"Кыргыз туусу", 14.01.11 Дубандардан эмне кеп?
Жалал-Абад
Анжиянга кыргызча китептер жөнөтүлдү
Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асанов коңшулаш Өзбекстан Республикасынын Анжиян облусуна болгон иш сапарынан кийин Анжияндагы жогорку окуу жайынын кыргыз тили факультетинин студенттери үчүн кыргыз тилиндеги китептерди жөнөттү.
Өзбекстандагы кыргыз тили факультети ачылганына жети жыл болуп, анда негизинен Анжиян облусундагы кыргыз жаштары окушат.
- Губернатор аталган окуу жайдын кыргыз тили факультетиндеги студенттер менен жолугушууда кыргыз тилиндеги окуу куралдары, китептер жетишсиз экенин угуп, кыргыз тилиндеги китеп жагынан колдоо көрсөтүүгө убада берген эле,- дейт облустук мамлекеттик тил комиссиясынын жооптуу катчысы Ж.Авазов, - Ошол убаданы аткаруу үчүн каражат таап, студенттер үчүн баалуу болгон "Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү", кыргыздардын тарыхы боюнча жазылган китептерди, эпосторду жана Ч.Айтматовдун чыгармаларынын томдуктарын топтоп жөнөттүк. Китептерди сатып алууга облустун губернатору каражат бөлдү.
Ж.Авазовдун айтымында китептер чек арадагы бажы постторуна чейин жеткирилип, андан ары өзбекстандыктар өздөрү алып кетишти.
Орозалы КАРАСАРТОВ





Талас
Ааламды айланган Айтматовдун чыгармалары...
А.Токтогулов атындагы облустук китепканада "Ч. Айтматовдун экинчи өмүрү уланууда" деген аталыштагы кече болду. Иш чаранын негизги максаты - Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы адеп-ахлактык жана табиятты коргоо маселелерин жаштарга насыйкаттоо.
Китепкананын мамлекеттик тил бөлүмүнүн башкы адиси Артыкова Динара жазуучунун чыгармачылыгы туралуу доклад окуп, кеченин программасы Ч.Айтматовдун чыгармалары кино жанрында, музыкада, театр жана сахнада, живописте деген бөлүктөрдөн турарын, улуу Чыңгыз атабыздын акыркы чыгармасы болгон "Тоолор кулаганда" романы боюнча ойлорун айтты.
Кечеде улуу жазуучунун чыгармалары боюнча көркөм тасмаларды жаратып, оозго алынган Д. Садырбаев, Г. Базаров, Б. Шамшиев сыяктуу зор таланттар тууралуу сөз болду. Ал эми музыка жаатында композиторлор Айтматовдун чыгармалары боюнча симфония жаратышкандары, "Илиястын ыры", "Ысык-Көлүм", "Жамийла" жана башка обондуу ырлары жөнүндө сөз учугу уланды. Ч. Айтматовдун дээрлик баардык чыгармалары сахналашкан, алар Кореяда,Түркмөнстанда, Латвияда, Литвада ж.б. көптөгөн өлкөлөрдө коюлган.
Катышуучулар ушундай иш чараларды облустун жер-жерлеринде да өткөзүү демилгесин көтөрүштү.

Маркум милиционер акыркы сапарга узатылды
Жакында Бишкек шаарында ислам террористтеринин колунан курман болгон милициянын капитаны Самат Жээнбековду акыркы сапарга узатуу тажиясы Кара-Буура районундагы Аманбаев айылында болуп өттү. Маркум милиционерди акыркы сапарга узатуу аземине Талас облусундагы милициянын өздүк курамы, коомчулук өкүлдөрү, облустун губернатору Койсун Курманалиева, республиканын ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги К.Жунушалиев жана маркумдун жакындары катышты. Аза күтүү митингисинде сөз сүйлөгөндөр маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтышып, милиция кызматкерлеринин өмүрүн бөөдө кыйган канкорлор мыйзам чегинде жазаларын алышарын билдиришти. Облустук жана Кара-Буура райондук жергиликтүү бийлик маркумдун үй-бүлөсүнө акчалай жардам көрсөтүштү.

Козубек ИМАНКУЛОВ




Баткен
Президенттин стипендиясы берилди
Жыл аягында Президент Роза Отунбаева Баткен облусу боюнча 100 адамга - Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 1000 сомдон акчалай жардам көрсөттү. Баткен шаарынын мэри Ашим Раимкулов менен вице-мэр Гүлсүн Рыскулова ардагер Ашир Рахматовдун, Матираим Малашовдун, Садык Буркановдун үйлөрүнө барышып, ал-абалынан кабар алышты. Президенттин стипендиясын өз колдоруна тапшырышып, ак баталарын алышты.
Гүлчехра ТАЖИБАЕВА




Ысык-Көл
Митингчилер жолду тосуп койду
"Кумтөр" ишканасы өндүргөн алтындын 68%ы элге берилиши керек деген баштапкы келишимге кайтып келүү талабы менен бүгүн 200 чамалуу киши ишкананын Балыкчыдагы базасына митингге чыгышты. Алар ошондой эле Балыкчыдан ишканага кеткен жолду жаап, "Кумтөргө" жүк ташыган автоунааларды өткөрбөй жатышат. Митингдин уюштуруучуларынын бири, "Люстрация" кыймылынын Кумтөр боюнча координатору Жекшен Шамыралиевдин "Азаттыкка" билдиргени боюнча митингге кечээ Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун тургундары чыгышты. Алар Кумтөр алтын кенинин 68%ы мамлекетке берилүүсү керек деген талаптан тышкары кадр саясаты, экологиялык талаптарды коюшту. Ошондой эле митингдин катышуучулары Кыргыз өкмөтүн Андаш, Талды-Булак жана башка алтын кендерин пайдаланып, иштетүүдө Кумтөр ишканасынын катасын кайталабоого чакырышууда.
Митингге чыккандар менен "Кумтөр Оперейтинг Компани" ишканасынын президенти Роберт Вандер жана вице-президенти Андрей Сазанов сүйлөштү. Жекшен Шамыралиевдин айтуусунда алар митингчилер менен бир үстөлгө отуруп, сүйлөшүүнү өтүнүшкөн. Ал эми жергиликтүү милиция митингге уруксат берилбегенин айтып, эскертүү берген. Митингчилер талаптары аткарылмайынча "Кумтөр" алтын кенине кеткен жолду ачпай турганын айтышууда.




Ата Журт алкагында
Газ элге 307 доллардан сатылууда
Кыргызстан Өзбекстандан быйылкы жыл үчүн 200 млн. кубметр газдын миң кубметрин 223 доллардан сатып алган. Эми ал газ элге 307 доллардан сатылып жаткандыгын "Кыргызгаз" ишканасынын башчысы Тургунбек Кулмурзаев парламентте билдирди. Анын айтуусунда, Өзбекстандан миң кубометри 223 доллардан сатылып алынган газдын баасына Казакстан аркылуу алып өтүүдө 15 доллар кошулат. Мындан тышкары Казакстандагы жана Кыргызстандагы газ түтүктөрүнө көзөмөл кылган кыргыз-казак ишканасы бар, ага 5 доллар төлөнөт. Натыйжада кыргызстандык керектөөчүлөргө жеткиче көгүлтүр оттун баасы 84 долларга кымбаттайт.Айтмакчы, газ түтүктөрү үчүн 5 доллар акы алып жаткан кыргыз-казак биргелешкен ишканасы менен түзүлгөн келишим 2010-жылы аяктады, кийинки жылга узартыла элек.

Ч. Айтматовдун аты - университетке
Ош облустук администрациянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, июнь окуяларына чейин Кыргыз-өзбек университети, андан соң Ош мамлекеттик социалдык университети деп аталып жүргөн окуу жайга Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу демилгелери көтөрүлүүдө. Мындай сунушту Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков Президенттин администрациясына жөнөттү. Бул демилгени окуу жайдын жамааты да колдошууда.

Электр кубатынын баасы
1-февралда аныкталат
Энергетика министри Аскарбек Шадиевдин депутаттарга билдиргени боюнча азырынча электр энергиясынын баасын арзандатуу же кымбаттатуу тууралуу кеп боло элек. Бирок министр бүгүнкү күнү электр энергиясын жылуулук иретинде пайдаланып жаткандар акыны кымбат төлөөгө тийиш деп эсептейт. Электр энергиясынын уурдалышы өткөн жылы 26%га жеткенин белгилеген министр быйылкы жылы жоготууларды 18%га чейин түшүрүүгө аракеттенип жатканын кошумчалады. Мурдагы бийлик электр энергиясынын баасын 2010-жылдын 1-январынан тартып 1 кВт. саатын 1 сом 50 тыйынга чыгарган. Апрель окуясынан кийин Убактылуу Өкмөт электр энергиясынын баасын мурунку калыбына келтирген.

Акыйкатчы Улуттук
комиссиянын бүтүмүн айыптады
Акыйкатчы Турсунбек Акун июнь коогалаңын иликтеген комиссиянын корутундусунда айтылган "коогалаңга Бакиевдердин катышы бар, үчүнчү күчтөрдүн тиешеси бар" деген маалыматтар чындыкка коошпойт, ал эми Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү Исмаил Исаковдун, Азимбек Бекназаровдун, Болот Шердин жана Кеңешбек Дүйшөбаевдин июнь коогалаңы боюнча айыпталышы туура эмес деп эсептээрин билдирди. Турсунбек Акун июнь окуясынын келип чыгышына эки улуттун ортосундагы социалдык-экономикалык айырмачылыктар, ошол эле учурда айрым өзбек лидерлери түштүктү өзүнчө автономия кылып бөлүп алууга аракеттенип, элди бөлүп-жарганы башкы себеп болгон деген пикирде. Анын айтуусунда, июнь окуясына чейин эле Өзбекстандан шектүү адамдар келип, түштүктөгү өзбектер жыш жашаган айыл-кыштактарда түрдүү үгүт иштерин жүргүзгөнү тууралуу маалыматтар иликтөө учурунда аныкталган. Акыйкатчы мына ушундай шектүү маалыматтарды билип туруп, чара көрбөгөн Убактылуу Өкмөт күнөөлүү деп эсептейт.




Аалам алкагында
Европарламент Лукашенкону
кысмакка алууда
Европарламенттин төрагасы Беларусь бийликтерин 19-декабрдагы Минскидеги нааразылык акциясы маалында кармалган бардык адамдарды бошотууга чакырды. Ежи Бузек ошондой эле "Евробиримдик Александр Лукашенконун мыйзамсыз режимине кысым жасаш керек" деди Европарламенттин шаршемби күнкү жыйынында. Шейшемби күнү Беларусь соту Лукашенконун кайра президенттикке шайлануусуна каршы өткөн демонстрациянын 31 катышуучусун, анын ичинде президенттик шайлоого катышкан төрт талапкерди башаламандык уюштурду деп айыптаган. Шайлоодо Лукашенко көпчүлүк добушту алган. Берлинде Германиянын канцлери Ангела Меркель Беларуска каршы санкция колдонуу мүмкүнчүлүгүн талкуулоону сунуш кылды.

Тунисте коменданттык саат киргизилди
Тунистин борборунда шаршемби күнкү кагылышуулардан кийин коменданттык саат киргизилди. Полиция өкмөт үйүнө чукулдап калган нааразы элди газ атып кууду. Тунистин түштүгүндөгү Дуз шаарында полиция демонстранттарга ок атып, төрт киши набыт болгону кабарланды. Тала шаарында полициянын огунан дагы бир демонстрант каза тапты. Расмий бийликтер бүгүнгө чейин толкундоолордо 23 киши набыт болгонун билдирди. Бирок кесиптик кошуундар менен күбөлөрдүн ырасташынча, 50 кишинин каны төгүлгөн. Жумушсуздукка, коррупцияга нааразы болгон элдин толкуусу президент Зин ал-Абидин бен Алинин 23 жылдык бийлигине чоң коркунуч жаратууда. 12-январда ал-Абидин тополоңдорго байланыштуу ички иштер министрин кызматтан кетирген.

Кытай "ВикиЛиикстин" технологиялык жоосу
Сайттын негиздөөчүсү "ВикиЛиикстин" технологиялык башкы жоосу АКШ эмес, Кытай деп санайт. Жулиан Ассанж Британиянын " New Statesman" журналына берген интервьюда, "Кытай өкмөтү тышкы маалыматты өтө катуу цензурадан өткөрүп, аны окурманга жеткирбөө үчүн алдыңкы технологияны колдонорун" белгилейт. Британ абагынан күрөө пулга бошотулган Ассанждын адвокаттары азыр аны Швецияга өткөрүп бердирбөөнүн айласын издешүүдө. Аны швед бийликтери аял зордуктаган деп, сот жообуна тартканга кызыкдар. Ассанжга каршы кылмыш иши "ВикиЛиикс" америкалык дипломаттардын он миңдеген жашыруун кат-кабарларын жарыялап жибергенден кийин козголгон.

Түрктөр АКШны коркунуч туудурган өлкө дейт
Социологиялык сурамжылоолорго ылайык, түрктөрдүн 67,8%ы АКШны өз өлкөсүнө карата тышкы коркунуч туудурган мамлекет катары эсептейт. Бул туурасында ВВС орус кызматы билдирди. Ал эми респонденттердин 51%ы экинчи орунга Израилди коюп, сурамжылоонун 9,6% катышуучусу Иранга ишеним көрсөтпөйт. Ошол эле учурда өлкөнүн ички саясий багыты тууралуу түрк жарандарынын пикири эки ача өңүттө экендиги белгилүү болду. Мисалга, суралгандардын 44,3%ы аны туңгуюктуу деп эсептесе, ал эми 32,1%ы туура жана ийгиликтүү багытта деп эсептейт. Жалпысынан сурамжылоого Түркиянын 26 провинциясынын миңдеген жашоочусу катышкан.

Маалымат булактары боюнча даярдаган
Дайырбек МЕЙМАНОВ, "Кыргыз Туусу"