24.12.10
 ?Милициядан - полицияга

Кварталдык полиция аймакты коргойт
Милиция менен элдин социалдык өнөктөштүгү - бул кварталдык полиция тармагынын дээрлик өзөктүк идеясы. Кыргызстанда ал мындан жети жыл илгери өздөштүрүлө баштаган. Ал эми бүгүн болсо, жетишилген натыйжалар тууралуу ишенимдүү кеп кылса болот: кварталдык полициянын иштөө принциптери калктын укук коргоо органдарына карата кетирген ишенимин кайтарып алууга чындыгында эле жардам берүүдө. Эң башкысы, өлкөнүн кайсы району болбосун коопсуздугун негиздүү жогорулатары бышык.


Бул системанын абдан натыйжалуу экендигин ИИМдин жетекчилери алгачкы жолу 2003-жылы угушкан. Качан гана Ички иштер министрлиги тармагын реформалоонун зарылдыгы тууралуу маселе коюлганда аталган күч органынын жетекчилиги консультациялык жардам алуу үчүн ЕККУнун (Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму) эксперттерине кайрылган. Керектөөлөрдү баалоодон өткөргөндөн кийин чет элдик консультанттар бир топ көңүл бурууну талап кылган жерлерди табышты жана мындай маселелерди чечүүдөгү өздөрүнүн тажрыйбаларын сунушташты.
Атап айтканда, ЕККУнун өкүлдөрү биздин атка минерлерге бул Батышта колдонулуп жаткан полиция ишмердигиндеги жаңы ыкма жана калк арасындагы кеңири тараган маселелерди чечүү үчүн бир топ натыйжалуу экендигин айтып беришти. Мындай учурда полиция кызматкерлери адамдарга коопсуздук маселесине гана тиешелүү эмес, башка тармактык кызматтар менен биргеликте социалдык, коммуналдык жана башка маселелерди да чечүүгө жардамдашат.
Ошол эле мезгилде калайык калк да кызмат көрсөтүүдөн жөнөкөй пайдалануучу катары карап турбайт: адамдар полиция менен активдүү кызматташат, өздөрүнүн пикири боюнча коопсуздук коркунучун жаратышы мүмкүн болгон ар кандай жагдайлар тууралуу айтып турушат. Ушундай биргелешкен аракеттер гана укуктук тартип бузуулардын алдын алуу иштерин натыйжалуу жүргүзүүгө шарт түзөт.
Иштөөнүн ушундай моделин Кыргызстанда да өздөштүрүүгө чечим кабыл алынды, анткени 2003-жылы милиция менен калктын ортосундагы "ажырым" өтө эле чоң болчу. Ал эми бул система бизде кандай иштеп баштаганы тууралуу ЕККУнун КРнын ички иштер органдарын реформалоо Программасынын кварталдык полиция боюнча кеңешчиси Тармо Вийкмаа айтып берди:
- Адегенде биз бул программаны сынактык райондо - Биринчи май районунда иштетип көрөлү дедик. Бирок 2008-жылдан тартып кварталдык милициянын принциптери өлкөнүн бардык облустарында киргизилип жатат. Жумуш болсо, жалпы милиция кызматкерлерин окутуудан башталды. Биз көптөгөн тренингдерди, семинарларды өткөрдүк, ошондой эле бул системанын канчалык натыйжалуу экендигин өз көздөрү менен көрүп келсин деп, милиция кызматкерлерин Европага тажрыйба үйрөнүүгө жибердик.
Ал эми кийинки кадамыбыз болсо, республика боюнча көптөгөн майда долбоорлорду жүзөгө ашыруу болуп калды: ИИМ жана башка өнөктөштөрүбүз менен бирге биз жаштар менен көп иштедик, үйдөгү зордук-зомбулуктун алдын алууга, мектеп рэкетине жана "коомдун чекесине чыккан башка чыйкандарга" өзгөчө көңүл бөлдүк.

Бүгүн болсо, биздин миссиянын башкы максаттарынын бири кайсы бир деңгээлде ишке ашты деп ишенимдүү айта алам. Анткени милиция менен калктын ортосундагы тоскоолдук акырындап жоюла баштады, адамдар болсо өздөрүнүн аймактык тескөөчүлөрүнө кайрадан ишене башташты, милиция кызматкерлери болсо, адамдар үчүн жана эл менен бирге иштей башташты.

Ачыгын айтканда, кийинки кезде шаардагы аймактык тескөөчүлөр менен калктын өз ара аракеттери даана сезилип калды. Ал эми бул программа элетте канчалык натыйжалуу ишке ашып жатканын билүү үчүн биз Кант шаарында жашаган активдүү пенсионер Лиля Акчуринага кайры-лууну чечтик.
- Ой, силер тим эле билгендей келдиңер! - деп Лиля Мухамедовна кубанып кетти. - Өз ара жардам тобуна бириккен биздин пенсионерлер ушул жылдын жайынан бери өзүбүздүн участковой Артур менен тыгыз кызматташып келатышат. Ушул аралыкта эмнелерди гана биргелешип жасабадык дейсиң! Кичи райондун коопсуздук маселелерин чечтик, мектептерди кыдырдык, балдарга рэкет деген эрдикти көрсөтүү эмес, кылмыш экенин, ал үчүн ошого тете жаза колдонуларын түшүндүрдүк. Артур менен кошо ИИМдин кызматкерлерин кайгуул күзөт үчүн биздин шаарга күн сайын төрттөн милиция кызматкерин жөнөтүүгө ынандырдык. Бир сөз менен айтканда, биз коомго дагы эле пайдабыз тие турганын түшүндүк да, социалдык маселелерди чечүүгө жардамдашып жатабыз.

Азыркы кезде участковыйдын чөнтөк телефонун ар бир пенсионер билет, күндүн кайсы мезгили болсо да телефон чалып, жардамга чакыра алат. Айтмакчы, мына ушул иштердин бардыгы "Улгайган кишилер менен бирге коомдун коопсуздугун жакшыртуу" долбоорунун алкагында аткарылды. Ал болсо, ЕККУ жана "HelpAge International" компаниясынын филиалы менен биргелешип жүзөгө ашырылды. Анан дагы аталган долбоор 25-декабрда аяктап жатканына карабастан, биз башталган иштерди токтотпой уланта беребиз.

Айтмакчы, райондогу милиция менен улгайган адамдардын кызматташтыгы - бул мааниси терең болгон мындай баалуу иштин ушунчалык келечектүү бөлүгү. Пенсионерлер дайыма баа жеткис маалыматтын булагы болушкан. Алар короодогу отургучтарга отуруп алышып, баарын угуп, көрүп, билип турушат.
- Бул чынында эле ошондой! Мен өзүмдүн районумда активдүү пенсионерлер менен дайыма кызматташам. Аларды биздин 8-ГОМдун штаттан тышкы кызматкерлери болуп калды десек да болот, - деп участковый Чынгыз Сатыбалдиев олуттуу түрдө айтты. - Ар күнү кечинде өзүмдүн активисттериме телефон чалып, райондогу жаңылыктар тууралуу сурайм. Андан башка пенсионерлер менен үзбөй жолугушуп турам. Аларга эгерде подъездде шектүү адамдар пайда болсо, мейманкана ачылса же кандайдыр бир кооптуу кыр-даал түзүлсө кандай чара көрүү керектиги жөнүндө айтып берем. Аларга "кошуналык көзөмөлдүн" принциптерин - бул деген саткынчылык эмес, бүткүл коомчулук кызыкдар болгон укук бузуулардын алдын алуу экендигин түшүндүрүп турамын. Ошондой эле мен аксакалдар соту менен да тыгыз иш кылам, анткени бул да биздин иштин маанилүү бөлүгү.
Ооба, 2011-жылы кварталдык милиция долбоору жаңы деңгээлге көтөрүлө турганына терең ишенимдебиз. Келерки жылдын январында ЕККУ, жарандык коомдун өкүлдөрү, өлкөбүздүн жогорку жетекчилери, ошондой эле КРнын ИИМнин жетекчилигинин курамында биргелешкен көлөмдүү конференция өткөрүү белгиленип жатат. Анда ИИМди мындан ары реформалоо түзүмүнүн страте-
гиясы аныкталмакчы. Кварталдык полиция долбоорун өнүктүрүүнүн алкагында башка иш чаралар менен бирге эле коомдук-алдын-алуу борборлордун иштерин жандандырууга басым жасалмакчы. Анткени, тилекке каршы, алар азырынча жеткиликтүү натыйжа бербегени менен негизинде, келечектүү уюмдардын катарына кирет. Жалпылап алганда, ИИМдин жетекчилиги азыркы күндө өздөрүнүн иштөө багытын ка-
лайык-калк менен иштөөгө буруу зарылдыгына ишенимдүү.

- Полициянын иштөө принциптери мага көбүрөөк жагат. Биринчи кезекте, Батышта полицияны эч качан элге каршы коюшпайт. Европа өлкөлөрүндө күч органдарынын ортосунда өз милдеттерин бөлүштүрүү так чечилген: кварталдык шерифтер тынч жашаган карапайым калк менен гана иштейт. Ал эми атайын багыттагы отряддар болсо тополоңдуу демонстрацияларды, мамлекеттик объектилерге кол салуу жана башкаларды тынчтандырып жайгарат, - дейт КРнын ИИМинин коомдун коопсуздугу башкы башкармалыгынын кварталдык милиция боюнча бөлүмүнүн улук инспектору, милициянын майору Азамат Абдрахманов биз менен болгон маегинде.

- Дегинкиси, бул жагынан алганда мага Грузиянын иш тажрыйбасы көбүрөөк жагат. Аерде бардык кеңселерди айнектен куруп туруп, полиция тармагын чындап эле ачык-айрым кылып коюшкан. Ичкериде эмне болуп жатканын адамдар дайым көрүп турушат. Андан тышкары, башка өлкөлөрдө полициянын кызматына шайлоо жолу менен, ал жакка адамдар сынактан өтүп, анан келишет. Мына ушунун баары калктын укук коргоо органдарына болгон ишеничин калыптандырат. Бизде да жакшы жагына болгон ушундай өзгөрүүлөр жакынкы келечекте ишке ашат деген ойдомун. Ошондо биз да карапайым калк менен чыныгы өнөктөштөрдөн болуп калмакчыбыз.
Б.АКМАТОВ