"Кыргыз туусу", 07.01.11
  Чыныгы эмгек унутулбайт

"Сизге тирүүңүздө эстелик тургузуш керек", - дешчү
Көрүнүктүү коомдук ишмер
Баки Ешмамбетов тирүү болгондо
быйыл токсонго чыкмак. Окурмандарга жубайы Р.Мырзакматованын эскерүүсүн сунуштайбыз.

Мезгил тараза
Баки Ешмамбетов даңкка, кызматка көппөгөн, дили таза, ичинде кири жок, ыйманы ысык, булак суусундай таптаза адам эле. Адамдын кадыр-баркын, акыл-эсин, талант, жөндөмүн ченей турган тараза жок.
Бир гана эл, мезгил ченей алат эмеспи. Менимче ошол сындан, эл таразасынан өткөн, өмүрү таза адамдардын бири Баки Ешмамбетович деп ойлойм. Себеби, мен бул киши менен 63 жыл бирге өмүр сүрүп, ачуу-таттуусун бирге тартып, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп жүрүп, бир да жолу бирөөнү жамандаганын же болбосо катуу айтышып сүйлөшкөнүн укпадым. Бирөөлөргө жаман сөз ташып, жакшы көрүнчү эмес, кошоматчы да эмес эле. Ушундай сейрек кездешкен асыл адамдар өз баасын да, жакшы сөздү да тирүүсүндө, көзү барда алып калса жакшы болмок.
Баки Ешмамбетович Улуу Ата Мекендик согушка катышып, кан майданда оор жарадар болуп, эки балдак менен кайтыптыр. Айылга келгенде келте оорусу күч алып жаткан кез болот, бул киши да катуу ооруп, дагы бир ажалдан калат. 1990-жылы Ош окуясында да элди тынчытам деп жүрүп, оор жарадар болуп, аз жерден өмүр менен кош айтыша жаздаган.
Баки Ешмамбетович 89 жашка кадам койгондо бул дүйнө менен коштошту. Бул киши кылымга татыгандай жашады деп ойлойм. Ош облустук партиялык комитеттин идеология боюнча секретары ж.б. партиялык кызматтарда, жогорку окуу жайында жана ардагерлер кеңешинин төрагасы болуп иштеди. Иштеген кызматтарында жан дилин аябай кызыгуу менен иштеп, күч-кубат алгандай жумуштан көңүлү көтөрүңкү болуп келчү. Анткени, аны бирге иштегендери урматташып, сыйлашкандыктан, үйгө майрамдап келгендей жаркырап-жайнап кайтчу. Ал эми институтта ректор болуп иштеп турганда эбегейсиз зор иштерди жасады. Институтта көпчүлүгү европа улутундагылар иштегендиктен, алар "Баки Ешмамбетович! Вам при жизни памятник надо поставить!" дегендерин көп уккамын. Айтканым куру сөз болбос үчүн өзү менен бирге иштегендердин 75 жылдык мааракесинде айткан, жазган каалоолорунан мисал тартканым туура болор:
"Мен бул адамды принципиалдуу, өзүнчө бекем пикири бар, эң негизгиси ар кандай маселени коюу жана чечүүдө өзүнчөлүккө ээ адам катары, дагы бир баса белгилөөчү сапаты - акылман, моралдык жагынан өзүн таза тутушу боюнча чоң урмат-сыйга татыктуу жетекчи да, инсан да экендигин жогору баалаймын. Баки аке менен көп жыл бирге иштедик. Ал жылдары жергиликтүү адис кадрлар аз эле. Ошол себептен көпчүлүк жетекчи кызматтарды квалификациясы жогору европалык адистер ээлеп турду. Ага карабастан Баки аке Ош пединституту кыргыздын жогорку окуу жайы экендигин эске алып, өз деңгээлинен түшүргөн жок. Ошол мен билген мезгилден тарта кырк жылдай эмгегин, күч-кубаты менен билимин квалификациялуу адистерди даярдоого жумшап, ат көтөргүс иш аткарды. Тарых илимдеринин кандидаты, доцент Баки Ешмамбетов бир адамдын өмүрүнөн аша турган кызмат өтөп, Кыргызстандын ардактуу ардагерлеринин биринчи катарында турган атактуу адамдардын бири болуп эсептелет", - деген Кыргыз Республикасынын элге билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, профессор Жээналы Ше-риев.
Облустагы эң ири билим очогун түптөгөн
ОшМУнун доценти Дүйшөнбай Туратов: "Баки Ешмамбетович келери менен бардык тармактарда базанын начар экендигин көрүп, тиешелүү жогорку жетекчилерге кайрыла баштады.
Натыйжада институтка кошумча корпустар ачылып, каражаттын жетишпестигине карабастан, аны жабдууга жетишти. Ал тургай үч жатаканасын курууга кайра-кайра кабылдамаларына кирип жатып, Өкмөт жетекчилерин макулдатып, каражат бөлдүрүүгө жетише алды. Ошол мезгилде илимий-педагогикалык кадрлардын аздыгын эске алып, үй шарттарын чечип берүү менен бирге борбордук көрүнүктүү окумуштуу педагогдор: Л.Д.Кац, Н.Г.Гришков, В.Ф.Шелеке, Ю.Лукансевер, В.И.Овчинников, Н.А.Тимохин, Е.П.Крапивина, Шапиро ж.б. институтка алып келген.
Ал 1961-жылдан баштап эле кадрларды институттун өзүнөн
даярдоо максатында жигердүү жаштарды аспирантурага жөнөтө баштады. Москва, Ленин-град, Киев, Минск, Таллин, Тарту, Ташкент, Ашхабад, Дүйшөнбү, ж.б. шаарлардагы жогорку окуу жайлары
менен кадр даярдоо
боюнча келишимдер түзүлдү. Ошол алгачкы аспиранттардын кээлери азыр илимдин докторлору, профессор, доцент болуп иштеп жатышат. Алардын арасында академик Б. Мурзубраимов, С. Каримов, профессор С. Абдыкалыков, Т.Аттокуров, М.Жураев, Б.Каримов, Т.Абдыкеримов, Д. Егемназаров, Б.Султанова, Б.Каримова (алардын катарында мен да) ж.б. бар элем".
"1973-жылы сентябрь айында факультетке коомдук илимдер кафе-драсынын башчысы болуп Баки Ешмамбетович келди. Анын турмуштук зор тажрыйбасы бар экенин мурдатан билчүмүн, андыктан факультеттин иши оңолуп кетерине терең ишенип калдым. Ошол эле жылы ал кишини факультеттин партуюмуна катчы кылып шайладык. Баки Ешмамбетов менен биргеликте факультеттин ишин өнүктүрүү планын түздүк. Кийинчерээк бул маселени обкомдун бюросуна койдук. Максат - жалпы техникалык факультетти жогорку окуу жайына айлантуу эле. Ушул элге, журтка керектүү болгон орчундуу маселени ишке ашырууда Б. Ешмамбетовдун ишмердүүлүгү, тажрыйбасы, ишке өтө берилгендиги абдан чоң роль ойноду. Азыр окуу жайы облустагы эң ири илим-билим очогу болуп калды. Анын эл-журтуна кылган кызматы, кошкон салымы өтө зор", - дейт профессор Ж.Текенов.
Ал эми доцент Василий Гудковдун айтымында Баки Ешмамбетов институтка келген күндөн баштап эле жамаатты өзүнө тартып алган. "Анын ашкере билимдүүлүгү, теңчилдиги, жөнөкөйлүгү, принципиалдуулугу, чынчылдыгы, чечкиндүүлүгү бизге үлгү эле. Башкалардан да ошону талап кылчу. Институттун биринчи жетекчиси болуп туруп, эң кенже кызматкерлердин да пикирин укчу, эгер өзү билбей турса, уялбастан кеңеш сурачу. Ал келер менен жамаатта ынтымак-ырашкердик, билимдүүлүк ого бетер артты. Баки Ешмамбетовдун келиши менен институттун материалдык-техникалык базасы чыңдалганын, жогорку интеллектуалдуу кадрлардын институтка келе баштаганын да баса белгилешим керек. Кайсыл тармакта иш аксап жатса, аны оңдомоюн жаны тынбайт эле. Дайыма иш көзөмөлгө алынып, өзү да жардамын аячу эмес." Доцент В.Гудков ага ушундай чоң баа берген.
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген кызматкер, акын М.Ааматов "Сыймыктанам" деген ырында минтип жазган:
Эл, жер үчүн жарап дайым
намыска,
Мээнет кылдың күрөштө да,
жарышта.
Мен айтамын Ешмамбетов
Баки деп,
Өчпөй ысмы кала турган
тарыхта.
Тоодой бийик, талаадай
кең көңүлү,
Түзөгүм бар кадамына өзүмү.
Кылымына татыгандай
жашады,
Кыргызына үлгү боло өмүрү.

"Агайым актыгынан, тактыгынан жазбаптыр"
Жазуучу Токтобай Сулаймановдун белгилөөсүндө Баки Ешмамбетов республикадагы белгилүү инсандар И.Раззаков, А.Сүөркулов, Т.Кулатов ж.б. менен тизгиндеш иштеди, замандаш болду.
"Алардагы бийик сапаттар анда да болгондуктан, дайым калк арасында кадыр-баркы артык болду. Облустук ири кызматка келип кеткендердин да далайын көрдүк. Көбү жеп-ичкенге, паракорлукка маш болду. А бирок, менин устатым, агайым актыгынан, тактыгынан такыр жазбаптыр, эл алдында дайым жүзү жарык болуптур", - дейт шакирти.
Советтер Союзунун Баатыры, Республиканын согуш жана ардагерлер кеңешинин төрагасы Калыйнур Үсөнбеков учурунда Баки Ешмамбетовичке минтип баа берген: "Ош облусундагы ардагерлер кеңешинин аткарып жаткан иштери үлгү болорлук эле. Анын жетекчилиги менен бир эле жылдын ичинде 30дан ашык ашар ыкмасы менен үгүт-насаат үйлөрү, чайканалар курулуп, пайдаланууга берилген. Курулуп бүткөн үгүт-насаат үйлөрүндө иш кызуу жүрүп жатты. Ардагерлер кеңештери, аялдар кеңештери жаштар менен бирдикте иш алып барышты. Эл арасында, муундар ортосунда биримдик чыңдалып, жалпы эле республикабызда ынтымак, ырашкерлик өкүм сүрө баштады. Мына ушул асыл эмгекте Баки Ешмамбетовдун кошкон салымы, чоң үлүшү бар экендигин унутпастан ар дайым айта жүрүүбүз абзел. Баки Ешмамбетовдун жигердүү иштерине биз убагында жогору баа берип, Республикабыздын ардагерлеринин атынан ага ыраазычылык билдиребиз".
Эскерүүнү жазган жубайы
Разия МЫРЗАКМАТОВА