Warning: include(0121.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0121_1.htm on line 72

Warning: include(0121.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0121_1.htm on line 72

Warning: include(): Failed opening '0121.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0121_1.htm on line 72



Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0121_1.htm on line 78

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0121_1.htm on line 78

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0121_1.htm on line 78
п»ї


К.Батыров бийликтин отуз пайызын сураган
Түштүктөгү июнь окуясы боюнча күнөөлөнүп, издөө салынган Кадыржан Батыров азыр
Россияга, Түркияга жана Араб Эмираттарына каттап, таптырбай жүрөт. Ал эми Жалаллидин Салахудинов учурда Ташкентте жашайт деген маалымат бар.

Айтмакчы, Салахудинов июнь окуясына күнөөлүү катары кармалып, бирок анын жактоочулары элди чогултуп келип, чыгарып кетишкен. Күч түзүмдөрү эки улуттун ортосундагы кырдаалды ого бетер курчутуудан кооптонушуп, ага республиканын сыртынан чыкпоо кагазын карматып, коё беришкен. Өзбек улутунун лидерлери болуп саналган мурдагы парламент депутаттары К.Батыров, Ж.Салахудинов, И.Абдрасулов автономия маселесин ачык көтөрүшпөсө да, өзбек тилине расмий макам берүүнү, мамлекеттик бийлик бутактарына 30 пайызга жакын өзбек улутунун өкүлдөрүн дайындоону Убактылуу Өкмөттөн талап кылышкан. Мына ушуга байланыштуу түштүктөгү июнь окуясынын чыгышына ар кандай күчтөрдүн бийлик талаштыгы да түрткү болгон деген пикирдин чындыгы бар экендиги айтылды...
Мындан жыйырма жыл мурдагы Ош окуясы чыныгы баасын алып, анын күнөөкөрлөрү туура аныкталып, тийиштүү жазага тартылганда былтыркы июнь окуясы кайталанбай калат беле? Ош менен Жалал-Абаддагы июнь окуясын иликтеген улуттук комиссиянын жыйынтык отчетун Жогорку Кеңештин депутаттары эки күн катары менен кызуу талкууга алышты. Комиссиянын төрагасы Абдыганы Эркебаевге жана анын мүчөлөрүнө 90дон ашык депутат суроо беришти. Албетте, аталган комиссия нечендеген жарандардын өмүрүн алып, жаракат салган кандуу окуяга саясий баа берүүгө гана укугу бар. Ошондой болсо да аталган комиссия Убактылуу Өкмөттүн бир нече мүчөлөрүн, тактап айтканда күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин саясий жактан жооп бериши керек деген маалыматты бир апта мурда эле таратканы белгилүү.
(Уландысы 2-бетте)





  Түз байланыш

Министрге айта албай, кире албай жүрдүңүз беле, анда...
Урматтуу окурмандар!
Саламаттык сактоо тармагынын жетекчилигине практик, тармактын коён жатагына чейин беш колундай билген, жөнөкөй врачтан эң жаш курагында академиктикке чейин өсүп жеткен Сабырбек Артистбекович Жумабеков келди. Эми элдин ден соолугун кароодо, дегеле саламаттык сактоо тармагында кандай жылыштар болот? Тармакты реформалоодо эмне жаңылык киргизилиши мүмкүн? Айлык азынан чет жактарга кетип жатышкан тажрыйбалуу врачтарыбызды кармап ка-
лууга кандай чаралар көрүлөт? Дарыгерлердин айлыгы качан көтөрүлөт? Алыскы айылдардагы ооруканаларда, ФАПтарда эмне жетишпейт? Ушундай суроолорго, дегеле ден соолугуңузга байланыштуу айткыңыз келип жүргөн, бирок алыскы айылдан Бишкекке жете албай, министрге бере албай жүргөн түпөйүл соболдоруңуз болсо, түз эле Саламаттык сактоо министри Сабырбек Жумабековго чалып, дароо жооп алыңыз. Ага "Кыргыз Туусу" гезити шарт түзүүдө. 25-январда, саат 14.00дөн 16.00гө чейин 62-20-66, 62-20-31, 62-20-18 телефондоруна коңгуроо кагыңыз, трубканы министр өзү көтөрөт. Суроолорду жогорудагы телефондор боюнча алдын ала берсеңиздер да болот. Ар бир суроо жоопсуз калбайт. Анда, кымбаттуу окурмандар, сурооңуздарды белендеңиздер.








Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0121_1.htm on line 136

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0121_1.htm on line 136

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0121_1.htm on line 136


а ­е¦Є.НҐй«