабиздин шербети
Сабиздин курамында май белогу, кант, А, В, С витаминдери, алма кислотасы сыяктуу адамдын организмине керектүү болгон заттар бар.
Андыктан, аны жугуштуу оору болуп саналган боор ооруга дарылыкка пайдаланууга кеңеш берилет. Сабиз көбүнчө ашказанды тазартат. Ичти жумшартат. Какырык пайда болгон жөтөлдү басаңдатат. Ошону менен бирге боор оорусун айыктырат.
Боор оорусу менен ооруган киши сабизди көп жеши керек. Ал үчүн сабизди таза жууп, сүргүчтөн өткөрүп, ширесин чыгарып алгандан кийин, 1 кг. сабиз суусуна 2 кг. шекер аралаштырып, коюу болгончо отко кайнатат. Муну сабиз шербети деп коюшат. Шербеттен күнүнө 20 граммдан 30 граммга чейин ичип жүрсө, боорго жакшы жардам берет. Же болбосо сабизди майда кырып кесип, шекер кошуп, сабиз ширесин даярдап, күнүнө тийиштүү өлчөмдө жесе да пайдалуу. Эгерде жогоркудай даярдоого мүмкүнчүлүк болбосо, сабиздин өзүн сууга бышырып же анын суусун ичсе да боор оорусуна шыпаасы бар. Муну менен бирге эски жөтөлдөн арылтып, ашказан оорусунда пайда берет.

Сарык оорусунда диета
Бул жугуштуу ооруда диета кармоо өтө маанилүү.
Туздуу, ачуу, куурулган, консерваланган тамактарды жегенге болбойт. Жашылча, жер-жемиштер, сүт, кычкыл эмес быштак, тузу жок нан, сүрсүбүгөн, кайнатылып бышырылган майы жок уйдун этин (торпоктуку болсо, андан жакшы),
тооктун этин жеш керек. Жер-жемиштин кактарынан, өзгөчө өрүктүн кагынан жасалган ширелерди ичкен пайдалуу. Дүкөндөрдө сатылып жаткан ар кыл ширелерди (сокторду) ичкенге болбойт.
Эскертип айта турган нерсе, оорулууга диетаны врач гана жазып берет. Аны ноокас адам бузбай аткарса, тез сакайганга жакшы жардам берет.
Тамырчы, табып Дүйшөнбек Чомо уулунун дарыгерчилигинен:
Сары оору - өтө жугуштуу. Ага чалдыккан адамды башкалардан бөлөт. Үстүнө сары түстүү кийим кийгизип коёт. Чөп чай, жалбыз, миңжалбырак чөптөрүнүн талканынан эки аш кашыктан алып, 0,5 л. кайнак сууга салып демдейт. Күнүнө 50 граммдан үч жолу ичет. Же болбосо чөп чай, бака жалбырак, ышкын (ревендин) тамырынан,
итмурундун жемишинен талкалап, ар биринен үч аш кашыктан алып, 0,5% л. кайнак сууга демдейт. Күнүгө 30 гр.дан 4-5 жолу сакайганча ичет.
Сарык оорусун жоюу үчүн эки ыкма:
1. Бөрү карагаттын тамырынын сырткы кабыгын аарчып, ортосунан жара бөлөбүз.
2 кг. тамырды 10 л. сууга кайнатып, эки күндө бир ушул сууга 3-5 күн катар жуунуш керек.
2. Жаңы казып алынган бөрү карагаттын тамырынын сырткы кара кабыгын аарчып, андан кийинки сары жука кабыгын кырып алып, 100 гр. өлчөмүн 3 л. кайнак сууга муздаганча демдеп коюп, күнүнө 25 гр.дан тамак алдында ичүү керек (эртең менен кечинде). Кабыгы аарчылган сары жыгачты текке кетирбей жара бөлүп, 15 л. сууга 1-3 килого чейин 30 мүнөт кайнатып куюп алгандан кийин ушул эле кайнатмага 11 кг. сулу салып, бир сутка демдеп коюп, эртеси кайра ысытып, 1-2 сааттан кем эмес ванна жасоо керек.
Ваннанын даярдалышы: 30 градустан кем эмес кайнак суу (дене чөмүлгөндөй) куюу зарыл. Ваннага отургандан кийин башка жылуу топу кийип, буу чыкпагандай кылып чий же таар менен жабуу керек. Биринчи даярдалган ваннаны 3-5 жолу колдонуп, кийин дагы ушундай кылып 15 күн катар жасоо керек. Ушундан кийин гана денедеги сары оору чыгып тазаланат.
Эскертүү: Сарык оорусу менен ооруган ноокас айтылган тамак режимин катуу сактабаса, анда кара сарык (цирроз печень) оорусуна кабылат. Ванна жасоодо суу өтө ысык болбош керек. Жүрөгү начар же кан басымы жогору болсо, гемоглобин төмөн болсо, өз алына жараша түшүүсү зарыл. Ваннага түшкөндө сөзсүз жанында бирөө болуп турган оң. Ваннага түшкөндөн кийин 1-2 саат жылуу жатуу талапка ылайык. Эгерде суусаса сулунун суусу же кайнатма чөп ичилет, нак суу ичүүгө болбойт.