"Кыргыз туусу", 11.01.11 Сиз кайсы типке киресиз?

Күнүмдүк турмушта адамдар ар кандай абалда өздөрүн ар түрдүү алып жүрүшөт. Ушул көрүнүштүн аркасынан кандайдыр бир жалпы схеманы, жүрүм-турумдун типтерин көрө алса болот.

Гиппократтын классификациясы боюнча эгерде адамда:
1. Ысык кан үстөмдүк кылса (санквиз), анда адам чечкиндүү, активдүү, ысык жандуу болот. Бул сангвиник. Сангвиник - нерв системасы күчтүү адам, ал жандуу, ачык активдүү, оптимист, жагымсыз жаман кырдаалдарды, натыйжасыз шарттарды жеңил көтөрөт, өзүнүн кетирген каталарына, кемчиликтерине көп көңүл буруп, ага керели-кечке кайгырып-өкүнүп отурбайт. Жаман маанайы тез өтүп кетет. Жамаатта өзүн ишенимдүү алып жүрөт. Тобокелге салып жоопкерчиликтен корпойт. Милдеттерди тез аткарат.
2. Муздак илешме былжыр (лимфа, флегма), көбүрөк болсо, анда адам жай, камырабаган, оор басырыктуу болот. Флегматикалык негизги мүнөздөрүндө мүнөзүнө шашпагандык, оор басырыктуулук, камырабагандык, туруктуулук кирет. Анын маанайы ар дайым бир калыпта, жай, ток пейилдүү, жаңсоолору жана кыймылдары бир өңчөйлүү, үнү анча даана, ачык эмес, күңүрт чыгат. Сүйлөшүү жана кыймыл-аракеттери жай. Флегматик өзүнүн иштерин, аракеттерин мурунтан ойлонуп, пландаштырып алып, анан ишке киришет жана ал ишти аягына чыгат. Башка адамдар менен ченемдүү мамиле түзөт, бекер сүйлөшүүлөрдү жек көрөт. Флегматик ыңгайсыз шарттарга чыдамкай келет, айтканынан кайтпаган ойдо, бирок ичине кек сактаган, таарынычтарын унутпаган адам.
3. Сары өт зили (холес) басымдуу болсо, анда адам ачуулуу, күйкөлөктөнмө, кыжырлуу болот. Бул холерик. Бул типтин да нерв системасы күчтүү болот. Холериктердин нерв козгогучтугу жогору болот. Ал шашма, ачуусу чукул келген адам. Эмоцияларын баштап, катуу, терең жана ачык көрсөтүп, өткөрөт. Холерик коркунучтар жөнүндө аз ойлонот. Ал жүрөктүү, тайманбаган, чечкиндүү, ойлогон оюн түз айтып салат. Ишке берилип кирет. Бирок, тез эле андан жадап, көңүлү башка ишке бурулуп кетиши мүмкүн. Холериктин тең салмаксыздыгы, анын ачуулуулугу, тегректеги кишилерге көп ыңгайсыздык алып келет. Холерик ар дайым тарбиялоого муктаж, өзүнүн аракети менен ал жамаатка да жугумдуу боло албайт.
4. Кара өт зи-ли (мелан холес) ашып кетсе, анда адам алы жок, начар, ындыны өчкөн, маанайы пас, көңүлү чөккөн, муңайым, кайгылуу болот. Бул меланхолик. Меланхолик - начар, жогорку мээ аракети тез жабырлануучу, сезгич адам. Окумуштуу И.П.Павлов бул тип жөнүндө "Бардык типтердин арасынан меланхолик эң бактысыз адам", - деп кейип айткан. Меланхоликтин психикалык активдүүлүгү жогору. Ушул себептүү анын ишке жөндөмдүүлүгү начар, бат чарчайт, чечкиндүү эмес, коркок, турмуштагы оорчулукту жеңе албайт, ылдам сынат, максаттары ишке ашпай калып турат. Меланхолик көп учурларда унчукпаган түнт, себепсиз эле ички кайгы-капалыктарды баштан өткөрүп турган адам. Мындай адамдарда талант болушу мүмкүн. Чарльз Дарвин, Гоголь, Шопен меланхолик болушкан.
Артык БАЗАРБАЕВ,
врач,
Бишкек шаары