Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0111_2.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0111_2.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/11/0111_2.htm on line 2

КИТЕПКАНА



п»ї

КИТЕПТЕР

Арыба, АРИС! Алдыда аткаруучу иштериң арбын
Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин аткаруучу директору Элмира Ибраимовага жана АРИСтин эмгек жамаатына Исхак Раззаковдун кичи мекени Лейлек районунун тургундарынын атынан ыраазычылык билдиребиз.

Урматтуу Элмира Султановна, сизди жана сиздин кол алдыңызда иштеген кызматкерлериңизди Жаңы жылыңыздар менен куттуктайбыз! Ылайым эл деп соккон жүрөгүңүздөр чарчабай, арышыңыздар алгалай берсин! Жакында Исхак Раззаковдун паркын ачууга ат көтөргүс эмгек жасап берген жардамыңыздарга Лейлек эли өмүр бою ыраазы.
Жалпы суммасы дээрлик 2 миллион 200 жүз миң сом болгон "Исхак Раззаковдун 100 жылдыгы атындагы маданий борборун реконструкциялоо" кичи долбоору боюнча сиз жетектеген АРИС 1 мил-лион 742 миң сом салым кошту.
Лейлектиктер да бул демилгеден четте калышпастан, 70 миң сом акчалай жана 387 миң сом акысыз иштеп берүү менен өз салымдарын кошушту. Лейлектик жеке ишкер Тилек Исаев маданий борборго
коюлган Исхак Раззаковдун эстелигин жасатууга 1 миллион 200 миң сом берген. Эстеликти белгилүү скульптор Тургунбай Садыков жасаган. Бул иштерди уюштурууда АРИСтин райондогу эксперти Жаныбек Жороевдин салымы чоң.
Арыбагыла, АРИСчилер! Алдыңарда эл үчүн силердин жардамыңар өтө керек күндөр күтүп турат. Эл силер менен!
Лейлектик тургундар

Ошол аземде кыргызстандык жоокерлердин атынан мен сөз сүйлөдүм. Салтанатта ала-тоолук панфиловчу баатырлардын Москваны коргоп жандуу сепил болгондугу, фашисттердин брондолгон танкаларына каршы туруп талкалагандыктары жөнүндө айтылды. 28 жоокерлердин массалык түрдө баатырлыктарды көрсөткөндүгү жөнүндө өзгөчө токтолду.
Андан башка дагы майдан менен ооруктун биримдиги жөнүндө мисал келтирилди: 1943-жылдын январында Ленинград блокадасын бошоткондо, кыргыз делегациясы алгачкылардан болуп жардам бергендиги, эшелондогон тамак-аш, жылуу кийим алып келгендиги жөнүндө сөз болду...
Ошол "Жеңиш балынан" алган жагымдуу таасирди ыр сабына салууга аракеттендим.
"Жеңиш балы"
Учуп барам 10 миң метр бийиктикте,
Бара жаткан максатым да бийиктикте:
Жеңиш балдын чакырыгы жаңырып,
Көңүлүмдү эргитет бийиктикке.
Москвада ардактап тосуп алды,
Кол кармашып, кучакташтык биримдикте.

Улуу Жеңиш куралдын борборунда,
Жаркыраган Жеңиш балдын ордосунда.
Жеңишти даңазалап ырдап жаттык,
Дүңгүрөгөн музыканын коштоосунда.
Айланамда тынчтык доордун жарлыгы,
Келечекке биримдиктин жарыгы.

Эске салдым улуу согуш күндөрдү,
Жан кейиткен бомба, снаряд үндөрдү.
Полктун туусун желбиретип асманда,
Чабуулдардын арасында жүргөндү.
Маңдай жазат Жеңиш балдын үндөрү,
Баатырлардын тост көтөрүп күлгөнү.
Алатоолук панфиловчу баатырлар,
Москвада жандуу сепил болушкан.
Брондолгон танкаларын талкалап,
Фашисттерге сабак берген согуштан.
Баатыр жоокер Жеңиш балда
баса айтты
Баатырлар бир мүнөткө ийди башты.

Улуу Жеңиш балга кирип келгендей,
Жаңыланган эл достугун бергендей.
Жеңиш балы океандай толкунданып,
"Ураалаган" үндөн достук келгендей.
"Урааладым" мен да кошо
толкунданып,
Биримдиктин ордосуна келгендей.

Бакир ЧОДОБАЕВ,
Улуу Ата Мекендик согуштун
катышуучусу


Жогорку сыйлыкка татыктуу
Казакстандыктардын Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаеваны эл аралык Нобель сыйлыгына көрсөтүү демилгесин көтөрүп чыкканын угуп, жагымдуу кабарды кубануу менен кабыл алдым.
Чындыгында эле өткөөл тогуз айдын ичиндеги эле эл үчүн жасаган эмгеги атан төө көтөрө алгыс экендиги чындык. Ал Курманжан датка энебизче акылмандык, мээримдүүлүк,сабырдуулук касиеттери менен эл алдында берген убадаларын иш жүзүнө ашырды. Баарынан да өлкөбүздө туруктуулук менен бейпилдиктин орношуна зор салым кошту. Анын бул ыймандык улуу сапаттарын мен жомокчу Умай эненин символу катары эсептедим. Ошондуктан жалпы журтчулугубузду казак туугандардын демилгесин колдоого чакырып кетким келет.
Канболот БЕРДИКЕЕВ, жазуучу, Жумгал району, Чаек айылы

Жеңиштин келишине салым кошконбуз
Мен 1929-жылдын 1-мартында туулгам. Согуш учурунда эл менен бирге оорчулукту тартып, "Чаек" колхозунун эгин талаасында эгин оруп, эки ат кошкон соко менен Жаман-Талаа деген жерде кош айдагам.
Ошондо Самсаке деген аялга жардамчы болуп, күн-түн дебей тыным албай эмгектенгенбиз. Күзүндө күздүк айдап, мала тартып, жайында чөп чабыштым. Айтор, уруш учурунда чарбабыздын талаасында кылбаган жумушум калган жок.
Согуш басылган жылы мен 16 жашта элем. Ошондо мен курактуулар "Улуу Ата Мекендик согуш" медалы менен сыйланышыптыр. Мага бул медалдын эмне себептен берилбей калганын билбейм.
Ошондо медаль менен сыйлангандарга жылына миң сомдон сыйлык берет экен. Мен сыяктууларга деле эми мындан ары ошол сыйлыкты берсе деген оюм. Эчкиникиндей жашыбыз калды, ошондуктан жаңы шайланган депутаттар бизге да көңүл бурушат го деп ойлоймун.
Бексултан АРЫКОВ, Жумгал району, Чаек айылы

"Чий Боорсоктон" уткула
Кыргыз эли байыркы доордон бери өз эгемендүүлүгүн эңсеп келсе, ал асмандан түшпөй эле, жерден табылып, ок атылбай, кан төгүлбөй алаканына түшүп берген. Бирок ал эгемендүүлүктү көп улуттуу кыргыз элибиз кандай ардактап, аздектеп жатабыз, бул башка кеп.

Бүгүнкү мезгилде мамлекетибиз сая-
сий социалдык жана экономикалык туңгуюктан чыгалбай турган кезде мамлекетибиздин оорун колдон алып, жеңилин жерден алып, өз салымдарын кошуп келе жаткан жаш ишкер азаматтарыбыздын чыга келишине кантип ыраазы болбойбуз. Сөзүм кургак болбос үчүн Бишкек шаарындагы уюшулган "Чий Боорсок" уюмунун жамаатын жана ал уюмдун башында башкарып турган жаш ишкер азаматыбыз Рустамов Алмазбек Камалович мырзаны айта кетсек ашыктык болбос. Себеби, бул "Чий Боорсок" уюмунун жамааттык кызматчылары өзүлөрү чыгарган продукцияларын жогорку технологияда жасап чыгып, экологиялык жактан сапаты таза тамак-ашты Кыргызстандын булуң-бурчтарына тартуулап келишет.
Биз, уулум экөөбүз "Чий Боорсок" уюмунун байге акциясына катышып, беш ай ойноп, акция байгесин утуп алдык. Акция байгебизди "Чий Боорсок" жамаатынын атынан кызматкерлери келип өз колубузга тапшырып турат экен. "Чий Боорсок" акциясынын байгеси он карточкадан турат экен. Жалпы кыргыз элин "Чий Боорсок" акция байгесине катышкыла жана чыдамдуулук менен сиздер да он карточканы таап, байгенин ээси болгула демекчибиз.
Качкын УСУПОВ,
Ысык-Ата району


Менин аппаратым жашоону жеңилдетет
Мындан жарым кылым мурун МЭГГД маркасындагы аппаратты жасап, аны өмүр кенчи деп атап койгонмун. Ал элдин ден соолугуна көмөк болуп, кан айланууну туруктуу абалда кармап, иммунитетти көтөргөнгө ыңгайлуу эле. 90-жылдары пайдалуу модель катары эсептелип, номур 28-күбөлүккө ээ болгом.
Ошол эле жылы жер титирөөнү алдын ала айтуучу аппарат да жасагам. Мени ал тууралуу эч кимге айтпагын деп тилкат алышып, коркутуп коюшкан. Ал аз келгенсип 1985-жылы мени жумуштан эч себепсиз эле бошотуп коюшкан. Ошол жылдары капыстан инсульт болуп, догдурга кайрылбай эле өзүмдүн аппаратымдын жардамы менен айыгып алдым. Ал түгүл жүздөгөн адамдарды сакайттым.
Таласта мал шарп оорусу менен ооруганда өмүр кенчи аппаратым чоң сыноодон өттү. Катуу ооруп турган уйлар эки күндөн кийин эле сакайышты, котурлары жоголду. Базардан абдан арык жана котур болгон төрт айлык торпокту сатып алып, төрт айда семиртип, 9000 сомго сатып жибердим. Бардыгын тизмелеп отурбайын, башка да бир топ пайдалуу иштер жасалды.
Мына жогорку мисалдардан эле адамды дары-дармексиз эле сакайтууга боло тургандыгы байкалып турат.
Азыркы кезде МЭГГД аппаратын жасоо жолун жеңилдетип, аны чыгарууну ыңгайлуу абалга жеткирип койдум. Эми аны чыгарууга мамлекет жагынан жардам көрсөтүлсө максатка ылайык болмок. Аны кыргыз эли үчүн эң керектүү аппарат деп эсептейм.
Өмүркан БОРОМБАЕВ,
81 жаштагы ардагер, Талас району, Көк-Ой айылы





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
11-январь, 2011-ж.:
1-бет
Бишкек эмне үчүн жарыксыз калды?
2-бет
Арыба, АРИС! Алдыда аткаруучу иштериң арбын
3-бет
Кеменгерлердин өрнөгү эсте болсо экен
4-бет
Келечек кеби
5-бет
Эсен болуп, эстей жүр
6-бет
Сурагыла,
жооп беребиз...

7-бет
Ак халатчандар да маяна маселесин көтөрүшүүдө
8-бет
"Кыргыз Туусу" шаарларга сынак жарыялайт
9-бет
Мен айтпасам...
10-бет
АКШнын "аймагындагы"
кыргыз жарандарынын
укуктары кандай болууда?

11-бет
Сиз кайсы типке киресиз?
12-бет
Балтагулов баяны
13-бет
"Алыкулдун досу Ысык-Көл болсо,
меники аккордеонум!"

14-бет
"Кудайым сабырсыздын басып демин, Кырсыктан сактап турса кыргыз жерин"
16-бет
"Атам чыбыкты
ат кылып минип алчу"






а ­е¦Є.НҐй«