"Кыргыз туусу", 14.01.11 "Кыргыз Туусу" мыкты райондорду АНЫКТАЙТ
"Кыргыз Туусу" гезити тарабынан уюштурулган "Мыкты район" кароо сынагын өткөрүүнүн тартиби, шарттары тууралуу

ЖОБО

I. Сынактын максаты
XXI кылымдын башталышы биздин өлкөнүн башкаруу тутумунда маанилүү, демократиянын, айкындуулуктун жана жарандык коомдун келечегине тикелей таасир этүүчү урунттуу өзгөрүүлөр менен белгиленүүдө. Анын жалпы коом колдоп кабыл алган белгилеринин бири - мамлекеттик бийлик борбордон четтетилип, саясий, экономикалык, социалдык бийликтер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилди. Азыр ар бир район, шаар, айыл өз аймактарында нукура, нагыз бийликти өз колдоруна алышып, жергиликтүү чарбалык, экономикалык, социалдык өнүгүү, коомдук иштерге байланышкан маселелерди чечүүнү аймактын жалпы калкынын катышуусу менен жүзөгө ашырып жатышат. Мында райондордун мамлекеттик администрацияларынын аймактык комплекстүү социалдык, экономикалык өнүгүшүнө тийгизген таасирлери зор экени талашсыз. Ошондуктан, "Кыргыз Туусу" гезити алардын ишмердүүлүгүн колдоо, мыкты тажрыйбаларын жайылтуу, экономикалык потенциалын аныктоо, райондор арасында атаандаштыкты күчөтүү максатында "Мыкты район" кароо сынагын өткөрүүнү чечти.
II. Жеңүүчүлөрдү аныктоодогу негизги критерийлер
Республикалык "Мыкты район" сынагынын жыйынтыктоо учурунда төмөндөгү критерийлер эске алынат:
1. "Кыргыз Туусу" гезитине "Мыкты район" сынагына" аттуу рубриканын алдында макала жарыяланышы зарыл. Ал макалада райондогу аткарылган иштер кыска, көтөрүлгөн маселелер аларды чечүүнүн жолдорун атоо менен, алдыдагы аткарылуучу иш-пландарды жүзөгө ашыруунун каражаттары чечмеленип берилиши кажет.
2. Социалдык-экономикалык өнүгүү багытында
Ё 2011-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы;
Ё Өнүктүрүлгөн өнөр жай, айыл чарба продукциялары болжолдонгондон арбын болушу;
Ё Райондун аймагындагы аз камсыз үй-бүлөлөрдү, эмгектин, согуштун ардагерлеринин, майыптарды даректүү колдоо көрсөтүүгө байланышкан массалык иш-чараларды, акцияларды уюштуруу;
Ё Аймактагы айылдарда кошумча жумушчу орундарды түзүү, жаңы ишканаларды ачуу;
Ё Райондун калкын медициналык жактан тейлөөнүн деңгээлин жогорулатуу, ооруларды алдын алуу багытындагы алдын алуу иш-чаралары, саламаттыкты сактоо мекемелеринин талаптагыдай иштешин камсыз кылуу;
Ё Аймакта кылмыштуулукка каршы күрөшүү, анын алдын
алууга карата көрүлгөн иш-чаралар, аймактык тескөөчүлөргө түзүлгөн шарттар;
Ё Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, алардын залалдарын жоюуга көрүлгөн иш-аракеттер;
Ё Жалпы тургундар пайдалануучу жайларды ыңгайлаштыруу, аларды көрктөндүрүү, жашылдандыруу;
Ё Айыл тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу багытындагы иштер;
Ё Билим, мектепке чейин тарбия берүүчү мекемелердин талаптагыдай иштерине шарт түзүү, жаңыларын ачуу;
Ё Айылдарды бириктирген жолдорду оңдоого маани берүү.
3. Айыл чарба, өнөр жай тармактарын өнүктүрүү
Ё Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин сарамжалдуу пайдалануу, пайдаланылбай калган аянттардын көлөмүн азайтуу, жайыттарга баруучу жолдорду оңдоо;
Ё Калкты сапаттуу үрөн менен камсыз кылууну уюштуруу, үрөн чарбаларды, айыл чарба кооперативдерин, асыл-тукум заводдорду уюштуруу;
Ё Малдардын арасында ар кандай ылаңдардын алдын алуу боюнча ветеринардык тейлөө кызматын жакшыртуу;
Ё Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканаларды ачуу, калктан өндүрүлгөн продукцияларды сатып өткөрүүнү уюштуруу;
Ё Токтоп турган өнөр жай ишканаларын ишке киргизүү боюнча көрүлгөн иш-аракеттер.
4. Инвестицияларды тартуу
Райондо тартылган инвестициялардын көлөмү, анын ичинде:
Ё Социалдык инфратүзүмдөрдүн талаптагыдай иштешине шарт түзүү үчүн тартылган инвестициялардын көлөмү;
Ё Аз камсыз болгон, жакыр үй-бүлөлөрдүн турмуш-шартын жакшыртууга багытталган инвестициялардын көлөмү;
Ё Калктын маалымат алууга болгон мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган инвести-циялардын көлөмү;
Ё Кайра иштетүүчү, продукция, товар чыгаруучу ишканаларды ачууга тартылган инвестициялардын көлөмү;
Ё Башка максаттарга тартылган инвестициялардын көлөмү.
5. Туризм, спорт, маданият жана жаштар саясаты багытында
Ё Туризм тармагын өнүктүрүү багытында жүргүзүлгөн иш-аракеттер:
- туризмди өздөштүрүү жана жайылтуу ушул тармак менен алектенген уюмдардын саны, алардын жергиликтүү бюджетке кошкон салымдарынын көлөмү;
Ё Спортту өнүктүрүүгө көрүлгөн иш-аракеттер:
- райондун аймагында спорттук аянтчалардын, спорттук залдардын абалы, жалпы саны, эмеректер менен камсыз болушу;
- райондук деңгээлде спорттун түрлөрү боюнча атайын мелдештердин өткөрүлүшү, акимчиликтин бул мелдештерди өткөрүүдө салымы. Райондун спорт ышкыбоздорунун облустук, республикалык, эл аралык маанидеги мелдештерге катышуусу;
- спорт мектептерине көрүлгөн камкордуктар, колдоолор;
Ё Маданиятты жайылтууга багытталган иш-чаралар:
- айылдар, ишкана-уюмдар арасында өткөрүлгөн "Ыр кесе" өңдүү таланттарды тандоого багытталган кароо-сынактардын уюштурулушу;
- маданият үйлөрүнүн, клубдардын, китепканалардын талаптагыдай иштешин камсыз кылуу;
- элдик каада-салттарды
жайылтууга багытталган иш-чаралардын өткөрүлүшү.
Жаштар саясаты багытында
- кызыкчылыктары бир жаштар уюмдарынын иш-аракеттерин жандандырууга багытталган акимчиликтин иш-аракеттери;
- жаштар уюмдарынын коомчулукта ролун, беделин көтөрүүгө карата көрүлгөн иш-чаралар.
III. Жеңүүчүлөрдү аныктоо
Республикалык "Мыкты район" сынагынын жеңүүчүлөрү облустук деңгээлде түзүлгөн аныктоо комиссиясы (облустук коллегиянын мүчөлөрү) тарабынан жогорудагы белгиленген критерийлер боюнча сыноодон өткөрүлүп, жеңүүчү деп тандалган райондун көрсөткүчтөрү менен коллегиянын чечими "Кыргыз Туусу" гезитине жиберилет.
"Кыргыз Туусу" гезитинин редакциялык коллегиясы тандалган районду жеңүүчү деп аныктоонун алдында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бөлүмдөрү менен макулдашып, анан чечимин чыгарат.
IV. Белгиленген сыйлыктар, аларды тапшыруунун тартиби
Республикалык "Мыкты район" сынагынын жеңүүчүлөрүнө төмөндөгүдөй байгелүү орундар ыйгарылат:
1-орунга "Кыргыз Туусунун" Өтмө Кызыл Туусу, I даражадагы диплом, 15 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык,
2-орунга "Кыргыз Туусунун" Эстелик вымпели, II даражадагы диплом, 10 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык.
3-орунга Эстелик вымпели, III даражадагы диплом, 5 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык.
Кызыктыруучу төрт орунга Ардак дипломдор, акчалай сыйлыктар каралган.
Эскертүү: жеңүүчүлөргө сыйлыктар аталган райондун наамына берилет.
Жеңүүчүлөрдү аныктоо жана аларга сыйлыктарды тапшыруу аземи 2011-жылдын 20-30-декабрь аралыгында Бишкек шаарында өтөт.




Ё "Кыргыз Туусу" жазды эле...
Тергөө амалдары мыйзам чегинде өткөрүлдү

"Кыргыз Туусу" гезитинин 2010-жылдын 17-августундагы санына М.Тыналиевдин "Тергөөнүн теңирден тескери кетип жатышынын сыры эмнеде?" деген материалы жарык көргөн эле. Мына ошол факт боюнча ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын кызматтык иликтөө жүргүзүүсүнүн жыйынтыгы тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы төмөндөгүлөрдү билдирет.
Чүй районунун жайлоолору-
нун биринде Н.Байтемировдун сөөгүнүн табылышы боюн-
ча 2010-жылдын 15-майында Чүй
райондук прокуратурасы тарабынан адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон жана аталган кылмыш иш Чүй облустук ИИБнын тергөөчүсү Акунбек уулу Таалайдын өндүрүшүнө бекитилип берилген. Аталган ишти кайрадан изилдеп карап чыгууда мына булар аныкталган. Тергөөнүн жүрүшү кылмыш-процессуалдык кодексинин беренелерине ар тараптуу, бардык деталдарды камтуу менен ылайык эч мыйзам бузууларсыз жүргүзүлгөн.
2010-жылдын 10-июнунда Т.Мамбетказиев жана Н.Молдо-
шев кылмышка шектүү катары кармалган. Ал эми 2010-жылдын 12-июнунда Т.Мамбетказиевге Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси боюнча айыбы угузулуп, камактан бошотулган да анын эч жакка чыгып кетпөөсү эскертилген. Ал эми Н.Молдошевдин кылмыш иш боюнча тиешелүү далилдердин жоктугуна байланыштуу ага карата кылмыштык изилдөө токтотулган. 2010-жылдын 22-июнунда тергелип бүткөн кылмыш иши бекитилип жана сотко жиберүү үчүн Чүй облустук прокуратурасына жөнөтүлгөн. 2010-жылдын 25-июлунда кылмыш иши бекитилбестен тергөөнүн толук эмес жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу кайра артка жөнөтүлгөн. Күнөөлөнүп жаткан адамдын ооруп жаткандыгына байланыштуу кылмыш иши убактылуу токтотулган. Бирок 2010-жылдын 5-августунда Бишкек шаардык сотунун чечими менен Т.Мамбетказиев Бишкек
шаарындагы СИЗО-1ге кайрадан камакка алынган. Ошондон кийин убактылуу токтотулган кылмыш иши Чүй облустук ИИБнын тергөө бөлүмү тарабынан өндүрүшкө алынган. Тергөө аяктаган соң анын маани-мазмуну менен аталган кылмыш иши боюнча айыпталып жаткан Т.Мамбетказиевге тааныштырылган. Бирок ошол убакта жабырлануучу тараптан Ж.Байтемиров кылмыш иши менен таанышуудан баш тарткан. Себеби бул иш боюнча башта күнөөлөнүп жаткан Н.Молдошевди камакка алуу талабын койгон. Бирок анын коргоочусу Ж.Абдрахманов Талас облусунда иш сапарда жүргөндүгүнө байланыштуу 2010-жылдын 10-сентябрында иш менен толук таанышып, анан ишти сотко жиберүүгө макулдугун билдирген.
Ал эми тергөөгө тиешелүү бардык амалдар толугу менен мыйзам чегинде өткөрүлүп, сотко жөнөтүүгө даяр, калган акыркы чечим сот органдарынын акыйкаттыгында деп эсептейбиз.
ИИМдин Басма сөз кызматы