24.12.10
 ?Исхак Раззаковго - 100 жыл

Түбөлүк жашап калуу бар...
(Башталышы 15-бетте)

Мисалы, 6-июлдагы инаугурация кезинде акыркы Президентибиз - Роза кызыбыздын эл-жерге ажары ачылып, элден алкыш алып жаткандай болуп, бир эсе президенттик, бир эсе энелик мээримдүүлүк менен оң колун көкүрөгүнө алып, назик күлмүңдөп турганын көрүп, ушул турушту көп кечикпей биздин эл-жерге келчү куттун, көптөн күткөн бак-таалайдын жышааны болсун деп, өз ичибизде баарыбыз жетине албай тилек кылбадык беле. Италиянын улуу ырчысы Лучано Паворотти: "Эгер менин эркимде болсо, мен аялдарга дүйнөнү башкартмакмын. Анткени аялдар олуттуу да, боорукер да, мээримдүү да келишет. Алардын табиятын биротоло түшүнүүнүн өзү дүйнөнү бүт бойдон түшүнүүгө барабар. Мен аларды 4 жашыман бери үйрөнүп келем, тек азыркыга
чейин аягына чыга элекмин. Чыгып да керек эмес, антпесе дүйнөнүн кызыгы да жок болот", - деп айткан. Балким анын айтканы да туура чыгар?
Эгер сөздүн ачыгын айтчу болсок, билгенге, азыркы Президентибиз бардык жактан татаал учурда өлкөнү акыл-эстүүлүк, токтоолук менен башкарып, жашоону акырындан өз нугуна салып келатат. Бирок, кыргыз элинин эң аксакалдарынын бири катары калыстык үчүн эл алдында айтып коюуга тийишмин: Эң эле жоопкерчиликтүү бул татаал мезгилде ички жана тышкы табият-дүйнөсү менен кыргызга эл эңсегендей ак эмгек өтөсөм деген изги тилеги, аруу ниети менен жашап, иштеп жүргөн Роза кызыбызга тарыхтын тереңиндеги Каныкей, Кыз-Сайкал, Жаңыл-Мырза, Курманжан даткадай энелеринин дагы жолун улап, бүгүн жүз жылдыгы белгиленип жаткан, буга чейин кыргыз тактысында олтургандардан башкача, аны көсөм, асыл Исхак Раззаковдун кеменгерлигин, адилеттүүлүгүн жана чыныгы баатырлыгын каалайм...
Бардыгын убакыт көрсөтөт. Убакыттан озуп кетмек жок. Тек гана алар атак-даңкты издебей, атак-даңк аларды издеп тапкан, кыргыз элинин түбөлүк сыймыгы - Исхак Раззаков менен Чыңгыз сыяктуу асылдардай, убакыт ченеминен чыгып, түбөлүк жашап калуу бар?!
Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ,
Кыргыз Республикасынын Баатыры,
эл акыны




MegaCom операторунун орусиялык менчик ээлеринин жана
кредиторлорунун укуктары толугу менен калыбына келтирилди
MegaCom операторунун капиталындагы 51 пайыздык үлүштү жана мүлктөрдү мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча кылмыш ишин иликтөө аягына чыгып, Максим Бакиевдин ишенимдүү өкүлдөрүнө айып коюлду.

"MegaCom компаниясынын 51 пайыздык үлүшүнүн "БиМоКом"ЖЧКсы тарабынан Forntek Enterprises Limited компаниясына өткөрүлүшү жана бул пайызга аталган компаниядан кийинки ээлик кылгандардын да укуктары мыйзамсыз"делип, жокко чыгарылды. Соттун мындай чечимин орусиялык ишкер Глеб Огнянниковдун кызыкчылыгын коргоп жаткан Penwell Business Limited инвестициялык компаниясы жарыялады. Ошентип, Penwell Business Limited компаниясын MegaCom операторунун көзөмөл пакетинин мыйзамдуу кожоюну катары Кыргыз Республикасынын Акыйкат министрлигинде каттоо иши аягына чыкты. Буга чейин бир нече соттук инстанциялардын чечими менен аталган орусиялык компания MegaCom операторунун уставдык капиталынын 51
пайыздык акциясынын мыйзамдуу ээси экендиги ырасталган эле. Ал эми оператордун акциясынын 49 пайызын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү көзөмөлдөйт.
Penwell Business Limited компаниясы 2008-2009-жылдар аралыгында экс-президент Курманбек Бакиевдин коррупцияга баткан жакындарынын алдамчылык, рейдерчилик иш-аракеттеринен улам кыргыз операторундагы ээлигинен мыйзамсыз түрдө ажырап калган эле. Мындай иш-аракет Кыргызстандын сот системасынын көз көрүнөө эле мыйзамдуу менчик ээлеринин укугуна каршы келген чечимдери менен ишке ашкан.
Аталган чуулгандуу ишти иликтөө учурунда КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан Максим Бакиевдин жакындары болгон 19 адамга айып тагылды. Алардын арасында Евгений Гуревич жана Александр Елисеев да бар. Тергөөнүн жүрүшүндө "БиМоКом Лтд" ЖЧКсынын уставдык капиталындагы 51 пайыздык акциянын ээсин мыйзамсыз түрдө алмаштыруу үчүн жогоруда айыпталып жаткан адамдар тарабынан бир катар документтер даярдалгандыгы аныкталды. Андан соң MegaCom операторунун активдерине ээлик кылып, бизнести өткөрүп алуу үчүн ушул эле адамдар "БиМоКом Лтд" ЖЧКсын жалгандан банкротко учуратышып, анын ордуна "Альфа Телеком" ЖАКсын түзүшкөн. Үстүбүздөгү жылдын декабрь айынын башында бул көз боёмочулуктарга кимдер катышкандыгы жана ар биринин көтөргөн жүгү канчалык болгондугу тергөө тарабынан аныкталып, соттук кароого берилген болчу. Сот иши аягына чыккыча "БиМоКом Лтд" ЖЧКсынын жана "Альфа Телеком" ЖАКсынын акциялары арестке алынган.
Penwell Business Limited компаниясы тергөө бүтүп, иштин сотко ашырылышын жакшы белги катары кабыл алды. "Муну менен укук коргоо органдары MegaCom уюлдук операторунун айланасындагы алдамчылык, рейдерчилик иш-аракеттерге мыйзамдуу баа беришти, - деп эсептешет алар. Башкы прокуратурага жана Финансы полициясына тергөө-иликтөө жүргүзүлгөн 8 ай ичинде аталган рейдерликке тиешеси бар бардык адамдарды тактоо үчүн бир нече кылмыш ишин бир системага келтирип, өтө масштабдуу ишти бүтүрүүгө туура келди. Баш-аягы 27 томдон турган иш боюнча далилдер сотто абдан салмактуу аргумент болору анык. Укук коргоо жана сот органдарынын эффективдүү, интенсивдүү бул иши ар кандай чуулгандуу иштерде мыйзамды бекем кармоо позициясын көрсөттү.
Ошентип, Бишкек шаардык райондор аралык соту "БиМоКом Лтд" ЖЧКсын "банкрот болду" деп кабыл алуу боюнча токтомду жокко чыгарып, ал мыйзамдуу түрдө күчүнө кирди. Аталган ЖЧКны банкрот деп жарыялоо MegaCom уюлдук операторунун мүлкүнө ээ болуу максатында атайын жасалгандыгы далилденди. Кыргызстандын сотторунун 2009-жылдагы "БиМоКом Лтд" ЖЧКсынан "Ысык-Көл" инвестбанкына 80 миллион доллар өндүрүп берүү боюнча адилетсиз чечими да жокко чыгарылып, компаниянын банкка болгон карызы жасалма деп табылды. "БиМоКом Лтд" ЖЧКсы орусиялык "РТК Лизинг" ААКсынан ижарага алып иштетип жаткан жабдууларынан сатуунун татаал механизми аркылуу ажыратылган эле. Бир нече соттук инстанциялардын чечими менен ал сатыктар жокко чыгарылып, "БиМоКом Лтд" ЖЧКсына орусиялык компания менен келишимдин негизинде иштеп жаткан мыйзамдуу ижарачы катары жабдуулар кайтарылсын" деген чечим чыгарылды.
"MegaCom операторунун мүлктөрүн жана 51 пайыздык акциясын мыйзамсыз ээлеп алган" деп айыпталып жаткан Алексей Елисеев жана Евгений Гуревич жооптон качуу үчүн басма сөз жана интернет каражаттары аркылуу бул ишке башкача түс берүүгө аракет кылышууда. Оор кылмыш ишинде
айыпталып жаткан бул экөөнүн коомчулук алдында өздөрүн актоого болгон күч-аракетин жумшаары айтпаса да түшүнүктүү. Ал иштер тууралуу уюлдук оператордун орусиялык акционери Г.Огнянников мындай деп белгилейт: "Мыйзам түгүл бизнес жүргүзүүнүн элементардык стандарттарын сактабай, биздин укуктарыбызды тебелешкен эле. Алар акционердик үлүштү тартып алгандары аз келгенсип, кылмыш жазасына тартылуучу иштерди кылышкан. Жабдыктарды уурдап, орусиялык кредиторлордун алдындагы карызды жоюп жиберүүгө аракет кылышкан. Айыпталуучулардын MegaCom операторун тартып алууну эми кадимки эле акционердик конфликт катары көрсөтүүгө болгон аракеттери кечээ биз көргөн кордуктун алдында суу кечпейт".
Penwell Business Limited компаниясы MegaCom иши боюнча кызыкдар адамдарды айыпта-луучулардын тергөөнүн, соттун жана коомчулуктун башын айлантуу аракетинде жарыялаган билдирүүлөрүнө туура баа берүүгө чакырат. Кыргызстандын жаңыланган сот системасы айыпталуучулардын популисттик жарыяларына тиешелүү баа берет деп ишенебиз", - дешет компания өкүлдөрү.
Өзүнүн мыйзамдуу укуктары калыбына келтирилгендигине Penwell Business Limited компаниясы ыраазы жана Кыргызстандын телекоммуникациялык рыногун өнүктүрүү багытында мамлекет менен тыгыз иштешүүгө даяр.