24.12.10
 ?Стамбул саммити

Кызматташтык кыр ашырат
Экономикалык Кызматташтык Уюмунун Стамбул шаарында өтүп жаткан 11-саммитинин алкагында КРнын Президенти Роза Отунбаева Чарыган Кампинск сарайында бир катар өлкөлөрдүн башчылары менен жолугушуп, учурдун түйүндүү маселелери боюнча пикир алышты.


Алгач Пакистандын Президенти Асиф Али Зардари менен жолугушуунун жүрүшүндө Роза Отунбаева Кыргызстандагы азыркы саясий кырдаал, парламенттик көпчүлүк коалициянын жана өкмөттүн түзүлүшү тууралуу айтып, таза жана демократиялык шайлоолорду өткөрүүнүн маанилүүлүгүнө басым жасады.
Президент ошондой эле ушул жылдын июнь айында өлкөбүздүн түштүгүндө орун алган коогалаңда жабыркаган райондорду калыбына келтирүүнүн жүрүшү тууралуу маалымдап, мамлекеттер аралык экономикалык мамилелерди өнүктүрүү боюнча эки тараптуу байланышты жогорку деңгээлге чыгаруу үчүн аракетти жакшыртуу зарылдыгына токтолду.
Асиф Али Зардари өз сөзүндө Пакистан Кыргызстандагы кырдаалдын өнүгүшүнө көңүл бура тургандыгын белгилеп, ошондой эле Борбор Азия аймагындагы мамлекеттер менен өз ара мамилелердин чыңдалышына оң баа бере тургандыгын кошумчалады.
Пакистандын тышкы иштер министри М. Куреши Кыргызстандын түштүгүндөгү этникалар аралык кагылышуу учурунда ал аймактагы Пакистандын жарандарына берилген жардам үчүн ыраазычылык билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө КРнын Президентинин Пакистанга болуучу расмий иш сапарына даярдык көрүү жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү статусун алуу үчүн өз ара колдоо алуу ниети бар экендиги айтылды.
Мамлекет башчылары ошондой эле учурдагы эки тараптуу кызматташтык аймак боюнча кошуна мамлекеттердин, айрыкча Афганистандын катышуусу менен үч тараптуу ар кандай форматтагы экономикалык мамилелер аркылуу чыңдаларына токтолушту.
Андан соң Азербайжан Президенти Ильхам Алиев менен жолугушкан учурда Президент И. Алиев өлкө башчысын үстүбүздөгү жылдын октябрь айында болуп өткөн парламенттик шайлоодон кийинки парламенттик көпчүлүктүн жана өкмөттүн курамынын ийгиликтүү түзүлүшү менен куттуктады. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы экономикалык кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Кыргызстанга Азербайжан тарабынан камсыздалуучу күйүүчү жана майлоочу майлар боюнча маселе козголуп, биздин өлкөнү бир жылга туруктуу камсыз кылуучу 15 миң тонна мунай азыктары жөнүндө сөз жүрдү.
И.Алиев Азербайжандан Кыргызстанга мунайзат жеткирүүнүн механизмдерин иштеп чыгуу керектигин белгиледи.
Өлкө башчылары, ошондой эле, июнь окуяларынан кийинки республиканын түштүк аймактарын калыбына келтирүүдө Кыргызстанга колдоо көрсөтө турган донордук конференция жөнүндө да ой бөлүштү. И. Алиев Азербайжандын аталган донордук конференцияга кайдыгер карабастыгын билдирди.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, эки өлкө башчысынын экономика боюнча ар түрдүү маселелерин чечүүдөгү макулдашууларын иштеп чыгуу үчүн Азербайжанга Кыргызстандын өкүлүн жиберүү чечими кабыл алынды.
Афганистан Ислам Республикасынын Президенти Хамид Карзай менен жолугушуу учурунда мамлекет башчыбыз Кыргызстандагы азыркы саясий абал, парламенттик көпчүлүк коалиция жана өкмөт курамынын түзүлүшү тууралуу айтып берди.
Президент Х. Карзай Кыргызстан мындан ары да демократиялык жол менен өнүгө бере тургандыгына ишенерин билдирди.
Эки мамлекеттин башчылары Кыргызстандан жана Тажикстандан Афганистан менен Пакистанга электр энергиясын экспорттоо жана Иран-Афганистан-Тажикстан-Кыргызстан-Кытай темир жолун куруунун долбоорун талкуулашты.
Мындан тышкары билим берүү, айрыкча Афганистандан студенттерди Кыргызстанда окутуу маселеси каралып, ошондой эле Бишкекте Афганистандын дипломатиялык өкүлчүлүгүн ачуу тууралуу сөз болду. Жолугушуунун соңунда тараптар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да күчөтүү жөнүндө маек курушту.
Н.ЖЭЭНБЕКОВ,
Сүрөтү С.ДОСАЛИЕВдики




 ?Өкмөттө

Дүйнөлүк банктан кошумча каражат
Дүйнөлүк банк Кыргызстандын 2011-жылдык бюджетин колдоо максатында, кошумча 30 млн. АКШ долларын бөлүп бермей болду. Мындай өлчөмдөгү каражат келерки жылдын июнь айына чейин мамлекеттик казынага түшмөкчү.


Бул тууралуу КРнын Премьерминистри Алмазбек Атамбаевдин Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду. Анда аталган банктын июнь айындагы ишмердүүлүгү жөнүндө сөз козголуп, эл аралык донорлордун конференциясын уюштурууга бирден бир чоң салым кошуп, дагы башка көрсөткөн жардамдары үчүн Дүйнөлүк банктын дарегине ыраазычылыктар айтылды. Ал эми аты аталган банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Александр Кремер өз кезегинде А.Атамбаевди жаңы кызматы менен куттуктап: "Биз Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө колдон келген жардамдарыбызды берүүгө даярбыз. Ошондой эле эл аралык донорлордун экинчи конференциясын уюштуруп, өткөрүп берүүгө жардам беребиз", - деди. А.Кремердин айтымында, үстүбүздөгү жылы Кыргызстанга Дүйнөлүк банк тарабынан 70 млн. АКШ доллары бөлүнүп берилген. Бирок, быйылкы жыл оор болгондуктан, дагы кошумча каражат карап берүү жагы каралган.

Анара АРЗЫБАЙ кызы,
"Кыргыз Туусу".
Сүрөтү С.АЙЫЛЧИЕВдики